Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 3- кезексиз сессиясы
2020-жылдын 28-майы № 6
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын жөнгө салуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” КР Өкмөтүнүн 2020-жыл 5-февраль №65 токтомун аткаруу максатында Покровка айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” КР Өкмөтүнүн 2020-жыл 5-февраль №65 токтомунун негизинде Покровка айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине ылайык, тейлөөчү кызматкерлердин өзгөрүлгөн айлык маянасы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) штаттык бирдикке ылайык, эсептөө жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |
Покровка айылдык аймагына караштуу Покровка айыл окмотунун кодямуналдык кызматкерлердин штаттык бирдик боюнча озгортулгон айлык маянасынын айырмасы