Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ КЫРК ҮЧҮНЧҮ СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 11-декабры № 11
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлерине жана “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо” тутумунун кызматкерлерине кошумча акча каражат тѳлѳѳ жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 27.04.2015-жыл №258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча тѳлѳмдү белгилѳѳнүн тартиби жѳнүндѳ» Жобонун, Эмгек Кодексинин №164 жана №224-беренелеринежана Бишкек шаардык мамлекеттик эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун 30.12.2020-жылдагы №210/205Р «Электромагниттик нурлануунун денгээлин ѳлчѳѳ» жѳнүндѳгү протоколунун, ошондой эле Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн 29-декабрь 2020-жыл №91 «Жумуш орундарын аттестациялоо боюнча кызматкерлеринин эмгек шарттарынын зыяндуулугуна карата кошумча компенсация тѳлѳѳнү аныктоо үчүн комиссия түзүү жѳнүндѳ» буйругуна ылайык, Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлердин жана “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо” тутумунун кызматкерлердин айлык акысына кошумча акча каражат тѳлѳѳ боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Тюлегеновдун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Кара-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлерине жана “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо” тутумунун кызматкерлерине 15 пайыз кошумча тѳлѳмү, 2021-жылдын 1-январынан баштап тѳлѳнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын Финансы Министрлигинин Ысык-Кѳл райондук башкармалыгына сунуштоо жагы ФЭБ башчысысы А.Жайнаковга тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |