Бишкек шаардык кеңешинин
2024-жылдын 29-августундагы № 153
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-июлу № 2
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарынын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин негизинде, Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын биринчи сессиясынын эсептөө комиссиясынын төрагасынын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султанов Токтосун Султанович Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-сентябрындагы № 74 "Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага | К.К. Конгантиев |