Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин келишимине ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2016-жылдын 26-январындагы № 11 чечими менен 2016-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын аймагында күчүнө кирген Бажы союзунун "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентине (мындан ары - техникалык регламент) ылайык автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануучу, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жер астындагы, жер үстүндөгү жана башка инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды куруу, тартуу жана оңдоо боюнча жумуштарды жүргүзгөн бардык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабай юридикалык жана жеке жактар үчүн аткарылууга милдеттүү.
2. Ушул Тартип жолдордун бүтүндүгүн камсыз кылуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, ведомстволук жолдорду ошондой эле жол курулмаларды пайдалануу эрежелерин белгилейт.
Тартип ошондой эле жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, ведомстволук жолдорду жана жол курулмаларды эксплуатациялоо боюнча негизги талаптарды белгилейт жана жол пайдалануучулардын жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун балансында кармаган жана ошол эле учурда алардын бүтүндүгүн, оңдоо жана күтүүнү камсыз кылган жол органдарынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктайт.
3. Согуш абалында тынчтык мезгилиндеги эрежелер токтотулат жана бардык автомобиль жолдору аскердик жолдор болуп эсептелинет. Аскердик автомобиль жолдорун пайдалануу, аларды коргоо тартиби Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы бекиткен оперативдүү пландарга ылайык ишке ашырылат.
4. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануучулар болуп менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабай юридикалык жактар жана жеке жактар, ошондой эле автомобиль жолунун жерлеринин чегинде ишин жүргүзгөн жол кыймылынын башка катышуучулары эсептелет.
5. Эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорун коргоо Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жол органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун коргоо транспорт жана жол тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ведомстволук автомобиль жолдорун коргоо ушул жолдор карамагында турган ведомстволор тарабынан ишке ашырылат.
6. Автомобиль жолдорундагы кыймыл ушул Тартиптин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген Жолдо жүрүүнүн эрежелеринин жана "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу менен жүзөгө ашырылат.
2. Автомобиль жолдорунун курамы
7. Автомобиль жолдорунун курамына: автомобиль жолу, андагы инженердик жол курулмаларын, эксплуатациялоочу ишканаларды жана кошумча - көмөкчү өндүрүштү камтыган жол кызматынын техникалык комплекси кирет.
Автомобиль жолдорунун четиндеги тилке - автомобиль жолдору үчүн бөлүнгөн тилкеге эки жагынан жайгашкан жер участкалары жана алардын чектеринде жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын камсыздоо, ошондой эле автомобиль жолдорун реконструкциялоонун, капиталдык оңдоонун, эксплуатациялоонун жакшы шарттарын жана автомобиль жолдорунун өнүгүү келечегин эске алуу менен анын сакталышын камсыздоо максатында автомобиль жолдорун пайдалануунун өзгөчө режими аталган тилкенин чектеринде орнотулат.
Жол четинин тилкесинин кеңдигин транспорт жана жол тармагындагы ыйгарым укуктуу орган жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жана жол четинин тилкесинде жол жана жол боюндагы сервистин объектилерин көрктөндүрүүгө, Өнүктүрүүнүн башкы схемасына ылайык белгиленет. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору үчүн жол четиндеги тилкенин кеңдиги калк жашаган пункттардан тышкары өткөн участоктордо төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет: I категория - 50 метр; II категория - 40 метр; III категория - 20 метр; IV категория - 10 метр.
Жол сервисинин объектилери - бөлүнгөн тилкенин чегинде жайгашкан жана жол кыймылынын катышуучуларын тейлөөгө арналган имараттар жана курулмалар (автобустардын аялдама пункттары, анын ичинде павильондору менен, транспорт каражаттарынын кыска мезгилге токтоо үчүн аянтчалары, транспорттук каражаттар токтоочу жайы менен эс алуу үчүн аянтчалар, авариялык-чакыруу байланыштын түзүлүштөрү).
Жол четиндеги сервистин объектилери - жол четиндеги тилкеде жайгашкан жана жол кыймылынын катышуучуларын жолдо жүрүүдө тейлөөгө арналган имараттар жана курулмалар (мотелдер, мейманканалар, кемпингдер, техникалык тейлөө станциялары, май куюучу станциялар, тамактануу, соода, байланыш, медициналык жардам, жуугуч пункттары, тышкы жарнама каражаттары).
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун комплексине жер үстүнөн 200 метр бийиктиктеги аба мейкиндиги жана бөлүнгөн тилкедеги жер казынасы да кирет.
3. Автомобиль жолдорун пайдалануучуларынын укуктары жана милдеттери
8. Автомобиль жолдорундагы кыймыл автомобиль жолдорунун, жол курулмаларынын сакталышын жана анда коопсуз жүрүүнү камсыз кылган техникалык жактан оң транспорт каражаттары менен жүргүзүлөт.
Автомобиль жолдорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтому менен бекилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибине ылайык габариттери жана октук салмак басымы белгиленген ченемдерден ашпаган транспорт каражаттарына, өзү жүрүүчү машиналарга жана механизмдерге өтүүгө уруксат берилет.
Кыш мезгилинде ашуу участокторунда жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүргөн транспорт каражаттары кышкы шиналар менен комплекттелүүгө тийиш. Кар көп жааган учурда жүк ташуучу транспорт каражаттары тайгаланууга каршы чынжырлар жана сүйрөтүү үчүн трос менен комплекттелиши керек.
9. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен оор салмактагы жана ири көлөмдүү жүк ташыган транспорт каражаттарынын ээлери жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна транспорт каражаттары менен келтирген зыяндын жана чыгашанын ордун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтому менен бекитилген Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыянын жана залалдарын калыбына келтирүүнүн жана ордун толтуруунун тартибине ылайык толтуруп беришет.
10. Жол кыймылын контролдоонун жана жөнгө салуунун жол органдарынын жана автомобиль жолун бардык пайдалануучуларынын милдети транспорт каражаттарынын коопсуз жана тынымсыз кыймылын жолдордо белгиленген ылдамдыкта камсыз кылуу болуп саналат.
11. Жер казуу жана курулуш жумуштарын жүргүзгөн юридикалык жактар менчигинин түрүнө карабай, ошондой эле жеке жактар транспорт каражаттары жакшыртылып төшөлгөн жолдорго кирүү жерлеринде дөңгөлөктөрдү ылайдан тазалоону камсыз кылууга жана автомобиль жүрүүчү бөлүгүн булгабоого милдеттүү, ошондой эле жолдун машина өтүүчү бөлүгүн дайыма тазалап турушу керек.
12. Аймагы аркылуу автомобиль жолдору өткөн жер пайдалануучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жолдордун машина чыгуучу жана кирүүчү бөлүгүн техникалык жарактуу абалда күтүүгө;
- жер пайдалануучулардын технологиялык процесстерин тейлөөчү транспорт каражаттарынын жолго иретсиз кирүүсүнө жана чыгуусуна, жолдон кирүүнүн белгиленген жерлеринде технологиялык ички чарбалык өтүүлөрдү уюштурбоого;
- тротуарларды, жөө жүрүүчү жолчолорду кардан, ылайдан жана таштандыдан тазалоого;
- жолго чектеш тосмолорду жана курулуштарды жарактуу абалда күтүүгө;
- бөлүнгөн тилкеде конструкцияларды, таштарды жана башка материалдарды чогултпоого.
13. Жол менен чектешкен жер участогун пайдалануучу юридикалык жактар менчигинин түрүнө карабай жана жеке жактар үйдөгү жаныбарлардын жана канаттуулардын жолго чыгарбоо чараларын көрүүгө милдеттүү.
14. Бөлүнгөнү тилкенин чегинде жана жол четиндеги тилкеде жумушту баштоого чейин юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жооптуу адамдарды, жумуш жүргүзүү технологияларын жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен тиешелүү техникалык шартты алууга милдеттүү.
Автомобиль жолдорундагы жумуш жүргүзүлүп жаткан жерлерде кыймылдын тартиби жана уюштурулушу Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын бөлүмү жана жол органдары менен макулдашылган жол кыймылынын эрежелерине ылайык ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тиешелүү техникалык шарт түзүлбөй туруп жана Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуусуз эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун бөлгүч тилкесинде, бөлүнгөн тилкесинде жана жол четиндеги тилкеде жер участоктору бөлүнүп берилбейт жана объектилер курулбайт.
Автомобиль жолдорунун жерлерин өзүм билемдик менен пайдалануу ошол жерлерди мыйзамсыз пайдаланган мезгилде жүргүзүлгөн чыгымдары кайтарылбастан токтотулат.
Автомобиль жолдорунун жерлерине ошол жерлерди пайдалануунун белгиленген тартибин бузуу менен тургузулган ар кандай конструкциялар, курулмалар жана жайлар мыйзамсыз деп таанылат жана автомобиль жолдорунун ээлери тарабынан өзүм билемдик менен курулуш жүргүзгөн адамдардын эсебинен жоюлууга тийиш.
15. Бөлгүч тилкесинин чегинде ар кандай жумуш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар жол органдары жана Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген техникалык шарттарды, жумуш жүргүзүү мөөнөтүн жана жумуш технологиясын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат жана жумуш жүргүзүү аймагында жана убактылуу айланып өтмө жолдорунда кыймылдын коопсуздугун камсыз кылышат.
4. Жол органдары менен автомобиль жолдорун пайдалануучуларынын өз ара мамилелери
16. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, жол курулмаларын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кыймылды уюштуруунун техникалык каражаттарын эксплуатациялоо үчүн жооптуу жол органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- автомобиль жолдорун, жол курулмаларын, кыймылды уюштуруунун техникалык каражаттарын техникалык регламенттердин талаптарына ылайык күтүүгө жана жол кыймылынын шарттарын жакшыртуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө;
- жалпы пайдалануудагы жолдорду жана жол сервисинин объектилерин кар жана кар күрткүсүнөн, көчкүдөн өз убагында тазалоону жана жол жээгиндеги кар кырларын жана ылайларды алып турууну камсыз кылууга;
- жалпы пайдалануудагы жолдордун бетинин тоңушуна каршы тоңдурбоочу материалдар менен иштеп чыгуу аркылуу чараларды көрүүгө;
- көчкүгө каршы иш-чараларды жүргүзүүгө, кардан коргоочу кашааларды, тосмолорду, панелдерди жана кардан коргоочу башка түзүлүштөрдү өз убагында орнотууга жана оңдоого;
- жолдун авариялык участокторун коопсуздук тосмолору менен тосууну, жол белгилери, ошондой эле түнкү мезгилде жасалма жарык берүү жана сутканын ар убагында жакшы көрүнүүчү башка каражаттар (даана көрүнгөн жол белгилери, белгилөө жана жолду көрктөндүрүү элементтери) менен камсыз кылууга, жолдун жана жол курулмаларынын оңдолуп жаткан участогуна айланып өтмөлөрдү уюштуруу, аларга зарыл жол белгилерин коюу жана аларды жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу жарактуу абалда күтүүгө;
- жол кыймылынын катышуучуларына күтүлүүчү метеорологиялык кырдаалдын кооптуу өзгөрүүлөрү, кыймылдын убактылуу чектелиши жана токтотулушу тууралуу билдирүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө, жалпы пайдалануудагы жолдордун көчкү коркунучу бар жана татаал участокторун эскертүүчү белгилер менен камсыз кылууга.
Кечиктирилгис кырдаалдарда (катуу кар жааганда, жол көрүнбөй калганда, тайгакта, көчкүдө, жол тоңгондо, таш кулаганда, сел жүргөндө) жол органдары Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органга милдеттүү түрдө маалымдоо менен жолдун айрым участокторунда, эгерде аны пайдалануу кыймылдын коопсуздугуна коркунуч жаратса же эгерде оор жүк көтөрүүчү транспорттун кыймылы транспорт кыймылынын шарттарын начарлатууга алып келсе, транспорттун бардык түрүнүн кыймылына тыюу салат же чектей алат.
Кыймылдын чектелиши жол белгилеринин жана кыймылды уюштуруунун атайын каражаттарынын гана жардамы менен жергиликтүү бийликтин тиешелүү органдарына жана автомобилдик транспортту башкаруу органдарына ыкчам билдирилет.
Кыймылдын убактылуу токтотулгандыгы же чектелгендиги тууралуу маалыматты жол органдары пайдалануучуларга жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу болушунча кыска мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү.
17. Темир жол аркылуу кесилиштерди жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен бир деңгээлде күтүү, шлагбаумдун бардык түрлөрүн жана кесилиштерди коргоо темир жол аралыктары же тиешелүү темир жолдордун ээлери, ал эми жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун темир жол аркылуу кесилишиндеги көпүрөлөрдү күтүүнү жол органдары ишке ашырат.
18. Жолдорду курган жана реконструкциялаган жол органдары жана жол ээлери эски жолдордун участокторун чектеш жерлердин курамында аларды пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүүгө милдеттүү.
5. Автомобиль жолдорун пайдалануучулар үчүн милдеттүү макулдашуулардын тизмеги
19. Автомобиль жолдорунун бардык пайдалануучулары - юридикалык жана жеке жактар автожолдордун бөлүнгөн тилкелеринде жана жол четиндеги тилкелерде кандайдыр бир аракеттерди жасаганда милдеттүү түрдө жол органдары, жол ээлери жана Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органы менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашат:
- автомобиль жолдорун канал, байланыш линиясы жана электр өткөргүч, мунай өткөргүч, газ өткөргүч, суу түтүгү, темир жол жана башка инженердик коммуникациялар менен кесип өтүү;
- автомобиль жолдору менен бир деңгээлде кесип өтүүдө темир жолдорду көтөрүү, төмөн түшүрүү же кошумча жолду салуу;
- темир жол кесилиштерин орнотуу, реконструкциялоо, оңдоо же жоюу;
- киоск, павильон, соода түйүнүн же башка курулмаларды жайгаштыруу;
- жолдун жанында жайгашкан жана белгилениши жалпы аскердик устав жана тиешелүү документтер менен регламенттелген аскер объектилерин белгилөөнү кошпогондо, жол маалыматтарына тиешеси жок транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды орнотуу;
- жол менен бириккен жана жердин жантайышында жогору жайгашкан мелиорациялык жана гидротехникалык курулмалар үчүн көпүрөлөрдөн жогору же төмөн жерде суу агымынын жана өзөндүн нугун тереңдетүү;
- массалык жана спорттук иш-чараларды өткөрүү;
- кашааларды орнотуу жана карьерлерди иштеп чыгуу, аскер объектилерин тосууну кошпогондо;
- жалпы пайдалануудагы жолдордун бөлүнгөн тилкесинде күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу;
- шлагбаумдарды коюуга жана орнотуу;
- жолдон кирүүнү жана жүк жүктөө, түшүрүү үчүн аянттарды куруу, ошондой эле көчөттөрдү кыюуга жана отургузуу;
- жолдорду жана жол курулмаларын ченөөгө жана тартуу;
- бөлүнгөн тилкеде жана анын чек арасында имараттарды тургузуу;
- геологиялык, иликтөө, курулуш, мелиорациялык, айыл чарба жана башка жумуштарды жүргүзүүгө, байланыш линияларын жана электр өткөргүчтөрдү жана башка коммуникацияларды салуу.
20. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде жана жол четиндеги тилкеде жол объектилерин жана жол сервисин долбоорлоого техникалык шарттар транспорт жана жол тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
Жергиликтүү маанидеги жана ведомстволук автомобиль жолдорунда жол объектилерин жана жол сервисин жайгаштыруу жол ээлеринин макулдугу менен жүргүзүлөт.
21. Эгерде габарити, салмагы жана огуна болгон жүгү ченемден ашыкча оор транспорт каражаты же каз тамандуу транспорт, же дөңгөлөгүндө тикенектүү түзүлүштөрү бар механизмдер жана машиналар өтүүнүн натыйжасында жол кыртышынын жана жол курулмаларынын көтөрүү жөндөмдүүлүгүн ошол жол үчүн белгиленген техникалык талаптардын ченемдеринен төмөн түшүрсө же анын деформациясына алып келсе, жолдун жана курулмалардын көтөрүү жөндөмү жол органдары жана жол ээлери тарабынан транспорт каражатынын ээсинен алынган төлөмдүн эсебинен калыбына келтирилет.
22. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар объектилердин, анын ичинде мелиорациялык объектилерди долбоорлойт жана курулушун жүргүзүшөт, ошондой эле жол жээгинде жайгашкан кичи архитектуралык формаларды тариздөөнү транспорт жана жол тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча органдын жана жол ээлери менен долбоорлоого тапшырмаларды макулдашуудан кийин гана ишке ашыра алышат. Жол ээлери курулуштун долбоорун, жолдорду көрктөндүрүүнү жана жашылдандырууну бузуп жүргүзүлгөн объектилердин курулушун токтотууга жана ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карап чыгуу жөнүндө маселени коюуга укуктуу.
23. Автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесиндеги жерлер жол органдарынын башкаруусунда турат жана жол сервисинин комплексин өнүктүрүү, көрктөндүрүү жана жайгаштыруу үчүн гана колдонулат.
24. Жалпы пайдалануудагы жолдордун бөлүнгөн тилкесинде жумуш жүргүзүүгө жол органдарынан уруксат алуу үчүн жумуш жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
- белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук документтерди;
- заказчынын каржылоону камсыз кылуу жөнүндө кепилдик катын;
- жумуш жүргүзүүнүн календардык графигин;
- жолдун бузулган элементтерин калыбына келтирүү тууралуу милдеттенмени.
Жумуш жүргүзүүгө уруксат жолдун бузулган участокторун калыбына келтире турган жол органынын алыш-бериш эсебине каражат которулгандан кийин гана берилет.
Бул үчүн жол органдарынын жана заказчы уюмдун өкүлдөрүнүн ортосунда төшөлгөн жолдун, жер кыртышынын, айланып өтмөлөрдүн жана жол курулмаларынын иш жүзүндөгү абалын, бузулган участокторду калыбына келтирүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен жасалуучу жумуштардын мүнөзү жана көлөмү жөнүндө эки тараптуу акт түзүлөт.
Жол органдарынын коргоо мааниси бар жолдордо жумуш жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен алдын ала макулдашуусуз уруксат берүүгө укугу жок.
Калктуу пункттардын чегинде жумуш жүргүзүү болжолдонгон учурда тиешелүү бийлик органдарынан уруксат алуу зарыл. Уруксат Кыргыз Республикасынын жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуудан кийин гана анык болот.
25. Жол четиндеги тилкеде Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен алдын ала макулдашуусуз калктуу пункттарды, имараттарды, курулмаларды, инженердик коммуникацияларды жана башка объектилерди долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун бойлой инженердик коммуникацияларды тартуу, чоң шаарларды кошпогондо, калктуу пункттарда жер бетинин четинен 25 метрден кем эмес аралыкта жана анын тышында 50 метрден кем эмес аралыкта жүргүзүлүүсү керек. Коммуникацияларды тартууда жалпы пайдалануудагы жолдорду жана жол курулмаларын калыбына келтирүү боюнча жумуштар ушул ишти аткарган юридикалык жана жеке жактардын каражаттарынын жана материалдарынын эсебинен жүргүзүлөт. Бул жумуштар жолду жана андагы жол курулмалардын калыбына келтирүү боюнча жумуштардын наркы алдын ала төлөнгөндөн кийин жол органдары тарабынан аткарылат.
26. Шашылыш авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү зарылдыгы болгон учурда, ушул Тартиптин 24-пунктунда белгиленген эрежелер боюнча уруксатты кийин тариздөө менен жол ээсинин өкүлүнүн катышуусу менен аткарылууга тийиш.
Жол ээсинин өкүлүнүн кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөрү милдеттүү болуп саналат.
27. Жолдордо калыбына келтирүү жумуштарын кабыл алууну жол органдары аткаруучу уюмдун катышуусу менен ишке ашырат жана эки тараптуу акт менен таризделет, ал эми коргоо маанидеги жолдордо - Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын өкүлүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт жана үч тараптуу акт менен таризделет.
6. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар
28. Жол органдары, Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча органдар, автотранспорттук ишканалардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жана жол кыймылынын башка катышуучулары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
29. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумуштарды Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу орган координациялайт.
30. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун тейлеген жол органдары, ошол жолдордун белгиленген техникалык абалына жараша аларды кыймыл коопсуздугунун талаптарына жана эл чарбасы менен калктын муктаждыгына жооп берген абалда күтүүгө, ал жолдорду көрктөндүрүүсүн, алардагы тармактардын рационалдуу өнүгүшүн жана бул үчүн бөлүнгөн финансылык ресурстарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга милдеттүү.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун тейлеген жол органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жол-транспорт кырсыктарынын келип чыгышын эсепке алууга жана себептерин талдоого, Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу органдарынын макулдугу менен аларды четтетүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- автокыйроо, табигый кырсыктар болгон учурда жол кыймылынын катышуучуларын куткаруу боюнча чараларды көрүүгө жана мүмкүнчүлүккө жараша биринчи медициналык жардамды берүүгө;
- жол-транспорттук кырсыктардын иликтөөсүнө катышууга;
- Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча орган менен бирге жылына эки жолу (жазында жана күзүндө) автомобиль жолдорун техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келишин аныктоо үчүн текшерүүгө, ошондой эле алар боюнча тынымсыз транспорт кыймылын ачуу мүмкүндүгүн аныктоого;
- колдонуудагы ченемдерге ылайык жол кыртышынын тегиздигин, жармашкыч сапатын жана бодуракайлыгын баарынан мурда, тынымсыз кыймыл участокторунда, кооптуу жерлерде (кичи радиустун ийри сызыгы, кесилиштер, эңкейиш, өр жерлер, өткөөлдөр ж.б.) өз убагында калыбына келтирүүгө;
- жол жээги, көпүрөлөр, кесилиштер, темир жолдор, кудук люктары жана канализация тосмолору менен бириккен жерлердеги кыртыштын жарыктарын жоюуга;
- техникалык регламенттин талаптарына жана долбоордук документтерге ылайык жол белгилеринин, светофорлорду жайгаштыруу ордун аныктоого жана орнотууга, белги түшүрүү жана жөө жүрүүчү өткөөлдөрдү белгилөөгө;
- колдонуудагы ченемдерге ылайык жолдун кыймылы үчүн кооптуу участокторун тосууга, жөө жүрүүчүлөргө тосмолорду орнотууга, транспорт каражаттары үчүн токтотуу жайларын, Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын постторун, эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунда эс алуу аянтчаларын курууга жана көрктөндүрүүгө;
- Жол кыймылынын катышуучуларына метеорологиялык кырдаалдын кооптуу өзгөрүүлөрү, жол кыймылынын шарттары, ошондой эле кыймылга башка тоскоолдуктун пайда болгондугу тууралуу эскертүү үчүн жол белгилерин жана жөнгө салуунун техникалык каражаттарын орнотуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө;
-кыш мезгилинде транспорт каражаттарынын тынымсыз коопсуз кыймылын камсыз кылууга, жол тайгагына каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүүгө;
- автомобиль жолдорунун кар күрткүсү, көчкү коркунучу жана тайгалак болуу коркунучу бар участокторун текшерүүгө, аларды жоюу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга;
Эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
-тийиштүү уюмдар жана ишканалар менен бирдикте телефондук байланыш линияларын, май куюучу станцияларды, жол четиндеги мейманканаларды, коомдук тамактануу ишканаларын, техникалык тейлөө пункттарын жана жол четиндеги сервистин башка элементтерин куруу боюнча чараларды көрүүгө;
- тоолуу аймактардын кооптуу участокторун текшерүүгө жана тоолордогу кооптуу участоктордо аварияга каршы чыгууларды курууга;
- оңдолуп жаткан участоктордо айланып өтмөлөрдү уюштурууга, убактылуу тротуарларды салууга, жол жумуштары жүргүзүлгөн жерлерди тосууга;
- жүгү чоң жана оор салмактуу транспорт каражаттарынын өтүшү үчүн акы алуучу контролдоо жана өткөрмө пункттарын жабдууга;
- жолдон бузулган жол машиналарын жана механизмдерди алып салууга, ал эми мүмкүн болбосо, аларды жакшы көрүнүүчү тосмолор жана жол белгилери менен, сутканын караңгы мезгилинде жана начар көрүнүүчү башка шарттарда кошумча сигналдык белгилер менен белгилөөгө;
- бузулган транспорт каражаттарын жер кыртышынан сырт жактарга алып салууга;
- жүргүнчү ташыган транспорттун аялдама пункттарын, кирүү орундары, жүргүнчү алуучу аянтчалар, жүргүнчүлөр үчүн павильондор менен, ал эми шаарларда жана калктуу пункттарда - тышкы жарык менен жабдууга;
- жол элементтеринин, жол катмарынын, жер бетинин бузулуусуна байланыштуу жумушту контролдоого жана жумуш жүргүзгөндөрдөн жолдун бузулган элементтерин баштапкы абалга келтирүүнү жумуш жүргүзүү укугуна берилген ордерде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө аяктоону талап кылууга;
- жолду, биринчи кезекте, калк жашаган пункттардын чегинде чаңдан тазалоо боюнча чараларды көрүүгө.
– транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипке ылайык жол кыймылынын коопсуздугуна аудит жүргүзүүнү камсыз кылууга.
Автомобиль жолдорун текшерүүнү атайын комиссия жүргүзөт, анын курамына жол органдарынын жана Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү кирет, ал эми ведомстволук жана жергиликтүү маанидеги жолдорду текшерүүдө комиссиянын курамына ошол жолдордун ээлеринин өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын биргелешкен буйругу менен бекитилет.
Автомобиль жолдорун текшерүү боюнча комиссия жылына эки жолу 20-июндан жана 20-ноябрдан кечиктирилбей текшерилген автомобиль жолдорунун техникалык абалын жакшыртуу боюнча, ал эми зарыл учурда шашылыш чараларды керүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Жол кыймылынын катышуучулары жолдо жүрүү эрежелерин, ушул Тартиптин талаптарын сактоого милдеттүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана жол органдарынын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын автомобиль жолундагы кыймылынын тартибине тиешелүү көрсөтмөлөрүн аткарууга милдеттүү.
7. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жол органдарынын жумушчуларынын укуктары
32. Жол органдарынын жумушчулары кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүү менен төмөнкүлөргө укуктуу:
- жолдун бузуучу же булгоочу, ошондой эле ушул жол үчүн белгиленген октук жүктү жана габарити өтө жогору болгон транспорт каражаттарын токтотууга жана автомобиль жолунан тышкары чыгаруусун талап кылууга;
- кызмат адамдарына жана жарандарга айып салууга, аныкталган бузуулар жөнүндө протоколдорду тариздөөгө, аларды зарыл чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жана транспорт каражаттарынын ээлерине, эгерде жол элементтери жана жол курулмалары транспорт каражаттары тарабынан бузулган болсо, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн сот органдарына жөнөтүүгө;
- бир тарапка бараткан рейстик (маршруттук) автобустарда алар тейлеген участоктордун чегинде акысыз жүрүүгө.
8. Автомобиль жолдорун пайдалануудагы тыюу салуулар
33. Автомобиль жолдорунда жана бөлүнгөн тилкесинде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- жалпы габарити, салмагы же жүк менен, жүксүз огуна оордук келтирүүсү ченемден жогору болгон же белгиленген жол белгилеринде көрсөтүлгөндөн көп болгон транспорт каражаттарынын өтүүсүнө;
- жолго, жол курулмаларына, жол кыймылын уюштуруучу техникалык каражаттарына, көчөттөргө жана башка жол жабдууларына зыян келтирүүгө;
- айыл чарба жана башка техниканын, транспорт каражаттарынын алар үчүн белгиленбеген, жабдылбаган жолдордо жүрүү, кирүү жана чыгууларына;
- транспорттун бардык түрлөрүнүн ажыратуу тилкесине кирүүсүнө, анда токтоого;
- кум жана шагыл казууга;
- каз тамандуу транспорттун, дөңгөлөгүндө жолго зыян келтирүүчү учтуу түзүлүштөрү, тишчеси бар машиналардын же механизмдердин өтүүсүнө;
- күйүүчү-майлоочу материалдарды төгүп алуу тобокели бар жумуштарды аткарууга, транспорт каражаттарын оңдоого, транспортту тазалоого жана жууганга. Бул операциялар зарылдыгына жараша атайын жабдылган жайларда жүргүзүлүшү керек, ал эми өзгөчө учурларда жолдун четинде жүргүзүлүүгө тийиш жана жууп бүткөндөн кийин таштанды, материалдар жана башка предметтер айдоочу же транспорттун ээси тарабынан жыйналуусу керек.
- жолду, жол четин, көпүрөлөрдү, түтүктөрдү, арыктарды, дренаждык жана суу бургуч түзүлүштөрдү жана бөлүнгөн тилкесин булгоого жана толтурууга, жолду жана жолдун бөлүнгөн тилкесин булгоочу тийиштүү таңгаксыз жүктөрдү ташып өтүүгө, жүктөрдү жолдо жүктөөгө жана түшүрүүгө;
- малды атайын бөлүнгөн жерден тышкары жол аркылуу айдап өтүүгө, ошондой эле сутканын караңгы мезгилинде жана жакшы көрүнбөгөн шартта, жакшыртылып төшөлгөн жол менен малды айдап өтүүгө, аларды бөлүнгөн тилкеде жаюуга;
- лагерлерди, палаткалардан шаарчаларды, эс алуу зоналарын жолдон 50 метр ыраак аралыкта орнотууга;
- автомобиль жолдорун бойлой, белгиленбеген жерлерде соода жүргүзүүгө;
- жолдун машиналар жүрүүчү бөлүгүндө жана көпүрөлөрдө сейилдөөгө, сууга түшүүгө жана кир жууганга, көпүрөлөрдөн, көпүрө тирөөчтөрүнүн жанынан жана муз кескичтерден 50 метрге жетпеген жерден балык кармоого;
- көпүрөлөрдүн жана кабат жолдордун астына транспорт каражаттарын токтотуу жайларын уюштурууга;
- жыгач көпүрөлөрдө жана төшөлмөсү жыгач көпүрөлөрдө тамеки тартууга, бөлүнгөн тилкесинде жана жыгач көпүрөлөргө 100 метрге жетпеген жерде от жагууга;
- жолдордун бөлүнгөн тилкесинде жарылуу коркунучу бар, тез күйүүчү жана күйүүчү материалдарды өрт коопсуздугунун талаптарын сактабай топтоого;
- кургак чөптү өрттөөгө;
- электр өткөргүч линиялары бар автомобиль жолдорунун кесилишин электр зым үзүлгөн учурда коопсуздукту камсыз кылуучу алдын ала сактоочу түзүлүшү жок орнотууга;
- ар кандай коммуникацияларды, мунай түтүктөрүн, газ түтүктөрүн, канализацияны жана башкаларды жер бетинде, көпүрөнүн жана кабат жолдун алдында орнотууга;
- автомобиль жолдорун каптоого жана бөлүнгөн тилкесин сазга айлануусуна алып келген шордолгон шагылды жууганга, жол жээгиндеги арыктарды сугатка, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн колдонууга;
- 2,5 км жетпеген аралыкта кум жана шагыл казуу боюнча карьерлерди иштетүүгө жана суу жайылган жерлерде жана көпүрөдөн жогору же төмөн суу бургучтарда нукту тереңдетүүгө;
- кюветтин тышкы кырынан, чуңкурдун четтеринен, бөлүнгөн тилкесинде үйүлгөн топурактын түбүнөн 1 метр аралыкта жер айдоого;
- шлюздарды, плотиналарды жана башка мелиорациялык жана гидротехникалык курулмаларды орнотууга.
9. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу тартибин бузуу үчүн жоопкерчилик
34. Ушул Тартиптин талаптарын бузуу үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык (кылмыш, материалдык же административдик) жоопкерчилик тартышат.
Жоопкерчиликке тартууга жол органдары жана жол ээлери тарабынан берилген Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу тартиптерин бузуу жөнүндө акт негиз болот. Ушул Тартиптин талаптарын бузган ишканалар, уюмдар жана жарандар айып төлөгөнүнө карабай, жол органдарына жана жол ээлерине бузуу учурунда келтирилген зыяндын ордун толтуруп беришет.
35. Эгерде жол кыймылынын катышуучуларына жол органдары тарабынан материалдык зыян келтирилсе, жол органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.
36. Жол жана бөлүнгөн тилкенин чегинде жумуш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар жол органдары жана Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча органдары менен макулдашылган технологияны жана иш мөөнөттөрүн, жолдордо жана убактылуу чыгууларда жана айланып өтмөлөрдө да жол кыймылынын коопсуздугун сактоо үчүн мыйзам менен белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
37. Автомобиль жолдорунун бириккен жеринде жана кесилиштеринде өзүм билемдик менен курулуш жүргүзгөн, ошондой эле өзүм билемдик менен курулмаларды тургузуу жана орнотуу боюнча иштерди жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жол органдарына жана жол ээлерине келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруп беришет. Ошону менен бирге юридикалык жана жеке жактар жол органдарынын жана жол ээлеринин талабы боюнча алар тарабынан белгиленген мөөнөттө өзүнүн күчү менен жана өз каражаттарынын эсебинен тургузулган курулмаларды бузуп, жер участогун калыбына келтирүүгө милдеттүү.
Келтирилген зыяндын ордун толтурууга ушул пунктка ылайык алынган акча каражаттары жол органдарынын алыш-бериш эсебине которулат жана автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоого жана калыбына келтирүү үчүн пайдаланылат. Автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде бактарды жана башка жашыл көчөттөрдү кыйгандыгы же зыян келтиргендиги үчүн күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
10. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун абалы үчүн жол органдарынын жоопкерчилиги
38. Жол органдары жана алардын кызмат адамдары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун абалы үчүн тийиштүү материалдык, административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышат, буга белгиленген тартипте жүргүзүлгөн кыймылды токтотуу, ошондой эле жол органдары жоюуга мүмкүн болбогон же аны жоюу алардан көз каранды болбогон (көчкү, жер көчкү, сел жана башкалар) жагдайлар келип чыккан учурлар кирбейт.
11. Автомобиль жолдорун пайдалануучулардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жоопкерчилиги
39. Жол-транспорт кырсыгына себеп болгон же ушуга алып келе турган автомобиль жолдорунун элементтерин жабыркаткан күнөөлүү юридикалык жактар менчигинин түрүнө карабай жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.
12. Корутунду жоболор
40. Ушул Тартиптин талаптарын аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын жол органына, жол ээлерине, Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.