Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 438 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтому менен бекитилген |
Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби (мындан ары - Тартип) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттар менен операцияларды башкаруу жол-жоболорун жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруунун кассалык тейлөөсүнүн жалпы эрежелерин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруунун кассалык тейлөөсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, анын аймактык бөлүмдөрү аркылуу казыналык жол-жоболорду колдонуунун негизинде жүргүзүлөт жана төмөнкү операцияларды ишке ашырууга жана эсепке алууга багытталат:
- бюджетке кассалык түшүүлөр жана алынган кирешелерди Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүү боюнча;
- бюджеттен кассалык төлөмдөр боюнча.
3. Бул тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
автоматташтырылган система (АС) - Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткарууну кассалык тейлөө боюнча маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну, өткөрүп берүүнү, кабыл алууну, сактоону камсыздоочу методдор жана жол-жоболор, программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын комплекси жана Казыналыктын системасындагы эсепти жана отчетту автоматташтырып жүргүзүү;
накталай эмес эсептешүү - акчалай жүгүртүүнүн формасы, анда акча каражаттарынын кыймылы накталай акчаны катыштырбастан жүргүзүлөт, мында акчалай каражаттар төлөөчүнүн алыш-бериш эсебинен чыгарылат жана алуучунун алыш-бериш эсебине чегерилет;
казыналыктын ичиндеги тапшырма (КИТ) - бир аймактык бөлүмдүн ичинде каражаттарды (ресурстарды) которо турган казыналык инструмент;
башкы китеп - казыналыктын эсептер китебинин суммалык эсепке алуу маалыматын камтыйт;
карта кармоочу - ишеним каттын жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка документтердин негизинде "Бюджеттик каражаттарды алуучунун" төлөм картасын пайдалануу менен финансылык операцияларды бюджеттик мекеменин атынан жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу адам;
Бирдиктүү казыналык эсеп (БКЭ) - Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин акча каражаттары топтоло турган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин кассалык аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын операциялары чагылдырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борборлошкон эсеби;
акча каражаттары - бюджеттик мекемелердин кассасындагы, БКЭде же Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан сырткары накталай жана накталай эмес түрдө топтолгон Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринин алыш-бериш эсептеринде турган улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы каражаттар;
эсепке алуу жана кайтаруу табыштамасы - администратордун же анын аймактык органынын бюджетке ашык төлөнгөн, жаңылыш чегерилген төлөмдөрдү төлөөчүнүн эсебине, же багытталышы боюнча алардын эсеп-кысап эсебине которуу аркылуу эсепке алууну, же кайтарууну ишке ашыруу боюнча буйрукту чагылдыра турган документ;
салыкты эсепке алуу жана кайтарып берүү табыштамасы - бюджет ресурстарынын администраторунун же анын аймактык органынын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 81-беренеси менен белгиленген салыктардын ашыкча төлөнүшүн жана бюджетке ката кетирип чегерилген салыктарды салык төлөөчүнүн алыш-бериш эсебине же багыты боюнча которуу жолу менен эсепке алуу жана кайтарып берүү тапшырмасын чагылдырган документ;
кошумча нарк салыгын (КНС) ордун толтуруу жана кайтарып берүү табыштамасы - бюджет ресурстарынын администраторунун Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 278 жана 279-беренелери менен белгиленген КНСтин ашыкча төлөнгөн суммасын салык төлөөчүнүн алыш-бериш эсебине же багыты боюнча которуу жолу менен кайтарып берүү жана ордун толтуруу тапшырмасын чагылдырган документ;
дипломатиялык жана аларга теңдеш өкүлчүлүктөргө КНСти кайтарып берүү табыштамасы - бюджет ресурстарынын администраторунун Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 281-беренеси менен белгиленген КНСти дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн алыш-бериш эсебине которуу жолу менен кайтарып берүү тапшырмасын чагылдырган документ;
кассалык чыгымга табыштама - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн/бюджеттик мекемесинин бюджеттик, атайын жана депозиттик эсептер боюнча чыгаша операцияларды жүргүзүүгө, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түз операциялары боюнча буйругун чагылдырган документ;
инициалдаштыруу - белгилүү адамга же адамдардын тобуна электрондук санариптик кол коюуга укук берүү, ошондой эле ушул аракеттерди жасаганда аталган укуктарды текшерүү (ырастоо) процесси;
карт-чек - транзакциялоо боюнча эсептерди ишке ашыруу үчүн негиз болуп саналган жана транзакциянын жасалгандыгын ырастоочу төлөм картасын пайдалануу менен транзакция жүргүзүүдө терминал, банкомат же башка жабдуу аркылуу түзүлгөн кагаз документ;
кассалык аткаруу - бюджеттик системанын бюджеттерин аткарууну уюштуруу, бюджеттин эсептерин жана бюджеттик каражаттарды башкаруу жана алардын эсеби жана отчету боюнча операцияларды жүргүзүү;
кассалык чыгым - бюджеттик каражаттарды алуучу тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынган жана мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүүгө тийиш болгон акчалай милдеттенмелерин төлөө үчүн бюджеттик мекеменин эсептеринен акчалай каражаттарды которуу боюнча операция;
классификацияланган түшүүлөр - бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун аймактык органдарынын өздүк эсептери боюнча автоматташкан системада топтоштурулган акча каражаттарынын түшүүлөрү, аларды эсепке алуу кирешелердин классификациясына жана активдери жана милдеттенмелери бар операциялардын классификациясына ылайык төлөм документинде көрсөтүлгөн төлөм коду боюнча жүзөгө ашырылат (классификацияланат);
конвертациялоо - чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) аталган операция жасалган күнгө карата белгиленген расмий курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына которуу (кайра эсептөө) боюнча операция;
консолидацияланган табыштама - кассалык чыгашага берилген табыштамалардын жалпыланган жыйынды маалыматтарын камтыган документ;
казыналык эсептин китеби (КЭК) - казыналыктын системасында ишке ашырылуучу кирешелик жана чыгымдык операцияларынын аналитикалык жана синтездик эсепке алуунун регистри;
төлөмдөрдү көп рейстүү иштетүү - электрондук төлөм документтерин иштетүүнүн көп кайталанган тартиби, анда Улуттук банкта ачылган эсептер боюнча каражаттарды эсептен чыгарууну же эсепке алууну камсыз кыла турган, аларды кабыл алуу, контролдоо жана аткаруу ар бир төлөм боюнча убакыттын бүлүнүп коюлган, рейстер деп аталган интервалдарында жүзөгө ашырылат;
казыналыктын ортосундагы тапшырма (КОТ) - аймактык бөлүмдөрдүн ортосунда каражаттарды (ресурстарды) которууну ишке ашыра турган казыналык инструмент;
картанын номери - эсептөөдө картаны кармоочуну идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү, төлөм картасындагы магниттик тилкесинде камтылган (коддолгон) номер;
аныкталбаган түшүүлөр - бюджет ресурстарынын администраторлорунун аймактык органдардын өздүк эсептери боюнча автоматташкан системасында топтоштурулган акча каражаттарынын түшүүлөрү, аларды эсепке алуу төлөм документинде төлөмдөрдүн коддорунун жоктугунан, толук эместигинен же туура эмес көрсөтүлүшүнөн улам тактоо талап кылынат;
ПИН-код - карта боюнча транзакциялоо жүргүзүүгө санкция берген жана анын кармоочусун идентификациялоо үчүн колдонулуучу төлөм картасын кармоочунун жеке идентификациялык коду;
ПИН-конверт - төлөм картасынын кармоочусу жөнүндө маалыматты жана корголгон түрдө ПИН-кодду камтыган кагаз;
төлөм - накталай акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенмелерди аткаруу же болбосо төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формада накталай эмес акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын төлөм системасы аркылуу которуу;
персонализациялоо - төлөм картасына уникалдуу номерди ыйгара турган жол-жобо, ал картага жана/же микропроцессорго, магниттик тилкеге маалымат киргизет, алар аны уникалдуу төлөм инструментине айландырат;
төлөм системасы - акчанын жүгүртүлүшүн камсыз кыла турган акча каражаттарын которуу системасынын, төлөм инструменттеринин технологияларынын, жол-жоболорунун, эрежелеринин бири-бири менен байланышкан системасы;
төлөөчү - өзүнүн акчалай каражаттарынын эсебинен төлөөнү ишке ашырган юридикалык же жеке жак;
алуучу - пайдасына акчалай каражаттар төлөмдүн натыйжасында келип түшкөн юридикалык же жеке жак;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түз операциялары (түз операциялар) - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсептеринен ишке ашырылуучу төлөмдөр (баалуу кагаздар боюнча операциялар, ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча пайыздар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна субсидиялар, тышкы карызды тындыруу, үлүштүк/мүчөлүк төгүмдөр, КНСтин ордун толтуруу, коммерциялык банктардын депозиттик эсептериндеги бюджеттик каражаттардын калдыктарын жайгаштыруу ж.б.);
"Бюджеттик каражаттарды алуучунун" төлөм картасы (БКА картасы) - картаны кармоочуну милдеттүү түрдө идентификациялоо менен, терминалдар аркылуу гана накталай акча каражаттарын алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү төлөм инструменти;
республикалык бюджеттин ресурстары - жыл башына карата бюджеттин калдыктарын, республикалык бюджеттин учурдагы кирешесин, финансылык жана финансылык эмес активдер боюнча жана милдеттенмелерди кабыл алуу боюнча операцияларды камтыган республикалык бюджеттин активдери;
маалымдама - классификациялык кодго байланышкан негизги маалыматтардын системалаштырылган тандалмасы (жыйындысы), ал зарыл болгон маалыматты ыңгайлуу издөөнү камсыз кылат жана билимдин жана/же практикалык иштин белгилүү тармагын камтыган маалыматтардын комплексин камтыйт;
Утурлама фонддордун эсептери - эл аралык финансылык уюмдардан жана институттардан (донорлордон) грант, тышкы финансылык жардам жана чет өлкөлүк кредиттер жана зайымдар түрүндө түшүүчү каражаттарды чегерүүгө багытталган эсептер;
терминал - картадан маалыматты окууга, тийиштүү төлөм системасына/системасынан карта менен операциялар тууралуу билдирүүлөрдү түзүүгө, жөнөтүүгө жана кабыл алууга жардам берүүчү электрондук түзүлүш;
электрондук санариптик кол коюу (ЭСК) - ЭСКнын жабык ачкычын колдонуу менен баштапкы маалыматты өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында алынган символдордун ырааттуулугу, ал ЭСКнын ачык ачкычын пайдалануучуга ушул маалыматтын бүтүндүгүн жана өзгөрбөстүгүн, ошондой эле ЭСКнын жабык ачкычынын ээсин аныктоого мүмкүндүк берет;
эквайэр - эквайрингди ишке ашырууга уруксат алган банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Улуттук банктын жоболоруна жана эрежелерине, тийиштүү төлөм системасынын ченемдик актыларына жана технологиясына ылайык авторизациялоо жана транзакциялоо жүргүзүүнү камсыздоочу перифериялык түзүлүштөрдүн тармагынын ээси;
электрондук банктык көчүрмө (ЭБК) - жүргүзүлгөн банктык операцияларды жана банктык эсеп боюнча каражаттардын кыймылын далилдүү чагылдыруучу жана бухгалтердик эсепти жүргүзүү үчүн негиз болуучу финансылык документ;
электрондук төлөм документи (ЭТД) - банктарда ачылган эсептер боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуучу, ЭСК менен кол коюлган жана документ катары идентификациялоо үчүн атрибуттары болгон электрондук форматтагы документ.
2. Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө режими
4. Бирдиктүү казыналык эсеп Улуттук банкта ачылат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БКЭде тийиштүү бюджеттин акча каражаттарынын калдыгынын чегинде Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин чыгымдары боюнча төлөм жүргүзөт.
5. БКЭде Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин төмөнкү операциялары жүргүзүлөт:
- чыгымдар бөлүгү боюнча - учурдагы чыгымдар, милдеттенмелерди тындыруу, финансылык жана финансылык эмес активдерди сатып алуу боюнча чыгымдар;
- киреше бөлүгү боюнча - учурдагы кирешелер, милдеттенмелерди кабыл алуудан, финансылык жана финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн каражаттар.
6. БКЭде накталай эмес формадагы төлөмдөр гана чагылдырылат.
7. БКЭге чегерүүгө тийиш акча каражаттарын которуу боюнча төлөмдөрдү жана накталай акча каражаттарынын төлөөчүлөрдөн кабыл алуу боюнча операцияларды Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктар коммерциялык банктардын кардарлары үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген учурдагы операциялык күндүн ичинде жүргүзөт.
8. БКЭден акча каражаттарын чыгарып салуу боюнча операцияларды Улуттук банк өзүнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.
9. БКЭде каражат түшүүнүн төмөнкү түрлөрү топтолот:
- салыктар жана жыйымдар;
- бажы төлөмдөрү жана салыктар;
- аванстык бажы төлөмдөрү жана күрөөлүк суммалар;
- негизги сумманы кайтаруу жана бюджеттик ссудалар менен кредиттер боюнча пайыздарды, айыптарды жана туумдарды төлөө;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу тескөөсүнө түшкөн каражаттар;
- бюджеттик мекемелердин акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар, демөөрчүлүк жардам, ыктыярдуу жана камкорчулук төгүмдөр, кайрымдуулук жана гранттык жардам, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр, өздүк өндүрүш товарларын сатуудан түшкөн каражаттар;
- мурда жүргүзүлгөн кассалык чыгымдарды калыбына келтирүү;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын тийиштүү бюджеттеринин кирешесине багытталган салыктык эмес жана башка төлөмдөр;
- бюджетке ошондой эле бюджеттик мекемелердин өздүк эсебине чегерилүүгө тийиш каражаттардын сомдук эквиваленти;
- коммерциялык банктардын депозиттик эсебине убактылуу жайгаштырылган бюджеттик каражаттарды кайтарып берүү.
10. БКЭден каражаттар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консолидацияланган табыштамасынын негизинде түзүлгөн ЭТДнын негизинде которулат.
11. Консолидацияланган табыштаманы түзүү үчүн негиз болуп бюджеттик каражаттарды алуучулардын кассалык чыгымдарына табыштама эсептелет.
12. Кассалык чыгымга табыштама бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан АСта төмөнкү учурларда толтурулат:
- Кыргыз Республикасынын резиденти эместерге төлөмдү кошкондо, товар, жумуш жана кызмат көрсөтүүчүлөргө акча каражаттарын которууда;
- Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөчү коммерциялык банктарда ачылган каражат алуучулардын жеке банктык эсебине акча каражаттарын которууда;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу тескөөсүндө турган жана аларды мурда которгон жеке (юридикалык) жактарга кайтарып берүүгө белгилүү шарттар келгенде каражаттарды которууда же багытталышы боюнча которууда;
- түз операциялар боюнча каражаттарды которууда;
- республикалык, жергиликтүү салыктар, жыйымдар жана бюджетке башка төлөмдөр боюнча жаңылыш чегерилген каражаттарды, салык төлөөчүлөрдүн ашыкча төлөнгөн каражаттарын эсепке алуу, кайтарып берүү, анын ичинде бюджеттин ресурстарынын администраторлорунан алынган корутундулардын негизинде кошумча наркына салыктын суммасынын ордун толтурууда жана кайтарып берүүдө;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык/түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосунда/ичинде ички казыналык эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн КАТ жана ИКТны колдонуу (киреше салыгы, жогору/төмөн турган органдарга каражаттарды которуу).
13. АСта түзүлгөн кассалык чыгымдоого табыштама ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлөт.
14. Кассалык чыгымга табыштама бюджеттик каражаттарды алуучу/ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан электрондук форматта, түздөн-түз АСта толтурулат жана бюджеттик каражаттарды алуучунун/ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан ЭСК каражаттарын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кол коюлат.
3. Казыналык өздүк эсептерди кодификациялоо
15. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткарууну кассалык тейлөө процессинде финансылык операцияларды эсепке алуу жана идентификациялоо үчүн казыналык өздүк эсептер колдонулат.
Казыналык өздүк эсептин түрү казыналык өздүк эсепте эсепке алынган маалыматтын курамын жана жол берилген операциялардын тизмегин аныктайт.
16. Казыналыктын системасында ачылган казыналык өздүк эсепке өздүк эсептин коду ыйгарылат.
Казыналык өздүк эсептин коду милдеттүү аналитикалык белги катары колдонулат, ал эми казыналык өздүк эсептин сегменттери тийиштүү маалыматтарды алуу үчүн финансылык операцияларды топтоштурууну ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
17. Бюджеттик процессте катышуунун активдүүлүгүнө жараша төмөнкүдөй статустарга ээ казыналык өздүк эсептерге бөлүштүрүлөт:
- "активдүү" - жаңы ачылган казыналык эсепке ыйгарылган цифралык код АСта финансылык жыл ичинде сакталат жана колдонулат;
- "активдүү эмес" - алардын бюджеттик процесске катышуусу эсептин активдүүлүгү пайда болгонго чейин убактылуу токтотулган, алардын цифралык коду АСда финансылык жыл ичинде сакталат жана колдонулат;
- "жабык" - алардын бюджеттик процесске катышуусу финансылык жылдын аягына чейин токтотулган, мында алардын цифралык коду бюджетти аткаруу боюнча отчеттук маалыматтарды консолидациялоо үчүн АСта финансылык жыл ичинде сакталат жана колдонулат;
- "алып салынган" - алар бюджеттик процесске катышпайт, ал эми алардын цифралык коду өткөн мезгилдеги бюджеттик эсепке алуунун толуктугу жана аныктыгы үчүн АСта сакталат жана колдонулат;
- "бир жолку" - бул боюнча бир жолку мүнөздөгү чыгымдар эсепке алынат;
- "убактылуу" - бул боюнча финансылык операциялар келтирилген бюджеттик маалыматтарга ылайык бир финансылык жылга чейинки мөөнөткө пландалган;
- "балансталган" - мурда жүргүзүлгөн чыгымдарга ылайык сметалык дайындоолорду түзөтүүнү кошпогондо, булар боюнча финансылык операциялардын аракети токтотулган;
- "чыгымдык" - кирешелерди чегерүү боюнча иши токтотулган.
18. Убактылуу казыналык өздүк эсептерге иштөө мөөнөтү белгиленет, ал мөөнөтү өткөндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштөө мөөнөтүн узартат же эсептин "убактылуу" статусун "жабык" деген статуска өзгөртөт. Бир жолку өздүк эсеп боюнча бир жолку төлөм боюнча операциялар ишке ашырылгандан кийин эсептин "бир жолку" статусу "жабык" статусуна өзгөртүлөт.
19. "Балансталган" статусуна ээ болгон казыналык өздүк эсептин күчү бюджеттик сметаны жүргүзүлгөн кассалык чыгымдарга толук ылайык келтиргенге чейин токтотулат, ага жетүүнүн натыйжасында "балансталган" статусу "жабык" статусуна өзгөртүлөт.
20. "Чыгымдык" статусуна ээ болгон казыналык өздүк эсепке кирешелерди чегерүү чыгымдарды мурда чегерилген кирешелерге ылайык толук жүргүзүүгө чейин токтотулат, ага жетүүнүн натыйжасында "чыгымдык" статусу "жабык" статусуна өзгөрүлөт.
21. Жаңы финансылык жылдын биринчи иш күнүндө "жабык" статусундагы казыналык өздүк эсепти АС "алып салынган" өздүк эсеп катары классификациялайт жана казыналык өздүк эсептин статусун АСта ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөртөт.
22. Казыналык өздүк эсептер каражаттарды түзүү булактары боюнча төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
1) бюджеттик эсептер;
2) атайын эсептер;
3) депозиттик эсептер.
Бюджеттик эсеп - иши республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу бюджеттик мекеменин финансылык операциялары эсепке алына турган бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) эсеби.
Атайын эсеп - бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) эсеби, анда акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн, демөөрчүлүк жардамдан, ыктыярдуу жана камкорчулук төгүмдөрдөн, кайрымдуулук жана гранттык жардамдан, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардын чегерүүлөрүнөн, өздүк өндүрүш товарларын сатуудан түшкөн каражаттар эсепке алынат.
Депозиттик эсеп - убактылуу тескөөсүнө (сактоого) түшкөн жана аларды мурда которгон же багытталышы боюнча которууга, жеке (юридикалык) жактарга кайтарып берүүгө белгилүү шарттары келгенде тийиштүү каражаттарды которуу боюнча операциялар эске алына турган бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) эсеби.
23. Казыналыктын системасында казыналыктын өздүк эсептерин ачууда, аларга он алты разряддан турган жеке коддор ыйгарылат:
XXX XXX ХХХХ ХХХХ XX
1, 2, 3 разряд - Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын катышуучусу жана Улуттук банктын кардары катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын банктык идентификациялык коду (БИК).
4, 5, 6 разряд - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн коду.
7 разряд - Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджетинин конкреттүү деңгээли үчүн экономиканын мамлекеттик секторунда чарбалык операцияларды бекемдөө үчүн колдонулуучу код:
1 - мамлекеттик бюджеттин каражаттары;
2 - депозиттик каражаттар.
8 разряд - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин курамындагы бюджеттердин деңгээлдерине ыйгарылуучу код. Бюджеттин деңгээлин белгилөөчү код төмөнкү маанилерге ылайык ыйгарылат:
1 - республикалык бюджет;
2 - жергиликтүү бюджет;
3 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети;
4 - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети.
9 разряд - Кыргыз Республикасынын шаарларынын бюджеттери жана Бишкек шаарынын райондорунун бюджеттери боюнча операцияларды эсепке алуу үчүн ыйгарылуучу код:
1 - республикага баш ийген шаардын бюджети;
2 - облуска баш ийген шаардын бюджети;
3 - районго баш ийген шаардын бюджети;
4 - райондук бюджет;
5 - айыл өкмөтүнүн бюджети.
Республикалык бюджеттин эсептерин коддоодо бул разряд "0" деген мааниге ээ.
10 разряд - эсепке алынуучу каражаттардын түрүнө жараша операцияларды эсепке алуу үчүн ыйгарылуучу код:
0 - депозиттик каражаттар;
1 - бюджеттик каражаттар;
3 - атайын эсептердеги каражаттар.
11-14 разряддар - төрт цифралык белгиден турган функционалдык классификациянын кодунун жана ведомстволук классификациянын кодунун жөнөкөйлөшкөн комбинациясын билдирүүчү бюджеттик процесстин катышуучусунун чектелген коду.
15 жана 16 разряддар - Кыргыз Республикасынын төлөм системасында маалыматты иштеп чыгуунун ар түрдүү стадиясында өздүк эсептин аныктыгын текшерүүнү камсыздоо үчүн багытталган жана АСта белгиленген контролдук разряддар.
4. Казыналык өздүк эсептерди ачуунун/жабуунун тартиби
24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттерди кассалык аткаруу максатында бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) жана АСтагы бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун казыналык өздүк эсептеринин тизмегин ачуу/жабууну жана жүргүзүүнү борборлоштуруп башкарат.
25. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) жана АСтагы бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун каттоо жазуусу бюджетти аткаруу боюнча чыгымдык жана кирешелик операцияларды ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болуп эсептелет.
26. Казыналык өздүк эсептер төмөнкүлөрдүн негизинде ачылат/жабылат:
- бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн/алуучуларынын казыналык өздүк эсебин ачууга/жабууга ушул тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кат - арыздын;
- аймактык бөлүм ушул тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча даярдаган казыналык өздүк эсепти ачууга/жабууга табыштаманын;
- мамлекеттик реформаларды ишке ашыруунун алкаганда кошумча казыналык өздүк эсепти ачуу зарылдыгында бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү берген ведомстволук мекемелердин тизмесинин.
27. Бюджеттик мекеме казыналык өздүк (бюджеттик, атайын, депозиттик) эсептерди ачуу максатында аймактык бөлүмгө төмөнкү документтерди берет:
- казыналык өздүк эсепти ачууга табыштама катты;
- бюджеттик мекемени түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун, буйруктарынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун (кредиттердин башкы тескөөчүлөрүнүн) буйруктарынын көчүрмөлөрүн;
- бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) убактылуу тескөөсүнө түшүүчү каражаттар менен операцияларды ишке ашырууга уруксат берген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрүн;
- жогору турган уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документинин көчүрмөсүн;
- Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- каттоого тургузулгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык органынын күбөлүгүнүн көчүрмөсүн;
- жогору турган уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн, кол коюлган жана мөөр басылган үлгүдөгү карточканын 2 нускасын;
- белгиленген тартипте таризделген, казыналык өздүк эсептер боюнча финансылык операцияларды өткөрүү үчүн бюджеттик мекемелердин ыйгарым укуктуу адамына ушул тартиптин 4-тиркемесине ылайык формада берилген ишеним каттын.
28. Кол коюлган үлгүлөрү менен карточкага казыналык өздүк эсептер ачыла турган бюджеттик мекеменин жетекчиси, башкы бухгалтери же алардын функциясын аткарып жаткан башка адам колдорун коюшат.
Бюджеттик мекеменин жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин, же анын функцияларын аткаруучу башка адамдын кол тамгаларынын аныктыгын жогору турган органдын жетекчиси (орун басары) кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрөт.
Бюджеттик мекеменин жогору турган органы болбогон бюджеттик мекеменин жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин кол тамгаларынын аныктыгын, ошондой эле мэриянын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилеринин кол тамгаларынын аныктыгын нотариустар күбөлөндүрөт.
Эгерде коюлган бир кол өзгөртүлсө же алмаштырылса, анда биринчи жана экинчи кол коюуга укуктуу бардык адамдардын колу коюлган жаңы карточка берилет.
Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызматкери кол коюлган карточкалардын ар бир нускасында ачылган казыналык өздүк эсептерге ыйгарылган номерди көрсөтөт. Карточканын бир нускасы казыналык өздүк эсепти ачуучу бюджеттик мекемеде, экинчиси - аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызматкеринде болот.
Муну менен катар, АСта иштөө үчүн бюджеттик мекемелер/ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмү/бюджеттин ресурстарынын администраторлору/бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун аймактык органдары аймактык бөлүмгө/ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга АСке киргизүүгө ЭСКнын анкеталык маалыматтарын берет.
ЭСКдагы эсептик жазууну АСта активизациялоо учурунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын/аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан кол коюлган карточкадагы маалыматтар менен ЭСКнын анкеталык маалыматтарынын шайкеш келүүсү текшерилет.
29. Бюджеттик мекеме тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ушул Тартиптин 27-пунктунда көрсөтүлгөн документтердеги өзгөрүүлөр тууралуу аймактык бөлүмгө жазуу жүзүндө 3 күндүк мөөнөттүн ичинде милдеттүү түрдө билдирүүгө тийиш.
30. Ушул Тартиптин 27-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин сактыгы үчүн жоопкерчилик аймактык бөлүмдүн жетекчисине жүктөлөт.
31. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Казыналыктын системасындагы бюджеттик мекемелердин казыналык өздүк эсебиндеги акча каражаттарынын кыймылына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турат.
32. Бюджеттик мекемелердин казыналык өздүк эсебин аймактык бир бөлүмүнөн аймактык башка бөлүмүн тейлөөгө которуу Казыналыктын системасындагы казыналык эсептерди ачууга жана жабууга табыштаманын негизинде ишке ашырылат.
33. Бюджеттик мекеме ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксатысыз коммерциялык банктарда эсеп ачууга укугу жок.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мекемеге коммерциялык банктарда эсеп ачууга уруксат берүүгө жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси менен каралган учурларда аймактык бөлүмдөрдө казыналык өздүк эсептер боюнча операцияларды токтотууга укуктуу.
34. Аталышы өзгөргөн учурда бюджеттик мекеме аймактык бөлүмгө өзгөртүүлөр тууралуу маалымдоочу документтин көчүрмөсүн жана арызды берет, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бюджеттик мекеменин аталышын өзгөртүүгө табыштаманы жиберет.
Бюджеттик мекеменин аталышын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын салык органдарында салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (СИН) өзгөртүүнүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоонун негизинде ишке ашырылат.
Аймактык бөлүмгө бюджеттик мекеменин аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн тийиштүү документтерди өз убагында бербеген учурда, казыналык өздүк эсептерди тейлөө токтотулат.
35. Бюджеттик мекемени аймактык башка бөлүмгө тейлөөгө өткөрүп берүүдө, казыналык өздүк эсепти ачуу жана тариздөө боюнча бардык документтер кабыл алуучу аймактык бөлүмгө өткөрүп берилет, өткөрүп берген бөлүмдө документтердин көчүрмөлөрү калат.
Бюджеттик мекемени кабыл алуучу аймактык бөлүм ушул Тартиптин 27-пунктунда белгиленген берилүүчү документтердин негизинде бюджеттик мекемени АСка каттап жазат.
36. Аймактык бөлүм ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эсептерди жабууга табыштаманы төмөнкү учурларда жөнөтөт:
- жоюу жөнүндөгү документтердин жана арыздын негизинде бюджеттик мекеме жоюлганда;
- бюджеттик мекемени кайра уюштуруу жөнүндө документтердин (чечимдин) жана арыздын негизинде кайра уюштурууда;
- эгерде учурдагы финансылык жыл ичинде казыналык өздүк эсептер боюнча операциялар жүргүзүлбөгөн болсо, финансылык жыл аяктаганда.
5. Кассалык чыгымга табыштаманы каттоо тартиби
37. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруу боюнча бюджеттик каражаттарды алуучулардын казыналык өздүк эсептери (бюджеттик, атайын, депозиттик) боюнча чыгымдык операциялар кассалык чыгымга табыштаманын негизинде жүргүзүлөт, алардын АСта түзүлүшү төмөнкү тартипте ишке ашырылат:
- ЭСКны колдонуу менен кассалык чыгымга табыштаманы толтуруу (бюджеттик мекеме/түзүмдүк бөлүм/аймактык бөлүм/бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун аймактык органдары);
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын/аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан төлөмдү ырастоо жана төлөмдү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын/аймактык бөлүмдүн жетекчисине жөнөтүү - "ырастоону күтүү" статусу;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын/аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан төлөмдү ырастоо жана төлөмдү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү - "ырастоону күтүү" статусу;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан төлөмдү ырастоону күтүү режиминде консолидацияланган табыштаманы түзүү - "ырастоо" статусу.
38. Бюджеттин ресурстарынын администраторунун аймактык органы электрондук форматта ЭСК пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына ылайык салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алуу жана кайтарып берүү үчүн кассалык чыгымга табыштама толтурат.
39. Бюджеттик ресурстардын администратору (ыйгарым укуктуу салык органы) декада сыйын электрондук форматта ЭСК пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 278, 279 жана 281-беренелерине ылайык кошумча нарк салыгын (КНС) кайтарып берүү жана ашыкча сумманын ордун толтуруу үчүн кассалык чыгымга табыштама толтурат.
Бюджеттин ресурстарынын администратору (ыйгарым укуктуу салык органы) ар бир айдын 25ине чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга республикалык бюджеттин кассалык планына киргизүү үчүн бюджеттен КНСти кайтарып берүүнүн жана ордун толтуруунун күтүлгөн суммалары жөнүндө кийинки айга табыштама берүүгө милдеттүү.
40. Бюджеттик милдеттенмеге шилтемесиз, кассалык чыгымга табыштаманы каттоодо АС мындай милдеттенменин талап кылынган бардык жол-жобосун контролдоо менен бюджеттик милдеттенмени автоматтык түрдө түзүп чыгат.
41. Келишимдик негизде келип чыккан жана чет өлкөлүк валютада бекитилген бюджеттик милдеттенмелер боюнча кассалык чыгымдарды ишке ашырууда бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу АСта Улуттук банк тарабынан белгиленген валютанын расмий курсу боюнча эсепке алынат.
42. Контролдоонун терс натыйжасында кассалык чыгымга табыштама четке кагылат жана АС каттоодон баш тартуунун себебин көрсөтүү менен контролдоонун протоколун түзөт. Аймактык бөлүм АС аркылуу бул жөнүндө бюджеттик каражаттарды алуучуга маалымдайт.
43. Атайын каражаттар боюнча кассалык чыгымга табыштаманы каттоодо АС кассалык чыгымга табыштаманын суммасы атайын эсептеги каражаттардын бош калдыктарынын суммасынан ашып кетпешин контролдойт. Атайын эсептеги каражаттардын бош калдыгынын суммасы, атайын эсепке топтолуучу, бюджеттик каражаттарды алуучунун каражаттары боюнча казыналыктын өздүк эсептериндеги каражаттардын калдыгынын суммасын билдирет.
44. Кассалык чыгымга табыштама банк аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө АС ЭТДда кийин түзүү үчүн алуучунун банктык эсебинин реквизиттерин камтыйт.
45. Чет өлкөлүк валютада түзүлгөн кассалык чыгымга табыштаманы АСта каттоодо, табыштамада көрсөтүлгөн сумма автоматтык түрдө операция жүргүзүлгөн күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген валютанын расмий курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына которулат.
Чет өлкөлүк валютадагы кассалык чыгымга табыштаманын негизинде АС төлөм документин түзөт, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төлөмдөрдү тейлөө тартиби жөнүндө келишимдик мамилелерине ылайык Улуттук банкка аткаруу үчүн жөнөтүлөт.
46. Текшерүүнүн оң натыйжасында АС кассалык чыгымга табыштаманы сактап калат жана автоматтык түрдө бюджеттик каражаттарды алуучунун казыналык өздүк эсебинде бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринин бош калдыктар суммасы, атайын эсептер боюнча калдыктын жеткиликтүү суммасы (атайын каражаттардын эсебинен которууларда) азайганын чагылдырат.
47. Аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан берилген жана белгиленген тартипте АСда контролдон өткөн, ЭСКны колдонуу менен, электрондук документ формасындагы кассалык чыгымдын табыштамасына кол коюшат (демилгелешет).
48. Кассалык чыгымдын табыштамасында, бюджеттик каражаттарды алуучунун казыналык өздүк эсебинин беренелеринин ар түрдүү коддору боюнча кассалык чыгымдардын бир нече суммалары көрсөтүлүшү мүмкүн.
6. Салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алууга жана кайтарып берүүгө арыздарды каттоонун тартиби
49. Бюджет ресурстарынын администраторунун аймактык органы (мындан ары - аймактык орган) үзгүлтүксүз негизде, бирок бир күндө бир жолудан көп эмес, ушул Тартиптин 5 жана 6-тиркемелеринде көрсөтүлгөн формалар боюнча салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алуу жана кайтарып берүү жөнүндө корутундулардын негизинде түзүлгөн салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алуунун жана кайтарып берүүнүн реестрин электрондук форматта ыйгарым укуктуу органга тапшырат.
Эсепке алынган жана кайтарылып берилген суммаларды контролдоо жана эсеп жүргүзүү максатында аймактык орган ыйгарым укуктуу органга кагаз форматындагы реестрди, салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алуу жана кайтарып берүү жөнүндө корутундуну ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу кызматкеринин операция аткарылганын ырастоосу үчүн берет.
50. Эсепке алынган жана кайтарылган салыктардын жана төлөмдөрдүн реестрине аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызматкери ЭСКны пайдалануу менен кол коёт.
51. Эсепке алынган жана кайтарылган салыктардын жана төлөмдөрдүн ар бир реестрине бир нече, бирок 20дан көп эмес эсепке алынган жана кайтарылган салыктардын жана төлөмдөрдүн суммасы кирешелердин беренесинин элементинин коду боюнча көрсөтүлөт.
52. Аймактык бөлүм өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, эсепке алынган жана кайтарылган салыктар менен төлөмдөрдүн реестрин текшерет жана АСда ушул Тартиптин 7-тиркемесинде көрсөтүлгөн формага ылайык ар бир аймактык орган боюнча жыйынды реестр түзөт.
53. Аймактык бөлүм салык жана төлөмдөрдү эсепке алуунун жана кайтарып берүүнүн жыйынды реестрин корутундуларын тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга АС аркылуу, электрондук графикалык көчүрмөсү менен берет.
54. Салык жана төлөмдөрдү эсепке алуунун жана кайтарып берүүнүн реестринин АСда катталган жана сакталган маалыматтары каттоо номери менен АСда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн жеткиликтүү болот.
55. АС бюджеттин ресурстарынын администраторлорунан түшкөн документтердин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук маалымат базасына корутундуларды, ошондой эле көрсөтүлгөн кагаз жүзүндөгү документтердин электрондук графикалык көчүрмөсүн электрондук форматта жүктөөнү камсыздайт.
56. АС, салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алуунун жана кайтарып берүүнүн берилген жыйынды реестринде бардык зарыл болгон реквизиттери тиркелген корутундуларга ылайык толук толтурулгандыгын текшерет.
57. АС электрондук корутундунун жана салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алуунун жана кайтарып берүүнүн жыйынды реестринин маалыматтары боюнча аларды ушул Тартиптин 8-тиркемесинде көрсөтүлгөн формага ылайык эсепке алууга табыштама түзөт.
58. Салыктын/төлөмдүн бир түрүнөн салыктын/төлөмдүн экинчи түрүнө чегерүү боюнча жасалган операциялар Башкы китепте салыктын кайсы түрүнө ашыкча төлөөлөр болсо, салыктын ошол түрү боюнча түшүүлөрдүн жалпы суммасына азайтуу катары, салыктын кайсы түрүнө ашыкча төлөө эсептелген болсо, ошол түрүнүн ашыкча суммасына көбөйтүү менен өзүнчө эсептик жазуу менен чагылдырылат.
Бул операция төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) бюджеттин ресурстарынын тийиштүү администраторунун өздүк эсеби боюнча;
2) бюджеттин ресурстарынын бир администраторунун өздүк эсебинен бюджеттин ресурстарынын башка администраторунун өздүк эсебине.
59. Салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алуунун жана кайтарып берүүнүн жыйынды реестри корутундуларын тиркөө менен, салыктардын жана төлөмдөрдүн эсепке алынышы жөнүндө АСда төлөм документтерин түзүү үчүн салык төлөөчүнүн төмөнкү керектүү реквизиттерин камтууга тийиш:
1) салык төлөөчүнүн аталышы;
2) алуучунун банктык эсебинин реквизиттери;
3) салыктын/төлөмдүн элементинин коду;
4) Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына ылайык эсепке алынуучу салыктын/төлөмдүн суммасы.
60. АС салыктарды жана төлөмдөрдү кайтарып берүүнүн жыйынды реестриндеги маалыматтардын негизинде ушул Тартиптин 9-тиркемесинде көрсөтүлгөн формага ылайык аларды кайтарып берүүгө табыштаманы түзөт.
61. Салыктарды жана төлөмдөрдү кайтарып берүүнүн жыйынды реестрин жүктөөдө АС төмөнкү реквизиттердин туура толтурулганын текшерет:
1) кирешелердин классификациясынын элементинин коду;
2) бюджеттин ресурстарынын администраторунун аталышы;
3) алуучунун банктык эсебинин реквизиттери;
4) Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына ылайык кайтарып берилүүчү салыктын/төлөмдүн суммасы.
62. АС салыктардын жана төлөмдөрдүн кайра берилүүчү суммасы бюджеттин ресурстарынын администратору белгилеген чектен ашып кетпешин контролдойт.
63. АС ашыкча төлөнгөн каражаттарды кайра берүүгө корутундулардын суммасы бюджеттин ресурстарынын администратору белгилеген кайра берилүүчү суммалардын чегинен ашып кетпешин контролдойт.
64. АС жылдын башынан тартып айлар боюнча ар бир салык төлөөчү боюнча салыктарды жана төлөмдөрдү кайтарып берүүгө корутундулардын эсебин алат.
65. АС жылдын башынан тартып айлар боюнча ар бир салык төлөөчү боюнча ашык төлөнгөн каражаттарды кайтарып берүүгө корутундулардын эсебин алат.
7. Консолидацияланган табыштаманы түзүүнүн тартиби
66. БКЭтен каражаттарды которууга консолидацияланган табыштама кассалык чыгымдарга электрондук табыштамалардын негизинде ушул Тартиптин 10-тиркемесинде көрсөтүлгөн формага ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан АСда түзүлөт.
67. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган операциялык жумуш күндүн ичинде АСка кассалык чыгымга табыштамалардын түшкөнүнө жараша аларды электрондук табыштамалардын реквизиттерин жана толтуруу каралган нөлдүк эмес көрсөткүчтөрүнүн болуусуна текшерет, ошондой эле АС аркылуу алардын АСта сакталып турган маалыматтарга ылайыктуулугун текшерет.
68. Кассалык чыгымга электрондук табыштамада көрсөтүлгөн реквизиттер төмөндөгү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- кассалык чыгымга табыштаманын датасы ошол жумуш күндөгү датадан эрте болбоого тийиш;
- акча каражаттары которулуучу алуучунун банктагы эсебинин реквизиттери АСта сакталып турган жабдуучулардын маалымдамасында камтылган банктык эсептин реквизиттери жөнүндө маалыматка ылайык келүүгө тийиш.
69. Эгерде кассалык чыгымга электрондук табыштаманын мазмуну ушул Тартиптин 67-пунктунда саналып өткөн талаптарга ылайык келбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул табыштаманы аткарууну четке кагат, АС аркылуу тийиштүү аймактык бөлүмгө, бюджеттик каражаттарды алуучуга жана бюджет ресурстарынын администраторуна билдирет.
70. Эгер кассалык чыгымга табыштама ушул Тартиптин 67-пунктуна ылайык келсе, ал консолидацияланган табыштамага киргизилет.
71. АСда түзүлгөн электрондук консолидацияланган табыштама ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан кошумча контролдоочу текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Кошумча текшерүү аяктагандан кийин консолидацияланган табыштама инициалдаштырылат.
72. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жактырылган консолидацияланган табыштаманын негизинде, консолидацияланган табыштаманы аткарууну камсыздоо үчүн жактырылган консолидацияланган табыштамадагы сумманын БКЭдеги каражаттын калдыгына ылайыктыгын контролдойт жана ошол күнгө карата керектүү акча каражатынын суммасын аныктайт.
73. Консолидацияланган табыштаманы инициалдаштыргандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 11-тиркемесиндеги формага ылайык каражаттарды төлөө тапшырмасын которууга АСда БКЭ түзүүнү демилгелейт.
74. АС консолидацияланган табыштамага киргизилген кассалык чыгымдарга табыштамада көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча алуучулардын банктык реквизиттерин продукция жөнөтүүчүлөрдүн маалымдамаларында камтылган банк эсептеринин реквизиттери жөнүндө маалымат менен салыштырып аныктайт.
75. Акча каражаттарды бир жөнөтүүчүнүн пайдасына (табыштамаларда ИСНдин окшош кодунун көрсөтүлгөнү боюнча) которууда АС которуу жүргүзүлүп жаткан бир нече кассалык чыгымдоо табыштамалары боюнча ЭТД түзөт.
76. Төлөм тапшырмаларын түзүү процессинде АС төлөмдүн түрлөрү боюнча кассалык чыгымдын табыштамаларына жараша ЭТД номерлерин автоматтык түрдө тандайт жана кассалык чыгымга табыштамаларда ЭТД статусу жөнүндө: "түзүлгөн", "авторлоштурулган жана банкка берилген", "банкта аткарылган" деген маалыматты автоматтык түрдө сактайт, ошондой эле төлөм документтеринин реквизиттерин автоматтык түрдө сактайт.
77. Даярдалган ЭТДга (статусу - "түзүлгөн") ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу адамдары ЭСКТ аркылуу кол коюшат жана Улуттук банк белгилеген электрондук телекоммуникациялык каналдар аркылуу Улуттук банкка аткаруу үчүн жиберилет (статусу - авторлоштурулган жана банкка берилген). Төлөм документтери Улуттук банк электрондук банк көчүрмөсүнүн дебет же кредит бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн электрондук операцияларды жүргүзгөндөн кийин аткарылды деп эсептелет (статусу - "банк тарабынан аткарылган").
78. Кассалык чыгымдарга табыштамалар боюнча аткарылган төлөм документтеринин реквизиттери АС маалыматтар базасында сакталат.
79. Кассалык чыгым табыштамасын кайра сурап алуу үчүн аймактык бөлүм АС аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан түзүлгөн кассалык чыгымга табыштаманы кайра алууга электрондук түрдөгү суроо-талап жиберет, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ЭПД түзүү башталган учурга чейин кайра алынышы мүмкүн.
80. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мекеменин кассалык чыгымга табыштамасын кайра сурап алуусунун негизинде кассалык чыгымга табыштаманы АС аркылуу консолидацияланган табыштамадан чыгарып салат.
Кассалык чыгымга табыштама кайра сурап алынганда, эгерде бюджеттик милдеттенмелер АСда жөнөтүү келишиминин негизинде катталган болсо, АС бюджеттик милдеттенмелердин аткарылбаган суммасын, кассалык чектөөлөрдү (кассалык чыгымдарга убактылуу чектөөлөрдү эске алуу менен) табыштамадагы алардын баштапкы суммасына чейин автоматтык түрдө калыбына келтирет.
81. АСта ЭТД түзүү аяктагандан кийин кассалык чыгымга табыштаманы кайра алууга суроо-талап аткарылбайт жана кассалык чыгымга табыштама кайра алынышы мүмкүн эмес.
82. Кассалык чыгымга табыштамалар, консолидацияланган табыштамалар жана ЭТД АС маалыматтык базасында беш жыл бою сакталат.
8. Түшкөн каражаттарды иштетүүнүн тартиби
83. Бирдиктүү казыналык эсепке түшкөн каражаттарды эсепке алуу жана кирешелерди ар кандай деңгээлдеги бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү төмөндөгү документтердин негизинде аткарылат:
- БКЭ алынган электрондук банктык көчүрмөнүн;
- кирешелер жөнүндө толук маалыматты камтыган, банктын көчүрмөсүнө, кагаз жүзүндөгү документтерге жана электрондук түрдөгү документтерге тиркеле турган төлөм тапшырмаларынын, ордерлердин, төлөөчүлөрдүн мемориалдык ордерлеринин;
- Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарынын салыктардын ашык төлөнгөн/ашык кармалган суммаларын эсепке алуу же кайтарып берүү жөнүндө корутундуларынын негизинде.
84. Оперативдүү аналитикалык эсеп, кирешелердин аналитикалык эсебинин реестрлеринде кирешелерди бөлүштүрүү жана чагылдыруу күн сайын жүргүзүлөт.
85. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын ар кандай деңгээлдеги бюджеттеринин кирешелерине салыктардын ашык төлөнгөн/ашык кармалган суммаларын эсепке алуу жана кайтарып берүү бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун тиешелүү аймактык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аткарылат.
86. Түзүлгөн корутундунун тууралыгын жана анын өз убагында тиешелүү органдарга берилишин Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарынын жетекчилери контролдошот жана ал үчүн жоопкерчиликте болушат.
87. Электрондук банктык көчүрмөнү иштетүүдө АС кирешелердин түрлөрүнүн (салыктын, жыйымдын, төлөмдүн аталышы) кирешелердин классификациясынын элементтерине ылайык келишин жана төлөмдү идентификациялоо үчүн төлөм документтеринин реквизиттеринин толук толтурулушун контролдойт.
88. Бардык төлөмдөр төлөм документинде көрсөтүлгөн төлөмдүн коду боюнча гана чегерилет. Мында бир төлөм документинде төлөөчү тарабынан кирешелердин классификациясынын бир гана элементи көрсөтүлөт.
89. Төлөм документинде кирешелердин классификациясынын бир нече элементи жаңылыштык менен көрсөтүлгөндө мындай документ АСда иштетилбейт жана автоматтык түрдө "такталбаган түшүүлөр" катары классификацияланат.
90. Ошол аймактагы салык органында эсепте турбаган салык төлөөчүлөр тарабынан БКЭге кирешелердин суммалары боюнча каражаттар которулганда, башкача айтканда, төлөөчү салык органында эсепке турган дарегин өзгөрткөндө төлөөчүнүн эсептик карточкасы түшүүлөрдүн администраторунун башка аймактык органына берилет. Каражаттарды которуу которулуучу сумманын түрүнө жараша салык органынын корутундусунун негизинде ишке ашырылат, мында төлөмдү жаңы дарек боюнча которуу үчүн төлөм тапшырмасы толтурулат.
91. Түшкөн кирешелер аталган төлөөчү эсепте турган бюджеттик ресурстардын администраторунун тиешелүү аймактык органы тарабынан эсепке алынат.
Эсепке алуунун ушул тартиби жаңылыш чегерилген бажы төлөмдөрүн эсепке алууда да колдонулат.
92. Электрондук банктык көчүрмөдө ЭБК жана АСда камтылган маалыматты иштеп чыгуу аяктагандан кийин АС маалымат базасында төмөндөгүдөй маалымат сакталып калат:
- төлөмдүн суммасы;
- төлөөчүнүн аталышы;
- төлөөчүнүн ИСН;
- төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ыйгарылган катталган номери;
- түшкөн датасы (каражаттар бирдиктүү казыналык эсепке чегерилген дата);
- төлөм документинин номери;
- кирешелердин бюджеттик классификациясына ылайык төлөмдүн түрүнүн коду;
- администрациялык-аймактык бирдиктин коду;
- бюджет ресурстарынын администраторунун аккумуляциялык эсебинин коду.
93. Электрондук банктык көчүрмөнү иштеп чыгуу натыйжалары боюнча АС келип түшкөн кирешелерди автоматтык түрдө кирешелердин төмөндөгү топторуна бөлөт жана топтойт:
а) классификацияланган түшүүлөр:
- салыктык (бажылык) жана кирешелердин классификациясынын элементтери бар салыктык эмес түшүүлөр;
- социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр;
- алынган расмий трансферттер;
- активдери жана милдеттенмелери бар операциялардан түшүүлөр;
- бюджеттик мекемелердин атайын эсептерине түшүүлөр;
- бюджеттик мекемелердин депозиттик эсептерине түшүүлөр;
б) аныкталбаган (жаңылыш) түшүүлөр.
94. Түшүүлөрдүн түрлөрү боюнча топтолгон маалымдамалар АСнын электрондук базасында сакталат жана ошол күндөгү классификацияланган түшүүлөрдүн реестри автоматтык түрдө түзүлөт.
95. Классификацияланган түшүүлөрдүн күн сайынкы түзүлгөн реестри АС аркылуу бюджет ресурстарынын администраторунун аймактык органдарына ЭТД менен бирге веб-сервер аркылуу электрондук форматта тийиштүү аймактык органдын бюджет ресурстарынын администраторуна берилет.
96. Түшкөн төлөмдү классификациялоо мүмкүн болбогон (төлөмдөрдүн коду жок, толук эмес же туура эмес көрсөтүлгөн, кирешелердин классификациясы, администрациялык-аймактык бирдиктин коду же башка зарыл параметрлер шайкеш эмес) учурда төлөмдү идентификациялоо үчүн ал төлөм АСда сакталат жана "аныкталбаган түшүү" катары классификацияланат.
97. АС аныкталбаган төлөмдөрдүн санын азайтуу үчүн Улуттук банктык маалыматтык төлөм системасы менен төлөм документтерин толук форматта алмашат.
98. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү ЭБКда иштетүүдө аныкталбаган төлөмдөрдү эсепке алат жана алардын таандыктыгын аныктап, реквизиттери (кирешелердин бюджеттик классификациясынын коду, администрациялык-аймактык бирдиктин коду, СИН ж.б.) аныкталбаган төлөмдөрдүн кимге таандык экенин аныктоого суроо-талапты түзөт.
99. Аныкталбаган төлөмдөрдүн таандыктыгы аныкталганда АС тийиштүү билдирүү алынган күндөгү кирешелердин тийиштүү классификация коду боюнча чагылдыруу менен андай төлөмдөрдүн таандыктыгын каттайт.
Аймактык бөлүмдөр аныкталбаган төлөмдөрдүн таандыктыгын аныктоо жөнүндө билдирүүлөрдү (алынган билдирүүнүн номерин жана датасын) АСка катташат, бул жол-жобону ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызматкери ЭТД негизинде жана ЭЦП пайдалануу менен аткарат.
Белгилери жок төлөмдөрдү аныктоо жол-жоболорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЭТД негизинде жана ЭЦП пайдалануу менен аткарат.
100. Аныкталбаган төлөмдөрдүн таандыктыгы аныкталганы жөнүндө билдирүү алынган учурда АС документтин бардык зарыл болгон жерлеринин туура жана так толтурулганын (анын ичинде кирешелерди классификациялоонун коддорун жана администрациялык-аймактык бирдиктин коддорун) текшерет. Мында аныкталган төлөм автоматташтырылган режимде катталат жана бюджеттин ресурстарынын администраторунун тийиштүү өздүк эсебинде төлөмдүн таандыктыгы аныкталганы жөнүндө билдирүү жазылат.
101. Зарыл болсо төлөмдөрдүн таандыктыгын аныктоо үчүн түзүлгөн суроо-талаптар басып чыгарылат, ошондой эле жиберилген суроо-талаптар жана келген жооптор жөнүндө отчет түзүлөт.
102. Төлөмдөр БКЭке жаңылыш чегерилгенде аларды кайтарып берүү төлөөчүнүн төлөм документинде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде ишке ашырылат.
103. Төлөмдүн багыты жана таандыктыгы аныкталгандан кийин түшкөн төлөмдөр кирешелердин классификациясынын тиешелүү элементи, активдери жана милдеттенмелери бар операциялардын классификациясы боюнча, төлөмдүн такталган жана түрү аныкталган датасы боюнча эсепке алынат.
104. "Аныкталбаган түшүүлөр" эсебине түшкөн төлөмдөр жана кирешенин түрүнө таандыктыгы аныкталбаган түшүүлөр алар чегерилген күндөн тартып 2 (эки) ай бою "аныкталбаган түшүүлөр" катары эсептелет, ал эми өтүп жаткан жылдын декабрында келип түшкөн төлөмдөр ошол жылдын 30-декабрына чейин эсепке алынат. Бул мөөнөттөр аяктагандан кийин бул суммалар АС автоматтык түрдө республикалык бюджеттин кирешесине чегерилет жана 14511200 "Башка салыктык эмес түшүүлөр" классификациясынын элементи боюнча эсепке алынат.
105. АСдагы "Аныкталбаган түшүүлөр" эсеби ар бир аныкталбаган төлөм боюнча өзүнчө, банктын көчүрмөсү боюнча төлөмдүн чегерилген датасын, төлөм документинин номерин жана датасын, документтин аныкталбаган төлөмдөргө таандык кылынышынын себептери жана төлөмдү аныктоо үчүн чараларды көрүү боюнча билдирүүнүн реквизиттерин көрсөтүү менен түзүлөт.
106. Классификацияланган түшүүлөрдүн АСда түзүлгөн реестри түшүүлөрдүн ар бир администратору боюнча өзүнчө, жалпысынан же анын ар бир аймактык органы боюнча түзүлөт.
107. Классификацияланган түшүүлөрдүн реестрин түзүүдө АС автоматтык түрдө түшкөн төлөмдөрдү иштетүүнүн төмөндөгү жол-жоболорун аткарат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чегерүүлөрдүн ченемдерине ылайык жалпы мамлекеттик салыктарды республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн бөлүштүрүүнү;
- ар бир салык төлөөчү боюнча түшкөн салыктарды эсепке алууну жана ашык төлөнгөн суммалар же учурдагы салыктык милдеттенмелердин ордуна карыздар жөнүндө эсептөөлөрдү;
- аныкталбаган түшүүлөрдү иштеп чыгууну;
- тиешелүү деңгээлдеги бюджеттерге (бир бюджеттен экинчи бюджетке) берилүүчү суммаларды аныктоону.
108. БКЭге түшкөн кирешелер АСга ар кандай деңгээлдеги бюджеттердин ортосунда Кыргыз Республикасынын салыктык жана бюджеттик мыйзамдарына ылайык тиешелүү финансылык жылга белгиленген жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн, ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөө негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан чегерүүлөрдүн ченемдери (пайыздар менен) боюнча бөлүштүрүлөт, ал эми жергиликтүү салыктар жана жыйымдар жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү финансылык жылга карата жергиликтүү бюджеттер жөнүндө ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
109. Кирешелерди бюджеттердин ар кандай деңгээлдеринин ортосунда бөлүштүрүү жалпысынан келип түшкөн кирешенин (кирешелерди классификациялоо элементи) суммасы боюнча белгиленген чегерүүлөрдүн ченемдери боюнча жүргүзүлөт.
110. Түшкөн кирешелерди АСда бөлүштүрүүдө төмөндөгү операциялар жүргүзүлөт:
- бир күндө келип түшкөн кирешелерди түрлөрү - кирешелердин классификациясынын элементтери боюнча бөлүштүрүү;
- кирешелерди түрлөрү боюнча аныктоо жана топтоштуруу - Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджетине которулууга тийиш болгон кирешелердин суммасынын кирешелерди классификациялоо элементтери боюнча аныктоо;
- активдер жана милдеттенмелер менен жүргүзүлгөн операциялардан которулган кирешелердин жана каражаттардын ашык төлөнгөн/ашык кармалган суммаларын төлөөчүлөргө кайтарып берүү.
111. Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарынын активдерден жана милдеттенмелерден түшкөн кирешелердин жана каражаттардан ашыкча төлөнгөн/кармалган суммаларын төлөөчүгө кайтарып берүү боюнча корутундулары бюджеттердин киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша орундалат.
112. Ар кандай деңгээлдердеги бюджеттердин ортосундагы кайра эсептөөлөр боюнча операциялар жана кирешелерди ар кандай деңгээлдердеги бюджеттерге которуу АСда учурдагы бир күндүк түшүүлөрдүн чектеринде аткарылат. Ошол күндүн кирешелери жетишсиз болсо кирешелерди кайра бөлүштүрүү жарым-жартылай аткарылат, кирешелерди кайра бөлүштүрүү боюнча аткарылбай калган бөлүк кийинки күнү аткарылат.
113. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында башкача белгиленбесе, учурдагы финансылык жылдын акырына карата Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасында бюджеттердин ортосундагы аткарылбай калган кайра эсептешүүлөр кийинки финансылык жылда жүргүзүлбөйт.
114. Өтүп жаткан финансылык жылда бирдиктүү казыналык эсепке түшкөн кирешелер жана башка түшүүлөр каражаттар аталган эсепке чегерилген учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен белгиленген ченемдер боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. Бюджеттердин деңгээлдери боюнча чегерүүлөрдүн ченемдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген учурда бюджеттердин ортосундагы кайра эсептешүү учурдагы жылдын башынан тартып жүзөгө ашырылат.
115. Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдары тарабынан администрацияланбоочу кирешелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча бөлүштүрүлөт жана кирешелердин классификациясынын тиешелүү элементтери боюнча эсепке алынат.
Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдары тарабынан администрацияланбоочу кирешелерди кайтаруу жеке же юридикалык жакка кызмат көрсөткөн органдардын кирешелерди кайтарууга табыштамаларды АС түзүүчү тиешелүү аймактык органдарга берилген каттарынын негизинде, ал табыштаманы АС аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү менен ишке ашырылат.
116. Ар кандай деңгээлдеги бюджеттердин кирешелерин эсепке алуу АСда автоматтык түрдө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу боюнча эсепти жана отчетту жүргүзүү боюнча казыналык жол-жоболорго ылайык ишке ашырылат.
117. АС күн сайын төлөмдүн ар бир түрүндөгү кирешелерди бюджеттердин тиешелүү деңгээлдери боюнча, бюджеттин ресурстарынын администраторлору боюнча бөлүштүрүүнүн реестрин түзөт.
118. Кирешелерди бөлүштүрүүнүн реестри түзүлүп бүткөндө кирешелерди бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун өздүк эсептерине классификациянын элементтеринин тийиштүү коддору боюнча бөлүштүрүүнүн натыйжасына негизделип, АСда автоматташтырылган бухгалтердик проводкалар жүргүзүлөт.
119. Төлөм документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтын негизинде АС күн сайын Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын ар түрдүү деңгээлдериндеги бюджеттерге кирешелердин жана түшүүлөрдүн түрлөрү боюнча түшкөн кирешелердин реестрин түзөт.
120. Түзүлгөн реестрлерге жазуулар АСда автоматтык түрдө ар бир операция боюнча банктык электрондук көчүрмөнүн ЭБК негизинде төлөм тапшырмасынын реквизитин көрсөтүү менен киргизилет.
121. Корутундуларды аткаруу боюнча эсептик жазуулар АСга документтин катталган номерин, ашыкча төлөө келип чыккан жана кайтарылуучу кирешенин элементин (салыктын суммасы белгиси менен коюлат), жана кирешени чегерүү жүргүзүлө турган элементин (салыктын суммасы "+" белгиси менен коюлат) көрсөтүү менен автоматтык түрдө киргизилет.
122. Корутундулар боюнча реестрде бюджеттин ар бир деңгээлине күн сайын түшкөн кирешелерге жараша бюджеттердин ар кайсы деңгээлдерине кайтарылууга (чегерилүүгө) тийиш болгон кирешелердин суммасы чагылдырылат.
Ар кандай деңгээлдеги бюджеттерден кайтарылууга (эсепке алынууга) тийиш болгон суммалар салык органынын төлөмдү кайтаруу (эсепке алуу) жөнүндө ар бир корутундусу боюнча чагылдырылат.
123. АСда түзүлгөн жогоруда аталган реестрлер кирешелердин классификациясына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына жараша бюджеттердин түрлөрү боюнча жыйынтыктоочу суммаларды көрсөтүү менен чагылдырылат.
124. Реестрлерде ар кандай деңгээлдеги бюджеттерге түшүүлөрдүн түрлөрү боюнча кирешелер (бюджеттер, кирешелердин классификациясына ылайык кирешелердин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү менен), бюджеттин ар бир түрү боюнча жалпы жыйынтыктоочу сумманы жана реестр боюнча түшүүлөрдүн жалпы жыйынтыктоочу суммасын көрсөтүү менен чагылдырылат.
Жогоруда аталган реестрлерди алардын түшүшүнүн булактары боюнча түзүүнүн жыйынтыгында (төлөм тапшырмалары, корутундулар, банктын көчүрмөсү) ошол күн үчүн жыйынтыктоочу реестр түзүлөт.
125. Бюджеттердин деңгээлдери боюнча кирешелерди чегерүүнүн суммасы жыйынды реестрде кирешелер чегерилүүчү тиешелүү бюджеттин "Сумма" деген графасында чагылдырылат. Бардык реестрлердин маалыматтарын эске алуу менен кирешенин ар бир түрү жана бюджеттин деңгээли боюнча "Жыйынтыгында түшкөн" сумма чыгарылат.
126. Ошол күндүн жыйынды реестрине жараша реестрлер боюнча бардык түшүүлөр такталгандан кийин, түшкөн кирешелер жөнүндө маалымат (түшүүлөрдүн реестрлери жана тиешелүү электрондук төлөм документтери) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан АС аркылуу бюджеттин ресурстарынын администраторунун аймактык бөлүмүнө берилет.
127. Түшүүлөрдүн алынган реестрлерине жана ЭТДга аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары электрондук кол тамганы пайдаланып кол коюшат жана АС аркылуу бюджеттин ресурстарынын администраторунун тиешелүү аймактык органына берилет.
128. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күн сайын бюджеттин ресурстарынын администраторлоруна жана тийиштүү түзүмдүк бөлүктөргө АСта түзүлгөн кирешелерди бөлүштүрүүнүн бюджеттин ар бир түрү жана жалпысынан консолидацияланган бюджет боюнча жыйынды реестрлерин веб-сервер аркылуу берет.
129. Ар кандай деңгээлдеги бюджеттердин активдери жана милдеттенмелери менен жүргүзүлгөн операциялардан келип түшкөн кирешелерди эсепке алуу ушундай эле тартипте ишке ашырылат.
130. Мурда АСда активдер жана милдеттенмелер менен жүргүзүлгөн операциялардан түшкөн кирешелер катары катталган жана эсепке алынган каражаттарды кайтарып берүү бюджеттин ресурстарынын тиешелүү администраторунун же каражаттарды чегерген төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.
131. АС өзүндө сакталган маалыматтардын негизинде ошол күнү БКЭде жүргүзүлгөн операцияларды эсепке алуу жана чагылдыруу үчүн өздүк эсепти автоматтык түрдө идентификациялайт.
132. Кассалык чыгымга табыштамаларды иш жүзүндө аткаруу электрондук банктык көчүрмөнүн дебет бөлүгүндө чагылдырылган ЭТДде аткарылган маалыматтарды жыйынтыктаган жазуудан кийин ишке ашырылат.
9. Бирдиктүү казыналык эсеп боюнча банктык көчүрмөнү иштеп чыгуунун тартиби
133. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын банк аралык төлөм системасынын иш регламентинде белгиленгенге ылайык байланыш каналдары аркылуу ар күнкү негизде Улуттук банктан БКЭ боюнча электрондук банктык көчүрмөлөрдү алат.
134. Ар күнкү электрондук банктык көчүрмөнү ЭТД алуу Улуттук банктын маалыматтык системасы менен байланышкан тиешелүү интерфейсти пайдалануу менен (банк системасындагы кардардык орун аркылуу) Улуттук банктан төмөндөгү маалыматтарды кабыл алууну камсыздоочу АСты пайдалануу менен ишке ашырылат:
- кызматтык документтер (каттар, конвертацияга билдирмелер, келишимдер жана башка документтер);
- валюталардын расмий курсу;
- коммерциялык банктардын, финансылык-кредиттик мекемелердин жана уюмдардын маалымдамасы.
135. Улуттук банктын интерфейси аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
- бюджеттик мекемелердин кассалык чыгымдоолорун жүзөгө ашыруу үчүн төлөм документтери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төлөмдөрү боюнча каражаттарды которуу үчүн төлөм документтери;
- электрондук төлөм документтеринин форматтарын, төлөм документтерин алмашуунун электрондук системасын, программалык-криптографиялык коргоонун системасын жана ЭСК пайдалануу тууралуу Улуттук банк менен түзүлгөн келишимге ылайык кызматтык документтерди.
136. Улуттук банктан жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан маалыматтарды АСга берүү-алуу төлөмдөрдү көп рейстүү иштеп чыгууну пайдалануу менен бүткүл операциялык күндүн ичинде ишке ашырылат.
137. АСда корутундуну электрондук банктык көчүрмөнү алууда (каттоодо) киргизилген маалыматтын тууралыгы текшерилет:
- көчүрмөлөрдүн же кайра каттоонун каралбай өтүп кетишин болтурбоо үчүн электрондук банктык көчүрмөнүн номерин контролдоо;
- электрондук банктык көчүрмө боюнча кириштелген калдыктын жана Башкы китептеги маалыматтардын ылайык келишин контролдоо;
- кириш калдыкты жана бирдиктүү казыналык эсеп боюнча жүргүзүлгөн операцияларды эске алуу менен банктык көчүрмө боюнча акыркы калдыктын тууралыгын контролдоо;
- банктык көчүрмөнүн милдеттүү талааларынын болушун контролдоо жана жүргүзүлгөн операцияларга жол берилишин контролдоо.
138. Ушулар менен катар АС Башкы китепте бирдиктүү казыналык эсеп боюнча электрондук банктык көчүрмөнүн жана электрондук төлөм документтеринин негизинде жүргүзүлгөн тийиштүү проводкаларды (өткөрүүлөрдү) чагылдыруу үчүн автоматтык идентификациялоону ишке ашырат.
139. АС электрондук банктык көчүрмөнү иштеп чыгуунун жыйынтыктарын Улуттук банкка берилген жана аткарылган электрондук төлөм документтери менен, ошондой эле Улуттук банктан келген электрондук төлөм документтери менен салыштырат. Салыштыруу АСда ар бир ЭТД боюнча АСда текшерүү үчүн жөндөлгөн параметрлердин тизмесине ылайык жүргүзүлөт.
140. Төлөмдөрдү көп рейстүү иштеп чыгуу процессинде ката табылса АСда автоматтык түрдө катанын баяндамасы жазылган контролдоо протоколу түзүлөт.
141. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган АСда жазылган контролдоо протоколунун негизинде банктык көчүрмөлөрдө табылган каталар жөнүндө Улуттук банкка маалымдайт.
Электрондук убактылуу банктык көчүрмөлөрдүн маалыматтары Улуттук банк тарабынан оңдолгондон кийин АСда андан кийинки убактылуу электрондук банктык көчүрмөнү иштеп чыгуу жол-жобосу аткарылат.
Убактылуу электрондук банктык көчүрмөлөрдү иштетүү процесси ошол операциялык күн аяктаганга чейин жана корутунду электрондук банктык жазма жасалганга чейин көптөгөн жолу кайталанат.
142. АСда зарыл учурда аларды кароо жана басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен жүктөлгөн корутунду электрондук банктык көчүрмөлөрдү ЭБК жана төлөм документтерди сактоо боюнча маалыматтык база түзүлөт.
143. АСда электрондук банктык көчүрмөлөрдү иштетүү процесси электрондук банктык көчүрмөлөрдү жана төлөм документтерин бирдиктүү казыналык эсеп боюнча иштеп чыгуунун натыйжасында катталган операциялардын мүмкүндүгүн контролдоо жол-жобосун камтыйт, алардын жыйынтыгында АСда катталган, тийиштүү өздүк эсеп боюнча жол берилбөөчү операцияларды контролдоо протоколу түзүлөт.
144. Электрондук банктык көчүрмөнү жана ЭТД контролдоонун натыйжасы оң болсо АС анда иштетилген электрондук банктык көчүрмөлөрдүн жана төлөм документтеринин негизинде классификацияланган түшүүлөр жөнүндө маалыматтарды автоматтык түрдө сактайт, аларды бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун аймактык органдарынын, бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн, бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөрдүн жана алуучулардын өздүк эсептеринде автоматтык түрдө чагылдырат, жана Башкы китепте чагылдыруу менен бухгалтердик проводканы түзөт.
Электрондук документтер (кассалык чыгымдоо табыштамасы, төлөм тапшырыгы, КОТ, КИТ, казыналык өздүк эсептен банктык көчүрмө) кагазга чыгарылганда зарыл болсо ыйгарым укуктуу кызматкердин колу коюлат жана аймактык бөлүмдүн мөөрү басылат.
10. Маалыматтык информацияны жүргүзүүнүн тартиби
145. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АСда маалыматтык информацияны жүргүзүшүнүн негизги максаты бюджеттик процесстин катышуучуларын бирдей, толук жана туура маалыматтык информация менен камсыздоо болуп саналат жана төмөндөгү жол-жоболорду камтыйт:
- белгилүү бир предметтик тармак боюнча классификацияланган информация камтылган маалымдамаларды түзүү жана сактоо;
- маалымдамаларды редакциялоо;
- маалымдамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тарыхын жазуу;
- маалыматтык информациянын абалы жөнүндө отчетту түзүү.
146. Маалымдамаларда камтылган информация бюджеттик процесстин бардык катышуучулары тарабынан бирдей пайдаланылат жана тийиштүү предметтик тармактагы учурдагы өзгөртүүлөрдү оперативдүү чагылдырат.
147. АС төмөндөгү маалымдамаларды борборлоштуруп түзүүнү ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясынын коддорунун маалымдамасы;
- бюджеттик мекемелердин маалымдамасы;
- бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун маалымдамасы;
- аймактык бөлүмдөрдүн маалымдамасы;
- коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин маалымдамасы;
- продукцияны берүүчүлөрдүн маалымдамасы;
- административдик-аймактык бирдиктердин маалымдамасы;
- чегерүүлөрдүн ченемдеринин маалымдамасы;
- валюталардын расмий курсунун маалымдамасы;
- бюджеттин түрлөрүнүн маалымдамасы;
- бюджеттик программалардын маалымдамасы;
- каржылоо булактарынын маалымдамасы.
148. Маалыматтык информация негизги жана көмөкчү болуп бөлүнөт:
1) негизги маалыматтык информация - бюджеттик процесстин катышуучулары тууралуу маалымат, аны ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт жана жаңылап турат;
2) көмөкчү маалыматтык информация - Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин кассалык аткаруу процессинде Казыналык системасында тийиштүү иш-аракеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча информация, ал бюджеттик процесстин төмөндөгү катышуучулары тарабынан ишке аткарылат:
Улуттук банк:
- коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин маалымдамасы;
- валюталардын расмий курсунун маалымдамасы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борбору:
- "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдик объекттеринин белгилөө системасы" (СОАТЕ) мамлекеттик классификаторуна ылайык административдик-аймактык бирдиктердин (ААБ) маалымдамасы;
- Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоо маалымдамасы (ЕГРСЕ).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
- салык төлөөчүлөрдүн маалымдамасы.
149. Маалымдамалардагы информация бюджеттик процесстин бардык катышуучуларына күн сайын пайдалануу үчүн реалдуу убакыт режиминде ачык болушу керек.
150. Маалымдамаларды жүргүзүү коддорду жана маалымдамалардын аталышын оперативдүү колдонуунун негизинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат.
Ар бир маалымдамадагы ар бир жазуу уникалдуу, бирок ошол маалымдамадагы башка жазуулардын реквизиттерине же башка маалымдаманын жазууларынын реквизиттерине окшош реквизити болушу мүмкүн.
Мында бардык булактарда реквизиттердин курамы, өлчөмдөрү жана маанилик мазмуну бирдей жана маалымдамадагы жазуулардын бирине оңдоолорду киргизүү башка жазууларга жана ушундай реквизиттери бар башка маалымдамаларга да ошондой өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат.
151. АСда маалымдамаларга жазууларды кошууда же редакциялоодо киргизилген, башка жазууларга жана маалымдамаларга шилтеме болуучу маалыматтардын же киргизилген коддордун тууралыгы текшерилет.
152. АС маалымдамалардагы маалыматтарды тышкы системаларга берет жана тышкы системалардан маалыматтарды ушул маалымдамаларга киргизет. Башка тышкы системалардын маалымдамаларындагы маалыматтардагы өзгөртүүлөрдү, анын ичинде маалымдамалардын маалыматтарын жаңылоо үчүн тийиштүү мезгилдеги өзгөртүүлөрдү жүктөө да ушундай эле ишке ашырат.
Маалымдамалардагы маалыматтар өзгөргөндө электрондук маалымат базасындагы маалыматтык жана эсептик маалыматтардын бүтүндүгү контролдонот. Маалыматтардын бүтүндүгүн камсыздоо үчүн АСда кандайдыр-бир катталган операцияларга же башка маалымдамаларга шилтемелери бар маалымдамалардагы жазууларды алып салууга тыюу салынган.
153. АСда башка маалыматтык-коммуникациялык системалардан жүктөлгөн маалыматтардын, маалымдамалардагы маалыматтарды өзгөртүүнүн башка ыкмаларына, анын ичинде кол менен өзгөртүү методуна жол берилбестен өзүнчө маалымдамалар жүргүзүлөт.
154. Маалымдамалардан керектүү жазууну издөө АСда издөөдөгү жардамдын төмөнкүдөй варианттары менен ишке ашырылат:
- жазуунун коду (IР-дареги) боюнча издөө;
- жазуунун аталышы же аталыштын бөлүгү боюнча издөө;
- жазуунун бир же бир нече реквизиттеринин мааниси же маанинин бөлүгү боюнча издөө;
- маалымдамадагы бардык жазууларды толук кароо.
155. Зарыл болсо маалыматтык информация толугу менен же маалымдамадагы же бир нече талаалардын маанилери боюнча жазууларды тандоо менен басып чыгарылат.
156. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасындагы бюджеттерди кассалык аткаруу операцияларын чагылдыруу боюнча каттоого алынуучу проводкаларда пайдалануу үчүн маалымдамалардан жазууларды тандоодо АСда проводканын датасынын жана маалымдамаларда көрсөтүлгөн жазуулардын активдүүлүк мөөнөтүнүн шайкештиги контролдонот.
157. Маалымдамалардагы кайчылаш пайдаланылуучу бардык реквизиттер тиби жана өлчөмү боюнча Кыргыз Республикасынын классификаторлорунда жана АСда колдонулуучу башка тышкы классификаторлордо белгиленген тийиштүү реквизиттерге ылайык келүүгө тийиш.
158. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маалымдамаларды түзүүнүн жана жүргүзүүнүн төмөнкүдөй тартибин камсыздайт:
1) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясынын коддорунун маалымдамасы коддордон жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясынын коддорунун аталышынан турган алты маалымдаманы билдирет жана төмөнкүлөрдүн структурасын, учурдагы абалын чагылдырат:
- ведомстволук классификациянын;
- функциялык классификациянын;
- кирешелердин классификациясынын;
- чыгымдардын экономикалык классификациясынын;
- активдер жана милдеттенмелер менен болгон операциялардын классификациясынын;
- программалык классификациянын.
АС төмөнкүдөй өзгөрүүлөрдү контролдойт:
- реквизиттердин маанилеринин жол берилишин контролдоо;
- кайталанма жазуулардын жоктугун;
- нөлдүк эмес жүгүртүүлөрдүн жоктугу жана алып салынган жазуулар боюнча сальдо;
2) бюджеттик мекемелердин маалымдамасы - бюджеттик мекемелердин ыйгарылган электрондук коддору (IР даректери) жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү боюнча, бюджеттин түрлөрү боюнча, бюджеттик мекемелерди тейлөөчү аймактык бөлүмдөрү боюнча мекемелердин эсепке алуучу жана отчеттук маалыматын топтоого мүмкүндүк берген реквизиттери менен бюджеттик мекемелердин аталыштарынын жазуусунун тизмеси.
Маалымдаманын ар бир жазуусу өзүнчө юридикалык жакты мүнөздөйт жана жогоруда саналгандардан тышкары төмөнкүдөй реквизиттерге ээ: ИСН коду, ОКПО коду, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каттоо коду.
3) бюджет ресурстарынын администраторлорунун маалымдамасы бюджет ресурстарынын администраторлорунун жана алардын аймактык органдарынын ведомстволук тармагынын иерархиялык структурасын билдирет жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруунун алкагында талап кылынуучу маалыматты берүү максатында бюджеттин ресурстарын башкарган аймактык органдын бюджет ресурстарынын тийиштүү администраторуна таандыктыгын аныктоо үчүн пайдаланылат.
Жазууларды алып салууда контролдун төмөнкүдөй түрлөрү ишке ашырылат:
- бюджеттик мекеменин бардык өздүк эсептери өткөн финансылык жылда жабылууга тийиш;
- бюджеттик мекеменин өздүк эсептеринде учурдагы финансылык жылда эч кандай операциялар чагылдырылбайт.
АС өздүк эсептердин иштешин башкарат жана контролдоонун терс жыйынтыгында жазуулар өчүрүлбөйт. Текшерүүнүн оң жыйынтыгында АС каттоого алат жана өзгөртүүлөрдү киргизет, ага ылайык киргизилген өзгөртүүлөрдүн тарыхын каттайт;
4) аймактык бөлүмдөрдүн маалымдамасы аймактык бөлүмдөрдүн коддорун, реквизиттерин жана аталыштарын камтыйт, алардын түзүмүн жана аймактык орун алган жерин чагылдырат. Алардын уюштуруучу түзүмүнүн учурдагы абалын объективдүү чагылдыруу үчүн зарыл;
5) коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин маалымдамасы Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин тизмесин жана реквизиттерин камтыйт, алардын учурдагы абалын чагылдырат жана АСда түзүлүүчү төлөм документтеринде көрсөтүлүүчү алуучулардын банктык реквизиттеринин тууралыгын контролдоо үчүн пайдаланылат.
Өзгөртүүлөрдү жүктөө Улуттук банктын системасы менен интерфейсти пайдалануу аркылуу аткарылат.
6) продукцияларды берүүчүлөрдүн маалымдамасы товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн негизги маалыматтарын жана банктык реквизиттерин камтыйт жана төлөм документтерин даярдоодо, ошондой эле бюджеттик милдеттенмелерди каттоо жол-жобосун жеңилдетүү үчүн пайдаланылат.
Сатылуучу продукциялардын түрүнө жараша бир түрдөгү продукцияны чыгаруу же берүү боюнча берүүчүлөрдүн бирикмелери топторго бөлүнөт;
7) административдик-аймактык бирдиктердин маалымдамасы Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдигинин негизги маалыматтарын жана реквизиттерин камтыйт, алардын түзүмүн жана актуалдуу абалын чагылдырат жана андан ары бюджетти аныктоо максатында салык же жыйым төлөнгөн, анын пайдасына жалпы мамлекеттик кирешелер бөлүштүрүлгөн аймактын кодун аныктоо үчүн пайдаланылат.
Маалымдаманы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы эсептөө борбору жүргүзөт жана АСдагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүктөйт.
8) чегерүүлөрдүн ченемдеринин маалымдамасы Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерди аткаруусунун алкагында бюджеттердин ар кандай деңгээлдеринин ортосунда аларды бөлүштүрүү үчүн республикалык жана жергиликтүү салыктардын чегерүүлөрүнүн ченемдеринин тизмесин камтыйт. Кыргыз
Республикасынын Бюджеттик классификациясынын кирешелери боюнча операциялардын маалымдамалары менен байланыштуу.
Маалымдама ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт жана түзүлөт;
9) валюталардын расмий курстарынын маалымдамасы улуттук валютага карата чет өлкөлүк валюталардын расмий курстары жөнүндө маалыматты камтыйт жана бюджеттик мекемелердин милдеттенмелерин контролдоо жана эсебин алуу процесстерин аткаруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруунун алкагында төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн зарыл.
АСда маалымдаманын маалыматтарын жүктөө Улуттук банктын системасы аркылуу интерфейсти пайдалануу менен ишке ашырылат жана курстун ар бир тиби үчүн иш-аракеттин датасын көрсөтүү менен чет өлкөлүк валюталардын курстарынын ар кандай типтери жөнүндө маалыматты камтыйт;
10) бюджеттин түрлөрүнүн маалымдамасы Кыргыз Республикасынын бюджеттеринин коддорун жана аталыштарын камтыйт жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик түзүмүнүн учурдагы абалын чагылдыруу үчүн зарыл, Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасындагы бюджеттерди аткаруунун алкагында төлөм документтерин даярдоодо төлөмдөрдүн жана түшүүлөрдүн даректелишин ишке ашыруу үчүн колдонулат.
11) бюджеттик программалардын маалымдамасы өздөрүнүн милдеттенмелеринин алкагында функцияларды аткаруучу же кызмат көрсөтүүчү ведомстволордун ишин байланыштыруу аркылуу бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган мамлекеттик программалардын коддорун камтыйт. Чыгымдалган ресурстарды максималдуу камтуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жана максаттардын тиби боюнча чыгымдарды бөлүштүрүүнүн негизинде, программалык долбоорго кошулган ведомстволордун бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча программаларды тандоону чагылдыруу үчүн зарыл;
12) каржылоо булактарынын маалымдамасы Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин каражаттары бөлүштүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруу процессинде акча каражаттарынын агымдары эске алынуучу каржылоо булактарынын коддордун жана аталышын камтыйт.
Маалымдаманын коддору Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруунун алкагында төлөм документтерин даярдоодо төлөмдөрдү жана түшүүлөрдү даректөө үчүн пайдаланылат.
11. "Бюджеттик каражаттарды алуучунун" төлөм картасын ачуунун/жабуунун жана пайдалануунун тартиби
159. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БКА картасын ачуунун/жабуунун жана пайдалануунун тартибин камсыздайт, ошондой эле БКА картасын берүү боюнча бюджеттик мекемелерди аныктайт жана улуттук төлөм системасына төлөм карталарын чыгарууга табыштама жөнөтөт.
160. БКА картасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жеке менчиги болуп саналат, ал бюджеттик мекеменин атына берилет жана бюджеттик мекемеге пайдаланууга берилет.
161. БКА картасын ачуу максатында аймактык бөлүмдөр бюджеттик мекеменин арызынын кагаз вариантынын негизинде электрондук анкетаны толтурушат жана АСда каттоону аяктоо үчүн төмөнкүдөй документтердин сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн "тиркешет":
- бюджеттик мекеменин анкета-арызы;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
162. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мекеменин аталышын транслитерлөө процессин, накталай акча каражаттары боюнча жеке эсептин маалымат базасында генерирлөөнү ишке ашырат.
163. Бюджеттик мекемелер БКА картасында накталай акча каражаттарын башкаруу үчүн ыйгарым укуктууну (жооптуу адамды) - картаны кармоочуну буйрук менен дайындашат, ага БКА картасы пайдаланууга берилет жана картаны кармоочунун жеке маалыматтарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүшөт.
164. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БКАнын жекелештирилген картасын жана ПИН-конвертти бюджеттик мекемелердин ыйгарым укуктуу (жооптуу) адамдарына андан ары өткөрүп берүү үчүн аймактык бөлүмдөргө өткөрүп берет.
165. БКА картасы боюнча кассалык чыгымдарга табыштама АСдагы аймактык бөлүм тарабынан түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
166. Картаны кармоочу банктын кассирине ишеним катты жана паспортун көрсөтүү менен терминал аркылуу банк-эквайерде акча каражаттарын алат. БКА картасын пайдалануу менен накталай акча каражаттарын берүүнү ырастоочу документ болуп карта кармоочу тарабынан алынган чек-карта эсептелет.
167. БКА картасын кармоочуларга накталай акча каражаттары Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана берилет.
168. Бюджеттик мекемелердин накталай каражаттары боюнча эсептерин жабуу төмөнкүдөй учурда жүргүзүлөт:
1) бюджеттик мекеме жоюлганда;
2) бюджеттик мекеме кайра уюшулганда.
169. АСда өздүк эсептерди жабуу боюнча процессти жүргүзгөндөн кийин бюджеттик мекеме ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга БКА картасын кайтарып берет.
12. Республикалык бюджеттин ресурстарын эсепке алуунун жана пайдалануунун тартиби
170. Республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгү БКЭ түшүүчү ресурстардын эсебинен түзүлөт.
171. Республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүн түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджеттин кирешелери, анын ичинде салыктык кирешелер, трансферттер жана салыктык эмес кирешелер;
- финансылык эмес активдер боюнча операциялардан, анын ичинде негизги фонддорду, запастарды, баалуулуктарды, башка өндүрүштүк эмес активдерди сатуудан түшүүлөр;
- ички жана тышкы финансылык активдер боюнча операциялардан, анын ичинде баалуу кагаздарды, акцияларды жана капиталга катышуунун башка формаларын (анын ичинде мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн) сатуудан; кредиттерди, ссудаларды жана зайымдарды, ошондой эле башка кредиттик карыздарды жоюудан түшүүлөр;
- ички жана тышкы милдеттенмелер боюнча операциялардан, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан жана жайгаштыруудан; ички жана тышкы карыз алуулардан; башка кредитордук карыздарды таануудан түшүүлөр;
- жылдын башталышына бюджеттик каражаттардын калдыгы;
- коммерциялык банктардагы депозиттик эсептерде бош бюджеттик каражаттарды убактылуу жайгаштыруудан түшкөн кирешелер.
172. Республикалык бюджеттин түз кирешелери төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) эл аралык донорлордон алынган тышкы гранттардын;
2) салыктык эмес түшүүлөр: Улуттук банктын пайдасы, берилген бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин пайызы, административдик айыптар, лицензия берүү акысы, башка салыктык эмес кирешелер, мамлекеттин пайдасына чегерилген киреше, курстук пайда;
3) активдер жана милдеттенмелер: берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча негизги сумма, баалуу кагаздар, тышкы кредиттер, мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттар.
173. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджетке түз кирешелердин түшүүлөрүн эсепке алуу үчүн АСда "Республикалык бюджеттин түз кирешелери" КЭК түзөт.
174. Республикалык бюджеттин ресурстарынын түшүүлөрүн эсепке алуу боюнча жазуулар жана аларды республикалык бюджеттин чыгымдары боюнча милдеттенмелерди каржылоо максатында кийин пайдалануу "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭКинде төмөнкүдөй ишке ашырылат:
1) "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КСК кредити боюнча, республикалык бюджеттин ресурстарынын түшүүлөрү чагылдырылат, анын ичинде:
- "Борбордук казыналык - аймактык бөлүм" которуу эсеби боюнча алынган республикалык бюджеттин кирешелери, БКЭ чегерилген түз кирешелер; мурда берилген ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча эсептелген пайыздар; өткөн жылдардын бюджеттик каражаттарын кайрып берүү; трансферттер жана башкалар;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан түшүүлөр;
- ички жана тышкы карыздар;
- акцияларды сатуудан жана капиталга катышуунун башка түрлөрүнөн түшүүлөр;
- башка финансылык жана финансылык эмес активдер менен болгон операциялардан, ошондой эле башка милдеттенмелерди кабыл алуу боюнча операциялардан; мисалы, баалуу кагаздарды сатуудан, товардык-материалдык запастарды брондон чыгаруудан, жабдууларды, имараттарды жана курулмаларды, квартираларды, транспорттук каражаттарды ж.б.у.с. иштетүүдөн жана сатуудан түшүүлөр;
- мамлекеттик бюджеттин башка деңгээлдеринде ссудаларды жоюунун натыйжасында түшүүчү ресурстар, ошондой эле ишканалардын, финансылык мекемелердин жана калктын ссуданы жоюусунан;
- коммерциялык банктардын депозиттик эсептерине убактылуу бош бюджеттик каражаттарды жайгаштыруудан пайыздар;
2) "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" БКЭ дебети боюнча төмөнкүдөй операциялар чагылдырылат:
- негизги сумманы жана мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөө, негизги сумманы жана мамлекеттик тышкы карыз боюнча пайыздарды, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы милдеттенмелерди төлөө, эл аралык уюмдарга үлүштүк жана мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө боюнча чыгымдар менен байланышкан түз операцияларды каржылоо, индексацияланган суммалар, кредиттерди, ссудаларды жана зайымдарды (ишканаларга жана уюмдарга бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди берүү) чыгаруу боюнча калкка болгон карыздарды жоюу, финансылык жана финансылык эмес активдерди сатып алуу, башка учурдагы чыгымдар жана бюджеттин башка төлөмдөрү;
- КАТ аркылуу которулган ресурстар, анын ичинде аймактык бөлүмдүн деңгээлинде тейленүүчү башкы тескөөчүлөрдү, бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөрдү жана алуучуларды каржылоо боюнча; мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттарды которуу боюнча; мамлекеттик башкаруунун башка деңгээлдерине ссудаларды (бюджеттик ссудаларды жана жергиликтүү бюджеттерге кредиттерди берүү) чыгаруу боюнча.
175. Чет өлкөлүк валютада БКЭге түшкөн ресурстар республикалык бюджеттин ("Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК) ресурстук бөлүгүнө алар түшкөн күнү белгиленген Улуттук банктын расмий курсу боюнча улуттук валютадагы АС аркылуу эсепке алынат.
176. Утурлама фонддордун эсептерине түшүүчү каражаттар республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүндө ("Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК) чагылдырылбайт. Утурлама фонддордун эсебинен каражаттарды алуу айрым программалардын талаптарын аткаруу үчүн же мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын жабуу үчүн эл аралык финансылык уюмдардын жана институттардын (донорлордун) макулдугу жана уруксаты менен ишке ашырылат.
177. Бюджеттик мекемелерди жана уюмдарды каржылоого республикалык бюджеттен багытталган бюджеттик каражаттар "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК дебети боюнча чагылдырылат.
178. Операциялык күн же отчеттук ай аяктагандан кийин "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК сальдосу алынган ресурстарга жана каржылоо боюнча жүргүзүлгөн операцияларга жараша "оң" же "терс" мааниге ээ болуусу мүмкүн.
179. "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК дебеттик (терс) сальдо түзүүдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде турган бюджеттик мекемелердин казыналык өздүк эсептеринен кеткен чыгымдар бюджеттик сыяктуу эле атайын каражаттар боюнча да токтотулбайт.
180. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БКЭдеги акча каражаттарынын калдыктарына күн сайын мониторинг жана контроль жүргүзөт, андагы сальдо "оң" мааниге ээ болуусу керек, БКЭде "терс" сальдонун болуусуна жол берилбейт.
181. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин бардык милдеттенмелерин аткаруу боюнча жетиштүү каражаттар менен камсыздоо үчүн бюджеттик мекемелердин киреше жана чыгаша операцияларын контролдойт жана мамлекеттик бийлик органдарынын (мамлекеттик органдардын) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын БКЭде жайгаштырылган бош калдыктарын пайдаланат.
182. Финансылык жыл аяктагандан кийин "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КСК сальдосу "оң" мааниге ээ болууга жана тийиштүү финансылык жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамда белгиленген кассалык накталай жүгүртүү өлчөмдөрүндө сакталууга тийиш.
183. Учурдагы финансылык жылдын 31-декабрына карата финансылык айырмага жол берилбейт.
184. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмү тарабынан тийиштүү финансылык жылдагы сметалык багыттарына киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор учурдагы финансылык жылдын 31-декабрына чейин аяктоого тийиш. Республикалык бюджеттен кошумча ресурстарды алууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү финансылык жылдын бюджетинин алкагында чыгаша бөлүгү боюнча бардык милдеттенмелердин аткарылышын камсыздайт.
185. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин аткарылышына талдоо жүргүзөт жана учурдагы финансылык жылдын аягына чейин анын аткарылышын болжолдойт. Ресурстар жетишсиз жана жыл аягындагы финансылык айырманы жабуу зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган финансылык айырма суммасына жана кассалык накталай жүгүртүүлөргө чыгымдардын корголбогон беренелери боюнча республикалык бюджеттин чыгымдарын каржылоону токтото турууга милдеттүү.
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 1-тиркеме |
Форма
|
| Бюджеттин түрү _________________________________ |
|
| Жылы __________________________________________ |
|
| Ведом. классификация ___________________________ |
|
| Функц. классификация ____________________________ |
№ _______ кассалык чыгымга табыштама
20___-жылдын "___" ____________
Бюджеттик каражаттарды алуучунун аталышы _________________________________________________
ОКПО коду ________________________________________________________________________________
ИСН ______________________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ПИН __________________________________________
Табыштаманын суммасы ____________________________________________________________________
№ | Кассалык чыгым | Негизи (коштоочу документтер) | Бюджеттик милдеттенменин каттоо номери | Алуучу | ||||||||
Чыгымдын түрүнүн аталышы | Чыгым беренесинин элементинин коду | Сумма | Документтин түрү (тд, кит, кот) | Документтин № | Датасы | Төлөө багыты | Юридикалык/жеке жактын аталышы | БИК | Алуучунун алыш-бериш эсеби | Юридикалык/жеке жактын ИСНи | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
М.О.
Жетекчи: _____________________________________________________________
(колу)
Башкы бухгалтер ______________________________________________________
(колу)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 2-тиркеме |
Форма
Казыналык жеке эсепти ачууга/жабууга кат-табыштама
Аймактык бөлүмдүн аталышы ____________________________________________________________
Бюджеттик мекеменин аталышы __________________________________________________________
Ачууну өтүнөбүз _______________________________________________________________________
(казыналык эсептин аталышы)
Жетекчинин аты-жөнү ___________________________________________________________________
(колу)
Башкы бухгалтердин аты-жөнү ___________________________________________________________
(колу)
М.О. 20___-жылдын "___" _________________
Эсепти ачууга документтер текшерилди
Эсеп ачылды "___" _________________-ж. Эсептин № _______________________
Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызматкери __________________________________________
(Аты-жөнү жана колу)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 3-тиркеме |
Форма
Казыналык жеке эсепти ачууга/жабууга табыштама
Аймактык бөлүмдүн аталышы _____________________________________________________________________
№ | Мекеменин аталышы | ОКПО коду | ИСН коду (14 белгиден турган) | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каттоо № | Эсептин түрлөрү (бюджеттик, атайын, депозиттик) | Негизи | ||
Аталышы (приказ, буйрук, кат ж.б.) | Датасы | Номуру | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Аймактык бөлүмдүн жетекчиси | "________________________" | "________________________" |
| (колу) | (датасы) |
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 4-тиркеме |
Форма
Аймактык бөлүмдүн аталышы _______________________________________________________________________
Бюджеттик мекеменин аталышы _____________________________________________________________________
Ишеним кат
Берилген датасы "___" _________________-ж.
Берилди __________________________________________________________________________________________
(Аты-жөнү, кызматы)
Паспорт: сериясы, №, берилди ______________________________________________________________________
(кайдан берилди, берилген датасы)
Казыналык эсептер боюнча операцияларды жүргүзүүгө жана эсептик-акча документтерин алууга
__________________________________________________________________________________________________
(эсептердин номурлары)
Ишеним кат "___" _________________-ж. чейин жарактуу
Ишеним кат алган адамдарды _______________________________________________________________________
(Аты-жөнү, колу)
Ырастайбыз:
Бюджеттик мекеменин жетекчиси ____________________________________________________________________
(Аты-жөнү, колу)
Бюджеттик мекеменин башкы бухгалтери ____________________________________________________________
(Аты-жөнү, колу)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 5-тиркеме |
Форма
Салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алуу реестри
20___-жылдын "____" _____________________
АС каттоо номери _________________________________________________________________________________
Бюджеттин ресурстарынын администраторунун аймактык органынын аталышы ___________________________
Өздүк эсептин коду _______________________________________________________________________________
Чен бирдиги: сом
Эсепке алуунун негизи | Салык төлөөчүнүн аталышы | Салыктын аталышы (эсепке алынуучу) | БК коду (элемент) | Эсепке алуу суммасы | Салыктын аталышы (эсепке алынган) | БК коду (элемент) | Эсепке алуу суммасы | ||
Аталышы | Номуру | Датасы | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| БК (элемент) боюнча жыйынтыгы | Бардыгы |
| БК (элемент) боюнча жыйынтыгы | Бардыгы |
Бөлүмдүн начальниги ______________________________________________________________________________
(колу)
Жооптуу аткаруучу: _______________________________________________________________________________
(кызматы, колу, барактарды чечмелөө, колдору)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 6-тиркеме |
Форма
Салыктарды жана төлөмдөрдү кайтарып берүү реестри
20___-жылдын "____" _____________________
АС каттоо номуру __________________________________________________________________________________
Бюджеттин ресурстарынын администраторунун аймактык органынын аталышы _____________________________
Өздүк эсептин коду _________________________________________________________________________________
Чен бирдиги: сом
Кайтарып берүүнүн негизи | Каражаттарды алуучу салык төлөөчүнүн аталышы | Алуучунун банктык реквизиттери | БК коду | Кайтарып берүү суммасы | ||
Аталышы | Номери | Датасы | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| БК коду боюнча жыйынтыгы | Бардыгы |
Жетекчи (аны алмаштыруучу адам) __________________________________________________________________
(колу)
Жооптуу аткаруучу: _______________________________________________________________________________
(кызматы, колу, барактарды чечмелөө)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 7-тиркеме |
Форма
Салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алууга жана кайтарып берүүгө жыйынды реестр
20___-жылдын "____" _____________________
АС каттоо номуру ________________________________________________________________________________
Бюджеттин ресурстарынын администраторунун аймактык органынын аталышы __________________________
Өздүк эсептин коду _______________________________________________________________________________
Чен бирдиги: сом
Түшүүлөрдүн түрлөрү | Бардык кирешелер | Республикалык бюджет | Райондук бюджет | Айыл өкмөтүнүн бюджети |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
Жооптуу аткаруучу: __________________________________________________________________________________
(колу)
Кабыл алды: бюджеттин ресурстарынын администраторунун жооптуу адамы _______________________________
(Аты-жөнү, кызматы, колу)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 8-тиркеме |
Форма
Салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алууга табыштама
20___-жылдын "____" _____________________
АС каттоо номуру ________________________________________________________________________________
Бюджеттин ресурстарынын администраторунун аймактык органынын аталышы __________________________
Өздүк эсептин коду _______________________________________________________________________________
Чен бирдиги: сом
Эсепке алуунун негизи | Салык төлөөчүнүн аталышы | Салыктын аталышы (эсепке алынуучу) | БК коду (элемент) | Эсепке алуу суммасы | Салыктын аталышы (эсепке алынган) | БК коду (элемент) | Эсепке алуу суммасы | Бюджеттин ресурстарынын администраторунун аймактык органы | ||
Аталышы | Номуру | Датасы | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| БК жыйынтыгы (элемент) | Бардыгы |
| БК жыйынтыгы (элемент) | Бардыгы |
|
Жетекчи _____________________________________________________________________________________________
(колу)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 9-тиркеме |
Форма
Салыктарды жана төлөмдөрдү кайтарып берүүгө табыштама
20___-жылдын "____" _____________________
АС каттоо номуру ________________________________________________________________________________
Бюджеттин ресурстарынын администраторунун аймактык органынын аталышы __________________________
Өздүк эсептин коду _______________________________________________________________________________
Чен бирдиги: сом
Кайтарып берүүнүн негизи | Каражаттарды алуучу салык төлөөчүнүн аталышы | Алуучунун банктык реквизиттери | БК коду (элемент) | Кайтарып берүү суммасы | Бюджеттин ресурстарынын администраторунун аймактык органы | ||
Аталышы | Номуру | Датасы | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| БК жыйынтыгы (элемент) | Бардыгы |
|
Жетекчи _____________________________________________________________________________________________
(колу)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 10-тиркеме |
Форма
Консолидацияланган табыштама № ___________________
20___-жылдын "____" _____________________
Бюджеттин түрү _____________________________________________________________________________________
Чен бирдиги: сом
№ | Бюджеттик каражаттарды алуучу | Бюджеттик милдеттенме | Алуучунун реквизиттери | Төлөө багыты | |||||||
Кассалык чыгымга табыштаманын каттоо номуру | Бюджеттик каражаттарды алуучунун аталышы | Өздүк эсептин коду | Чыгымдоо беренесинин элементинин коду | Сумма | Бюджеттик милдеттенменин каттоо номуру | Юридикалык/жеке жактын аталышы | Коммерциялык банктын БИК | Алыш-бериш эсебинин № | ИНН | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси ____________________________________________________________
(колу)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 11-тиркеме |
Форма
Төлөө тапшырмасы Платежное поручение
Төлөө тапшырмасы № _____ Датасы ________ | Жөнөтүү ыкмасы | Форманын коду Код формы 0401060 | ||
Платежное поручение | ||||
ОКПО |
| Төлөөчү/Плательщик | Дебет эсеби № |
|
ИСН |
|
| Эсеби № |
|
КРСФ каттоо № |
|
| ||
БИК (МФО) |
| Төлөөчүнүн банкы/Банк плательщика | ||
Алуучу/Получатель |
| Кредит эсеби № |
| |
БИК (МФО) |
| Алуучунун банкы/Банк получателя | ||
Суммасы жазуу жүзүндө Сумма прописью |
| Сумма |
| |
Төлөө коду |
| Төлөөнүн багытталышы/ | Төлөөчүнүн банктын белгиси Отметки банка плательщика | |
| М.О. М.П. | Жетекчи/Руководитель Башкы бухгалтер/Главный бухгалтер |
| |