Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-февралы № 65
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктунун экинчи абзацы "эмгек акы" деген сөздөрдөн кийин ", ушул токтомдун 4-тиркемесинде аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлерин кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык 4-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункту күчүн жоготту ден таанылсын.
3. Ушул токтом 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
| 1-тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналары
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маянасы (сом менен) |
1 | Автобустун, жүк ташуучу автомобиль айдоочусу | 8000 |
2 | Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана автоарабанын айдоочусу | 6000 |
3 | Уста, сантехник, слесарь, электрик | 6000 |
4 | Документтерди мукабалоочу | 5000 |
5 | Короо тазалоочу, бакчы | 5000 |
6 | Гардеробчу, кароолчу (вахтер), лифтер, от жагуучу, кастелянша, курьер, кампачы | 5000 |
7 | Имараттарды тейлөө жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн жумушчу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча жумушчу, кызматтык жайларды, аймактарды тазалагыч | 5000 |
Эскертүү:
1. Автомобиль айдоочуларына ченемге салынбаган жумуш күнүндө айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянасынын өлчөмүнөн 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт.
2. Кароолчуга түнкү убакта иштегендиги үчүн сааттык тарифтик ставка өлчөмүнөн 50 пайыз өлчөмүндө кошумча акы төлөө белгиленет.
3. Тиешелүү кызматтык маянасынын өлчөмүнөн кесиптик чеберчилиги үчүн: 4-разряддагы жумушчуларга - 15 пайыз, 5-разряддагыларга - 20 пайыз жана 6-разряддагыларга - 25 пайыз дифференцияланган үстөк акы белгиленет.
4. Жеңил автомобиль айдоочусунун кызматтык маянасы адистин кызматтык маянасынан 15 пайызга кем белгиленет.
5. Кызматтык имараттарды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маяналарына 25 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк акы белгиленет.".
| 2-тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеси
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги.
7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги.
8. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
22. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти, облустук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, райондук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби.
23. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын аппараттары.
25. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.
26. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештердин аппараттары).
27. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары (мэриялар жана айыл өкмөттөрү) жана алардын бөлүмдөрү.".