Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23-сессия
2021-жылдын 19-марты № 167/XXIII-27
Кант шаарынын аймагында «Маркетинг-Сервис» ЖЧКу тарабынан тейленген чарбалык-ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу калдыктарын кабыл алуу (канализация) кызматынын нарк көрсөткүчүн (тарифин) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы менен, шаардык суу менен камсыздоо жана суу бөлүштүрүү тармагынын ишин камсыздоо жана Кант шаарынын керектүүчүлөрүн үзгүлтүксүз сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо, суу калдыктарын кабыл алуу (канализация) максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Европа Банкынын ортосунда кол коюлган эл аралык макулдашуунун талаптарын аткаруу, Кант шаарынын калкын, мекеме-уюмдарын чарбалык ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу калдыктарын кабыл алууда (канализация) “Кант шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тармактарын реабилитациялоо” долбоорун калыбына келтирүү жана ишке ашыруу алкагында Кыргыз Респубилкасынын Өкмөтүнө караштуу антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык жана Чүй облустук бөлүмү менен макулдашылган «Маркетинг-Сервис» ЖЧКунун калкты тейленген чарбалык-ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу калдыктарын кабыл алуу (канализация) кызматынын нарк көрсөткүчүн карап көрүп
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кант шаардык кеңеши мурда кабыл алган “Кант шаарындагы ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу калдыктарын кабыл алуу (канализация) кызматынын нарк көрсөткүчүн (тарифин) көтөрүү жөнүндө” кабыл алынган токтому күчүн жоготсун.
“Маркетинг-Сервис” ЖЧКу тарабынан тейленген чарбалык-ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу калдыктарын кабыл алуу (канализация) кызматынын нарк көрсөткүчү (тарифи) бекитилсин (тиркемеге ылайык).
«Маркетинг-Сервис» ЖЧКнун директору М.Т.Кенжеевге тапшырылсын:
- нрак көрсөткүчү (тарифи) массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кант шаарынын калкына жеткиликтүү түрдө маалымат берилсин;
- ишмердүүлүгүң ары карай жүргүзүүдө бекитилген тариф колдонулсун.
Бекитилген тариф 2021-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирсин.
Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаарынын вице-мэри Э.С. Мамадалиевге тапшырылсын.
Кант шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Ж. Бирюкова |
| Кант шаардык кеңешинин 19.03.2021-жылдагы № 167/XXIII-27 Токтомуна тиркеме |
№ т/б | Аталышы | Өлчөө бирдиги | Тариф, сом |
Суу менен камсыздоо | |||
1 | Калк | 1 м. куб. | 11,34 |
2 | Бюджеттик уюмдар | 1 м. куб. | 25,20 |
3 | Башка уюмдар | 1 м. куб. | 28,50 |
Канализация | |||
1 | Калк | 1 м. куб. | 7,43 |
2 | Бюджеттик уюмдар | 1 м. куб. | 20,70 |
3 | Башка уюмдар | 1 м. куб. | 20,70 |
“Маркетинг-Сервис” ЖЧК Директору |
Кенжеев М.Т. |
“Маркетинг-Сервис” ЖЧК Башкы бухгалтери |
Билялова С.Б. |