МыйзамКүчүндө

КР 2015-жылдын 20-майындагы № 106 «Аскердик абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " Конституциялык Мыйзамы

Редакция20.05.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 20-майы № 106

"Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

22-берененин 2-бөлүгүн кошпогондо, мамлекеттик тилдеги текстинин аталышында жана бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Аскердик абал", "аскердик абал" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Согуштук абал", "согуштук абал" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-майында № 48-49 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:

ушул конституциялык Мыйзамга ылайык мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев