Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 токтому менен бекитилген |
Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 513 токтомунун редакциясына ылайык)
1-бап. Колдонуу чөйрөсү
1. Бул Жобо жол жумуштарынын сапатын техникалык көзөмөлдөө жагында иштеген уюмдар, анын ичинде заказчынын жана подрядчынын функцияларын аткаруучу уюмдар үчүн иштелип чыккан жана автомобиль жолдорун куруунун, реконструкциялоонун, оңдоонун жана күтүүнүн сапатын камсыздоо, техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын жана долбоордук документтердин талаптарын бузуунун алдын алуу, аныктоо, болуп жаткан эреже бузууларды токтотуу жана курулган, реконструкцияланган, оңдолгон объект, жол жумуштарын аткаруу Бажы бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техникалык регламентинин (ББ ТР 014/2011) (мындан ары - техникалык регламент), башка ченемдик укуктук актылардын жана долбоордук документтердин талаптарына ылайыктыгы жөнүндө инженер консультанты ишке тартуу менен корутунду даярдоо максатында автомобиль жолдорун куруучу, реконструкциялоочу, оңдоочу жана күтүүчү объекттерде такай техникалык көзөмөлдү уюштуруу жана жүргүзүү жол-жоболорун жөнгө салат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 513 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жободо төмөнкү терминдер пайдаланылат:
- техникалык көзөмөлдөө - бул заказчынын курулуш-монтаждоо иштеринин, колдонулган материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын, жабдуулардын ченемдик-техникалык жана бекитилген долбоорлоо-сметалык документтерге ылайыктыгын туруктуу контролдоосун жана көзөмөлдөөсүн, ошондой эле аткарылган иштерди күбөлөндүрүүнү, кабыл алууну жана эсептөөнү өзүнө камтыган курулуш процесси;
- жол иштери - автомобиль жолдорун долбоорлоо, күтүү, оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү жана куруу боюнча иштер;
- кирүүдөгү көзөмөл - тиешелүү коштоп жүрүүчү документтердин, пайдаланылуучу техниканын, жабдуулардын, курулуш материалдарынын жана буюмдарынын бар экендигин текшерүү;
- заказчы - автомобиль жолдору карамагында (балансында) турган мамлекеттик бийлик органдары, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- подрядчы - менчигинин түрүнө карабастан, автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоп-түзөө жана күтүү боюнча жол жумуштарын жүргүзүүгө заказчы менен келишим түзгөн жеке же юридикалык жак;
- жол боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр - автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу жана жол жумуштарын аткарууну уюштуруу жана жол жумуштарын аткаруунун, технологиясы боюнча рекомендацияларды (подрядчы тарабынан аткарылышы милдеттүү болгон) иштеп чыгуу боюнча кызматтар;
- инженер-консультант - жол боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү жана заказчы же подрядчынын түзүмдүк бөлүгү болуп саналбаган жеке же юридикалык жак.
3. Техникалык көзөмөлдөө боюнча өз функцияларын аткаруу үчүн заказчы жол консультациялык кызмат көрсөтүүнү сатып алуу жолу менен инженер-консультантты жумушка тартат.
4. Инженер-консультант заказчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде заказчынын объекттеги жооптуу өкүлү болуп эсептелет.
Инженер-консультанттын өзүнүн функцияларын ушул Жобого жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору. Курулуш контролдоо жүргүзүү талаптары" техникалык регламентине МАМСТ 32731-2014 жана келишимдик милдеттенмелерге ылайык аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 513 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жол боюнча кеңеш берүүчү кызматын сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
2-бап. Техникалык көзөмөлдөө боюнча кызмат көрсөтүүдө инженер-консультанттын (кеңеш берүүчүнүн) компетенциясы
6. Инженер-консультанттын милдеттери.
Инженер-консультанттын негизги милдети жол иштерин аткаруунун сапатын, алардын долбоордук чечимдерге, мөөнөттөргө, техникалык регламенттин талаптарына ылайык келүүсүн камсыздоо, анын ичинде куруу-монтаждоо иштеринин сапатын, жол иштеринин наркынын белгиленген тартипте бекитилген сметаларга жана долбоордук документтерге ылайык келүүсүн камсыздоо болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 513 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Инженер-консультанттын милдеттери:
- жол иштеринин, колдонулуучу конструкциялардын, буюмдардын, материалдардын жана алынып келген жабдуулардын долбоордук чечимдерге, спецификаларга, тийиштүү техникалык регламенттердин жана ченемдик документтердин талаптарына ылайыктыгын көзөмөлдөө;
- объекттерде жол иштерин аткаруу процессин үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жана долбоордук документтерден жана техникалык регламенттен четтөөнү (ылайык келбөөнү) табуу;
- төмөндөгү маселелер боюнча эскертүүлөрдү берүү жана алардын аткарылышына контролду ишке ашыруу:
техникалык регламентке жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык келбөөнү жоюу;
подрядчынын автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугуна же жол иштерин жүргүзүүдө автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын сакталышына таасир берүүчү кемчиликтерди жоюусу;
автомобиль жолдорун күтүүнүн техникалык документтеринен, технологиялык эрежесинен четтеп кеткен учурларда жумуштарды аткаруунун технологиясын жана эрежесин бузууну жоюу;
- жол иштери аткарылып жаткан объекттерге (ордуна) алынып келген материалдардын, буюмдардын жана жабдуулардын сапатына подрядчынын контроль жүргүзүүсүн көзөмөлдөө;
- подрядчыда жол иштерин жүргүзүүдө колдонулуучу жабдуулардын, конструкциялардын, буюмдардын жана материалдардын сапатын тастыктоочу документтеринин (техникалык паспорттор, сертификаттар, лабораториялык изилдөөнүн натыйжалары ж.б.) бар экендигин текшерүү;
- подрядчы долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди аткарууга даяр экендигин текшерүү;
- подрядчыда баштапкы техникалык документтердин бар экендигин жана алардын туура жүргүзүлүүсүн текшерүү;
- техникалык көзөмөлдөөнүн чегинде, текшерүүнүн физикалык, инструменттик жана визуалдык ыкмаларын колдонуу менен аткарылган иштердин сапатынын жана көлөмүнүн ылайык келүүсүн толук жана тандап текшерүүнү жүргүзүү;
- подрядчынын өкүлдөрү менен бирге аткарылган иштерди жана кийинки жумуштарды аткарууда жабылып көрүнбөй калуучу конструкциялык элементтерди текшерип кароо жана баалоо;
- жабылып көрүнбөй калган иштерди күбөлөндүрүү актыларынын техникалык регламенттин аткарылган иштерин орто аралык кабыл алуу талаптарына ылайык өз убагында түзүлүшүн текшерүү;
- подрядчынын, ошондой эле долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен курулуштардын жооптуу конструкцияларын даяр болгонуна жараша техникалык регламенттин аткарылган иштерин орто аралык кабыл алуу талаптарына ылайык орто аралык кабыл алуу;
- аткарылып бүткөн жана акысын алууга көрсөтүлгөн жол иштеринин сапатынын жана көлөмүнүн долбоорлоо-сметалык документтерге ылайык келүүсүн текшерүү;
- кабыл алынган жана акысы төлөнгөн жол жумуштарынын көлөмүн жана баасын, ошондой эле подрядчы тарабынан сапатсыз аткарылган жол иштеринин көлөмүн жана баасын эсепке алуу;
- автордук көзөмөлдүн көрсөтмөлөрүн жана эскертүүлөрүн, ошондой эле заказчынын талаптарын подрядчынын аткарганын текшерүү;
- жумуштарды аткаруу темпинин бекитилген графикке ылайыктыгын, көлөмдү материалдык ресурстар жана техникалык каражаттар менен комплектилөөнүн жүрүшүн баалоо;
- подрядчынын ишти аткаруу мөөнөтүн узартуу, кошумча жана күтүлбөгөн иштерди жана чыгымдарды компенсациялоо жөнүндө дооматтарын текшерүү жана подрядчыга рекомендацияларды берүү;
- заказчыга подряддык келишимди ишке ашырууда пайда болгон же пайда болушу ыктымалдуу көйгөйлөр жөнүндө билдирүү, рекомендацияларды берүү;
- анын ою боюнча иштерди мөөнөтүндө бүткөрүү үчүн долбоорго киргизүү зарыл болгон өзгөрүүлөрдү, анын ичинде контракттын баасы жана курулушту бүтүрүү мөөнөтү боюнча өзгөртүүлөрдү заказчыга көрсөтүү, бекитилген өзгөртүүлөр боюнча бардык зарыл болгон буйруктарды даярдоо;
- бардык материалдарга, конструкцияларга, жабдууларга бардык кепилдиги бар документтердин жана сертификаттардын кабыл алынышын жана сакталышын камсыздоо жана долбоор бүткөндө аларды заказчыга өткөрүп берүү;
- заказчы бекиткен жол иштеринин графигин аткаруунун сакталышын, жолдордун белгиленген мөөнөттө пайдаланууга киргизилишин контролдоо;
- курулуштун сапатын техникалык көзөмөлдөөнүн токтогондугу же убактылуу токтотулганы жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө заказчыга билдирүү;
- долбоорлоо документтеринде каралган, курулуш объекттеринин жанында жайгашкан объекттердин сакталышын камсыздоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдоо;
- автомобиль жолдорун, жол курулуштарын жана жолго бөлүнгөн тилкелерди тейлөө боюнча алдын алуучу мезгилдүү жумуштардын комплекси убагында аткарылышын контролдоо;
- автомобиль жолдорун күтүүнүн сапаты ченемдик талаптарга ылайык эместигин өз убагында аныктоо;
- автомобиль жолдорунун эксплуатациялык абалы, күтүүнүн сапаты жана алардын белгиленген ченемдик талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө маалыматтарды аныктоо;
- долбоорлоочу уюм менен бирге заказчынын жумуштарды аткаруунун сапатын жогорулатуу, баасын арзандатуу жана аткаруу мөөнөтүн кыскартуу боюнча сунуштарын кароого катышуу;
- участокто курулуштардын негизги окторунун жана реперлеринин белгиленишин жана бекитилишин контролдоо;
- аткарылган иштердин көлөмүн аныктоо жана аларды аткаруунун сапаты бекитилген долбоорлорго, долбоордук документтерге, техникалык регламенттин талаптарына жана спецификаларга ылайык келген шартта подрядчыдан кабыл алуу, ошондой эле аткарылган иштерди кабыл алуу жана төлөө сертификаттарын тариздөө;
- объекттерде автордук көзөмөлдүн болуусунун эсебин жүргүзүү жана заказчыга тиешелүү маалыматты берүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 513 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Инженер-консультанттын укуктары.
Жол иштерин аткарууну техникалык көзөмөлдөө боюнча кызмат көрсөтүүдө инженер-консультант төмөнкүлөргө укуктуу:
- подрядчыдан иштерди бекитилген долбоордук документтерге толугу менен ылайык аткарууну, техникалык регламенттин талаптарын өндүрүштө курулуштун ченемдерин, эрежелерин, техникалык шарттарын так сактоону талап кылууга жана иштерди кабыл алууга. Подряддык уюмдарга "Бажы бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техникалык регламентинин (ББ ТР 014/2011) талаптарына жооп бербеген курулуштук материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды колдонууга тыюу салууга;
- курулуштун, колдонулуучу материалдардын, деталдардын жана конструкциялардын сапаты, ошондой эле бекитилген; долбоордук документтердин жана техникалык регламенттин талаптарын аткарууну талап кылууга жана көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- бекитилген долбоордук документтерге, курулуш иштерин жүргүзүүнүн техникалык шарттарына жана эрежелерине ылайык аткарылган иштердин акысын төлөөнү бекитүүгө;
- заказчынын тапшыруусу боюнча жергиликтүү бийлик органдары, жер участокторунун жана коммуникациялардын ээлери, башка уюмдар жана коомчулук менен курулуш жана реконструкциялоо маселелери боюнча мамиледе анын кызыкчылыгын коргоого;
- подрядчыдан объект боюнча керектүү аткаруу документтерин сурап алууга;
- заказчыга жумуштарды аткаруунун эрежелерин жана ченемдик документтердин талаптарын дайыма бузган подрядчылар менен түзүлгөн подряддык келишимди жоюу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- заказчыга төлөө үчүн берилген документтерди оңдоо же өзгөртүү, же долбоордук документтердин жана техникалык регламенттин талаптарына ылайык келбеген жумуштардын көлөмүнүн баасын төлөөдөн чыгарып салуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- подрядчынын кызмат адамдарына кемчиликтерди жана алардын пайда болуу себептерин жоюу боюнча жазуу жүзүндө талаптарды коюуга;
- комиссиялардын курамында автомобиль жолдорун сезондуу изилдөөгө катышууга;
- кемчиликтердин белгиленген мөөнөтүндө жоюлушун контролдоого;
- автомобиль жолдорундагы кемчиликтерди табууну жана жоюуну эсепке алуу боюнча изилдөө журналдарынын жүргүзүлүшүн текшерүүгө, изилдөөлөрдүн натыйжаларынын тууралыгын контролдоого.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 513 токтомунун редакциясына ылайык)
3-бап. Заказчынын, подрядчынын, инженер-консультанттын өз ара мамилелери жана жоопкерчилиги
9. Заказчынын, инженер-консультанттын жана подрядчынын ортосундагы өз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер (контракттар) менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 513 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Заказчы менен инженер-консультанттын ортосунда туруктуу техникалык контроль жүргүзүү жөнүндө келишим түзүүсүнө подрядчынын макулдугу талап кылынбайт.
11. Инженер-консультант туруктуу техникалык көзөмөлдөөнү жүргүзүү үчүн подрядчыга жиберүүчү билдирүүлөрүндө, эскертүүлөрүндө жана башка зарыл маалыматтарында аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлөт, билдирүүлөрдүн көчүрмөсү заказчыга жиберилет.
12. Инженер-консультанттын ар бир билдирүүсүн аткарууда подрядчынын жумуштарды аткаргандыгы жөнүндө маалыматы болууга тийиш.
13. Инженер-консультант менен подрядчынын ортосундагы иштерди аткаруунун технологиясына байланышкан билдирүүлөр жана башка жазуу жүзүндөгү маалыматтар жол иштерин аткарууга келишимдик берилген мөөнөттүн ичинде сакталып туруусу керек.
14. Инженер-консультант менен подрядчынын ортосундагы иштерди аткаруунун технологиясына тиешелүү кат жазышуулары жол иштерин аткарып бүткөндөн кийин табылып калышы мүмкүн болгон кемчиликтер үчүн жоопкерчиликти аныктоого негиз болот.
15. Иштерди аткаруунун технологиясына тиешелүү талаш учурлар болгондо акыркы негиздүү чечим подрядчы тарабынан кабыл алынат.
16. Инженер-консультант өз милдеттерин эки же андан көп жолу аткарбаган учурларда заказчы инженер-консультантка персоналды алмаштыруу зарылдыгы жөнүндө билдирүүнү жиберет. Бул билдирүү аткарылбаган учурда заказчы инженер-консультант менен келишимди бир тараптуу тартипте жокко чыгарат. Инженер-консультант болуп жеке адам иштеген учурда, инженер-консультанттын өз милдеттерин эки же андан көп жолу тийиштүү түрдө аткарбаган учурда заказчы инженер-консультант менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарат.
17. Заказчы инженер-консультанттын "жакшы иштебеген" персоналынын эсебин жүргүзөт жана аларды эки жыл бою ишке албоого укугу бар.
18. Инженер-консультант келишимдик милдеттенмелерди такай бузгандыгы үчүн заказчы келишимди бир тараптуу тартипте жокко чыгарат жана аны эки жыл бою кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендерге катыштырбайт, бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органына билдирет.
19. Техникалык көзөмөлдөөнү ишке ашыруу, иштердин аткарылышына жетекчилик кылган адамдардан аткарылган иштердин сапаты үчүн жоопкерчиликти алып салбайт.
20. Техникалык көзөмөлдөөнү ишке ашырууда кызмат көрсөтүү келишими боюнча милдеттенмесин аткарбаганы же тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн инженер-консультант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимге ылайык жоопкерчилик тартат.
21. Инженер-консультант менен подрядчынын өз ара байланышта иштешүүсү макулдашылган жана заказчы тарабынан бекитилген иштерди аткаруунун графигине ылайык ишке ашырылат.
22. Жумуштарды аткаруунун графигине ылайык туруктуу техникалык көзөмөлдөөнүн убакытын бөлүштүрүү Заказчы менен макулдашылат.
23. Жумуштарды аткаруу графигинин убактысын кечиктиргени үчүн, ошондой эле подрядчынын күнөөсү боюнча кетирилген кемчиликтерди жоюу үчүн туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө кошумча чыгымдар подрядчынын каражатынын эсебинен төлөнөт жана Жобонун ушул пункту заказчы менен подрядчынын ортосунда түзүлгөн Келишимде милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.
4-бап. Техникалык көзөмөлдү уюштуруу
24. Инженер-консультанттын уюмуна коюлуучу талаптар:
- заказчы жол иштеринин көлөмүнө жана шарттарына жараша инженердик уюмду (юридикалык жак) же жеке инженерди (жеке адамды) ишке тартат;
- инженер-консультантты тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт. Инженер-консультантты тандоо инженердик кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн, инженердин адистигин, техникалык жабдылгандыгын, финансылык абалын (инженердик уюмдун), адистердин квалификациялык деңгээлин, көрсөтүлгөн кызматтын сапатын контролдоо системасы бар экендигин, конкреттүү чөйрөдө инженердик кызматтарды көрсөтүү боюнча тажрыйбасын эске алуу менен ишке ашырылат;
- инженер-консультант сертификаты бар адис болууга жана жол иштеринин сапатын көзөмөлдөө үчүн (инженердик уюм үчүн) квалификациялуу кызматкерлери бар болууга тийиш;
- инженер-консультантты тандоодо заказчы (жол иштеринин шарттарына жана көлөмүнө жараша) адистин (персоналдын) тажрыйбасына жана квалификациясына, жумуштарды сапаттуу аткаруу үчүн керектүү жабдууларынын болушуна жана алардын түрлөрүнө талаптарды белгилөөгө укуктуу.
25. Уюштуруу жана башкаруу:
- инженер-консультантта (инженердик уюмда) өзүнүн техникалык функцияларын квалификациялуу аткарууну камсыздоого мүмкүндүк берүүчү уюштуруу түзүмү болушу керек;
- инженер-консультант (инженердик уюм) уюмдагы жоопкерчиликтин түрлөрүн, структурасын жана эсеп-кысаптын тартибин аныктап жана документтүү түрдө тариздөөгө тийиш;
- заказчы подрядчы менен келишим түзүүдө инженер-консультанттын функцияларын, анын подрядчыга карата укуктарын алдын ала караштырышы керек. Эгер техникалык көзөмөлдөө кызматына келишим курулуштук подряд келишимин (жол иштери үчүн) түзгөндөн кийин түзүлгөн болсо, анда заказчы жол иштери боюнча подряддык келишимдеги подрядчыга келишим түзүү жөнүндө, инженердин аты-жөнү жана анын функциялары жөнүндө билдирүүсү керек. Мындай билдирүүдө инженер-консультанттын заказчынын атынан жана анын кызыкчылыгында техникалык көзөмөлдөөнү жүргүзүү боюнча иш-аракетинин тизмеси берилүүгө тийиш.
26. Инженер-консультант:
- квалификациялуу, сертификаты бар кызматкерлер менен комплектиленүүгө тийиш;
- заказчы менен келишим түзүүдө техникалык көзөмөлдөөнү уюштуруу боюнча жол иштеринин татаалдыгын эсепке алуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн макулдашышы керек. Техникалык көзөмөлдөөнү уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн (иш-аракеттин тизмеси) көлөмү келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана негизги келишимге милдеттүү тиркеме түрүндө таризделет;
- татаал долбоорлорду ишке ашырууда заказчы курулуштун сапатын техникалык көзөмөлдөө үчүн ар кандай технологиялык адистиги бар бир нече консультантты ишке тартууга укуктуу.
27. Жол иштеринин процессинде техникалык көзөмөлдөөнү жүргүзүүнүн тартибине талаптар:
- подрядчы жол иштерин баштоого уруксат алгандан кийин, жол иштеринин план-графигин иштеп чыгат, аны заказчы жана инженер-консультант менен макулдашат жана долбоорду ишке ашырууга киришет;
- инженер-консультант өзүнүн милдеттерине жана функцияларына ылайык жол иштеринин сапатын көзөмөлдөө кызматын көрсөтүүнү камсыздайт. Жол иштеринин процессинде инженер-консультант заказчыга отчет берет;
- курулуш аяктаганда жана объектти сыноо бүткөндөн кийин подрядчы курулушу бүткөн объектти пайдаланууга кабыл алуу боюнча кабыл алуучу комиссияга даяр объектти көрсөтөт жана заказчыга аткаруу документтеринин комплектисин өткөрүп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 513 токтомунун редакциясына ылайык)
5-бап. Техникалык көзөмөлдөөнү жүргүзүүгө келишим
28. Заказчы менен инженер-консультанттын ортосундагы келишим жол боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүнү сатып алууга өткөрүлгөн тендердин жана ушул Жобонун негизинде түзүлөт.
29. Заказчы менен инженер-консультанттын (же туруктуу техникалык көзөмөл жүргүзүүчү юридикалык жактын) ортосундагы туруктуу техникалык көзөмөл жүргүзүү боюнча Келишимге милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү караштырган пункттар киргизилет:
- жумуштарды аткаруу графигинин сакталышын туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө, ошондой эле подрядчынын күнөөсү боюнча кетирилген кемчиликтерди жоюу үчүн подрядчынын каражатынын эсебинен төлөнүүчү кошумча чыгымдар;
- долбоорго же оңдоо жумуштарынын көлөмүнө жараша ар бир объект боюнча жумуштарды аткаруунун деталдуу графигин даярдоо мөөнөтү;
- жумуштарды аткаруу графигине ылайык туруктуу техникалык көзөмөлдүн убактысын деталдуу бөлүштүрүүнү даярдоо мөөнөтү;
- деталдуу графиктер Келишимге өзүнчө тиркеме болуп таризделет.
30. Инженер-консультанттын заказчыга берүүчү отчетунун формасы Келишимге өзүнчө тиркеме менен таризделет.
31. Келишимге тараптардын өз ара макулдашуусу, боюнча ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка пункттар киргизилиши мүмкүн.