Редакцияот 18.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 18-августу № 512

Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө

Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануунун, эксплуатациялоонун жана коргоонун укуктук негиздерин өркүндөтүү максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 18-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартиби, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-октябрындагы № 588 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-ноябрындагы № 765 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-октябрындагы № 588 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков