КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-августундагы № 476 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 409
Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |