Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-октябры № 653
Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бюджет жөнүндө маалыматтын ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзүү методикасы (мындан ары - Методика) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандык бюджетти түзүү методикасы (мындан ары - ЖӨБО методикасы) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары Методикада белгиленген тартипте жана мөөнөттө жарандык бюджетти түзүү үчүн маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Методикага ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзсүн жана Методикада белгиленген тартипте жана мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына жайгаштырсын.
3-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ЖӨБО методикасына ылайык жергиликтүү бюджеттер боюнча жарандык бюджетти түзүү;
- жергиликтүү бюджет боюнча жарандык бюджетти түзүү үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгашкан веб-багытталган тиркемени колдонуу.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жарандык бюджетти түзүү үчүн индикаторлор боюнча маалыматты өз убагында жана сапаттуу бериши үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзүү МЕТОДИКАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзүүнүн методикасы (мындан ары - Методика) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126-беренесине ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Методика Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин (мындан ары - жарандык бюджет) түзүүнүн тартибин, анын түзүмүн, негизги бөлүмдөрүнүн мазмунун, аны жарыялоо мөөнөттөрүн жана аны түзүү үчүн индикаторлордун тизмесин (мындан ары - индикаторлордун тизмеси) аныктайт.
3. Жарандык бюджет - белгилүү бир финансылык мезгилге бюджеттик каражаттарды түзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу жөнүндө толук, кыска жана түшүнүктүү маалыматты пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү кеңири коомчулук үчүн арналган документ.
4. Жарандык бюджет бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бюджеттик процесстин төмөнкүдөй үч этабында түзүлөт жана бекитилет:
- кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун негизинде. Мында, көрсөткүчтөр учурдагы жылдан мурунку жыл үчүн иш жүзүндөгү маанини жана учурдагы жылга бекитилген/такталган маанини жана кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге долбоордук маанини камтууга тийиш;
- кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө бекитилген мыйзамдын негизинде. Мында, көрсөткүчтөр учурдагы бюджеттик жылдан мурунку жыл үчүн иш жүзүндөгү маанини, учурдагы жылга бекитилген/такталган маанини жана кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бекитилген маанини камтууга тийиш;
- республикалык бюджетти аткаруу тууралуу отчетту бекитүү жөнүндө мыйзам долбоорунун негизинде.
5. Жарандык бюджет бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ылайык такталышы мүмкүн.
6. Жарандык бюджет бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат. Жарандык бюджет жөнүндө кагаз түрүндө жарыялоолор, видеороликтерди чыгаруу жана жайылтуу каржылоо булактары болгон учурда ишке ашырылат.
7. Жарандык бюджетти түзүүдө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында графиктер, диаграммалар, сүрөттөр, схемалар жана түшүндүрмө каттар менен бирге башка форматтар пайдаланылат.
8. Жарандык бюджетте бюджет жөнүндө көбүрөөк билгилери келген жарандар үчүн так байланыш маалыматтары көрсөтүлөт. Байланыш маалыматтары бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жайгашкан жери, байланыш телефондору жана иштөө графиги жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле бюджет жөнүндө кеңири маалыматтар менен веб-сайттарга шилтемелерди чагылдырат.
2. Жарандык бюджеттин түзүмү жана мазмуну
9. Жарандык бюджет төмөнкүдөй бөлүктөрдү камтыйт:
- киришүү;
- бюджет жөнүндө жалпы маалыматтар;
- республикалык бюджеттин кирешелери;
- республикалык бюджеттин чыгымдары;
- бюджеттик инвестициялар;
- республикалык бюджеттин тартыштыгы (профицити);
- мамлекеттик карыз;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери;
- бюджеттик процесске катышуунун мүмкүн болуучу ыкмалары жөнүндө маалымат.
10. "Киришүү" бөлүгүндө төмөнкүлөр камтылат:
- жарандык бюджетте жарандар үчүн жеткиликтүү формада пайдаланылуучу негизги түшүнүктөрдүн жана терминдердин аныктамасы;
- бюджеттик процессти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалымат;
- республиканын бюджеттик системасына кыскача баяндама;
- бюджеттик календарь;
- бюджеттик процесстин катышуучулары тууралуу кыскача маалымат;
- динамикада берилген Кыргыз Республикасынын негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү макроэкономикалык параметрлер жөнүндө маалыматты камтыйт, алар ички дүң продукциянын (мындан ары - ИДП) деңгээли, калктын жан башына ИДП, ИДПнын өсүү темпи, инфляция, жумушсуздук деңгээли, АКШ долларына карата сомдун орточо жылдык курсу, товарлардын экспорту жана импорту, ошондой эле жашоо минимумунун өлчөмү, орточо эмгек акынын өлчөмү, калктын орточо жылдык саны, мурунку жылдарга салыштырмалуу республикалык бюджеттин негизги параметрлерин талдоо сыяктуу социалдык-демографиялык көрсөткүчтөр.
11. "Бюджет жөнүндө жалпы маалыматтар" бөлүгү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кирешелердин, чыгымдардын жалпы көлөмү, бюджеттин тартыштыгы/профицити сыяктуу республикалык бюджеттин негизги параметрлери;
- мамлекеттик чыгымдардын негизги милдеттери жана стратегиялык артыкчылыктары;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик саясатынын негизги багыттары.
12. "Республикалык бюджеттин кирешелери" бөлүмүндө төмөнкүлөр чагылдырылат:
- кирешелердин түрлөрү, атап айтканда салыктар, салыктык эмес кирешелер жана бюджеттин кирешелерин өзгөртүү себептерин түшүндүрүү менен расмий трансферттер боюнча республикалык бюджеттин кирешелери жөнүндө маалымат;
- динамикада республикалык бюджеттин салыктык жана салыктык эмес кирешелеринин көлөмү жана түзүмү жөнүндө маалымат;
- индикаторлордун тизмесинде келтирилген көрсөткүчтөргө ылайык кирешелер жөнүндө маалыматтар.
13. "Республикалык бюджеттин чыгымдары" бөлүмүндө негизги артыкчылыктуу багыттар боюнча чыгымдардын кыскача талдоосу келтирилет:
- функциялык жана экономикалык классификациялар боюнча республикалык бюджеттин чыгымдары;
- бюджеттик каражаттарды чыгымдоонун артыкчылыктуу багыттары;
- функциялык классификация бөлүмдөрү боюнча республикалык бюджеттин чыгымдары жөнүндө маалымат.
14. "Республикалык бюджеттин чыгымдары" бөлүмү төмөнкүдөй бөлүмчөлөрдү камтыйт:
- "Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар";
- "Экономикалык маселелер";
- "Айлана-чөйрөнү коргоо";
- "Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр";
- "Саламаттык сактоо";
- "Эс алуу, маданият жана дин";
- "Билим берүү";
- "Социалдык коргоо".
15. "Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар" бөлүмчөсүндө мамлекеттик аппаратка жумшалуучу чыгымдарды, резервдик фонддорду, эл аралык уюмдарга төгүмдөрдү кошкондо каражаттарды чыгымдоонун негизги багыттары тууралуу кыскача маалыматтар, мамлекеттик кызматкерлердин саны жана орточо эмгек акысы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле индикаторлордун тизмесинде келтирилген көрсөткүчтөр камтылат.
16. "Экономикалык маселелер" бөлүмчөсүндө айыл чарбасына, жылуулук жана энергетикага, кен казып алууга жана кайра иштетүүчү өнөр жайга, курулушка, транспортко жана байланышка, туризмге жумшалуучу чыгымдарды кошкондо, каражаттарды чыгымдоонун негизги багыттары тууралуу кыскача маалыматтар жана экономикалык ишке байланышкан башка маселелер; бул тармактарда ишке ашырылуучу артыкчылыктар, программалар жана долбоорлор жөнүндө маалымат, ошондой эле индикаторлордун тизмесинде келтирилген көрсөткүчтөр чагылдырылат.
17. "Айлана-чөйрөнү коргоо" бөлүмчөсүндө айлана-чөйрөнү коргоого бюджеттин чыгымдары жөнүндө кыскача маалымат чагылдырылат, ага өзгөчө корголуучу табигый аймактарга, токойлорду өнүктүрүүгө, биотүрдүүлүктү сактоого жумшалуучу чыгымдар жана айлана-чөйрөнү коргоо менен байланышкан башка маселелер, ошондой эле бул чөйрөдө ишке ашырылуучу артыкчылыктар, программалар жана долбоорлор жөнүндө маалымат жана индикаторлордун тизмесинде келтирилген көрсөткүчтөр кирет.
18. "Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр" бөлүмчөсүндө жылуулук менен жабдуучу ишканаларга бюджеттен компенсациялар жөнүндө маалыматтарды кошкондо, каражаттардын негизги багыттары тууралуу маалымат, ошондой эле индикаторлордун тизмесинде келтирилген көрсөткүчтөр чагылдырылат.
19. "Саламаттык сактоо" бөлүмчөсүндө медициналык буюмдарга, жабдууларга жана аппараттарга, амбулатордук кызмат көрсөтүүлөргө, оорукана кызматтарын көрсөтүүгө, саламаттык сактоо жаатындагы башка кызмат көрсөтүүлөргө жумшалуучу чыгымдарды кошкондо ушул секторго каражаттарды чыгымдоо тууралуу кыскача маалымат, бул чөйрөдө ишке ашырылуучу артыкчылыктар, программалар жана долбоорлор жөнүндө маалымат, ошондой эле индикаторлордун тизмесинде келтирилген көрсөткүчтөр чагылдырылат.
20. "Эс алуу, маданият жана дин" бөлүмчөсүндө эс алууну жана спорттук машыгууларды уюштуруу, маданият жаатында; радио жана теле берүү; басма иштери жана дин боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жумшалуучу чыгымдарды кошкондо бул сектор боюнча каражаттардын чыгымдалышы тууралуу кыскача маалымат, аталган чөйрөдө ишке ашырылуучу артыкчылыктар, программалар жана долбоорлор жөнүндө маалымат, ошондой эле индикаторлордун тизмесинде келтирилген көрсөткүчтөр чагылдырылат.
21. "Билим берүү" бөлүмчөсүндө мектепке чейинки жана мектепте билим берүүгө, башталгыч кесиптик билим берүүгө жана кесипгик орто билим берүүгө, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билими бар адистерди даярдоого, билим берүү системасында көмөкчү кызматтарды көрсөтүүгө жумшалуучу чыгымдарды кошкондо бул сектор боюнча каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө кыскача маалымат; бул чөйрөдө ишке ашырылуучу артыкчылыктар, программалар жана долбоорлор жөнүндө маалымат, ошондой эле индикаторлордун тизмесинде келтирилген көрсөткүчтөр чагылдырылат.
22. "Социалдык коргоо" бөлүмчөсүндө оорунун себеби, эмгекке жарамсыздык, карылык, багуучусун жоготкондук, жумушсуздук боюнча социалдык колдоого, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, бала асырап алган (фостердик) үй-бүлөлөрдү колдоого ж.б. жумшалуучу чыгымдарды кошкондо бул сектор боюнча каражаттарды чыгымдоо жөнүндө кыскача маалымат, бул чөйрөдө ишке ашырылуучу артыкчылыктар, программалар жана долбоорлор боюнча маалымат, ошондой эле индикаторлордун тизмесинде келтирилген көрсөткүчтөр чагылдырылат.
23. "Бюджеттик инвестициялар" бөлүмүндө капиталдык салымдар, дем берүүчү (үлүштүк) гранттар жана мамлекеттик тышкы инвестициялар түрүндө багытталуучу инвестициялык долбоорлорго каражаттардын көлөмү тууралуу маалымат чагылдырылат.
24. "Республикалык бюджеттин тартыштыгы (профицити)" бөлүмүндө республикалык бюджеттин тартыштыгын (профицитти пайдалануу) каржылоонун көлөмү тууралуу маалыматтар, бюджеттин тартыштыгынын тышкы жана ички булактары жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
25. "Мамлекеттик карыз" бөлүмүндө мамлекеттик карыз (номиналдык мамлекеттик тышкы карыз, номиналдык мамлекеттик ички карыз, ИДПга карата мамлекеттик тышкы карыздын катышы, мамлекеттик карызды тейлөө ж.б.) тууралуу маалымат чагылдырылат.
26. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери" бөлүмүндө негизги кирешелердин түрлөрү боюнча бөлгөндө жергиликтүү бюджеттердин кирешелери, чыгымдардын функциялык классификациясы боюнча бөлгөндө жергиликтүү бюджеттердин чыгымдары, ошондой эле бөлүнүүчү трансферттер жөнүндө маалымат кирет.
27. "Бюджеттик процесске катышуунун мүмкүн болуучу ыкмалары жөнүндө маалымат" бөлүмүндө бюджеттик процесске жарандардын катышуусунун механизмдери жана ыкмалары жөнүндө маалымат чагылдырылат.
3. Индикаторлордун тизмеси
28. Жарандык бюджет ушул Методиканын тиркемесине ылайык индикаторлордун тизмесинин негизинде түзүлөт.
29. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тескөөчү багыттар боюнча жарандык бюджеттин индикаторлору жөнүндө маалыматты жана алар боюнча кыскача түшүндүрмөлөрдү төмөнкүдөй мөөнөттөрдө беришет:
- кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоору боюнча жарандык бюджетти түзүү үчүн кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө;
- кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө бекитилген мыйзам боюнча жарандык бюджетти түзүү үчүн кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 10-декабрына чейинки мөөнөттө;
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча жарандык бюджетти түзүү үчүн отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө.
4. Жарандык бюджетти жарыялоонун мөөнөтү
30. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарандык бюджетти төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жарыялайт:
- кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилгенден кийин 15 күндүн ичинде;
- кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан кийин 15 күндүн ичинде;
- республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-майына чейин.
31. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген учурда жарандык бюджет мыйзам колдонууга киргизилгенден кийинки айдын ичинде жарыяланат.
|
| Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзүү методикасынын тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзүү үчүн индикаторлордун ТИЗМЕСИ
| Индикаторлордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Максаттуу маанилери | Жооптуу мамлекеттик орган | |||||
жыл Х-2 | жыл Х-1 | жыл X | жыл Х+1 | жыл Х+2 | жыл Х+3 | ||||
I. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр | |||||||||
1 | Номиналдык ИДП | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ЭМ |
2 | ИДПнын структурасы | млрд. сом жана % |
|
|
|
|
|
| ЭМ |
3 | Калктын жан башына ИДП | сом |
|
|
|
|
|
| ЭМ |
4 | ИДПнын өсүү темпи | % |
|
|
|
|
|
| ЭМ |
5 | Инфляциянын деңгээли (мурунку жылдын аягына) | % |
|
|
|
|
|
| ЭМ |
6 | Орточо айлык эмгек акы (чакан ишканаларды эсепке албастан) | сом |
|
|
|
|
|
| ЭМ |
7 | Калктын жан башына орточо жашоо минимуму | сом |
|
|
|
|
|
| ЭМ |
8 | Калктын орточо жылдык саны | миң адам |
|
|
|
|
|
| ЭМ |
9 | Жумушсуздардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭМ |
10 | Жалпы жумушсуздуктун деңгээли | % |
|
|
|
|
|
| ЭМ |
11 | Товарларды экспорттоо | млн. АКШ долл. |
|
|
|
|
|
| ЭМ |
12 | Товарларды импорттоо | млн. АКШ долл. |
|
|
|
|
|
| ЭМ |
13 | Республикалык бюджеттин тартыштыгы/профицити | млрд. сом жана ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
II. Республикалык бюджеттин кирешелери | |||||||||
14 | Республикалык бюджеттин кирешелери | млрд. сом жана ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
| анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
1. Салыктык кирешелер | |||||||||
15 | Салыктык түшүүлөрдүн жалпы суммасы | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
16 | Салыктык кирешелердин үлүшү | ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
Кирешелердин жалпы суммасына карата % |
|
|
|
|
|
| |||
17 | Түрлөрү боюнча салыктык кирешелер | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
18 | Салыктардын жалпы суммасында тикелей жана кыйыр салыктардын үлүшү | % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
2. Салыктык эмес кирешелер | |||||||||
19 | Салыктык эмес түшүүлөрдүн жалпы суммасы | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
20 | Салыктык эмес кирешелердин үлүшү | ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
Кирешелердин жалпы суммасына карата % |
|
|
|
|
|
| |||
21 | Түрлөрү боюнча салыктык эмес кирешелер | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
3. Расмий трансферттер (гранттар) | |||||||||
22 | Расмий трансферттер (гранттар) - эл аралык финансы институттарынан жана өнөктөш өлкөлөрдөн акысыз, кайтарымсыз түшүүлөр | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
23 | Расмий трансферттердин үлүшү | Кирешелердин жалпы суммасына карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
24 | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр боюнча бөлгөндө расмий трансферттер (гранттар) | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
III. Республикалык бюджеттин чыгымдары | |||||||||
25 | Республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом жана ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
1. Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | |||||||||
26 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
27 | Мамлекеттик аппаратты күтүүгө республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом жана ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
28 | Резервдик фонддор (Президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, Премьер-министрдин). Ар бир резервдик фонд боюнча көрсөтүү | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
29 | Мамлекеттик карыз боюнча пайыздарды төлөөгө республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
30 | "Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар" бөлүмү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
31 | Мамлекеттик кызматкерлердин саны | адам |
|
|
|
|
|
| ФМ |
32 | Мамлекеттик кызматкерлердин орточо эмгек акысы | сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
2. Экономикалык маселелер | |||||||||
33 | Экономикалык маселелерге республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
34 | Автожолдорго жана көпүрөлөргө республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ТЖМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
35 | 1 км жолду тейлөөнүн наркы | сом |
|
|
|
|
|
| ТЖМ |
36 | 1 км жолду реконструкциялоонун же куруунун наркы | сом |
|
|
|
|
|
| ТЖМ |
37 | Облустар боюнча 1 км асфальт бетон төшөөгө учурдагы чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ТЖМ |
38 | Облустар боюнча 1 км жолдун үстүнкү быдырлуу катмарын иштетүүгө учурдагы чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ТЖМ |
39 | Облустар боюнча 1 км кара шагыл төшөөгө учурдагы чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ТЖМ |
40 | Облустар боюнча 1 км шагыл төшөөгө учурдагы чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ТЖМ |
41 | Курулган көпүрөлөрдүн саны | даана/п.м |
|
|
|
|
|
| ТЖМ |
42 | Темир жол транспортунда жүк ташуулар | тонна |
|
|
|
|
|
| ТЖМ |
43 | Аба транспортунда ташылуучу жүргүнчүлөрдүн саны | млн. жүргүнчү |
|
|
|
|
|
| ТЖМ |
44 | Ирригацияга республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| АЧТММ |
45 | Мелиорацияга республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| АЧТММ |
46 | Айыл чарбасына республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом жана ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| АЧТММ |
47 | Саранча зыянкечтерине каршы айыл чарба жерлерин химиялык тазалоо аянттары | миң га |
|
|
|
|
|
| АЧТММ |
48 | Америкалык ак көпөлөк карантин зыянкечтерине каршы айыл чарба жерлерин химиялык тазалоо аянттары | миң га |
|
|
|
|
|
| АЧТММ |
49 | Негизги өсүмдүк продуктулары менен калкты камсыздоо (жеке өндүрүштүн эсебинен): | % |
|
|
|
|
|
| АЧТММ |
буудай даны |
|
|
|
|
|
| АЧТММ | ||
картошка |
|
|
|
|
|
| АЧТММ | ||
бакча жашылчалары |
|
|
|
|
|
| АЧТММ | ||
50 | Мал чарбачылыгынын негизги продуктулары менен калкты камсыздоо: | % |
|
|
|
|
|
| АЧТММ |
эт |
|
|
|
|
|
| АЧТММ | ||
сүт |
|
|
|
|
|
| АЧТММ | ||
51 | Жерлердин мелиоративдик абалын жакшыртуу | миң га |
|
|
|
|
|
| АЧТММ |
52 | Ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү | км |
|
|
|
|
|
| АЧТММ |
3. Айлана-чөйрөнү коргоо | |||||||||
53 | Айлана-чөйрөнү коргоого республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
54 | Өзгөчө корголуучу табигый аймактарга республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| Токой агенттиги |
55 | Токой чарбасына республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| Токой агенттиги |
56 | Аңчылык чарбасына республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| Токой агенттиги |
57 | Биотүрдүүлүктү сактоого республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| Токой агенттиги |
58 | Аңчылык кылуудан республикалык бюджетке түшүүлөр | млн. сом |
|
|
|
|
|
| Токой агенттиги |
59 | Айлана-чөйрөнү булгоого каршы күрөшүүгө республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| Токой агенттиги |
4. Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү | |||||||||
60 | Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
61 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| "Кыргызжылуулукэнергия" МИ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
62 | Калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтер | Гкал/сом |
|
|
|
|
|
| "Кыргызжылуулукэнергия" МИ |
63 | Түрлөрү боюнча турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө республикалык бюджеттин наркы | Гкал/сом |
|
|
|
|
|
| "Кыргызжылуулукэнергия" МИ |
5. Саламаттыкты сактоо | |||||||||
64 | Саламаттык сактоого республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
65 | Республикалык бюджеттен каржылануучу Бирдиктүү төлөөчү системасынын чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
66 | Калктын жан башына саламаттык сактоого мамлекеттик чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
67 | Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылануучу чыгымдар: - ооруканаларда стационардык түрдө дарыланган адамдардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
| - ооруканаларда стационардык түрдө дарылангандарга чыгымдардын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
| - баштапкы медициналык-санитардык жардамды алган адамдардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
| - стоматологиялык бейтапканаларда жан башына ченеми боюнча чыгымдардын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
68 | Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылануучу медициналык персонал: - дарыгерлердин саны | адам |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
| - орточо эмгек акы | сом |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
| - орто медициналык персоналдын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
| - орто медициналык персоналдын эмгек акысы | сом |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
| - кенже медициналык персонал | адам |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
| - орточо эмгек акы | сом |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
69 | Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары: | саны |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
| - мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылануучу сумма, анын ичинен: | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
| - адистештирилген жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары | саны |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
| - адистештирилген жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарына мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылоонун суммасы | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
| - кургак учукка каршы ооруканалар | саны |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
| - кургак учукка каршы ооруканаларда мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылануучу сумма | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
| - калган ооруканалар | саны |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
| - калган ооруканаларга мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылануучу сумма | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
70 | Энелердин каза болуу көрсөткүчү | тирүү төрөгөн 100 миң энеге |
|
|
|
|
|
| ССМ |
71 | Балдардын чарчап калуу коэффициенти | тирүү төрөлгөн 1000 балага |
|
|
|
|
|
| ССМ |
72 | Жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болуу көрсөткүчү | 100 миң адамга карата өлүмдүн коэффициенти |
|
|
|
|
|
| ССМ |
73 | Ымыркайлардын чарчап калуу көрсөткүчү | тирүү төрөлгөн 1000 балага |
|
|
|
|
|
| ССМ |
74 | Вакциналык комплекс менен камтылган 2 жашка чейинки балдардын үлүшү | % |
|
|
|
|
|
| ССМ |
75 | Кургак учук оорусуна чалдыгуунун көрсөткүчү | 100 миң адамга карата учурлар |
|
|
|
|
|
| ССМ |
6. Эс алуу, маданият жана дин | |||||||||
76 | Эс алууга, маданиятка жана динге республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
77 | Уюмдардын түрлөрү боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ведомстволук уюмдарынын чыгымдары. Мисалы, китепканалар - 100 млн. сом; маданият үйлөрү - 300 млн. сом | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ММТМ |
78 | Театралдык-оюн зоок постановкаларынын саны | бирдик |
|
|
|
|
|
| ММТМ |
79 | Тартылган тасмалардын саны | бирдик |
|
|
|
|
|
| ММТМ |
80 | Музейдеги көргөзмөлөрдүн саны | бирдик |
|
|
|
|
|
| ММТМ |
81 | Телерадиоберүү компанияларына республикалык бюджеттен чыгымдар, компаниялар боюнча | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ, КТРК (макулдашуу боюнча), "Мир" ЭТРК УФ (макулдашуу боюнча), "ЭлТР" |
82 | Ведомстволук мекемелерди кошкондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| Жаштар жана спорт агенттиги |
7. Билим берүү | |||||||||
83 | Билим берүүгө республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
84 | Окуу жайларды республикалык бюджеттен каржылоо: |
|
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - ЖОЖдор | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - ЖОЖдорго чыгымдардын орточо суммасы | млн. сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - кесиптик башталгыч билим берүүчү окуу жайлар | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларынын чыгымдарынын орточо суммасы | млн. сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - кесиптик орто билим берүүчү окуу жайлар | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - кесиптик орто билим берүүчү окуу жайларга чыгымдардын орточо суммасы | млн. сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - орто мектептер | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - орто мектептерге чыгымдардын орточо суммасы | млн. сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - мектепке чейинки мекемелер | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - мектепке чейинки мекемелерге чыгымдардын орточо суммасы | млн. сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
85 | Окугандарды республикалык бюджеттен каржылоо: - ЖОЖдордун студенттери | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - ЖОЖдун студентине чыгымдын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - ЖОЖдун студентинин орточо стипендиясы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - кесиптик башталгыч билим берүүчү окуу жайлардын студенттери | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - кесиптик башталгыч билим берүүчү окуу жайдын студентине чыгымдын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - кесиптик башталгыч билим берүүчү окуу жайдын студентинин орточо стипендиясы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - кесиптик орто билим берүүчү окуу жайлардын студенттери | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - кесиптик орто билим берүүчү окуу жайдын студентине чыгымдардын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - кесиптик орто билим берүүчү окуу жайдын студентинин орточо стипендиясы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - орто мектептердин окуучулары | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - окуучуга чыгымдардын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - мектепке чейинки мекемелердеги балдар | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - мектепке чейинкилерге чыгымдардын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - орто мектептердин 1-4-класстарында окугандардын тамактануусу | алуучулардын саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
| - орто мектептердин 1-4-класстарында окугандардын тамактануусуна республикалык бюджеттин чыгымдары | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
8. Социалдык коргоо | |||||||||
86 | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу социалдык коргоого республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
87 | Социалдык кызматкерлердин орточо эмгек акысы | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
88 | АҮАЖ алуучулардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
89 | АҮАЖдын орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
90 | АҮАЖ төлөөгө чыгымдар | миң сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
91 | ДМЧ 18 жашка чейинки АСЖ алуучу балдардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
92 | ДМЧ 18 жашка чейинки балдарга АСЖнын орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
93 | ДМЧ 18 жашка чейинки балдарга АСЖ төлөөгө чыгымдар | миң сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
94 | Баккан адамын жоготкондугу боюнча АСЖ алуучу балдардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
95 | Баккан адамын жоготкондугу боюнча балдарга төлөөчү АСЖнын орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
96 | Баккан адамын жоготкондугу боюнча балдарга АСЖ төлөөгө чыгымдар | миң сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
97 | Бала кезинен ДМЧ боюнча АСЖ алуучулардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
98 | Бала кезинен ДМЧ боюнча АСЖнын орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
99 | Бала кезинен ДМЧАга АСЖ төлөөгө чыгымдар | миң сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
100 | Жалпы оорудан ДМЧАнын АСЖ алуучуларынын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
101 | Жалпы оорудан ДМЧАга АСЖнын орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
102 | Жалпы оорудан ДМЧАга АСЖ төлөөгө чыгымдар | миң сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
103 | АСЖ алуучу улгайган адамдардын саны (анын ичинде баатыр энелер) | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
104 | Улгайган адамдарга АСЖнын орточо өлчөмү (анын ичинде баатыр энелер) | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
105 | Улгайган адамдарга АСЖ төлөөгө чыгымдар (анын ичинде баатыр энелер) | миң сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
106 | Облустар боюнча реабилитациялык борборлордун саны | даана |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
107 | Республикалык бюджеттен реабилитациялык борборлорду каржылоо | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
108 | Мамлекеттик социалдык заказга бөлүнгөн мамлекеттик каражаттар | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
109 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн путевкаларга чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
110 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн коляскаларга чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
111 | Облустар жана Бишкек, Ош шаарлары боюнча пенсионерлердин жалпы саны | адам |
|
|
|
|
|
| Соцфонд |
112 | Республикалык бюджеттин каражаттарынан пенсиялык камсыздоону каржылоо | млрд. сом жана ИДП % |
|
|
|
|
|
| Соцфонд |
113 | Пенсионердин жашоо минимумунан төмөн жашаган пенсионерлердин саны | адам |
|
|
|
|
|
| Соцфонд |
114 | Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| Соцфонд |
115 | Пенсиянын орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| Соцфонд |
116 | Облустар боюнча улгайган жарандар үчүн жатак үйлөрдүн саны | бирдик |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
117 | Улгайган жарандар үчүн жатак үйлөрдүн тейлөө жөндөмү | адам-күн |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
118 | Жалпы керектөөдөн улгайган адамдарды жатак үйлөр менен камтуу | % |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
119 | Жатак үйлөрдү каржылоо | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
120 | Жумушсуздук боюнча жөлөкпулга республикалык бюджеттин чыгымдары | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
121 | Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуучулардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
122 | Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
123 | Кесиптик окутууга республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
124 | Кесиптик окутуудан өтүүчүлөрдүн саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
125 | Кесиптик окутуу боюнча төлөмдөрдүн орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
126 | Акы төлөнүүчү коомдук иштерге республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
127 | Акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартылгандардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
128 | Акы төлөнүүчү коомдук иштер боюнча төлөмдөрдүн орточо өлчөмү | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСӨМ |
9. Бюджеттик инвестициялар | |||||||||
129 | Капиталдык салымдар | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
130 | Мамлекеттик инвестициялар | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
131 | Инвестициялык долбоорлорду кошо каржылоо | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
132 | Мамлекеттик инвестициялардын алкагында негизги инвестициялык долбоорлордун тизмеси | долбоорлордун саны |
|
|
|
|
|
| ФМ |
133 | Дем берүүчү гранттар | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
134 | Облустар боюнча дем берүүчү гранттар | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
IV. Республикалык бюджеттин тартыштыгын жабуу булактары | |||||||||
135 | Республикалык бюджеттин тартыштыгынын жалпы суммасы | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
136 | ИДПга карата республикалык бюджеттин тартыштыгы | ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
137 | Республикалык бюджеттин тартыштыгын жабуунун ички булактары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
|
|
138 | Республикалык бюджеттин тартыштыгын жабуунун тышкы булактары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
V. Мамлекеттик карыз | |||||||||
139 | Мамлекеттик карыз | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
140 | Номиналдык ИДПга карата мамлекеттик карыз | % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
141 | Мамлекеттик тышкы карыз | млрд. сом/ млрд. АКШ долл. |
|
|
|
|
|
| ФМ |
142 | Мамлекеттик ички карыз | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
143 | ИДПга карата мамлекеттик тышкы карыздын катышы | % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
144 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого карата мамлекеттик тышкы карызды тейлөөнүн катышы | % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
145 | Кредиторлор боюнча бөлүштүрүү менен эл аралык финансылык институттардын, өнөктөш өлкөлөрдүн кредиттери | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
146 | Бюджеттин кирешелерине карата мамлекеттик тышкы карызды тейлөөнүн катышы | % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
VI. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери | |||||||||
147 | Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери | млрд. сом жана ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
148 | Жергиликтүү бюджеттердин чыгымдары | млрд. сом жана ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
149 | Теңдештирүүчү трансферттер | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
150 | Максаттуу трансферттер | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
Эскертүү: Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору жана бекитилген мыйзам боюнча жарандык бюджетти түзүүдө маалыматты Х-1, X, Х+1, Х+2 жана X+3 жылдар боюнча берүү зарыл, мында X - учурдагы бюджеттик жыл, анда бюджетти аткаруу, кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдуу мезгилге бюджеттин долбоорун түзүү жана кароо жүргүзүлөт.
Республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө жылдык отчеттун долбоору боюнча жарандык бюджетти түзүүдө маалыматты Х-2, Х-1 жана X жылдар боюнча берүү зарыл, мында X - отчеттук жыл болуп саналат.
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
Жаштар жана спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
"Кыргызжылуулукэнергия" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызжылуулук энергия" мамлекеттик ишканасы |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
"МИР" МТРК УФ | - | Кыргыз Республикасында "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын" улуттук филиалы |
"ЭлТР" | - | "ЭлТР" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиокомпаниясы |
ИДП | - | Ички дүң продукт |
АҮАЖ | - | Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул |
АСЖ | - | Ай сайын социалдык жөлөкпул |
ДМЧ | - | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген |
ДМЧА | - | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар |
Гкал | - | Гигакалория |
км | - | километр |
га | - | гектар |
АКШ долл. | - | Америка Кошмо Штаттарынын доллары |