Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы N 834 токтому менен бекитилген
Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы N 12, 2014-жылдын 4-августундагы № 436, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 638, 2018-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Негизги жоболор
1. Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүү процессин даярдоонун тартибин жана потенциалдуу жер казынасын пайдалануучулардын ага катышуусунун шарттарын, ошондой элё жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн эсептешүү тартибин аныктайт.
2. Бул жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
аффилиацияланган жак - бул жак тарабынан, анын ичинде келишимдин же башка бүтүмдүн натыйжасында кабыл алынган чечимди тике же кыйыр түрдө аныктоого же аларга таасир этүүгө укугу бар ар кандай жеке адам же юридикалык жак (берилген ыйгарым укуктарынын алкагында анын ишине контролдукту жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарды кошпогондо), ошондой эле ага карата бул аффилирленген жак белгиленген укуктарга ээ болгон ар кандай жеке адам же юридикалык жак. Юридикалык жактын аффилиацияланган жагы болуп анын аткаруучу кызмат адамдары, акционер (катышуучу) дагы таанылат;
аукцион - жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн ыкмасы, мындай учурда бул укук тооруктун жүрүшүндө тоорукка коюлган жер казынасынын объектиси үчүн эң жогорку бааны сунуштаган жана төлөгөн жакка өтөт;
кепилдик төгүм - аукционго коюлган жер казынасынын объектиси үчүн бонустун суммасынан он эсеге ашык акча каражаттарынын суммасы, бирок аукциондун катышуучусунун жер казынасын пайдалануу укугун алуу ниетин камсыздаган жүз миң АКШ долларынан көп эмес жана бир миң АКШ долларынан аз эмес;
арыз берүүчү - Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жагы, ошондой эле чет өлкөлүк жеке же юридикалык жак;
жер казынасынын объекттери - Кыргыз Республикасынын аймагындагы жер казынасын иштетүү же/жана геологиялык изилдөө үчүн арналган пайдалуу кен байлыктары чыккан жер же лицензиялык аянт;
аукцион объектисинин акыркы баасы - жер казынасынын объекти үчүн аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган эң жогорку баа;
аукционго катышуу үчүн жыйым - аукционго коюлган жер казынасынын объектиси үчүн бонустун суммасынын бир пайызын түзгөн акча каражаттарынын суммасы, бирок аукционду уюштурууга жана өткөрүүгө кеткен чыгымдарды төлөө үчүн арналган жүз эсептик көрсөткүчтөн аз эмес;
аукцион объектисинин баштапкы баасы - бонустун (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) суммасын жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын камтыган, аукциондо тоорук баштала турган баштапкы баа;
аукциондун кадамы - тооруктун жүрүшүндө жер казынасынын объектинин баасы жогорулашы мүмкүн болгон кошумчалар суммасы.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 638 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Аукциондорду даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучулук камсыздоону жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - аукцион уюштуруучу) жүргүзөт.
4. Аукционго коюлууга тийиш болгон жер казынасынын объекттери:
- аукциондук объекттердин тизмегине кирген жер казынасынын объекттери;
- эки конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча жеңүүчү табылбагандыгынын айынан, аларды пайдалануу укугун аукционго берүү жөнүндө комиссиянын чечими кабыл алынган объекттер;
- аукциого коюлууга дайындалбаган, бирок алар боюнча жер казынасын пайдалануу укугун алууга эки же андан ашык табыштама келип түшкөн жер казынасынын объекттери;
- (бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Аукциондун уюштуруучусу бир аукциондо жер казынасынын бир нече объекттерин коюуга укуктуу. Мындай учурда жер казынасынын объекттери тиешелүү номерлерди ыйгаруу менен өзүнчө лотторго бөлүнөт.
6. Аукционго катышуу үчүн төгүлгөн кепилдик салымы, аукциондун жеңүүчүсү болбогон, аукциондун бардык катышуучуларына жана арыз ээлерине кайтарылып берилүүгө тийиш, буга ушул Жободо көрсөтүлгөн учурлар кирбейт.
Кайтарып берүү аукциондук комиссиянын жыйынынын аукциондун жыйынтыгы жөнүндө же аукционду өткөн жок деп таануу жөнүндө протоколуна кол коюлган учурдан баштап банктык 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт. Аукцион жокко чыгарылган учурда, кепилдик салымын кайтарып берүү аукционду өткөрүүнү жокко чыгаруу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынгандан баштап банктык 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Кайтарылып берилбеген кепилдик берилген салымдарынын суммасы аукциондун уюштуруучусунун карамагында калат.
7. Аукционго катышуу үчүн жыйым аукционду жокко чыгаруу же аукциондун башталышына чейин арыз берүүчү өзүнүн арызын кайра чакыртып алуу же аукционго катышууга жол берилбеген учурларды кошпогондо кайтарылып берилүүгө тийиш эмес. Жыйым кайтарылып берилген учурда, ал банктык 30 күндүн ичинде арыз ээсине төлөнүп берилүүгө тийиш.
II. Аукционду өткөрүү процессин даярдоо
8. Аукционду өткөрүү үчүн негиз болуп, жер казынасынын объектин аукционго коюунун шарттары каралган (мындан ары - аукциондун шарттары), аукциондун уюштуруучусу тарабынан кабыл алынган, жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн аукцион өткөрүү жөнүндө чечим (мындан ары - аукцион өткөрүү жөнүндө буйрук) эсептелет.
9. Аукциондун шарттары жер казынасын пайдалануунун түрүнө, жер казынасынын объектисинин изилденишинин деңгээлине жана башка факторлорго жараша жер казынасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- жер казынасынын объектиси жөнүндө жалпы маалыматтар;
- жер казынасынын объектисинин геологиялык мүнөздөмөсү;
- жер казынасынын объектисин пайдаланууга коюлган негизги талаптар;
- аукциондун объектисинин баштапкы баасы;
- аукционго катышуу үчүн жыйымдын жана кепилдик салымдын өлчөмү жана аларды төлөө үчүн төлөм реквизиттери;
- аукциондун кадамы.
10. Өткөрүлө турган аукцион жөнүндө жарыя ал өткөрүлүүчү күндөн кеминде 45 календардык күн мурда жалпы республикалык расмий басма сөз каражатында жарыяланышы керек, ошондой эле мамлекеттик телеберүүдө жана аукционду уюштуруучунун расмий сайтында жайгаштырылышы керек. Кайталап өткөрүлүүчү аукцион ал өткөрүлүүчү датадан кеминде 30 күн мурда жарыяланат. Мындай жарыялар жалпы колдонуудагы башка маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы мүмкүн.
Жарыядан тышкары, аукционду өткөрүүнүн шарттары жана негизги талаптар аукцион уюштуруучунун \www.geology.kg\ интернет сайтында жайгаштырылат.
11. Аукционду өткөрүү жөнүндө жарыяда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы;
- объекттин аталышы, жайгашкан жери, ошондой эле пайдалуу казындынын түрү жана жер казынасын пайдалануунун түрү;
- (төртүнчү абзацы КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- аукцион өткөрүүнүн орду, датасы жана убактысы;
- аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу убактысы;
- жер казынасын пайдалануу объектисинин баштапкы баасы;
- өткөрүлүүчү аукцион жана жер казынасын пайдалануу объекти боюнча материалдарды жана маалыматты алууга мүмкүн болгон телефон номери жана дареги;
- аукционду уюштуруучусунун каалоосу боюнча башка маалыматтар.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Аукционго катышуу үчүн арыз берүүчү өзү же ишенимдүү адамы аркылуу аукциондун уюштуруучусуна аукцион өткөрүлүүчү күнгө чейинки үч жумушчу күндөн кечиктирбестен ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формадагы арыздын эки нускасын, зарыл болгон документтерди тапшырат.
Аукцион жөнүндө жарыя берүү күнүнө карай аукционду уюштуруучунун расмий сайтында аукционго катышуу үчүн арыздын формасы жайгаштырылууга тийиш. Почта боюнча арыз берүүгө жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жер казынасынын объектин пайдалануу укугу үчүн аукционго катышуу үчүн арыз машиналык ыкма менен мамлекеттик жана расмий тилде жазылып, электрондук басып чыгаруучу жабдуудан басып чыгарылышы керек.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- уюштуруучу документтердин жана юридикалык жактарды каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
- жаранды жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уюмдун аткаруучу органын дайындоо жөнүндө документтин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген өкүлдүн ишеним каты, эгерде жак өзүнүн өкүлү аркылуу аракеттенсе;
- кепилдик салымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ;
- аукционго катышуу үчүн жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ;
чет өлкөлүк юридикалык жак - мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмөнү же өз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык аракеттеги юридикалык жак болуп эсептелээрин ырастаган башка документти кошумча тапшырат;
Кыргыз Республикасында катталган компаниялар, Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк компаниялардын филиалдарын кошкондо, кошумча түрдө убактысы өткөн салык карызы жок экендиги жөнүндө салык кызматынын маалым катын берет.
Арыз берүү арыз ээсинин аукциондун бардык шарттарына макул болгондугун билдирет.
14. Арыз берүүчү берген бардык документтердин көчүрмөсү арыз берүүчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Чет өлкөлүк юридикалык жак мамлекеттик реестрден белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилдештирилген көчүрмө бөлүктү же өзүнүн өлкөсүнүн мыйзамы боюнча аракеттеги юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн башка документти кошумча берет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Арызга тиркелген бардык документтер аукциондун уюштуруучусуна арыз менен бирге тапшырылат. Арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө белги басылган бир нускасы арыз берүүчүгө тапшырылат.
16. Арыз берүүчү белгиленген арыз берүү мөөнөтү аяктаганга чейин өзүнүн аукционго катышуу үчүн арызын кайра алууга укуктуу.
17. Аукционго катышуу үчүн арызды кайра алуу жөнүндө билдирүү арыз берүүчүгө арызын токтоосуз түрдө кайтарып берүүнүн негизи болуп эсептелет.
18. Арызды кайра алуу, арызды берүү үчүн мөөнөттөрдү сактоо шарттарында кайра жаңы арыз берүүгө тоскоол болбойт.
19. Жер казынасынын объектин пайдалануу укугу үчүн аукционго катышууга арыздарды каттоону аукцион өткөрүү жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн арызды берүүнүн бардык мөөнөтүндө тиешелүү арыз берилген күнү аукциондун уюштуруучусунун ыйгарым укуктуу кызмат адамы (мындан ары - аукциондун уюштуруучусунун кызмат адамы) ишке ашырат.
20. Аукциондун уюштуруучусунун катчысы берилген арыздарды жер казынасынын объектин пайдалануу укугун берүү үчүн аукционго катышуу үчүн арыздарды каттоочу журналга арызда анын катталган номерин, берилген күнү менен убактысын көрсөтүп, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча каттайт.
21. Арыз берүү күнү аяктагандан кийин келип түшкөн арыз материалдары катталбайт жана арыз берүүчүгө почта боюнча кайтарылат же аукционду уюштуруучунун кызмат адамы кол койдуруу менен тапшырат, бул тууралуу каттоочу журналга тиешелүү белги жазылат.
III. Аукциондук комиссия
22. Аукционду өткөрүү аукцион уюштуруучунун буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Комиссиянын курамы 5 адамдан кем эмес.
23. Аукциондук комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнөн жана катчысынан турат. Аукциондук комиссиянын төрагалыгына жана катчылыгына аукцион уюштуруучунун өкүлдөрү дайындалышат.
Комиссиянын катчысынын комиссия чечим кабыл алууда добуш берүү укугу жок, комиссиянын жыйындарын даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерин жүргүзөт, комиссиянын жыйындарынын протоколун жазат жана добуш берүүдө комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт.
24. Комиссия төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- аукционду уюштуруучунун өкүлдөрүнөн;
- кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнөн;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлүнөн;
- аймагында жер казынасын пайдалануу объектиси жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынан.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы N 12, 2014-жылдын 4-августундагы № 436 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
25. Аукциондук комиссиянын курамына төмөндөгү адамдар кире алышпайт:
- аукциондун катышуучусу-юридикалык жактын уюштуруучулары же анын акыркы менчик ээси;
- аукциондун катышуучулары же аукциондун катышуучуларынын жетекчилери жана уюштуруучулары менен жакын туугандык байланышта болгондор же алардын акыркы менчик ээси;
- соттолгондугу жоюлбагандар.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Аукциондук комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын ишине тоскоол болгон негиздер айкындалган учурда бул тууралуу аукциондук комиссиянын төрагасына аукционго катышуу үчүн арызды кароо башталганга чейин кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
27. Аукциондук комиссиянын мүчөсү комиссиянын курамындагы ишине тоскоол болгон негиздер айкындалган учурда, аукцион уюштуруучунун буйругу менен комиссиянын курамынан чыгарылат.
28. Эгерде четтетилген комиссиянын мүчөлөрүнүн саны комиссиянын курамынын жарымын түзсө, аукцион уюштуруучу комиссияны толугу менен таркатуу жана жаңысын түзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
29. Аукциондук комиссиянын төрагасы комиссиянын ишин башкарат, анын күн тартибин бекитет жана комиссиянын жыйындарында төрагалык кылат.
Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
30. Аукциондук комиссиянын жыйыны ага комиссиянын тизмесиндеги курамдын жарымынан көбү катышканда мыйзамдуу болот.
31. Аукциондук комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен жана комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
32. Берилген добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын жыйындарына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
33. Комиссиянын чечимине макул болбогон аукциондук комиссиянын мүчөлөрү протоколго өткөрүлгөн аукциондун натыйжалары жөнүндө өзгөчө пикирин жаза алышат.
IV. Аукцион өткөрүүнүн тартиби
34. Аукцион өткөрүлүүчү күнү, бирок аукциондун катышуучуларын каттоо башталганга чейин, аукциондук комиссия берилген арыздардын жер казынасынын объектисин (ар бир жер казынасынын объектисине карата) пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине шайкештигин текшерүү максатында карап чыгат.
35. Арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча аукциондук комиссия аукционго катышууга киргизүү жөнүндө же болбосо киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
36. Жер казынасы объектисин пайдалануу укугун берүүчү аукционго катышууга киргизүү жөнүндө же болбосо киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим арыздарды карап чыгуунун протоколу менен таризделет.
Арыздарды кароонун протоколунда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
1) бардык катталган арыздар;
2) арыз берүүчүлөр кайра алган арыздардын бардыгы;
3) аукционго катышууга киргизилген арыздар;
4) аукционго катышууга киргизилбеген, киргизүүдөн баш тартуунун негиздери көрсөтүлгөн арыздар;
5) протоколдун датасы жана аукциондук комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн койгон колдору.
