Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-декабры № 742
Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо,
оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө
жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап үч айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |