Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна жайылтылат жана аларды классификациялоонун жана номерлештирүүнүн талаптарын белгилейт.
2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин балансында турат жана өзүнүн эл чарбачылык жана административдик мааниси боюнча эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдору болуп бөлүнөт.
3. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун техникалык параметрлери боюнча классификациялоо Бажы союзунун Комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 827 чечими менен бекитилген Бажы союзунун "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техникалык регламентинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Эл аралык маанидеги автомобиль жолдоруна төмөнкүдөй автомобиль жолдору кирет:
- Кыргыз Республикасынын борбор калаасы Бишкек шаарын эгемендүү мамлекеттердин борбор шаарлары менен байланыштыруучу;
- мамлекеттер аралык макулдашууларга ылайык автомобиль жолдорунун эл аралык тармагына кирүүчү;
- Кыргыз Республикасынын борбор калаасы Бишкек шаарын "Манас" эл аралык аэропорту менен байланыштыруучу;
- Кыргыз Республикасын коңшулаш өлкөлөр менен транспорттук байланыштарын камсыздоочу жана чет өлкөлүк туристтерди ташуу үчүн каттам болуп саналуучу.
5. Мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдоруна төмөнкүдөй автомобиль жолдору кирет:
- Кыргыз Республикасынын борбор калаасы Бишкек шаарын облустардын жана райондордун маанилүү административдик, өндүрүштүк жана маданий борборлору менен байланыштыруучу, анын ичинде эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунан аларга айланып өтмө жана кирме жолдор;
- облустардын административдик борборлорун, ошондой эле шаарларды, шаарчаларды жана калктуу пункттарды райондордун административдик борборлору менен байланыштыруучу;
- курортторду, массалык эс алуу жана туризм жерлерин, спорттук комплекстерди, коруктарды, тарыхый жана маданий эстеликтерди, илимий жана башка объектилерди, аталган объектилер жайгашкан облустардын жана райондордун административдик борборлору менен, ошондой эле эл аралык маанидеги автомобиль жолдору менен байланыштыруучу;
- эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун тармагына кирбеген, бирок коңшулаш мамлекеттер менен транспорттук байланышты камсыз кылуучу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдоруна киргизилген.
6. Жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдоруна төмөнкүдөй автомобиль жолдору кирет:
- райондук борборлорду, калктуу пункттарды эл аралык жана мамлекеттик маанидеги жолдор менен байланыштыруучу;
- райондордун административдик борборлорун, калктуу пункттарды бири-бири менен, ошондой эле калктуу пункттарды темир жол станциялары, аэропорттор менен байланыштыруучу;
- курортторду, массалык эс алуу, туризм жерлерин, спорттук комплекстерди, коруктарды, облустук жана жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтерди, аталган объектилер жайгашкан райондордун административдик борборлору менен байланыштыруучу;
- айылдык калктуу пункттардын административдик борборлорун айылдын борборлору, фермердик жана башка чарбалар менен байланыштыруучу;
- чарбалардын борбордук короо жайларын, айылдык калктуу пункттарды темир жол станциялары, аэропорттор менен байланыштыруучу;
7. Эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдоруна киргизилген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
8. Эл аралык маанидеги автомобиль жолдоруна "ЭМ" индекси менен эки белгиден турган номер берилет. "ЭМ" индекси "Эл аралык магистраль" жалпы пайдалануудагы жолдордун кыскартылган маанисин билдирет.
9. Мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдоруна "М" индекси менен үч белгиден турган номер берилет. "М" индекси "Мамлекеттик магистраль" жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун кыскартылган маанисин билдирет.
10. Жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдоруна "Ж" индекси менен үч белгиден турган номер берилет. "Ж" индекси "Жергиликтүү жолдор" жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун кыскартылган маанисин билдирет.
11. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун узундугу, шаарларды айланып өтүүнү эске алуу менен башталышынан тартып аяккы пунктуна чейин километр менен саналат.
Жалпы пайдалануудагы эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун тизмеги 1 жана 2-тиркемеде берилди. Километражды эсептөө башталыш пунктунун борборунда жайгашкан байланыш ишканасынын борбордук имаратынан же башка мамлекеттик жана коомдук имараттардан тартып, ошондой эле автомобиль жолдорунун өлкөнүн коңшулаш өлкөлөр менен мамлекеттик чек арасына кошулган жеринен башталат жана ушундай объектинин аяккы пунктунан аяктайт.
12. Өзгөчө учурларда жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун узундугу катары төмөнкүлөр кабыл алынат:
- калктуу пункттарды өз ара байланыштыруучу жолдор үчүн тийиштүү калктуу пункттардын чек араларынын ортосундагы аралык;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун же аларга кошулган жолдорду өз ара байланыштыруучу жолдор үчүн - туташтыруучу жолдордун огун кесип өтүүчү жери;
- географиялык, тарыхый же башка объектилерди байланыштыруучу жолдор үчүн ушул объектилердин чек араларынын ортосундагы аралык.
13. Жергиликтүү маанидеги жолдорго кирген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тизмеги тийиштүү органдар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан бекитилет.
14. Учурдагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун эл чарбачылык жана административдик мааниси боюнча классификациялоосу автомобиль жолдорунун колдонуудагы тизмеги иштелип чыккан же кайра карап чыккан жылдагы маанисине жараша жүргүзүлөт. Жол тармагын өнүктүрүүнү пландоо үчүн жана аларды долбоорлоодо жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо бул жолдордун перспективдүү мезгилге колдонуудагы ченемдер белгилеген акыркы жылындагы маанисине жараша жүргүзүлөт.
15. Эл аралык маанидеги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тизмеги үч жылда бир жолу, мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун тизмеги беш жылда бир жолу, ал эми согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын сунушу боюнча кайра каралып турат.
16. Эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун тизмегин өзгөртүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин сунушу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан каралат. Макулдашылган сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилет.
17. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана күтүүгө жумшалуучу каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун техникалык эсепке алуу, инвентаризациялоо жана паспорттоштуруу боюнча типтүү жоболорду иштеп чыгат жана бекитет.
18. Ушул Тартиптин талаптарын аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибине 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун ТИЗМЕГИ
Индекси жана номери | Автомобиль жолунун аталышы |
ЭМ-01 | Бишкек - Луговое - Кордай (Казакстан Республикасы) |
ЭМ-02 | Алматы - Бишкек - Ташкент (Бишкек ш. айланма жолу) |
ЭМ-03 | Кара-Балта - Чалдовар - Казакстан Республикасынын чек арасы |
ЭМ-04 | Бишкек - Ош |
ЭМ-05 | Ош - Сары-Таш - Иркештам (Кытай Эл Республикасынын чек арасы) |
ЭМ-06 | Сары-Таш - Карамык - Тажикстан Республикасынын чек арасы |
ЭМ-07 | Сары-Таш - Кызыл-Арт ашуусу - Тажикстан Республикасынын чек арасы |
ЭМ-08 | Түп - Кеген (Казакстан Республикасы) |
ЭМ-09 | Балыкчы - Ананьево - Каракол |
ЭМ-10 | Балыкчы - Боконбаев - Каракол |
ЭМ-11 | Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт - Кытай Эл Республикасынын чек арасы |
ЭМ-12 | Жалал-Абад - Казарман Көк-Жаңгакка кирүү менен |
ЭМ-13 | Актал - Казарман |
ЭМ-14 | Бишкек - "Манас" эл аралык аэропорту |
ЭМ-15 | Ош - Ташкент Кокон, Анжиян аркылуу |
ЭМ-16 | Ош - Баткен - Исфана - Кайрагач (Тажикстан Республикасынын чек арасы) |
ЭМ-17 | Суусамыр - Талас - Тараз |
ЭМ-18 | Кочкор - Арал - Төө-Ашуу |
ЭМ-19 | Өзгөн - Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу |
ЭМ-20 | Бишкек - Токмок - 82 км а/ж Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт |
ЭМ-21 | Кадамжай - Чечме - Сох (Өзбекстан Республикасы) |
ЭМ-22 | Баткен - Кара - Токой - Сох (Өзбекстан Республикасы) |
ЭМ-23 | Көк-Мойнок - Кууакы - Кочкор |
|
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибине 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун ТИЗМЕГИ
Индекси жана номери | Автомобиль жолунун аталышы |
М-001 | Бишкек шаарына кире бериш жолу |
М-002 | Ош шаарын айланма жолу |
М-003 | Красная речка - "Ысык-Ата" курорту |
М-004 | Бишкек - Кой-Таш - "Ысык-Ата" курорту |
М-005 | Токмок - Дөң-Арык - Рот-Фронт - Ивановка |
М-006 | Кегети - Чыгыш Каракол |
М-007 | "Манас" эл аралык аэропорту - Камышановка |
М-008 | Бишкек - Күнтуу - Шопоков - Жаңы-Пахта а. Маловодное а. кирүү менен |
М-009 | Военно-Антоновка - Учхоз |
М-010 | Чоң-Арык - "Ала-Арча" жаратылыш паркы |
М-011 | Ат-Башы каналы - Луговое |
М-012 | Маевка - Ала-Арча суу сактагычы |
М-013 | Чоң-Арык - Арашан - Кой-Таш |
М-014 | Петровка - "Ак-Суу" нарзан булактары |
М-015 | Панфиловка - Чалдовар а/ч |
М-016 | Кара-Балта - Степное |
М-017 | Беловодское - Төлөк |
М-018 | Беловодское - Сахзавод |
М-019 | Сосновка - Кепер-Арык |
М-020 | Романовка - Камышановка |
М-021 | Петровка - Нефтебаза |
М-022 | Төлөк - Ак-Башат |
М-023 | Полтавка - Беш-Терек |
М-024 | Сокулук - Камышановка |
М-025 | Кемин - Ильич - Ак-Түз |
М-026 | Боролдой - Жол-Булак |
М-027 | Кемин - Шабдан - Көк-Ойрок |
М-028 | Кемин - Орловка |
М-029 | Орловка - Маданият - Шамшы |
М-030 | Орловка - Жаңы-Алыш |
М-031 | Орловка - Чым-Коргон |
М-032 | Кант - Чүй көпүрөсү |
М-033 | Кант - АБЗ |
М-034 | Токмок - Шамшы - Туюк |
М-035 | Токмок - Кошой |
М-036 | Дорожный айылы - Чолок - Боом |
М-037 | Кировка - Чаткал |
М-038 | Кировка - Аманбаев - Маймак ст. |
М-039 | Талас - Беш-Таш |
М-040 | Талас - Нылды - Покровка |
М-041 | Көк-Ой - Кызыл-Туу |
М-042 | Талас - Калинин - Бакай-Ата |
М-043 | Кызыл-Туу - "Манас Ордо" кыргыз улуттук комплекси |
М-044 | Талас - Бакай-Ата |
М-045 | Аманбаево - Бабахан - Түз ашуу |
М-046 | Тараз - Покровка - Каинды |
М-047 | Каракол - Эңилчек |
М-048 | Барскоон - Ак-Шыйрак |
М-049 | Сөөк - Караколка - Кубергенти |
М-050 | Каркыра - Турук - Сары-Жаз - Оттук |
М-051 | Михайловка - Николаевка - Токтоян - Сары-Тологой |
М-052 | Григорьевка - Пристань |
М-053 | Цемзавод - Күрмөнтү - Пристань |
М-054 | Семиз-Бел - Оттук |
М-055 | Теплоключенка - "Ак-Суу" курорту |
М-056 | Каракол - Раздольное - Советское - Сырзавод |
М-057 | Бозучук - "Жыргалаң" шахтасы |
М-058 | Боконбаев - Көлтөр - Дөң-Талаа - Оттук |
М-059 | Боконбаев - ашуу Тосор - Жылуу-Суу - Кара-Саз |
М-060 | Каракол - Пристань |
М-061 | "Жети-Өгүз" курорту - Кой-Сары |
М-062 | Покровка - Пристань |
М-063 | Балыкчы - Боконбаев - Каракол а/ж 16 км - Бишкек-Торугарт а/ж 194 км |
М-064 | Кочкор - Коммунизм |
М-065 | Комсомол - Каракол ашуусу |
М-066 | Чар - Ак-Муз |
М-067 | Сары-Булак - Соң-Көл |
М-068 | Нарын - Өрүк-Там |
М-069 | Сары-Булак - Арчалы - Өрүк-Там |
М-070 | Сары-Булак - Лахол - Жеркөчкү |
М-071 | Баетов - Акбейит |
М-072 | Нарын - Баетов |
М-073 | Угут - Ала-Бука - Жеңиш |
М-074 | Баетов - Макмал |
М-075 | Он-Арча - Жаңы-Талап - Ашырма |
М-076 | Ат-Башы - Кынды - Торугарт |
М-077 | Арал - Миң-Куш |
М-078 | Эки-Нарын - Кең-Саз |
М-079 | Болгарт - Жылуу-Суу |
М-080 | Актал - Казарман |
М-081 | Актал - Жогорку-Май |
М-082 | Куртка - Соң-Көл |
М-083 | Мамжол ББНТ - Ат-Башы |
М-084 | Мамжол ББНТ - Коммунизм |
М-085 | Мамжол ББНТ - Ташрабат |
М-086 | Аксай - Орто-Кашка-Суу |
М-087 | Суусамыр - Батыш Каракол |
М-088 | Торкент - Толук - Сары-Камыш - Кызыл-Ой |
М-089 | Токтогул - Беш-Таш |
М-090 | Ош - Араван - Чекабад - Өзбекстан Республикасынын чек арасы |
М-091 | Ош - Кара-Суу - Савай - Өзбекстан Республикасынын чек арасы Таш-Арык айылына кирүү менен |
М-092 | Караван - Төө-Моюн - Өзбекстан Республикасынын чек арасы |
М-093 | Ош шаарынын айланма а/ж 10 км - эл аралык аэропорт "Ош" - Кашкар-Кыштак |
М-094 | Ош - Озгур |
М-095 | Ноокат - Араван - Тепе-Коргон Бужум - Баткен - Тажикстан Республикасынын чек арасы |
М-096 | Исфара |
М-097 | Мырза-Аки - Кара-Шоро |
М-098 | Барпы - Ири-Суу - Өзгөн |
М-099 | Куршаб - Жалпак-Таш |
М-100 | Карагачи - Кулунда - Арка |
М-101 | Ош - Толойкен |
М-102 | Ак-Терек - Папан - Кожокелен - Карасогот айылы |
М-103 | Кара-Суу - Отуз-Адыр - Кең-Сай |
М-104 | Ылай-Талаа - Гүлчө |
М-105 | Ноокат - Папан |
М-106 | Үч-Коргон - Дароот-Коргон |
М-107 | Таш-Көмүр - Тегене - Кербен |
М-108 | Таш-Көмүр - Кызыл-Жар 12 Шамалды-Сай - Кербен - Ала-Бука - Каныш-Кыя - |
М-109 | Кировка |
М-110 | Ала-Бука - Баймак |
М-111 | Жапасалды - Ак-Коргон - Маданият |
М-112 | Шекафтар - Айры-Там |
М-113 | Ызар - Гулистан |
М-114 | Дмитриевка - Кара-Алма |
М-115 | Дмитриевка - Кугарт |
М-116 | Сузак - Каду |
М-117 | Сузак - Кара-Дарья |
М-118 | Базар - Коргон - Арсланбап Кызыл-Үңкүр айылына кирүү менен |
М-119 | Маданият - Майлуу-Сай |
М-120 | Сузак айланма жолу |
М-121 | Нефтепром - Үчмазар - Арал |
М-122 | Жалал-Абад ш. кире бериши - Бекабад - Таможня |