Загрузка документа…
(Кант шаардык кеңешинин
2021-жылдын 19-мартындагы № 167/XXIII-27 токтомдун редакциясына ыйлайык
күчүн жоготту)
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кант шаардык Кеңешинин XVIII-сессиясы
2014-жылдын 25-сентябры № 93/XVIII-26
“Кант шаарындагы суу менен камсыздо жана агынды (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди жогорулатууну бекитүү жөнүндө”
“Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тутумун реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу максатында жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда 2013-жылдын 21-майында түзүлгөн Кредиттик макулдашуунун шарттарын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Кант шаарынын мэриясынын ортосунда 2013-жылдын 21-майында түзүлгөн Долбоорду колдоо жөнүндө макулдашуунун, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен «Маркетинг-Сервис» ЖЧКнын ортосунда 2013-жылдын 21-майында түзүлгөн Долбоордук макулдашуунун шарттарын атркаруу үчүн жана тараптар кабыл алган макулдашуулардын финансылык милдеттенмелерин сактоо үчүн зарыл болгон каражаттарды камсыздоо максатында, ошондой эле шаардык суу менен камсыздоо жана агынды (канализация) тутумун пайдалануунун ишенимдүүлүгүн камсыздоо, насостук жабдууларды модернизациялоо, суу түтүк-канализация тармактарын модернизациялоо, Кант шаарынын керектөөчүлөрүн сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, агындыларды кабыл алуу жана суу менен камсыздоо жана агынды (канализация) кызматтарынын тарифтерин чыгымдарга ылайык келтирүү максатында Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана агынды (канализация) боюнча кызматтардын колдонуудагы тарифтеринин өлчөмүн керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн 2014-жылдын 1-октябрынан баштап тиркемеге ылайык 30%га жогорулатуу бекитилсин.
Кант шаардык кеңешинин 30.09.2011-жылдагы “Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана агынды (канализация) боюнча кызматтардын тарифтерин бекитүү жөнүндө” № 195/XXIII-25 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана агынды (канализация) боюнча кызматтардын тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде бекитилсин.
Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаарынын мэриясына жана Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кант шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.К.Шайдалбеков
|
| Кант шаардык кеңешинин 25.09.2014-жылдагы № 93/XVIII-26 Токтомуна тиркеме |
"Маркетинг-Сервис" ЖЧК тарабынан көрсөтүлгөн суу түтүк суусун жана
канализацияны пайдаланууга баалардын (тарифтердин) прейскуранты
№ т/б | Аталышы | Өлчөө бирдиги | Тариф, сом |
Суу менен камсыздоо | |||
1 | Калк | 1 м. куб. | 8,1 |
2 | Бюджеттик уюмдар | 1 м. куб. | 20,65 |
3 | Башка уюмдар | 1 м. куб. | 20,65 |
Канализация | |||
1 | Калк | 1 м. куб. | 4,95 |
2 | Бюджеттик уюмдар | 1 м. куб. | 13,8 |
3 | Башка уюмдар | 1 м. куб. | 13,8 |