Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-августундагы № 476 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 409 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоонун ушул тартиби (мындан ары - Тартип) мөңгүлөргө келтирилген зыяндын өлчөмүнүн нарктык түрүн эсептөө үчүн арналган.
2. Мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо үчүн тартипти курчап турган чөйрөнү коргоочу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар колдонот.
3. Ушул Тартип төмөнкүлөрдүн натыйжасында мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүнүн нарктык түрүн эсептөө үчүн колдонулат:
- мөңгүлөр химиялык заттар (саркынды суулар, химиялык минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, мунай заттары жана мунай продуктулары жана башкалар) менен булганганда;
- мөңгүлөрдүн үстү өндүрүштүк жана керектөө калдыктары, кен калдыктары жайгаштырылганда, мөңгүлөрдүн сапатына зыян келтириши мүмкүн болгон жасалма жабуулар жана (же) линиялык объекттер жана башка объекттер менен жабылганда;
- мөңгүлөр алынганда жана бузулганда.
4. Ушул тартипте колдонулуучу түшүнүктөр:
мөңгү - түрүнө, өлчөмүнө жана табигый абалына карабастан ар кандай экологиялык системаларда турган кардын кайталап кристаллдашуу жолу менен түзүлгөн, катмардык сууларды эске алганда же эске албаганда, көп жылдар бою өзгөрүлбөстөн, туруктуу же эркин жай аккан мөңгү массасы.
2. Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмдөрүн аныктоо
5. Айлана-чөйрөнүн корголуучу объектиси катары, мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү нарктык түрдө төмөнкү формула боюнча жүзөгө ашырылат:
УЩ = УЩзагр. + УЩотх./отв. + УЩразр. + УЩизъ. (1)
мында:
УЩзагр. - мөңгүлөрдү химиялык булгоодо зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү, ал ушул Тартиптин 6-пунктуна ылайык (сом менен) эсептелинет;
УЩотх./отв. - өндүрүштүн жана керектөөлөрдүн калдыктарын, кен калдыктарын жайгаштыруунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү, ал ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык (сом менен) эсептелинет;
УЩразр. - жасалма жабуулар (өнөр жай объекттери, турак жай, геодезиялык объекттер, куткаруучу объекттер) жана (же) линиялык объекттер (аймакты уюштуруунун линиялык элементтери: жолдор, электр берүү линиялары, труба өткөргүчтөр жана д.у.с.) менен мөңгүлөрдүн үстүн мыйзамсыз жабуунун натыйжасында мөңгүлөр бузулганда зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү, ал ушул Тартиптин 9-пунктуна ылайык (сом менен) эсептелинет;
УЩизъ. - мөңгүлөрдү алганда зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү, ал ушул Тартиптин 10-пунктуна ылайык (сом менен) эсептелинет.
6. Мөңгүлөрдү химиялык булгоодо келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү нарктык түрдө төмөнкү формула боюнча эсептелинет.
УЩзагр. = СХЗ х S х Тх,(2)
мында:
УЩзагр. - зыяндардын ордун толтуруунун өлчөмү (сом менен);
СХЗ - химиялык булгоонун даражасы, ал ушул Тартиптин 7-пунктуна ылайык эсептелинет;
S - булганган участоктун аянты (чарчы метр менен);
Тх, - мөңгүлөрдү химиялык булгоодо, айлана-чөйрөнүн корголуучу объектиси катары мөңгүлөргө келтирилген зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн такбаасы, чарчы метри/100 сомдук бир эсептик көрсөткүчкө теңештирилет.
7. Химиялык булгоонун даражасы, суудагы зыяндуу заттардын жол берилген кошулмаларынын чегинин мөңгүлөрдөгү (мөңгү суусунда) i-rо химиялык заттардын иш жүзүндө камтылышына карата болгон катышына жараша болот.
Суудагы зыяндуу заттардын жол берилген кошулмаларынын чегинин мөңгүлөрдөгү (мөңгү суусунда) i-rо химиялык заттардын иш жүзүндө камтылышынын катышы (С) төмөнкү формула боюнча аныкталат (3):
мында:
Xi - мөңгүдөгү (мөңгү суусунда) i-rо химиялык заттардын иш жүзүндө камтылышы (мг/л);
X пдк - суудагы химиялык заттардын жол берилген чектүү концентрациясы (ЖБЧК, мг/л). Мөңгү суулары суу пайдалануунун маданий-тиричиликке пайдаланылуучу суу категориясына кирет.
Жол берилген чектүү концентрациясы (ЖБЧК) чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричиликте пайдаланылуучу сууда жок болсо, пайдаланылып жаткан чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричиликте пайдалануучу суу объектилериндеги суудагы химиялык заттардын болжолдуу жол берилген деңгээлдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелинде № 201 токтому менен бекитилген, "Чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричиликте пайдалануучу суу объектилериндеги суудагы химиялык заттардын жол берилген чектүү концентрациялары" жана "Чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричиликте пайдалануучу суу объектилериндеги суудагы химиялык заттардын болжолдуу жол берилген деңгээлдеринде" белгиленген гигиеналык ченемдер колдонулат.
(С) 1ге чейинки мааниде СХЗ 1ге барабар деп кабыл алынат, (С) 1ден10 чейинки мааниде СХЗ 2,0гө барабар деп кабыл алынат; (С) 10дон 30га чейинки интервалдагы мааниге СХЗ 4,0гө барабар деп кабыл алынат; (С) 30дан 50гө чейинки интервалдагы мааниге СХЗ 5,0гө барабар деп кабыл алынат; (С) 50 ашуун мааниге СХЗ 6,0гө барабар деп кабыл алынат.
8. Өндүрүштүн жана керектөөлөр калдыктарын, кен калдыктарын жайгаштыруунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо нарктык түрдө төмөнкүдөй формула менен жүзөгө ашырылат:
мында:
УЩотх./отв. - зыяндын өлчөмү (сом менен);
Мi - кооптуулугу бирдей класска ээ болгон калдыктардын жана кен калдыктарынын салмагы (тонна менен);
n - өндүрүштүк жана керектөө калдыктары жайгаштырылган бир участоктун чегиндеги кооптуулугунун класстары боюнча топтолгон калдыктардын түрлөрүнүн саны;
Тотх./отв. - өндүрүштүк жана керектөө калдыктарын жайгаштыруунун натыйжасында айлана-чөйрөнүн объектиси катары мөңгүлөргө келтирилген зыяндардын өлчөмүн эсептөө үчүн такбаа, ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык аныкталат (сом/тонна менен).
9. Жасалма жабуулар жана (же) участоктун объекттер менен мөңгүлөрдүн үстүн өз алдынча (мыйзамсыз) жабуунун натыйжасында мөңгүлөр бузулганда зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо нарктык түрдө төмөнкүдөй формула боюнча жүзөгө ашырылат:
УЩразр. = S х Тх, (5)
мында:
УЩразр. - зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү (сом менен);
S - мөңгүнүн бузулуп жатканы аныкталган участоктун аянты (чарчы метр);
Тх - жасалма жабуулар жана (же) участоктун объекттер менен мөңгүлөрдүн үстүн өз алдынча (мыйзамсыз) жабуунун натыйжасында мөңгүлөр бузулганда зыяндык өлчөмүн эсептөө үчүн такбаа, чарчы метри/100 сомдук бир эсептик көрсөткүчкө теңештирилет.
10. Мөңгүлөрдү алууда келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо төмөнкү формула боюнча жүзөгө ашырылат:
УЩ изъ. = М х Тх (6)
мында:
Тх - алынган мөңгүлөрдүн өлчөмүн эсептөөнүн такбаасы муздун 1м3 үчүн бир эсептик көрсөткүчтүн 0.1 үлүшүнө - 10 сомго/м3 теңештирилет;
М - мөңгүнүн алынган салмагы, м3.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо тартибинин 1-тиркемеси |
Өндүрүш жана керектөө калдыктарын жайгаштыруунун натыйжасында айлана-чөйрөнүн объектиси катары мөңгүлөргө келтирилген зыяндардын өлчөмүн эсептөө үчүн такбаалар (Тотх./отв.)
Калдыктардын/кен калдыктарынын i-rо түрүндөгү коркунучтуулук классы (*) | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Такбаа (сом\тонна менен) | 5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
500 | 400 | 300 | 200 | 100 | |
эсептик | эсептик | эсептик | эсептик | эсептик | |
көрсөткүчтө | көрсөткүчтө | көрсөткүчтө | көрсөткүчтө | көрсөткүчтө |
(*) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 токтому менен бекитилген Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарга ылайык калдыктардын кооптуулук класстары аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасына ылайык кендин иштетүүгө жараксыз катмарынын кооптуулук класстары төмөнкүлөргө теңештирилет:
- пайдалуу казылып алынуучу кендердин бардык топторунун кен калдыктары үчүн, андагы камтылган радионуклиддердин деңгээли к 1 ченемдик документтерде белгиленгенден жогору болсо;
- рудалык жана пайдалуу казылып алынуучу күйүүчү кендердин калдыктары үчүн - к 4;
- рудалык эмес жана пайдалуу казылып алынуучу башка топтордун кен калдыктары үчүн - к 5.