Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 179 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
Электрондук форматтагы аукциондо мамлекеттик менчикти менчиктештирүү "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 токтому менен бекитилген Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобого жана ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
электрондук соода аянтчасынын ички регламенти – мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү, электрондук соода аянтчасынын иш тартибин аныктоочу эрежелердин жыйындысы;
өтүнмөлөрдү кабыл алуу журналы - электрондук форматта өтүнмөлөрдү эсепке алуу боюнча программалык-аппараттык каражат;
электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгү - электрондук соода аянтчасында катталган колдонуучуларга гана жеткиликтүү сайттын бөлүгү;
маалыматтык билдирүү - маалыматтык системалардын иштөө процессинде берилүүчү туура бириктирилген маалыматтардын жыйындысы;
жеке кабинет - электрондук соода аянтчасында колдонуучунун автоматташтырылган жумуш оруну;
менчиктештирилүүчү объект - электрондук форматтагы аукциондо менчиктештирилүүгө тийиш болгон мамлекеттик мүлк;
электрондук соода аянтчасынын оператору - сатуучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштеген жана электрондук тооруктар өткөрүлүүчү Интернет тарамында электрондук соода аянтчасынын порталына ээ болгон адистештирилген уюм;
электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгү - сайттын жалпыга жеткиликтүү бөлүгү, анда иштөө үчүн системада катталуу талап кылынбайт;
сатуучу - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
талапкер - электрондук форматта тоорукка катышууга өтүнмө берген адам;
кол коюучу адам - электрондук билдирүүлөрдө электрондук санариптик кол коюуну түзүүчү жеке же юридикалык жак - электрондук санариптик кол коюунун жабык ачкычы ишенип берилген кол коюучу ачкычтын сертификатынын ээси же болбосо анын өкүлү;
электрондук соода аянтчасында каттоо - электрондук соода аянтчасынын оператору ишке ашыруучу электрондук соода аянтчасына пайдалануучулардын уруксаты;
катышуучу - тооруктарга катышууга уруксат берилген талапкер;
электрондук аукциондун кадамы - тооруктардын жүрүшүндө көтөрүлүүчү баштапкы баага жана электрондук соода аянтында жарыяланган ар бир кийинки баага кошумча акы;
электрондук соода аянтчасы - тооруктарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернет тарамында жайгаштырылган жана катталган катышуучуларга дистанттык (жеке катышуусуз) түрдө бүтүмдөр боюнча электрондук операцияларды ишке ашырууга мүмкүндүк түзүүчү маалыматтык соода системасы;
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Электрондук аукционду уюштуруу жана өткөрүү
3. Мамлекеттик менчикте турган мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук аукционду сатуучу өткөрөт.
4. Электрондук аукциондо менчиктештирилүүчү мүлктү сатууну электрондук соода аянтчасынын оператору уюштурат.
5. Электрондук аукционду уюштурууда жана өткөрүүдө сатуучунун ыйгарым укугуна төмөнкүлөр кирет:
- менчиктештирүүгө жаткан мамлекеттик мүлктү электрондук аукционго коюу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
- менчиктештирилүүчү объекттин наркын баалоону камсыздоо;
- менчиктештирүү боюнча комиссияны түзүү, анын курамын аныктоо, комиссиянын төрагасын жана катчысын дайындоо жөнүндө чечимди кабыл алуу;
- менчиктештирилүүчү объекттин баалоо наркы жана баштапкы баасы жөнүндө менчиктештирүү боюнча комиссиянын берген корутундусун кароо;
- менчиктештирилүүчү объекттин бааланган наркы жана баасы жөнүндө комиссия даярдаган корутундунун негизинде аныкталуучу менчиктештирилүүчү объекттин баштапкы баасын бекитүү;
- аукционго катышууга берилүүчү документтердин тизмесин аныктоо;
- электрондук аукционго катышууга талапкерлердин кепилдик төгүмүн төлөөсүнүн шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктоо;
- электрондук соода аянтчасында электрондук аукционго катышууга талапкерлерден өтүнмөлөрдү кабыл алуу күнүн, башталышын жана аякташын аныктоо;
- электрондук аукционду өткөрүү датасын, убактысын жана өтүүчү жерин аныктоо;
- автотранспорт каражаттарын сатууну кошпогондо электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнү өз убагында жарыялоону камсыздоо;
- электрондук аукционго катышууга талапкерлерден түшкөн электрондук форматтагы өтүнмөлөрдү жана ага тиркелген документтерди кароо;
- талапкерлер берген документтердин таризделишинин тууралыгын текшерүү жана электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө жарыяланган тизмеге ылайыктыгын аныктоо;
- сатуучу бекиткен кароо графигине ылайык менчиктештирилүүчү объектти талапкерлердин кароосунун шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктоо;
- электрондук аукциондун жеңүүчүсү менен менчиктештирилүүчү объектти сатып алуу-сатуу келишимин түзүү;
- электрондук аукциондун талапкерлери, катышуучулары жана жеңүүчүсү менен эсептешүү;
- автотранспорт каражаттарын сатууну кошпогондо, электрондук аукциондун жыйынтыгы тууралуу маалыматтык билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарында өз убагында жарыялоону камсыздоо;
- сатып алуу-сатуу келишиминин шарттарына ылайык электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө мүлктү өткөрүп берүүнү камсыздоо.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Электрондук соода аянтчасынын оператору сатуучу менен түзгөн келишимдин негизинде жана электрондук соода аянтчасынын ички регламентине ылайык:
- Электрондук соода аянтчасында сатуучуну жана талапкерди каттоо, алардын идентификациялоочу маалыматтарын киргизүү (пайдалануучунун атын жана паролун) жана паролду өзгөртүү мүмкүндүгүн камсыз кылат. Сатуучуга жеке кабинет, ошондой эле сатуучу жана электрондук аукциондун катышуучулары гана кирүүгө мүмкүн болгон (электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгү) бөлүмдү ачат;
- электрондук соода аянтчасында талапкерлерди каттоонун тартибин аныктайт;
- талапкерлерден аукционго катышууга келип түшкөн өтүнмөлөрдү жана ага тиркелген документтерди кабыл алат, ошондой эле арыздарды кабыл алуу журналына алардын түшүүсү боюнча эсебин алат. Арызга код ыйгаруу менен аттарын жана аталыштарын тактабай туруп түшкөн арыздарды сатуучуга берет;
- талапкерлерден сатууга катышууга келип түшкөн өтүнмөлөрдү жана ага тиркелген документтерди, ошондой эле электрондук аукционго катышуучулардан мүлктүн баасы боюнча сунуштарын кабыл алууну жана каттоону камсыздайт;
- электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин электрондук аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл албайт;
- электрондук аукциондун катышуучусу деп таануу же болбосо электрондук аукционго катышууга уруксат берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө сатуучу кабыл алган чечим жөнүндө катышуучуларга билдирүүнү электрондук почта аркылуу камсыздайт;
- электрондук аукциондун катышуучуларына электрондук соода аянтчасына бирдей жетүүнү, пайдаланылуучу программалык жана техникалык каражаттардын иштөөсүнүн ишенимдүүлүгүн, электрондук аукционду өткөрүүдө электрондук документтердин пайдаланылышын камсыздайт;
- электрондук аукциондун талапкерлери жана катышуучулары жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыздайт;
- электрондук соода аянтчасында техникалык себептер боюнча электрондук документтердин бузулушуна, жоголушуна жоопкерчилик тартат;
- электрондук документтердин жети жыл сакталышын камсыздайт;
- ушул Жобого ылайык башка функцияларды аткарат.
Электрондук соода аянтчасынын оператору талапкерлердин жана электрондук аукциондун катышуучуларынын электрондук соода аянтчасынан пайдалануусун камсыз кылууга, өтүнмөлөрдү кабыл алуунун жыйынтыгы (катышуучуларды аныктоо) жөнүндө маалыматты электрондук соода аянтчасына жайгаштырууга чейин аталган өтүнмөлөргө жана ушул Жободо каралган документтерге сатуучунун жетүүсүнөн тышкары, келип түшкөн өтүнмөлөр жана аларга тиркелген документтер жөнүндө маалыматтардын, өтүнмө берген адамдар жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыздоого жоопкерчилик тартат.
7. Электрондук аукционду уюштуруу жана өткөрүү боюнча функцияларды аткарууга тараптардын жоопкерчилиги электрондук соода аянтчасынын оператору менен сатуучу түзгөн келишимде каралат.