37. Аукционго катышууга уруксат берүүдөн баш тартууга төмөндөгүлөр негиз болуп эсептелет:
1) арыз берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин берилген арыз;
2) арыз берүүчүдөн арызды кайра алуу жөнүндө арыз келип түштү, бирок арыз арыз берүүчүгө кайтарып бериле элек;
3) арыздын мазмуну өткөрүлүүчү аукциондун шарттарына жооп бербейт (жер казынасынын башка объектиси, аукционду өткөрүүнүн датасы көрсөтүлгөн);
4) арыз берүүчү тараптан документтердин тизмеси толук берилген эмес, же алар ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкеш келбейт;
5) арыз ээси (же анын өкүлү) аффилиацияланган жак же башка арыз ээлерине (же алардын өкүлдөрүнө) карата жакын тууганы болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
37-1. Ушул Жобонун 37-пункту менен каралган баш тартуу үчүн негиздер арыз ээсин аукционго катышууга жол берүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жана аукцион башталганга чейин аныкталган учурда, аукциондук комиссия тарабынан арыздарды кароонун протоколуна тиешелүү толуктоолорду киргизүү менен бул арыз ээсинин катышуусуна жол берүүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Аукциондун катышууга киргизилген арыз ээлерине жана аукционго катышууга киргизилбеген арыз ээлерине аукцион өткөрүлө турган күнү, аукциондун катышуучуларын каттоо башталганга чейин кабыл алынган чечимдер жөнүндө аукциондук комиссиянын катчысы билдирет.
Аталган жактар арыздарды кароонун протоколуна кол койдуруу менен тааныштырылат. Арыз берүүчү кол коюудан баш тарткан, же жок болгон учурларда протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
39. Жер казынасынын объектисин пайдалануу укугуна аукционду өткөрүүгө бир саат калганда аукциондук комиссиянын катчысы аукционго катышууга киргизилген жана келген катышуучуларды каттоону баштайт.
40. Аукциондун катышуучуларын (катышуучулардын өкүлдөрүн) каттоо аукциондун катышуучуларын каттоо барактарында ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт жана аларга каттоо номерлери бар табличкалар берилет.
41. Аукционго катышуу үчүн келген аукциондун катышуучуларынын өкүлдөрү каттоо учурунда төмөндөгү документтерди көрсөтөт:
1) уюштуруучу документтерге ылайык юридикалык жактардын атынан ишеним катсыз аракеттенүүгө укугу бар юридикалык жактардын жетекчилери - инсандыгын күбөлөндүргөн документин;
2) арызды өзүнүн атынан берген жеке ишкерлер үчүн - инсандыгын күбөлөндүргөн документ;
3) катышуучулардын ишеним каттын негизинде аракеттенген өкүлдөрү үчүн:
а) инсандыгын күбөлөндүргөн документ;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат.
Ишеним катта бул адамдын аукционго катышуу боюнча ыйгарым укуктары, жер казынасынын объектисин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен, аукциондун өтүү датасын, ошондой эле аукциондун баштапкы баасын көтөрүү боюнча жана жыйынтыктоо протоколуна кол коюу укугун чагылдырылышы керек. Аукционго катышууга ишеним каттын түп нускасы аукциондун уюштуруучусунда калат.
42. Катышуучуларды каттоо аукцион башталаарга он мүнөт калганда аяктайт. Каттоо баракчасы аукциондук комиссиянын төрагасына тапшырылат.
43. Аукциондун катталган катышуучусу аукциондун катышуучусунун номери бар табличканы алат.
Тоорук процессинде номери бар табличканы катышуучу катары катталбаган башка адамдын пайдаланышына тыюу салынат.
Аукционго катышуучу катары катталбаган талапкер аукционго катыша албайт.
44. Каттоо аяктагандан кийин аукциондун катышуучулары аукцион өтүүчү жайга чакырылат.
45. Аукцион өтүүчү жайда катышуучулар көрүүчүлөрдөн, аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнөн, журналисттерден жана аукциондун катышуучулары болбогон адамдардан бөлүнүп жайгашуусу керек.
46. Жер казынасынын объекттерин пайдалануу укугуна аукцион өткөрүү аукционду уюштурууга келишимдик негизде тартылган аукциончуга же аукционду уюштуруучу кызматкерлердин бирине тапшырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Жер казынасынын объектисин пайдалануу укугуна аукцион ачык формада өткөрүлөт. Аукциондун кадамынын чоңдугу баштапкы баанын он пайыздык өлчөмүндө белгиленет.
48. Жер казынасынын объектисин пайдалануу укугуна аукцион жер казынасынын объектисинин аталышын, анын негизги мүнөздөмөлөрүн, жер казынасынын обьектин пайдаланууга коюлган негизги талаптарды, жер казынасынын объектин пайдалануу укугун берүүчү аукционду өткөрүүнүн жана аукциондун жыйынтыктарын бекитүүнүн тартибин, жер казынасын пайдалануу укугунун баштапкы баасын жана аукциондун кадамын жарыялоо менен башталат.
49. Аукциончу жер казынасын пайдалануу укугунун объектисинин баштапкы баасын жарыялайт жана эсептөөнү баштайт.
Эгер аукциончу баштапкы бааны жарыялагандан кийин жана бул көрсөткүч үч жолу кайталангандан кийин аукциондун бир дагы катышуучусу өзүнүн каттоо номери жазылган табличкасын көтөрбөсө, аукцион токтотулат жана аукцион өткөн жок деп таанылат.
50. Бир табличка көтөрүлгөн учурда аукционист өзүнүн табличкасын көтөргөн аукциондун катышуучусунун каттоо номерин, аукциондун кадамын эске алуу менен же аукциондун кадамынан жогору болсо, катышуучунун сунушун эске алуу менен бааны атайт. Бир нече табличкалар көтөрүлгөн учурда аукциончу өзүнүн табличкасын биринчи болуп көтөргөн аукциондун катышуучусунун каттоо номерин атайт.
51. Аукциончу катышуучунун каттоо номерин жана баасын жарыялагандан кийин аукциондун катышуучулары табличкаларды көтөрүү жолу менен баанын жогорулашын сунуштоого укуктуу.
52. Аукциончу баанын ар бир көтөрүлүшүн катышуучунун каттоо номерин жана ал сунушталган паркын көрсөтүү менен белгилейт.
53. Аукциондун жүрүшүндө аукциондун кадамынан жогору бааны сунуштоого катышуучуларга жол берилет. Мында баанын бир сунушу төмөндөгү градацияларга ылайык максималдуу кадамдан жогору боло албайт:
- объектинин баштапкы баасы беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын он эселенген өлчөмү;
- объектинин баштапкы баасы беш миң АКШ долларынан жогору жана он миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо - баштапкы баанын беш эселенген өлчөмү;
- объектинин баштапкы баасы он миң АКШ долларынан жогору жана жыйырма беш миң АКШ долларына чейин же ага барабар болсо - баштапкы баанын эки эселенген өлчөмү;
- объектинин баштапкы баасы жыйырма беш миң АКШ долларынан жогору болсо - баштапкы баанын бир эселенген өлчөмү.
53-1. Аукционду өткөрүү учурунда аукционист узактыгы он мүнөттөн ашпаган бир тыныгуу жарыялоого укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Эгер аукциондун катышуучусу сунуш кылган кезектеги баа үч жолу аталгандан кийин аукциондун бир да катышуучусу өзүнүн каттоо номери бар табличкасын көтөрбөсө, аукцион аяктайт.
55. Аукциондун жеңүүчүсү болуп номерин жана сунуштаган баасын аукциончу акыркы атаган аукциондун катышуучусу таанылат.
V. Аукциондун натыйжаларын тариздөө
56. Аукциондун натыйжасы ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет.
57. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) аукцион өткөрүлүп жаткан жер казынасынын объектисинин аталышы;
2) аукционду өткөрүүгө катышкан аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамы;
3) аукциондун жеңүүчүсүнүн аты (аталышы), юридикалык жактын реквизиттери же жеке ишкердин инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин маалыматы;
4) жер казынасынын объектин пайдалануу укугу үчүн баанын баштапкы өлчөмү;
5) катышуучулардын номерин көрсөтүү менен аукциондун ар бир катышуучусунун сунуштаган акыркы баасы;
6) жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баанын аукциондун натыйжасы боюнча белгиленген акыркы өлчөмү;
7) аукцион өтпөй калгандыгы тууралуу маалымат (себептерин көрсөтүү менен).
58. Аукцион төмөнкү учурларда өтпөй калды деп таанылат:
1) аукционго катышуу үчүн арыздар түшпөсө же аукционго катышуу үчүн бир арыз берилсе;
2) аукционго бир гана катышуучу киргизилсе же эч ким киргизилбесе;
3) аукционго катышуу үчүн бир гана катышуучу катталса же эч ким катталбаса;
4) аукциондун катышуучулары тарабынан баштапкы баадан жогору баа сунушталбаса.
59. Аукцион болбой калды деп таанылган учурда аукциондук комиссия, ал эми ушул Жобонун 58-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда аукционду уюштуруучу кайрадан аукцион өткөрүү чечимин кабыл алат жана аукционду өткөрүү датасын аныктайт. Кайрадан аукцион биринчи аукциондун эрежелери боюнча ушул Жободо белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен өткөрүлөт.
Биринчи аукциондун жалгыз катталган катышуучусу кайтадан аукционго катышууга автоматтык түрдө киргизилген деп эсептелинет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Эгерде эки аукцион катары менен өтүлгөн жок деп таанылса, жер казынасын пайдалануу укугу түз сүйлөшүү жолу менен берилет.
61. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол аукцион өткөрүлгөн күнү түзүлүп, ага жыйынга катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү жана аукциондун катышуучулары кол коет. Аукциондун катышуучусу протоколго кол коюудан баш тарткан учурда бул жөнүндө тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
62. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол аукционду уюштуруучу тарабынан эки күн ичинде бекитилет жана ал аукциондо жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна лицензия берүүгө негиз болот.
