Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы
2020-жылдын 18-декабры № 116
Компьютерде иштеген убактысы үчүн эмгек акысына үстөк төлөм белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 27.04.2015-жыл №258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча тѳлѳмдү белгилѳѳнүн тартиби жѳнүндѳ» Жобонун, Эмгек Кодексинин №164 жана №224-беренелерине ошондой эле Садыр аке айыл өкмөтүнүн айыл Ѳкмѳтүнүн 08-декабрь 2020ж. № 155 «Жумуш орундарын аттестациялоо боюнча кызматкерлеринин эмгек шарттарынын зыяндуулугуна карата кошумча компенсация тѳлѳѳнү аныктоо үчүн комиссия түзүү жѳнүндѳ» буйругуна ылайык, Садыр аке айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлеринин айлык акысына кошумча акча каражат тѳлѳѳ боюнча айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы К.Рашевдин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Садыр аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Садыр аке айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлерине компьютерде иштеген убактысы үчүн эмгек акысына кошумча тѳлѳм 2021-жылдын 01-январынан баштап тѳлѳнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Финансы Министрлигинин Ысык-Кѳл райондук башкармалыгына сунуштоо жагы башчы К.Рашевге жана ФЭБтин башчысы башкы эсепчи Н.Сыдыкова тапшырылсын.
3. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Садыр аке айылдык Кенешинин «Бюджет, финансы, экономика инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Бозунбаев |