КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-августу № 476
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |