Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 718
Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттерине 2017-жылдын 10-октябрынан баштап аталган кырдаал чечилгенге чейинки мезгилде мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды өткөрүү боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасындагы кырдаал менен байланышкан окуялар Кыргыз Республикасынын зыян тарткан субъекттерине салыктык, бажылык, социалдык төлөмдөр жана кредиттөө маселелери боюнча колдоо көрсөтүү максатында алдын ала көрө билүүгө же болтурбоого мүмкүн эмес же болбосо алдын ала көрө билүүгө мүмкүн, бирок болтурбоого мүмкүн эмес жагдайлар катары таанылсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасында товарлардын жана продукциялардын кармалып туруусунун натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) курамы 1-тиркемеге ылайык;
- Комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
3. Комиссия:
- 2017-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын субъекттерине, анын ичинде жүк ташуучуларга келтирилген зыяндын өлчөмүн бааласын жана аныктасын;
- кырдаал чечилгенге чейин кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасында болуп өткөн окуялардын кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттеринин тизмесин этабы менен бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын зыян тарткан субъекттеринен документтерди кабыл алууну уюштурсун (тийиштүү жайларды, оргтехниканы берүү, консультация берүү үчүн телефондорду орнотуу менен ж.б.).
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Комиссия бекиткен тизмеге ылайык карыздын суммасына карата пайыздарды жана өнбөгөн калдыктын суммасы боюнча туумду эсептебестен Кыргыз Республикасынын субъекттерине 2017-жылдын 1-ноябрындагы абал боюнча салыктык карызды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын же болбосо узартсын.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте "Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин, мында төмөнкүлөр караштырылсын:
- ал жеткис күчтүн кесепетинен зыян тарткан ишкер субъекттерине бажы төлөмдөрүн албастан жана алты айлык мезгилге чейин мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө үчүн пайыздарды эсептебестен салыктык карызды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө;
- ал жеткис күчтүн кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттерине 2018-жылдын 1-январына карата салыктык карыздын суммасын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө (банктык кепилдикти, күрөө жана кепилчиликти берүүсүз, мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө үчүн пайыздарды эсептебестен);
- Кыргыз Республикасынын субъекттерине жазуу жүзүндөгү арызы боюнча 3 жылга чейин мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү.
7. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ал жеткис күчтүн кесепетинен экономикалык зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттеринин камсыздандыруу төгүмдөрү жана финансылык санкциялары боюнча карыздын суммалары боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык каралган мөөнөткө банктык кепилдикти, күрөөнү жана кепилчиликти бербестен, мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын жана/же бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк берсин.
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 669 "Чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана коопсуздугун сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптерине (ХАССП) негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү аркылуу жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерин каржылоо" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
6-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17. 2017-жылы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек араларында түзүлгөн кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттерине кредиттик каражаттар биринчи кезектеги тартипте Комиссиянын чечиминин негизинде берилип турсун.".
10. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү режимин чектөөнүн Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген терс кесепеттерин минималдаштыруу үчүн максаттуу кредиттик аукциондорду өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарына жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна Комиссия бекиткен тизмеге киргизилген Кыргыз Республикасынын зыян тарткан субъекттеринин кредиттик карыздарына реструктуризациялоо жүргүзүү.
11. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
12. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
1-тиркеме
Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасында товарлардын жана продукциялардын кармалып туруусунун натыйжасында келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
бизнес-ассоциациялардын, көз каранды эмес баалоочулардын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнч
2-тиркеме
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында товарлардын жана продукциялардын кармалып туруусунун натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын иш тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасында товарлардын жана продукциялардын кармалып туруусунун натыйжасында келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссиянын иш тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасында товарлардын жана продукциялардын кармалып туруусунун натыйжасында зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттерине жардам көрсөтүү максатында иштелип чыкты.
2. Кыргыз Республикасынын зыян тарткан субъекттеринин тизмеси Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында товарлардын жана продукциялардын кармалып туруусунун натыйжасында келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссия тарабынан зыяндын өлчөмүн көрсөтүү менен бекитилет.
3. Комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан ишке ашырылат (мындан ары - Комиссиянын катчылыгы).
2. Комиссиянын иш тартиби
4. Зыян тарткан ишкерлер Комиссиянын катчылыгына арыз беришет.
5. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- Кыргыз Республикасынын субъекттеринин уюштуруу документтеринин жана каттоо жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
- эгерде жактар өз өкүлү аркылуу аракеттенсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделип өкүлгө берилген ишеним кат;
- тарткан зыяны жөнүндө ырастоочу документтер жана башка кошумча документтер.
6. Комиссиянын катчылыгы:
- арыздарды кабыл алуучу орунду аныктайт;
- арыздарды кабыл алат жана белгиленген тартипте каттайт;
- Комиссиянын ишине байланыштуу уюштуруу-методикалык мүнөздөгү башка функцияларды аткарат;
- материалдарды Комиссиянын кароосуна берет;
- 5 иш күндүн ичинде арыз ээсине Комиссия кабыл алган чечим жөнүндө билдирүү жиберет.
7. Комиссия Кыргыз Республикасынын субъекти кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасында товарлардын жана продукциялардын кармалып туруусунун натыйжасында зыян тарткандыгын тастыктоочу жана зыяндын суммасын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын субъектин зыян тарткан субъекттердин тизмесине киргизүү жөнүндө чечим чыгарат.
8. Комиссиянын чечими ачык добуш аркылуу, добуштардын көпчүлүгү менен кабыл алынат.
Комиссиянын жыйыны ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3 катышса ыйгарым мыйзамдуу болуп эсептелет.
Добуштар бирдей санда болуп калса Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот.
9. Комиссиянын чечими протокол менен таризделип, ага Комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана Комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет.
10. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жыйынга катышкандардын тизмеси;
- Кыргыз Республикасынын субъекттеринин арыздарын кароонун жыйынтыктары.
11. Эгерде арыз берген жак ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тапшырбаса же туура эмес маалыматтарды көрсөтсө арыз ээсине мамлекеттик колдоо көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
12. Кыргыз Республикасынын зыян тарткан субъекттеринин тизмесине киргизилген арыз ээлери Комиссиянын чечиминин негизинде белгиленген тартипте мамлекеттен колдоо алууга укуктуу.
13. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын субъекттери тарабынан берилген документтердин тууралыгын жана чечим кабыл алуу үчүн керектүү башка маалыматтарды текшерүүгө;
- зарылдыгына жараша өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын адистерин, ошондой эле көз каранды эмес эксперттерди тартууга;
- тартипте зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте сурап алууга;
- арыз ээлеринин күбөлөндүрүүчү материалдарды берүү менен Кыргыз Республикасынын зыян тарткан субъекттеринин тизмесине киргизүү жөнүндө арыздарын жана зыяндын өлчөмүн баалоонун тууралыгын карайт.
3. Комиссиянын чечими боюнча даттануунун тартиби
14. Арыз ээлери Комиссиянын чечиминин үстүнөн Комиссиянын кабыл алынган чечими жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде даттанышса болот.
15. Комиссия түшкөн арыздарды бир жумалык мөөнөттө карап чыгууга жана кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсине кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.