Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 669
"Чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана коопсуздугун сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптерине (ХАССП) негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү аркылуу жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерин каржылоо" долбоору жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)
Чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана коопсуздугун сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптерине (ХАССП) негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү аркылуу жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана коопсуздугун сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптерине (ХАССП) негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү аркылуу жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерин каржылоо" долбоору (мындан ары - Долбоор) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Япония Өкмөтү, Швейцария конфедерациясынын Өкмөтү жана "Kreditanstalt fur Wiederaufbau" (KfW) Немец мамлекеттик банкы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсебинде ишкер субъекттерге кредит берүүгө топтолгон финансы каражаттарын жөнөтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана алар макул болгон учурда финансы каражаттарын ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Долбоорго ылайык ишкер субъекттерге кредит берүүгө багыттасын;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Долбоорго ылайык кредит алган субъекттердин карыздарын жоюунун эсебине келип түшкөн каражаттарды топтоо үчүн атайын эсеп ачсын. Бул эсепте топтолгон каражаттарды ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Долбоорго ылайык тандалып алынган коммерциялык банктар аркылуу ишкер субъекттерге андан ары кредит берүү үчүн багыттасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
"Чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана коопсуздугун сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптерине (ХАССП) негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү аркылуу жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерин каржылоо" долбоору
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана коопсуздугун сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптерине (ХАССП) негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү аркылуу жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерин каржылоо" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) негизги максаты чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана коопсуздугун сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптерине (мындан ары - ХАССП) негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү жолу менен жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2. Долбоор ишкер субъекттерге бюджеттик кредит берүүнүн жалпы шарттарын, кредит берүү булактарын жана шарттарын, ишкер субъекттерге карата талаптарды, ишкер субъекттерди талдоо жана тандоо жүргүзүү тартибин, төлөө жөндөмүнө талдоо жүргүзүү жана кредиттик-күрөө келишимин тариздөө тартибин аныктайт.
3. Жеңилдетилген кредит эки деңгээлдүү негизде, тандалып алынган коммерциялык банктар аркылуу берилет. Кредит ала турган ишкер субъекттерди талдоо жана тандоо карыз алуучулардын төлөө жөндөмүн аныктаган жана кредиттик-күрөө келишимин түзгөн коммерциялык банк тарабынан түзүлөт.
2. Экономиканын кредит берилүүгө тийиш болгон тармактары
4. Долбоор төмөнкү тармактарда ишке ашырылат:
- эт өнөр жайы, анын ичинде мал союу цехтери;
- балык өнөр жайы;
- мөмө-жемиш жана жашылчаны кайра иштетүү өнөр жайы;
- май өнөр жайы;
- сүт өнөр жайы;
- ун салуу өнөр жайы, анын ичинде айыл чарба малы үчүн тоюттарды өндүрүү;
- крахмал өнөр жайы;
- нан-азык өнөр жайы;
- кант өнөр жайы;
- кондитер өнөр жайы;
- макарон өнөр жайы;
- пайдаланууга даяр тамак-аш өндүрүшү;
- мал үчүн тоют өндүрүү;
- балды өндүрүү жана кайра иштетүү;
- айыл чарба продукциясын сатып алуу, сактоо, ташуу боюнча логистика борборлору;
- айыл чарба үчүн жер семирткичтерин жана азот бирикмелерин өндүрүү;
- айыл чарба продукцияларын таңгактоо, кампага коюу жана сактоо, анын ичинде жашылчаларды сактоо жайлары;
- ушул тармактар үчүн таңгактарды, тараларды өндүрүү;
- дары чөптөрдү кайра иштетүү.
3. Кредит берүү булактары жана шарттары
5. Япония Өкмөтүнүн, Швейцария конфедерация Өкмөтүнүн жана "Kreditanstalt fur Wiederaufbau" (KfW) Немец улуттук банкы тарабынан кредитке берилген каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептеринде топтолгон фонддордун каражаттары кредит берүү булагы болуп саналат.
6. Бюджеттик кредит Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банктарга төмөнкүдөй шарттарда берилет:
- кайтаруу мөөнөтү - кредитти алган күндөн тартып 6 жыл;
- пайыздык ставка - жылына 1 пайыз;
- негизги сумманы жабууга жеңилдетилген мезгил - 1 жыл;
- негизги сумма жана пайыздар квартал сайын бирдей төлөм менен жабылат;
- айыптык санкциялар - жылына 2 пайыз.
7. Коммерциялык банктар сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде ХАССП принциптерине негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү боюнча ишкер субъекттер берген бизнес-пландарга ылайык аларга төмөнкү шарттарда кредит берет:
- ишкер субъекттер үчүн кредитти кайтаруу мөөнөтү - 5 жыл, коммерциялык банктын кошулган пайыздык ставкасы (маржа) ар бир мөөнөтү өтүп кеткен күн үчүн 0,03 пайыздык айып санкциясын эсептөө менен жылына 5 (беш) пайыздан ашпашы керек. Ишкер субъекттер үчүн пайыздык ставканын чеги жылына 6 пайыздан ашпоого тийиш;
- күрөөлүк камсыздоо - берилген кредиттин суммасынан, анын ичинен кредиттин эсебинен алынган активдерди эсепке алуу менен акыркы алуучулар үчүн 120 пайыздан аз эмес.
- кредиттин суммасы 1 млн. сомдон кем эмес жана 30 млн. сомдон ашпайт;
- күрөө коюучунун өздүк салымы долбоордун жалпы суммасынан (күрөө коюучунун өздүк салымын жана коммерциялык банк берген кредиттик каражаттарды эсепке алуу менен долбоордо каралган иштерди аткаруу үчүн керек болгон ресурстардын наркынын көлөмүнөн) 20 (жыйырма) пайыздан кем эмес өлчөмдө болуусу милдеттүү;
- карыздын негизги суммасын төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу -кредит берилген күндөн тартып 1 (бир) жылга чейин;
- төлөөнүн мезгилдүүлүгү - ар квартал сайын.
4. Бюджеттик кредитти максаттуу пайдалануу
8. Долбоордун алкагында төмөнкүлөргө кредит берилиши мүмкүн:
- ишкер субъекттердин негизги ишине, анын ичинде негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарды сатып алууга;
- сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде ХАССП принциптерине негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү чыгымдарына, жабдык орнотуу жана окутуу кызмат көрсөтүүлөрү боюнча консультациялардан тышкары, консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө.
Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү тартуу үчүн ишкер субъекттер эл аралык уюмдар жана сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде ХАССП принциптерине негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүүгө адистештирилген уюмдар менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн.
9. Кредит өндүрүштө колдонулуучу негизги каражаттардын бардык түрүн сатып алууга жана модернизациялоого берилет, анын ичинде:
- имараттарды жана курулмаларды;
- машиналарды жана жабдууларды;
- өлчөөчү жана жөнгө салуучу приборлорду жана түзүлүштөрдү;
- эсептөө техникасын (компьютердик жабдууларды жана технологияларды), уюштуруу техникасын;
- транспорт каражаттарын;
- өндүрүштүк багыттагы инструменттерди;
- 1 жылдан ашык колдонуу мөөнөтү менен өндүрүш жана чарба шаймандарын;
- материалдык негизги фонддордун башка түрлөрүн.
10. Өндүрүштүн процессинде түздөн-түз колдонулбаган негизги каражаттар боюнча (өндүрүштүк эмес максаттарда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, көмөкчү жабдууну сатып алууга) кредит берилбейт.
5. Кепилдик фондунун механизмдерин пайдалануу
11. Потенциалдуу зайымчыларда күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда алар кепилчилик алуу жөнүндө арызы менен кепилдик фондуна кайрылууга укуктуу.
Кепилдик фондунун кепилчилиги кредиттик келишим боюнча субъекттин милдеттенмелеринин камсыздалбаган бөлүгүнө гана берилет.
Кепилчилик берүүгө түзүлгөн келишим боюнча кепилдик фондунун жоопкерчилигинин көлөмү зайымчынын коммерциялык банктын алдындагы негизги милдеттенмесинин көлөмүнүн (кредиттин негизги суммасынын) 50 пайызынан ашпашы керек.
Коммерциялык банктар коммерциялык банк менен кепилдик фондунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө түзүлгөн макулдашууга ылайык кепилдик фондунан кепилчилик алат. Кепилчилик акы төлөмө негизинде берилет жана кепилчилик келишими менен аныкталат.
12. Кепилдик фонду тарабынан кепилдик берүүнүн тартиби жана шарттары "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.
6. Ишкер субъекттерге коюлуучу негизги талаптар
13. Кредит берилүүгө тийиш болгон ишкер субъекттер Кыргыз Республикасынын резиденттери болууга жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарында жана алардын региондук бөлүмдөрүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде талаптагыдай катталууга тийиш.
14. Ишкер субъекттерге коюлуучу негизги талаптар:
- ишканада колдонуудагы активдердин болушу;
- сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде ХАССП принциптерине негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү боюнча тастыкталган консультант тарабынан жактырылган бизнес-пландын болушу;
- салыктык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу;
- продукцияны сатып өткөрүүнүн эсебинен кирешелердин туруктуу келип түшүүсү менен аныкталган чыгарылуучу продукцияга карата туруктуу сурамдын болушу;
- ишкананын рентабелдүүлүгү, күрөө менен камсыздалышы, кредиттик таржымалынын жакшы болушу, өндүрүштүн жана сатуунун, анын ичинде экспорттун туруктуу өсүшү, түзүлгөн жумуш орундарынын саны жана башка финансылык көрсөткүчтөр сыяктуу үчтөн кем эмес оң көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталган ишкананын эки жылдан кем эмес ийгиликтүү иштеши;
- иштеп жаткан өндүрүш линиясынын болушу;
- продукцияларды ата мекендик (айыл чарба) сырьёсунан жана материалдарынан өндүрүү (кайра иштетүү), 50 пайыздан кем эмеси ата мекендик сырьёну жана материалдарды кайра иштетүү менен).
15. Төмөнкү ишкер субъекттерди тандоодо артыкчылык берилет:
- сапаттын эл аралык стандарттарын, ошондой эле ХАССП принциптерине негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүүчү;
- кредиттин эсебинен технологиялык жактан өнүккөн өлкөлөрдөн заманбап жогорку сапаттагы жабдууну сатып алгандар жана заманбап жабдууну жеткирүүгө келишимдерди түзгөндөр;
- продукцияны өндүрүү жана сатуу көлөмүн кеңейтүүнүн/ жогорулатуунун, экспорттун көлөмүн көбөйтүүнүн оң динамикасы байкалгандар;
- ишкана товарларды экспортко чыгарган учурда продукциянын чыккан өлкөсү Кыргыз Республикасы болгондугу жөнүндө сертификаты барлар;
- продукцияны жеткирүүгө жергиликтүү жана чет элдик сатып алуучулар менен келишимдерди (контракттарды) түзгөндөр;
- ассоциациялардын (сырьёну жеткирүүчүлөр) мүчөлөрү менен алардын бренди боюнча иштетип алма сырьёну кайра иштетүү келишимдери барлар.
16. Ишкер субъекттер үчүн сапаттын эл аралык стандарттарын, ошондой эле ХАССП принциптерине негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү мөөнөтү кредит алган күндөн тартып эки жылдан ашпайт. Тастыктоону Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тарабынан түзүлгөн комиссия чыгарылган продукцияга карата корутундунун жана декларациянын негизинде жүзөгө ашырат.
17. 2017-жылы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек араларында түзүлгөн кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттерине кредиттик каражаттар биринчи кезектеги тартипте Комиссиянын чечиминин негизинде берилип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)
.
7. Коммерциялык банктарды тандоо тартиби
17. Долбоордо катышуу үчүн коммерциялык банк суралып жаткан кредиттин жалпы суммасын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине арыз берет.
18. Долбоорго төмөнкү критерийлерге шайкеш келген коммерциялык банктар катыша алышат:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиянын болушу;
- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан белгилеген экономикалык ченемдердин жана талаптардын, анын ичинде милдеттүү резервдик талаптардын акыркы 12 айдын ичинде сакталышы;
- Улуттук банк тарабынан коммерциялык банкка карата акыркы үч жылдын ичинде атайын режим түрүндө таасир керүү чараларынын жоктугу;
- депозиттерди тартууга жана/же кредит берүүгө тыюулардын же чектөөлөрдүн жоктугу;
- Улуттук банк менен соттук териштирүүлөрдүн жоктугу.
19. Коммерциялык банктарды тандоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт. Бирдей шарттар болгон учурларда 7-пунктта көрсөтүлгөн ишкердин субъекттери үчүн кыйла төмөн кошумча пайыздык ставканы сунуштаган коммерциялык банктарга артыкчылык берилет.
Бюджеттик кредит берүү көлөмүнөн ашып кеткен билдирүүлөр түшө турган болсо ХАССП принциптерине негизделген эл аралык стандарттарды, анын ичинде тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү боюнча бизнес-планы бар ишканалардын тизмеси болгон коммерциялык банкка артыкчылык берилет.
6. Коммерциялык банктарга бюджеттик кредитти бөлүп берүү тартиби
20. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банк менен бюджеттик кредит бөлүп берүү жөнүндө келишим түзөт. Бюджеттик кредит Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан өзүнчө транш менен, аны өздөштүргөнүнө жараша бөлүнөт.
21. Коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен алынган траншты 50 календарлык күндүн ичинде өздөштүрүүлөрү керек жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ушул траншты максаттуу пайдалангандыгы жөнүндө отчет берип, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине транштын пайдаланылбаган калдыгын кайтарышы зарыл.
22. Бир транштын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ишкердик субъекттердин муктаждыгына жараша аныкталат, ал 150 (жүз элүү) млн сомдон ашпайт.
23. Бюджеттик кредиттин кезектеги траншы коммерциялык банк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мурдагы траншты максаттуу пайдалангандыгы тууралуу канааттандырарлык отчёт бергенден кийин гана жана сапаттын эл аралык стандарттарын, ошондой эле ХАССП принциптерине негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүүнү пландаган ишкер субъекттердин кезектеги тизмеси тапшырылганда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банкка берилет.
9. Коммерциялык банктарды күрөө менен камсыз кылуу
24. Коммерциялык банктардын күрөөлүк камсыздоосу болуп активдердин төмөнкүдөй түрлөрү саналат:
- Кыргыз Республикасынын резиденти болуп эсептелген коммерциялык банктардын эсептеринде жайгаштырылган депозиттер же акчалай каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карыздык баалуу кагаздары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин талаптарына жооп берүүчү башка баалуу кагаздар;
- кыймылсыз мүлк;
- кредиттик портфель.
10. Кредитти максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү жана Долбоордун натыйжалуу ишке ашырылышын талдоо
25. Кредитти максаттуу пайдаланууга мониторингди коммерциялык банктар төмөнкү жолдор менен жүргүзөт:
- кредитти алган күндөн тарта биринчи айдын аралыгында ишкер субъекттер коммерциялык банкка кредитти максаттуу пайдалануу жөнүндө, кредит боюнча сарпталган чыгымдарды тастыктоочу документтерди тиркөө менен (контракт/келишим, эсеп-фактура жана/же накладной, акы төлөнгөндүгү тууралуу төлөм документтери жана башкалар) отчёт берет;
- кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө ишкер субъекттерден отчёт алган мезгилден кийинки үч айдын аралыгында банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери жер-жерлерге баруу менен мониторинг жүргүзүшөт, өз учурунда ал текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчёт катары таризделет.
26. Кредит алынган учурдан тартып эки жыл өткөндөн кийин кредит максатсыз пайдаланган, ошондой эле сапаттын эл аралык стандарттарынын, анын ичинде ХАССП принциптерине негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасынын жоктугун далилдеген фактылар аныкталган учурда, тиешелүү акт түзүлүп, бул кредит боюнча пайыздык ставка кредит берилген күндөн баштап жылына 20 пайызга чейин жогорулатылат, мында 15 пайызы республикалык бюджетке, 5 пайызы - катышуучу банктын административдик чыгымдарына багытталат.
27. Долбоор боюнча кредитти натыйжалуу пайдаланууну баалоо максатында коммерциялык банк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде учурдагы жылдын 15-декабрынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине карыз алуучулардын кредитти максаттуу пайдалангандыгы жөнүндө маалыматты (анын ичинде жеңилдетилген кредиттин каражатына сатылып алынган продукциянын түрлөрү, жабдуулар, имараттар, кредит алынганга чейин жана андан кийинки өндүрүш көлөмү, өндүрүлгөн продукцияны сатуу көлөмү, мунун ичинен экспорттун көлөмү, түзүлгөн жумушчу орундар жана башкалар) жыл сайын берет.
28. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте коммерциялык банктар берген маалыматтын негизинде жер-жерлерге баруу менен тандап текшерүү жүргүзөт жана бюджеттик кредитти кайтаруу мөөнөтү аяктаганда Долбоордун натыйжалуулугун талдоо жана кийинки каржылоо механизмин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн бюджеттик кредитти берген учурдан тартып бир жылдан кийин зайымчылардын жалпы санынын 1/4 кем эмес сурамжылоо жүргүзөт. Сурамжылоо республиканын бардык региондорун камтышы керек.
29. Коммерциялык банктар ай сайын бюджеттик кредит толугу менен өздөштүрүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жайгаштырылган кредиттер жөнүндө жазуу жана электрондук форматта, ар бир зайымчы тууралуу: кредит берүүнүн көлөмү; максаттуу багыты; кредит берүүнүн мөөнөтү; ошондой эле кредит каржылоонун негизги же жүгүртүү каражаттарына багытталгандыгы тууралуу жана зайымчы чакан, орто, ири ишкана экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен отчёт берип турат.
Коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча Долбоорду ишке ашырууга тиешелүү болгон маалыматты берет.
30. 26-пунктта каралган жагдайлар келип чыккан учурда коммерциялык банк зайымчыдан бузуу аныкталган кредит боюнча карызынын бардык суммасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алыш-бериш эсебине келип түшүүчү каражаттарды андан ары которуу жолу менен мөөнөтүнөн мурда өндүрүп алууга милдеттенет.
Коммерциялык банк зайымчыларга кредитти максатсыз багытта берген учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги зайымчыга максатсыз багытта берилген кредиттин суммасын мөөнөтүнөн мурда коммерциялык банктан өндүрүп алууга укуктуу.