МыйзамКүчүндө

КР 2016-жылдын 12-июлундагы № 112 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (»Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө«,»Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция12.07.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 12-июлу № 112

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

23-статьянын 6-бөлүгүндө "80ден" деген цифралар "150дөн" деген цифраларга алмаштырылсын.

2-берене.

"Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-статьяда "80" деген цифралар "150" деген цифраларга алмаштырылсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыялануусу тийиш жана 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев