Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 513
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 "Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө техникалык көзөмөлдөөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды Бажы бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техникалык регламентине (ББ ТР 014/2011) шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 "Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жана заказчынын, подрядчынын жана инженер-консультанттын өз ара мамилелери жөнүндө жободо:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобо";
2) 1-пунктундагы "техникалык регламенттердин" деген сөздөр "Бажы бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техникалык регламентинин (ББ ТР 014/2011) (мындан ары - техникалык регламент)" деген сөздөр, аббревиатура жана цифралар менен алмаштырылсын;
3) 4-пунктунун экинчи абзацы "ушул Жобого" деген сөздөрдөн кийин "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору. Курулуш контролдоо жүргүзүү талаптары" техникалык регламентине МАМСТ 32731-2014 жана келишимдик милдеттенмелерге" деген сөздөр, аббревиатура жана цифралар менен толукталсын;
4) 6-пунктунун экинчи абзацында:
- "ченемдик документтердин" деген сөздөр "техникалык регламенттин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "долбоорлорго" деген сөз "долбоордук документтерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 7-пунктунда:
- үчүнчү абзацындагы "долбоордон, ченемдик документтерден" деген сөздөр "долбоордук документтерден" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзацындагы "ченемдик документтердин" деген сөздөр "техникалык регламентке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он төртүнчү абзацы "актыларынын" деген сөздөн кийин "техникалык регламенттин аткарылган иштерин орто аралык кабыл алуу талаптарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
- он бешинчи абзацы "болгонуна жараша" деген сөздөрдөн кийин "техникалык регламенттин аткарылган иштерин орто аралык кабыл алуу талаптарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
- отуз экинчи абзацында:
"техникалык шарттарга, ченемдерге" деген сөздөр "долбоордук документтерге, техникалык регламенттин талаптарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"ал иштердин акысын төлөө үчүн актыларды" деген сөздөр "аткарылган иштерди кабыл алуу жана төлөө сертификаттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 8-пунктунда:
- үчүнчү абзацында:
"аткарууну," деген сөздөн кийин "техникалык регламенттин талаптарын" деген сөздөр менен толукталсын;
"Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "Бажы бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техникалык регламентинин (ББ ТР 014/2011)" деген сөздөр, аббревиатура жана цифралар менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацындагы "долбоордук-сметалык документтердин" деген сөздөр "долбоордук документтердин жана техникалык регламенттин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзацындагы "долбоорго" деген сөз "долбоордук документтерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- тогузунчу абзацында:
"ченемдик" деген сөз алып салынсын;
"документтердин" деген сөздөн кийин "жана техникалык регламенттин" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Заказчынын, инженер-консультанттын жана подрядчынын ортосундагы өз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер (контракттар) менен жөнгө салынат.";
8) 27-пунктунун төртүнчү абзацындагы "жумушчу" деген сөз "кабыл алуучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |