Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 20-майы № 106
"Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
22-берененин 2-бөлүгүн кошпогондо, мамлекеттик тилдеги текстинин аталышында жана бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Аскердик абал", "аскердик абал" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Согуштук абал", "согуштук абал" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-майында № 48-49 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:
ушул конституциялык Мыйзамга ылайык мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |