РешениеКүчүндө

Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-мартындагы № 03-8а «Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳ» чечими

Редакция29.03.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧОН–КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ЧЕЧИМ

2018-жылдын 29-марты № 03-8а

Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳ

Чоң-Кемин айылдык Кеңешинин, Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына  ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳгү 2018-жылдын 28-мартындагы XXVII/11-4 сандуу токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү» мыйзамынын 18-беренесин жетекчилике алып, Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтү

ЧЕЧТИ:

1. Чон-Кемин айыл аймагындагы Тѳрт-Күл айылы Капчыгай коктусу менен «Чон-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын карамагында жайгашкандыктан, жергиликтүү калк катмарына социалдык жана башка түрдѳгү ар тараптуу кызматтар толук кандуу кѳрсѳтүлбѳй калгандыктан, Тѳрт-Күл айылы Капчыгай коктусу «Чон-Кемин» суусунун айланасындагы Шабдан айылына чейинки жерлери (сай) менен Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин ѳткѳрүү жана жана которуу (трансформациялоо) маселесин карап чыгуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын

 

Чон-Кемин айыл

өкмөтүнүн башчысы

 

Н.Ж. Сулайманов