8. Электрондук соода аянтчасынын оператору электрондук соода аянтчасынын программалык-аппараттык каражаттары менен жазууларда техникалык бузулуулар болгон учурда электрондук аукционду өткөрүүнү токтотот, бирок бир суткадан ашпаган мөөнөткө. Электрондук аукциондун өткөрүлүшүн калыбына келтирүү электрондук аукцион кайсы жерден токтосо, ошол жерден кайра башталат.
Электрондук аукционду өткөрүү токтотулган учурдан тартып бир сааттын ичинде электрондук соода аянтчасынын оператору электрондук соода аянтына электрондук аукционду өткөрүүнү токтотуп туруунун себебин, электрондук аукциондун токтогон жана иштин кайра калыбына келген убактысы жөнүндө маалыматтык билдирүүнү электрондук соода аянтчасына жайгаштырат. Бул тууралуу электрондук аукциондун катышуучуларына кабарлайт, ошондой эле бул маалыматты сатуучуга жиберет.
9. Электрондук аукционду өткөрүүгө даярдык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 токтому менен бекитилген Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
10. Электрондук аукциондун катышуучуларынын же электрондук аукциондун катышуучуларынын атынан чыгууга укуктуу жактын ортосундагы бардык документтердин айлануусу жазуу түрүндө түзүлүүчү сатып алуу-сатуу келишиминен тышкары катталуу маалыматтарын (пайдалануучунун аты жана паролу) пайдалануу менен электрондук формада жүргүзүлөт.
Электрондук соода аянтчасынын оператору жөнөтүүчү же ал электрондук соода аянтына жайгаштырган электрондук документтерге электрондук санариптик кол коюлуп, алар сканерден өткөрүлүп жана тиркелиши керек.
Электрондук санариптик колдун болушу электрондук документ формасында берилген документтердин жана маалыматтардын тийиштүү талапкердин, сатуучунун же болбосо электрондук соода аянтчасынын операторунун атынан жөнөтүлгөндүгүн билдирет жана жөнөтүүчү мындай документтердин жана маалыматтардын түп нуска экендиги жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат.
11. Электрондук аукционду уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан, анын ичинде сатуучудан жана талапкерден алынган электрондук документтер электрондук соода аянтчасынын операторунда сакталат, документтердин көчүрмөлөрү кагаз формасында документтерди сактоо мөөнөттөрүнө ылайык сакталат.
12. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. Интернет тарамындагы сатуучунун расмий сайтына электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнү жайгаштырган күнү электрондук соода аянтчасына төмөнкүлөр да жайгаштырылат:
- электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү;
- катышууга өтүнмөнүн электрондук формасы;
- сатып алуу-сатуу келишиминин долбоору;
- аукционго катталуу үчүн документтердин тизмеси;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 токтому менен бекитилген Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жободо жана ушул Жободо каралган башка маалыматтар.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Электрондук аукционго катышуу үчүн талапкер маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн эсепке кепилдик төгүмүн төгөт. Кепилдик төгүмүнүн чоңдугу аукционго коюлуучу объекттин баштапкы баасынын 10 пайызынын өлчөмүндө аныкталат.
Электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүмү кайтарылбайт жана сатып алып жаткам мүлктү төлөө эсебине кошулат. Электрондук тооруктун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюудан же сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда, электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүмү кайтарылбайт жана республикалык бюджетке которулат.
Жеңүүчү он күндүк мөөнөттө мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн четтеген же баш тарткан учурда, ыйгарым укуктуу орган эки жумуш күндүн ичипде экинчи орунду ээлеген (бир кадам төмөм) катышуучуга жеңишти ыйгаруу тууралуу билдирүүнү жиберет, ал билдирүү түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде сатып алуу-сатуу келишимине кол коюуга тийиш.
Катышуучуну, экинчи орунду ээлеген катышуучуну жеңүүчү деп таануу жөнүндө билдирүү электрондук соода аянтчасы аркылуу ишке ашырылат.
Жеңүүчү мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөп четтеген же баш тарткан учурда, баланс кармоочу төмонкүдөй чечимдерди кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү жиберет:
- экинчи орунду ээлеген (бир кадам төмөн) катышуучуга жеңишти ыйгаруу тууралуу билдирүү жөнүндө;
- электрондук аукциондун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана кайрадан аукцион өткөрүү жөнүндө маалымаггы жайгаштыруу жөнүндө.
Сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан жеңүүчүлөргө (эң чоң сумманы сунуштаган, экинчи орунду ээлеген жана жеңишти ыйгаруу тууралуу билдирүүнү алган) кепилдик төгүмү кайтарылбайт жана республикалык бюджеттин кирешесине жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 179 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. Талапкердин электрондук аукционго катышууга кепилдик төгүмүнүн жана электрондук соода аянтчасынын кызмат көрсөтүүсүнө төлөмдүн түшүүсүн ырастаган документ болуп электрондук формадагы төлөм документинин көчүрмөсү саналат (сатуучу эсеп боюнча банктын көчүрмөсүнө ылайык төлөм документинин аныктыгын текшерет).
17. Электрондук соода аянтчасындагы каттоосуна карабастан каалаган адам маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн электрондук соода аянтчасынын операторунун дарегине жайгаштырылган маалыматты түшүндүрмө жөнүндө сурамды жөнөтүүгө укуктуу.
Бул сурам айкын убакыт режиминде электрондук аукционго катышууга өтүнмө берүү аяктаганга чейинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен сатуучуга келип түшкөн шартта сатуучунун "жеке кабинетине" карап чыгуу үчүн жөнөтүлөт.
Сурам келип түшкөн күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде сатуучу сурамдын предметин көрсөтүү менен, бирок сурамды жөнөткөн адамды көрсөтүүсүз түшүндүрмөнү ачык жайгаштыруу үчүн электрондук соода аянтчасынын операторуна берет.
18. Өтүнмөлөрдү жана ага тиркелген документтерди кабыл алуу электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн датадан жана убакыттан тартып башталат, 30 календардык күндүн ичинде ишке ашырылат жана сатуучу тарабынан электрондук аукциондун катышуучулары аныкталган датадан тартып 3 жумуш күндөн кеч эмес аяктайт.
Аталган мезгилдин ичинде электрондук соода аянтчасынын оператору келип түшкөн өтүнмөлөр жөнүндө кабарды күн сайын сатуучуга жөнөтөт.
19. Өтүнмө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 токтому менен бекитилген Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жободо каралган документтер тиркелип, электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө жайгаштырылган электрондук формасын толтуруу аркылуу электрондук форматта берилет.
20. Талапкерлерден өтүнмөлөрдү кабыл алууда электрондук соода аянтчасынын оператору өтүнмөлөрдү жана ага тиркелген документтерди өтүнмөлөрдү кабыл алуу журналында каттоону камсыздайт. Ар бир өтүнмөгө кабыл алуу датасын жана убактысын көрсөтүү менен номер ыйгарылат.
Өтүнмө келип түшкөн учурдан тартып 1 сааттын ичинде электрондук аукциондун оператору катталган өтүнмөнү жана алынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен анын келип түшкөндүгү жөнүндө кабарды жөнөтүү аркылуу талапкерге билдирет.
21. Белгиленген мөөнөттү бузуу менен берилген өтүнмөлөр, ага тиркелген документтер электрондук соода аянтчасында катталбайт. Бул учурда электрондук соода аянтчасынын оператору тиешелүү түшүндүрмөлөрдү талапкерге жөнөтөт.
22. Талапкер электрондук соода аянтчасында кайра сурап алуу өтүнмөсүн толтуруу жолу менен катышууга өтүнмөнү кабыл алуу аяктаган датадан кечиктирбей электрондук аукционго катышууга өтүнмөнү кайра сурап алууга укуктуу.
Талапкер электрондук аукционго катышууга өтүнмөнү кайра сурап алган учурда белгиленген тартипте өтүнмөнү кайра сурап алуу жөнүндө кабар өтүнмө менен бирге бир сааттын ичинде сатуучунун "жеке кабинетине" келип түшөт, бул жөнүндө талапкерге тийиштүү электрондук кабар жөнөтүлөт.
23. Электрондук соода аянтчасында электрондук документтерди түзүү, алуу жана жөнөтүү убактысы, ошондой эле электрондук аукционду өткөрүү убактысы Кыргыз Республикасынын убакыт зонасына шайкеш келет.
3. Электрондук аукционду өткөрүүнүн тартиби
24. Маалыматтык билдирүүдө аталган электрондук аукциондун катышуучуларын аныктоо күнү электрондук соода аянтчасынын оператору сатуучунун "жеке кабинети" аркылуу талапкерлер берген өтүнмөлөргө жана документтерге, аттарын (аталыштарын) көрсөтпөстөн, сатуучунун жетүүсүн камсыздайт, ошондой эле өтүнмөлөрдү кабыл алуу журналына жиберет.
25. Талапкерлердин өтүнмөлөрүн жана документтерин карап чыгуунун жана кепилдик төгүмдөрдүн келип түшкөн фактысын белгилөөнүн жыйынтыгынан кийин сатуучу ошол эле күнү талапкерлерди электрондук аукциондун катышуучулары деп таануу жөнүндө протоколго кол коёт, анда талапкерлердин кодун көрсөтүү менен кабыл алынган өтүнмөлөрдүн тизмеси, электрондук аукциондун катышуучусу деп таанылган, кайра сурап алынган өтүнмөлөрдүн тизмеси, ошондой эле баш тартуунун себептерин атоо менен, электрондук аукционго катышууга уруксат берилбеген талапкерлердин тизмеси берилет.
26. Талапкерлерди электрондук аукциондун катышуучулары деп таануу жөнүндө протоколго кол коюлган датадан кийинки жумушчу күндөн кеч эмес электрондук аукционго катышууга өтүнмө берген бардык талапкерлерге аларды электрондук аукциондун катышуучулары деп таануу жөнүндө же баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен электрондук аукциондун катышуучулары деп таануудан баш тартуу жөнүндө кабар жөнөтүлөт. Электрондук аукционго катышууга уруксат берилбеген талапкерлер жөнүндө маалымат электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө, ошондой эле Интернет тарамындагы сатуучунун сайтында жайгаштырылат.
27. Электрондук аукциондун жол-жоболорун өткөрүү электрондук аукциондун катышуучуларын аныктоо датасынан тартып 3 жумуш күндөн кечиктирилбей өткөрүлүшү керек.
28. Электрондук аукциондун жол-жоболору аукциондун катышуучулары тарабынан баштапкы баасын ырааттуу жогорулатуу жолу менен электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн күнү жана убакытта өткөрүлөт.
Ар бир лот үчүн аукциондун кадамынын өлчөмү сатуучу менен бекитилет.
29. Электрондук аукциондун жол-жоболорун өткөрүүдө электрондук соода аянтчасынын оператору электрондук соода аянтчасынын программалык жана техникалык каражаттарынын жардамы менен электрондук аянтчанын жабык бөлүгүнө катышуучулардын жетүүсүн жана мүлктүн баасы боюнча алардын сунуштарын берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
30. Электрондук аукциондун жол-жоболорун өткөрүү башталган учурдан тартып электрондук соода аянтчасынын оператору төмөнкүлөрдү жайгаштырат:
- электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө мамлекеттик мүлктүн аталышын, баштапкы баасын, учурдагы "аукциондун кадамын" көрсөтүү менен электрондук аукциондун жол-жоболорун өткөрүү башталгандыгы жөнүндө маалыматты;
- электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгүндө, аталган маалыматтардан тышкары мүлктүн баасы боюнча келип түшкөн сунуштар жана алардын келип түшкөн убактысы; баштапкы бааны жогорулатуу чоңдугу (аукцион кадамы); мүлктүн баасы боюнча сунуштарды кабыл алуу аяктаганга чейин калган убакытты.
31. Электрондук аукциондун жол-жоболорун өткөрүү башталган учурдан тартып 30 минуттун ичинде электрондук аукциондун катышуучуларына мүлктү баштапкы баасы боюнча сатып алуу жөнүндө сунуш берүү сунушталат.
Эгерде аталган убакыттын ичинде:
- мүлктүн баштапкы баасы боюнча сунуш келип түшсө, буга чейинки сыяктуу түзүлгөн, "аукциондун кадамына" жогорулатылган мүлктүн баасы боюнча кийинки сунуштарды берүү үчүн убакыт ар бир кийинки сунушту берген учурдан тартып 15 минутага узартылат.
Эгерде мүлктүн баасы боюнча акыркы сунуш берилгенден кийинки 15 минутанын ичинде кийинки сунуш келип түшпөсө, электрондук аукцион электрондук соода аянтчасынын программалык-аппараттык каражаттарынын жардамы менен аяктайт;
- мүлктүн баштапкы баасы боюнча бир дагы сунуш келип түшпөсө, анда электрондук аукцион электрондук соода аянтчасынын программалык-аппараттык каражаттарынын жардамы менен аяктайт.
Мында мүлктүн баасы боюнча берилген сунуштар токтогон кез электрондук аукцион аяктаган учур болуп саналат.
32. Мында электрондук соода аянтчасынын программалык каражаттары менен камсыздалат:
- катышуучунун учурдагы бааны "аукциондун кадамы" чоңдугуна көбөйтүүгө ылайык келбеген мүлктүн баасы боюнча сунушун берүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруу;
- катышуучуга кабарлоо, эгерде мүлктүн баасы боюнча ушул катышуучунун сунушу буга чейин башка катышуучунун ушуга окшош сунуш бергендигине байланыштуу кабыл алынышы мүмкүн болбосо.
33. Аукциондун жеңүүчүсү болуп мүлккө эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу таанылат.
34. Электрондук аукционду өткөрүүнүн жүрүшү электрондук соода аянтчасынын оператору тарабынан электрондук журналга жазылат, ал электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколду тариздөө жолу менен электрондук аукциондун жыйынтыгын чыгаруу үчүн мүлктүн баасы боюнча сунуштарды кабыл алуу аяктаган учурдан тартып бир сааттын ичинде сатуучуга жөнөтүлөт.
35. Жеңүүчү тарабынан сунушталган мүлктүн баасы камтылган жана жеңүүчүнүн мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүү укугун күбөлөндүрүүчү электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго электрондук журналды алган учурдан тартып бир сааттын ичинде сатуучу кол коёт.
Электрондук аукционду өткөрүүнүн жол-жоболорунун жыйынтыктары электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдор менен таризделет, алар аталган протоколдорго кол коюлган күндөн кийинки күндүн ичинде электрондук соода аянтчасында жана Интернет тарамындагы расмий сайтта жайгаштырылат.
36. Электрондук аукциондун жол-жобосу электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго сатуучу кол койгон учурдан тартып аяктаган болуп саналат.
37. Электрондук аукцион төмөнкүдөй учурларда болгон жок деп таанылат:
- электрондук аукционго катышууга бир дагы өтүнмө берилбесе же талапкерлердин бири дагы анын катышуучусу болуп таанылбаса;
- экиден аз талапкерди электрондук аукциондун катышуучусу деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынса;
- электрондук аукциондун катышуучуларынын бири дагы мүлктүн баштапкы баасы боюнча сунуш бербесе.
Электрондук аукционду болгон жок деп таануу жөнүндө чечим электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет.
38. Электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлган учурдан тартып бир сааттын ичинде электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө бул протоколду тиркөө менен аны жеңүүчү деп таануу жөнүндө кабар жөнөтүлөт, ошондой эле электрондук соода аянтынын ачык бөлүгүндө төмөнкүдөй маалымат жайгаштырылат:
- сатуучу жана аукциондун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматтар;
- менчиктештирилүүчү объекттин аталышы;
- объекттин баштапкы жана сатуу баасы.
39. Электрондук аукциондун жыйынтыктары боюнча сатып алуу-сатуу келишимин түзүүнүн, ошондой эле кепилдик төгүмүн кайтарып берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 токтому менен бекитилген Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
40. Аукциондун жеңүүчүсү өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгын ырастоодон баш тартуусу объектини сатып алуудан баш тартты деп каралат. Мындай учурда объектини сатып алуудан баш тарткан катышуучуга караганда бир кадам ылдый бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.
Объектини сатып алуудан баш тарткан катышуучуга караганда бир кадам ылдый бааны сунуштаган аукциондун катышуучу-жеңүүчүсү ыйгарым укуктуу органдан билдирүү келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Электрондук соода аянтчасынын кызмат көрсөтүүсү үчүн мурда киргизилген төлөм электрондук соода аянтчасынын ички регламентине ылайык, аукциондун жеңүүчүсү киргизген төлөмдөн башкасы катышуучуларга кайтарып берилет.
42. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомуна ылайык күчүн жоготту)