Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16 июлундагы № 417 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-октябры № 642
Коргоо ордеринин формасын бекитүү жөнүндө
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга берилүүчү коргоо ордеринин формасы, 1-тиркемеге ылайык;
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга берилүүчү коргоо ордеринин формасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
1-тиркеме
Форма
__________________________________________________________________________________
(Ички иштер органынын аталышы, райондун (шаардын) шифри)
№ ________ КОРГОО ОРДЕРИ
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга (мыйзамдуу өкүлүнө) берилди:
_____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
факт боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам:
_____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
2. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга жабыр тарткан адамга карата зомбулук жасоого тыюу салынат (1), жабыр тарткан адам менен түз жана кыйыр байланыш түзүүгө тыюу салынат (2).
3. Коргоо ордери берилген учурдан тартып 3 күнгө чейин колдонулат,
20__-жылдын "__" _____________ тартып 20__-жылдын "__" _____________ чейин.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын (мыйзамдуу өкүлүнүн), мыйзамдар менен аныкталган башка адамдардын арызы боюнча ички иштер органдары коргоо ордерин колдонуу мөөнөтүн 30 күнгө узартат.
4. Коргоо ордерин колдонуу мөөнөтү узартылды:
20__-жылдын "__" _____________ тартып 20__-жылдын "__" ____________ чейин.
Коргоо ордерин узарткан адам:
_____________________________________________________________________________________
(кызматы, наамы, коргоо ордерин колдонуу мөөнөтүн узарткан ИИОнун кызматкеринин колу)
5. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам коррекциялык программадан өтүү үчүн төмөнкү жерге жөнөтүлдү:
_____________________________________________________________________________________
(коррекциялык программадан өтүү жери)
6. Коргоо ордеринин шарттарынын бузулгандыгы жөнүндө ички иштер органынын контролдоочу кызматкерине кабарлоо зарыл
_____________________________________________________________________________________
(ИИОнун кызматкеринин аты-жөнү, кызматтык жана уюлдук телефонунун номери)
|
| Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга берилүүчү коргоо ордеринин арткы бети |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга арналган маалымат
Коргоо ордери - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды мамлекеттик коргоого алуучу жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата мыйзамдар менен аныкталган таасир берүү чараларын көрүүгө алып келүүчү документ.
Коргоо ордерин колдонуу мөөнөтү 30 күнгө узартылган учурда, ага үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча коррекциялык программадан өтүү шарты киргизилет.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам чогуу жашаган жеринен убактылуу көчүрүү, жашы жете элек балдар менен катташуу боюнча ата-энелик укуктарын чектөө талабы менен сотко кайрылуу укугуна ээ. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугуна төмөнкүлөр ээ: 1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам же болбосо анын өкүлү; 2) прокурор; 3) эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам жашы жете элек же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам болуп саналса, анда балдарды коргоо жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкери.
2-тиркеме
Форма
__________________________________________________________________________________
(Ички иштер органынын аталышы, райондун (шаардын) шифри)
№ ________ КОРГОО ОРДЕРИ
1. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга берилет:
______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
төмөнкү адамга карата үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча:
______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
2. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга коргоо ордеринин шарттары дайындалды: жабыр тарткан адамга карата зомбулук жасоого тыюу салынат (1), жабыр тарткан адам менен түз жана кыйыр байланыш түзүүгө тыюу салынат (2).
3. Коргоо ордери берилген учурдан тартып 3 күнгө чейин колдонулат,
20__-жылдын "__" ____________ тартып 20__-жылдын "__" ____________ чейин
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын (мыйзамдуу өкүлүнүн), мыйзамдар менен аныкталган башка адамдардын арызы боюнча ички иштер органдары коргоо ордерин колдонуу мөөнөтүн 30 күнгө узартат.
4. Коргоо ордеринин узартуу мөөнөтү.
"__" _____________ 20__-ж. "__" ______________ 20__-ж. чейин
Коргоо ордерин узарткан адам:
______________________________________________________________________________________
(кызматы, наамы, коргоо ордерин колдонуу мөөнөтүн узарткан ИИОнун кызматкеринин колу)
5. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам коррекциялык программадан өтүү үчүн төмөнкү жерге жөнөтүлдү:
______________________________________________________________________________________
(коррекциялык программадан өтүү жери)
6. Коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоо төмөнкүгө жүктөлөт:
______________________________________________________________________________________
(ИИОнун кызматкеринин аты-жөнү, кызматтык жана уюлдук телефонунун номери)
Эскертүү: Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам жашаган жерин өзгөрткөн учурда, коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдогон ИИОнун кызматкерин кабарлоо зарыл.

| Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга берилүүчү коргоо ордеринин арткы бети |
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга арналган маалымат
Коргоо ордеринде зомбулук жасаган адамга карата колдонулуучу төмөнкүдөй шарттар каралган:
1) үй-бүлөлүк зомбулук жасоого тыюу салынат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен түз жана кыйыр байланыш түзүүгө тыюу салынат.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам чогуу жашаган жеринен убактылуу көчүрүү, жашы жете элек балдар менен катташуу боюнча ата-энелик укуктарын чектөө талабы менен сотко кайрылуу укугуна ээ.
Доо арызы коргоо ордери берилген учурдан тартып же үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча аны жасаган адамга карата соттук акт мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып алты айдын ичинде берилиши мүмкүн.