Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 22-январы № 9
"Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 3, 84-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) расмий тилдеги текстте Мыйзамдын аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдөгү "село Жазыкечүү города Каракуль" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "село Жазыкечүү города Кара-Куль" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 6-статьяда:
1-бөлүктөгү "Токтогул районунун бюджетинин Атайын фондусунун эсебине" деген сөздөр "Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын атайын эсебине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүктөгү "атайын фонддун эсебине" деген сөздөр "Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын атайын фондунун эсебине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2011-жылдын 31-мартындагы № 9 "Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 3, 167-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |