Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 478 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борбору жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борбору (мындан ары - Климаттык борбор) өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Климаттык борбордун уюштуруучу документи болуп Жобо саналат.
3. Климаттык борбор ыкчам башкаруу укугуна негизделген, мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
Климаттык борбор өзүнө ыкчам башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого милдеттүү.
4. Климаттык борбордун негизги жана жүгүртүү каражаттары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептери бар.
5. Климаттык борбордун кыргыз, орус жана англис тилдеринде аталышы менен гербдик мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана визуалдык жекелештирүүнүн башка каражаттары бар.
6. Мекеменин аталышы:
- кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борбору";
- орус тилинде: "Центр по климатическому финансированию Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "Center on climate finance of the Kyrgyz Republic".
7. Климаттык борбордун юридикалык дареги: 720003, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207.
2. Климаттык борбордун максаттары жана милдеттери
8. Климаттык борбордун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- БУУнун Жашыл климаттык фондусунан (мындан ары - ЖКФ) жана эл аралык уюмдардан финансылык ресурстарды жана инвестицияларды тартууга көмөктөшүү;
- климаттын өзгөрүлүшү жаатындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга, инвестицияларды илгерилетүүгө көмөктөшүү.
9. Климаттык борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик органдар, өнүгүү боюнча өнөктөштөр, кызыкдар коммерциялык эмес уюмдар, бизнес-түзүмдөр, окуу жана илимий жайлары менен климаттын өзгөрүлүшү маселеси боюнча өз ара аракеттенүүлөрдү жүзөгө ашыруу;
- климаттын өзгөрүлүшүнө байланыштуу проблемалар боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууга көмөктөшүү;
- климаттын өзгөрүлүшү чөйрөсүнө каржылоону тартууга көмөк көрсөтүү;
- ЖКФ жана эл аралык уюмдардан каржыланган программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышуу;
- климаттын өзгөрүлүшү жаатындагы долбоорлордун мониторингин жүргүзүүгө катышуу;
- климаттын өзгөрүлүшү чөйрөсүндө коомдун маалымдуулугун жана билимин жогорулатууга катышуу.
3. Климаттык борбордун функциялары
10. Климаттык борбордун функциялары:
- Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын ЖКФте, эл аралык уюмдарда жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтөт;
- климаттын өзгөрүлүшүнө байланыштуу проблемалар боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууга катышат;
- ЖКФтен каржылоо үчүн долбоорлорду бекитүү жол-жобосун иштеп чыгууга катышат;
- климаттын өзгөрүлүшүнө адаптациялоо жана климаттын өзгөрүлүшүнүн кесепеттерин алдын алуу боюнча долбоорлорду каржылоого тиешелүү сунуштарды иштеп чыгууга катышат;
- климаттын өзгөрүлүшүнүн чөйрөсүндө сунушталган жана ишке ашырылган долбоорлордун экспертизасын өткөрүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан климаттык долбоорлор жөнүндө маалымат базасын жүргүзөт;
- ЖКФтен каржыланган долбоорлордун мониторингин жана жыйынтыктарын верификациялоо процессин финансылык айкындыкты камсыздоо менен уюштурат;
- ЖКФ жана аккредитацияланган эл аралык финансылык институттар, уюмдар жана мекемелер менен долбоордук сунуштарды жана программаларды иштеп чыгуу боюнча өз ара аракеттенет;
- уюмдарга жана мекемелерге ЖКФте аккредитациядан өтүүгө көмөктөшөт;
- айыл чарбада, ирригацияда, гидроэнергетикада, энергиянын кайра жаралуучу булактарында климаттын өзгөрүүлөрүнө адаптациялоо жана таасир этүү үчүн инвестицияларды тартууга, энергиялык жактан натыйжалуу жана төмөн көмүртектик технологияларды транспортто, саламаттык сактоодо илгерилетүүгө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, туруктуу жер пайдаланууга, токой чарбасында жана жер пайдаланууда өзгөрүүлөргө көмөктөшөт;
- социалдык-экономикалык өнүгүүнүн адаптациялык механизмдерин ишке ашыруу жана натыйжалуу өзүн-өзү башкаруу, агро-экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин сактоо аркылуу жергиликтүү калктын табигый ресурстардан көз каранды болушун жана биотүрдүүлүккө келтирилген коркунучтарды төмөндөтүү үчүн каражаттарды издөөгө жана тартууга көмөктөшөт;
- жер пайдалануунун атаандашкан түрлөрүнөн табигый ресурстарга оорчулукту кыскартууга, жерлерди туруктуу башкаруу боюнча адаптациялык инструменттерди колдонуу боюнча потенциалды күчөтүүгө, айыл чарба жерлеринде талаа коргоочу, эрозияга каршы бактарды тигүү комплексин калыбына келтирүүгө каражаттарды издейт жана тартат;
- дарыялардан суу топтоонун аянтын калыбына келтирүү жана сактоо, аймактардын суу режимин жакшыртуу максатында токой экосистемасынын кызматтар комплексинин туруктуулугун камсыздоого жана токой ресурстарына оорчулукту кыскартууга, токойду калыбына келтирүүгө жана токой тигүүнү өбөлгөлөөгө каражаттарды издейт жана тартат;
- адаптациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, глобалдуу, региондук, улуттук жана локалдуу экологиялык проблемаларды чечүү үчүн каражаттарды издейт жана тартат;
- климаттын өзгөрүлүшүнүн чөйрөсүндө консультацияларды, кеңешмелерди жана эл алдында өткөрүлүүчү иш-чараларды уюштурат;
- климаттын өзгөрүү маселеси боюнча билимди калк арасында жайылтуу жана анын маалымдуулугун жогорулатууну, маалымат менен алмашууну жүзөгө ашырат жана координациялайт.
4. Климаттык борбордун укуктары
11. Климаттык борбордун укуктары:
- Климаттык борбордун максаттарына жана милдеттерине ылайык иштеши үчүн ар түрдүү формаларда ар кандай улуттук, чет өлкөлүк жана эл аралык булактардан финансылык ресурстарды тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Климаттык борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри карай турган Климаттык борбордун компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча аналитикалык, маалымдама жана башка материалдарды даярдайт;
- Кыргыз Республикасы ченемдик укуктук актыларды эл аралык укук менен шайкештик түрдө катышат;
- конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү, презентацияларды, социологиялык изилдөөлөрдү уюштурат жана өткөрөт, эл аралык маалымат алмашууга катышат;
- кадрларды алмашууну, тажрыйба алмашууну, стажировкаларды, тематикасы боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу курстарын Климаттык борбордун максаттарына ылайык уюштурат;
- климаттык долбоорлорду жана программаларды талкуулоо, илгерилетүү жана ишке ашыруу үчүн донорлор, инвесторлор, жарандык коомдун өкүлдөрү, жекече сектор менен эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды демилгелейт жана өткөрөт;
- климаттык долбоорлорду жана программаларды илимий-техникалык экспертиза үчүн мамлекеттик органдардын адистерин тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырат.
5. Климаттык борбордун ишин уюштуруу
12. Климаттык борбордун ишине жалпы жетекчиликти жана контролдоону директор ишке ашырат.
13. Климаттык борбордун директору айлана-чөйрөнү коргоо маселесин тескеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Климаттык борбордун директору жок учурда анын функцияларын айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин тескеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу анын орун басары аткарат.
15. Климаттык борбордун директору:
- ЖКФ, Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон мамлекеттик органдары жана эл аралык финансы институттары жана климатты өзгөртүү боюнча программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча уюмдар менен оперативдүү өз ара аракеттенүүнү камсыздайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Климаттык борбордун бардык кызматкерлеринин аткарылышы үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- директордун орун басарынын жана Климаттык борбордун башка кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Климаттык борбордун кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт жана штаттык ырааттамасын бекитет;
- эл аралык финансылык институттар жана ЖКФда аккредиттелген уюмдар менен Климаттык борбордун кызматкерлерин тандап алуу жана алар менен контракт түзүүнү макулдашат;
- Климаттык борбордун кызматкерлерине карата тартиптик таасир берүү чараларын колдонот;
- Климаттык борбордун ишин жетектейт жана Климаттык борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болот;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышын камсыздайт;
- Климаттык борбордун атынан ишеним катсыз аракеттенет, ЖКФда, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, эл аралык финансы институттарында жана уюмдарда анын кызыкчылыктарын көздөйт, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан юридикалык жана жеке адамдар менен өз ара аракеттенет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарын берет, банктарда эсеп-кысабын ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Климаттык борбордун милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
16. Климаттык борбордун директору, анын орун басары жана кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болуп эсептелбейт жана ЖКФда контракттык негизде аккредиттелген эл аралык финансылык институттардын жана уюмдардын эсебинен күтүлөт.
6. Климаттык борбордун мүлкү
17. Климаттык борбор өзүнүн ишинин максаттарына, менчик ээсинин милдеттерине жана мүлктүн арналышына ылайык мамлекеттик мүлктү пайдаланууга укуктуу.
18. Климаттык борборду каржылоонун булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- гранттык каражаттар;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.
19. Мекеме алган кирешелер, ошондой эле өзүнүн каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлк менчик укугунда Климаттык борборго таандык болот.
7. Климаттык борбордун отчеттуулугу
20. Климаттык борбор өзүнүн ишин иштин бекитилген пландарынын негизинде жүргүзөт жана ал боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 токтому менен түзүлгөн Климаттын өзгөрүүлөрү проблемалары боюнча координациялык комиссияга отчет берет.
21. Климаттык борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өсүшүнүн натыйжаларынын чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзөт.
8. Климаттык борборду кайра уюштуруу жана жоюу
22. Климаттык борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
23. Климаттык борбордун документтери Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.