63. Аукциондун жеңүүчүсүнүн протоколго кол коюудан же аукцион жөнүндө протоколго кол койгондон кийин банктык беш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна сунуштаган бааны төлөөдөн баш тартуусу жер казынасынын объектин пайдалануу укугун алуудан баш тартуу катары каралат.
Бул учурда, аукциондук комиссия жер казынасынын объектисин пайдалануу укугун банктык үч күндүн ичинде кезек тартиби менен кийинки катышуучуларга алар берген кийинки жогорку баадан баштан сунуштайт. Сунушту жиберүү үчүн көрсөтүлгөн мөөнөт жер казынасынын объектисин пайдалануу укугун алуудан катышуучу баш тарткан ар бир учурда колдонулат.
Бул учурда, аукциондун жеңүүчүсү деп, жер казынасынын объектисин пайдалануу укугун алууга макулдугун берген катышуучу таанылат. Жер казынасынын объектин пайдалануу укугунан бардык катышуучулардын баш тарткан учурда, аукционду уюштуруучу аукциондун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана кайтадан аукцион өткөрүү жөнүндө чечим чыгарат.
Мында, баш тарткан катышуучуларга кепилдик салым кайтарылып берилбейт.
64. Аукциондун жеңүүчүсү берген кепилдик салым жер казынасынын объектисин пайдалануу укугуна анын акы төлөөсүнүн эсебине чегерилет. Калган сумма аукциондун жеңүүчүсү тарабынан аукциондун шарттарында көрсөтүлгөн реквизит боюнча беш банктык күндүн ичинде төлөнөт. Эгерде төлөнгөн кепилдик салымдын суммасы аукцион объектисинин акыркы баасынан көп болсо, ашыкча сумма протоколго кол койгон күндөн тартып банктык 30 күндүн ичинде аукциондун катышуучусуна кайра берилет.
65. Аукцион объектисинин акыркы баасы бонустун суммасын жана геологиялык маалыматтын пакетинин баасын алып салганда төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт: 93 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине, 7 пайызы - жер казынасынын объектиси жайгашкан жер боюнча жергиликтүү бюджеттин кирешесине которулат. Жергиликтүү бюджетке жогоруда аталган каражаттарды которуу лицензия алган аукциондун жеңүүчүсүнө жер участогун пайдаланууга бөлүп берүү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардагы иштерди аткарууга макулдук берүү жөнүндө маселе чечилгенден кийин жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 638 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Аукционду уюштуруучу бир айдын ичинде аукциондун жеңүүчүсүнө жер казынасынын объектисин пайдалануу укугуна лицензия берүү тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялашы керек.
67. Аукционду өткөрүүнүн натыйжасы жөнүндө, аукционду өтпөй калды деп таануу жөнүндө же аны токтотуу жөнүндө протокол аукционду уюштуруучунун расмий сайтында чечим кабыл алынган күндөн кийин үч күндөн кечиктирилбестен жарыяланышы керек.
68. Жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин (чет өлкөлүк жеке же юридикалык жак үчүн) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны берилгенге чейин аукциондун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлчүлүгүн же туунду уюмун түзүшү керек жана "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ал катары мамлекеттик каттоону жүргүзүшү керек.
69. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү жер казынасынын объектиси үчүн наркты толук төлөгөндүгү жөнүндө документти алгандан кийин, беш жумушчу күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
70. Лицензиялык тиркемеде кошумча аукционду өткөрүүнүн ажырагыс шарттары болгон жана аукциондун жеңүүчүсү кабыл алган жер казынасынын объектин пайдаланууга негизги талаптар (инвестициялар жумшоо, квалификациялуу адистерди тартуу, ишти баштоо мөөнөтү, фабриканын курулушунун мөөнөтү ж.б.) белгиленет.
71. Аукциондун жеңүүчүсү мындан ары жер казынасынын объектин пайдалануунун негизги талаптарын аткарбаган учурда, ага алган милдеттерди аткаруунун мөөнөтүн бузган ар бир күнгө жер казынасынын пайдалануучусу төлөгөн жер казынасынын объектинин наркынан 0,1 пайыз өлчөмүндөгү айып санкция колдонулат.
VI. Аукционду жылдыруу, аукционду жокко чыгаруу, аукционду жараксыз деп таануу
72. Белгиленген мөөнөттө аукционду өткөрүүгө жолтоо болгон жагдайлар пайда болгон учурда, аукциондук комиссия жер казынасын пайдалануу укугуна аукционду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Мындай жагдайларга төмөндөгүлөр кирет:
- аукциондук комиссиянын жыйыны үчүн кворумдун жоктугу аукционду өткөрүү күнүндө белгилүү болгон учурда;
- айласыз күчтөр жагдайы, ошондой эле өзгөчө жана мындай шарттарда болтурбоого мүмкүн болбогон жагдайлар пайда болгондо;
- аукционду өткөрүүгө жолтоо болгон сот актысы болгондо.
Аукцион өткөрүлүүчү күнү аукционду өткөрүүгө жолтоо болгон жагдайлар пайда болгондо аукциондук комиссия, ал эми кворум жок болгон учурда аукциондук комиссиянын төрагасы аукциондук комиссиянын жыйынын 30 күндөн ашык эмес мөөнөткө жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Эгерде аукционду өткөрүүгө жолтоо болгон жагдайлар 30 күндөн ашык мөөнөткө созулса, комиссия же кворум жок болгон учурда аукциондук комиссиянын төрагасы аукционду жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
73. Жер казынасынын объекттерин пайдалануу укугуна аукционду өткөрүүнүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим арыз берүү мөөнөтү аяктаганга чейин кабыл алынса арыз берүүнүн жаңы мөөнөтү белгиленет.
Жер казынасынын объектисин пайдаланууга укугуна аукционду өткөрүүнүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин келип түшкөн арыздар ушул Жободо белгиленген тартипте катталат жана каралат.
Мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалымат аукционду өткөрүү жөнүндө жарыя берилген тартипте жана ыкмада берилет, ошондой эле аукционго катышууга арыз берген арыз берүүчүлөргө ыкчам тартипте кабарланат.
Бул Жобонун максаттарында ыкчам тартип катары телефондук байланыштын, факсимилдык байланыштын каражаты аркылуу же электрондук почта аркылуу маалымдоо каралат.
74. Жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна аукционду өткөрүүнүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим арыз берүү мөөнөтү аяктагандан кийип чыгарылса, арыз берүүнүн мурда белгиленген мөөнөтү өзгөртүлбөйт.
Мындай учурда мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалымат аукционго катышууга арыз берген арыз ээлерине ыкчам тартипте билдирилет.
75. Жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна аукционду өткөрүү жөнүндө чечимин кабыл алган аукциондун уюштуруучусу аукционду өткөрүүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу:
1) аукционду өткөрүү датасына үч күндөн кем эмес мөөнөт калган учурларда:
- аукционду өткөрүүнү даярдоо процессинде мыйзамдардын талаптары бузулган учурлар аныкталганда;
- аукционду өткөрүүнү жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу келгенде.
2) аукционду өткөрүү күнүндө:
- соттук актылардын негизинде;
- айласыз күч жагдайларынын натыйжасында.
76. Жер казынасынын объектисин пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим уюштуруучунун буйругу менен таризделет. Аукцион жокко чыгарылган учурда, мурда берилген арыздар жана төлөнгөн кепилдик салымдар арыз берүүчүлөргө кайтарып берилүүгө тийиш.
77. Ушул Жобонун ченемдери, берилген арыздарды тариздөөгө жана аларга тиркелген документтердин тизмесине коюлган талаптарды кошпогондо, бул Жобо күчүнө киргенге чейин жарыяланган жана мөөнөтү жылдырылган аукциондорго колдонулат.
78. Ушул Жобону бузуу менен өткөрүлгөн аукцион кызыкдар жактардын арызы боюнча, эгерде бул бузуулар тооруктун жеңүүчүсүн аныктоого таасир кылса, сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.
Аукционду жараксыз деп таануу тоорукту жеңген жактын жер казынасын пайдалануу укугу жараксыз болуп калышына алып келет.
79. Тараптар ортосунда пайда болгон жана ушул Жобо менен жөнгө салынбаган талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чечилет.
80. Аукциондун катышуучусунун бардык арыздарын жана алар берген документтерди кошкондо, өткөрүлгөн аукциондордун бардык материалдары аукционду өткөрүүнүн датасына чейин кайра чакыртып алынган арыздар боюнча документтерди кошпогондо, үч жыл бою аукциондун уюштуруучусу тарабынан сакталат.
|
| Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Аукционго катышуу үчүн ТИПТҮҮ АРЫЗ
Юридикалык жактар үчүн:
Мен, (фамилиясы, аты, атасынын аты) (өзүн күбөлөндүрүүчү документ) (документтин түрү, сериясы, номери, ким жана качан берген) (юридикалык жактын толук аталышы, каттоо номери, каттоонун датасы жана орган, дареги жана банктык реквизиттери) атынан чыгып,
негизинде аракеттенип, (жактын аракеттенүүсүнүн негизи болгон документ, эгерде өкүл ишеним кат боюнча аракеттенип жаткан болсо, анда ишеним каттын реквизиттери)
Жеке жактар үчүн:
Мен, фамилиясы, аты, атасынын аты) (өзүн күбөлөндүрүүчү документ) (документтин түрү, сериясы, номери, ким жана качан берген)
даректе жашоочу (шаар, айыл, көчө, үйдүн жана батирдин N) (орду жана убактысы)
жер казынасынын объекти (тери) боюнча:
__________________________________________________________________ ______________________________________________________________________,
лот(тор) боюнча:
__________________________________________________________________
боло турган аукционго катышууга ниетим бар экендиги жөнүндө билдирем.
Ушул ниетиме ылайык мен тараптан ______________ сом өлчөмүндө кепилдик салым төлөндү, квитанция(лар) боюнча;
- _______________________________________________________________;
- _______________________________________________________________;
жана аукционго катышуу үчүн _______________ сом өлчөмүндө жыйым төлөндү, квитанция(лар) боюнча;
- _______________________________________________________________;
- _______________________________________________________________.
Аукциондук тоорукта жеңүүчү болсом милдеттенем:
1) акциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга;
2) жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аукциондун шарттары аныкталган мөөнөттө аукциондо сатып алынган жер казынасынын объектин пайдалануу укугунун наркын төлөөгө;
3) жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык зарыл төлөмдөрдү төлөөгө;
4) жер казынасынын объектисин пайдаланууга аукциондун уюштуруучусу белгилеген жана жер казынасынын объектин аукционго коюунун ажырагыс шарттары болгон талаптарды аткарууга, ал эми алар аткарылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айыптык санкцияларды төлөөгө.
Мен тооруктун жеңүүчүсү болуп табылганда жана аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан учурунда же жер казынасын пайдалануу укугунан баш тарткан учурда, төлөнгөн кепилдик салымдын суммасы мага кайтарылбайт жана жер казынасын пайдаланууга саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат деп макулдугумду берем.
Жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна лицензия алганга чейин ушул арыз аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен бирге жер казынасын пайдаланууга карата саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы келишимдин күчүнө ээ болот.
Ушул арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1. ______________________________________________________________.
2. ______________________________________________________________.
3. ______________________________________________________________.
4. Кепилдик салымдын төлөнүшүн ырастаган төлөө документи.
5. Аукционго катышуу үчүн жыйымдын төлөнүшүн ырастаган төлөө документи.
Паспортту арызды берген талапкер жеке көрсөтөт.
Арыз берүүчүнүн (ыйгарым укуктуу адамдын) колу: __________________
Датасы 20__-жылдын "___" _______________
Кабыл алынды: _________________________________________ (арызды кабыл алган кызмат адамы) (так убакытты көрсөтүү менен арызды кабыл алуунун датасы) (арызды кабыл алган адамдын фамилиясы, аты,атасынын аты жана кол тамгасы)
|
| Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Аукционго катышуу үчүн талапкерлерди каттоо ВЕДОМОCТУ
Ведомост таблицалык формада түзүлөт. Бир катышуучу жөнүндө маалымат таблицанын бир сабын ээлейт. Таблицанын мамычасында төмөнкү маалыматтар камтылат:
- каттоонун номери;
- катышуучунун категориясы - юридикалык жак/жеке жак;
- жеке жактын же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, колу;
- өзүн күбөлөндүргөн документтин түрү, сериясы, номери, берилген датасы жана орду;
- юридикалык жак үчүн: аталышы, каттоо номери жана датасы, каттаган органдын аталышы;
- дареги, телефону;
- кепилдик салымды кайтаруу үчүн банктык реквизиттер жана эсептин номери;
- кепилдик салымды төлөө датасы, төлөө тапшырыгынын мүнөзү жөнүндө маалымат;
- кепилдик салымды төлөөнүн суммасы;
- аукционго катышуу үчүн жыйымдын төлөнүшүн ырастаган документтин реквизиттери;
- каттоонун убактысы жана датасы.
|
| Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Аукциондун катышуучуларын каттоо ВЕДОМОСТУ
Ведомост таблица түрүндө түзүлөт. Бир катышуучу жөнүндө маалымат таблицанын бир сабын ээлейт. Таблицанын мамычасында төмөнкү маалыматтар камтылат:
- каттоо номери;
- табличканын номери;
- катышуучунун категориясы - юридикалык жак/жеке жак;
- жеке жактын же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, колу;
- өзүн күбөлөндүргөн документтин түрү, сериясы, номери, берилген датасы жана орду;
- юридикалык жак үчүн: аталышы, каттоо номери жана датасы, каттаган органдын аталышы.
|
| Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө ПРОТОКОЛ 20__-жылдын "___" _____________ N ________
Тоорук өтүлдү: 20__-жылдын "___" _____________
Өтүлгөн жери: ____________________________________________________
Комиссиянын курамы:
Төрага: (фамилиясы, аты, атасынын аты)
Комиссиянын мүчөлөрү: (фамилиясы, аты, атасынын аты)
Объекттин аталышы ________________________________________________
N | Баштапкы баасы, (сом) | Сунушталган баа | Бааны сунуштаган катышуучунун каттоо номери |
|
|
|
|
Жыйынтыгы:
Аукционду өткөрүүнүн натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугуна объект ______________________________________________________ номери менен табличкасы бар __________________________________________ катышуучуга берилүүгө тийиш.
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
Колдору:
Төрага: (колу)
Комиссиянын мүчөлөрү: (колу)
Тооруктун жеңүүчүсү: (колу)
Катышуучулар: (колу)
Эскертүү:
1. Протокол эки нускада ар бир тарап үчүн бирден (комиссия жана тооруктун жеңүүчүсү) түзүлөт.
2. Аукциондун жүрүшүндө тоорук шарттары өзгөргөндө алар аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдо катталышы керек жана өзгөрүлгөн шарттагы тоорук жөнүндө маалымат ушул протоколдо көрсөтүлүшү керек.