Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 18-марты № 46
Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107, 2018-жылдын 24-майындагы № 54, 2026-жылдын 13-февралындагы № 14, 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
"Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 4, 196-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
10-статьянын экинчи бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Коргоо кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коопсуздук кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 3-пунктунда "Коргоо кеңешинин" деген сөздөр "Коопсуздук кеңешинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
(КР 2018-жылдын 24-майындагы N 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
4-берене.
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Коргоо кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коопсуздук кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 11-берененин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) Коопсуздук кеңешин жетектейт, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө жобону бекитет;".
5-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
"10. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы.".
6-берене.
(КР 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
(КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
2017-жылдын 15-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |