Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 12-сентябры № 122
Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө
(КР 2000-жылдын 18-январындагы № 27, 2002-жылдын 21-январындагы № 8,
2003-жылдын 27-февралындагы № 45, 2006-жылдын 24-февралындагы № 64,
2011-жылдын 31-мартындагы № 9, 2016-жылдын 22-январындагы № 9, 2016-жылдын 26-июлундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоонун укуктук негизин бекемдейт.
1-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушу
Ушул Мыйзам Жалал-Абад областындагы Токтогул районунда жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылында жашаган жана иштеген бардык жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.
(КР 2006-жылдын 24-февралындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын өзгөчө статусу
Жалал-Абад областынын Токтогул району жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылы мамлекеттик өзгөчө камкордукка алынган аймактар деп жарыяланат.
Ушул Мыйзамда каралган кепилдик берилген компенсациялардан тышкары мамлекет аталган аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө алардын нормалдуу жашоо шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл колдоо көрсөтөт.
Аталган аймактардын белгилүү мезгилге социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн программасы кызыкчылыгы бар министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү органдардын катышуусу менен иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2006-жылдын 24-февралындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Суу астында калган айыл чарба жерлеринин өлчөмү жана алардын ордун толтуруу
Аталган аймактарда бардыгы 33 миң гектар жер суу астында калган жана 23 миң гектар айыл чарба жерлери, токойлор жана короо жайлар айыл чарбасында пайдалануудан чыгып калган.
Аталган аймактардын айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө багыт алган айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарба министрлигинин алдындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунан жерлер бөлүнүп берилет.
(КР 2006-жылдын 24-февралындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Мүлктүк зыяндарды калыбына келтирүү
Мүлктүк зыяндарды калыбына келтирүү социалдык-маданий, тиричилик объектилерин, суу чарба объектилерин, өндүрүштүк имараттарды жана курулуштарды куруу, жерлерди өздөштүрүү жана жакшыртуу жолу менен ишке ашырылат.
5-статья. Жыл сайын көрсөтүлүүчү мамлекеттик компенсация
Аталган аймактардын калкынын жашоо турмушун камсыз кылуу максатында мамлекет компенсация төлөп берет.
Компенсациянын көлөмү жана аны төлөп берүүнүн тартиби жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6-статья. Компенсацияны каржылоо булактары
Зыянды компенсациялоону каржылоонун булагы болуп Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын атайын эсебине Токтогул ГЭСи иштеп чыгаруучу электр энергиясынын өздүк наркына бул сумманы чегерүү менен инфляцияга аны индекстештирүүнү эске алуу менен 70,0 млн. сом өлчөмүндө Токтогул ГЭСинин чыгымдарынын эсебинен "Электр станциялары" АКсынын ар жылдык чегерүүлөрү эсептелсин, мунун өзү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан тарифтердин түзүмүндө жыл сайын каралат.
"Электр станциялары" АКсынын" жылдык үргүлжү кирешесинен чыгарып салынуучу компенсациянын суммаларын Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын атайын фондунун эсебине чегерүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2000-жылдын 18-январындагы № 27, 2002-жылдын 21-январындагы № 8, 2003-жылдын 27-февралындагы № 45, 2011-жылдын 31-мартындагы № 9, 2016-жылдын 22-январындагы № 9, 2016-жылдын 26-июлундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Электр энергиясы үчүн төлөөлөр жөнүндө
Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын калкы пайдаланган жана насостук станцияларды иштетүүгө кеткен электр энергиясы үчүн төлөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген Токтогул ГЭСинде иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк наркы боюнча талап кылуу чектерин эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат.
(КР 2006-жылдын 24-февралындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Башка жеңилдиктер жана кепилдиктер жөнүндө
Аталган аймактарда жашаган адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган жеңилдиктер жана кепилдиктер сакталат.
(КР 2006-жылдын 24-февралындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
10-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
Ушул Мыйзам 1999-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |