Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 8-августундагы № 170 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 16-июну № 103
Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу
2017-жылдын 4-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене.
1. Кыргыз Республикасында илимдин жана илимий-техникалык иштин иштешин камсыз кылуучу негизги укуктук, экономикалык жана социалдык шарттарды жана кепилдиктерди белгилөө ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
2. Ушул Мыйзам төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) республиканын калкынын социалдык-экономикалык бакубатчылыгын камсыз кылуу, коомдук өндүрүштү кайра түзүү жана коомдун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн илимди жана техниканы өнүктүрүүдөгү, илимий-техникалык натыйжаларды пайдалануудагы мамлекеттин ролун;
2) мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги максаттарын, багыттарын жана принциптерин;
3) илимий-техникалык чөйрөдө мамлекеттик жөнгө салуунун формаларын жана усулдарын;
4) илимий-техникалык ишти өнүктүрүүнүн экономикалык жана укуктук кепилдиктерин;
5) илимий кызматкерлердин жана илимий уюмдардын ишинин укуктук негиздерин.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда негизги түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниде пайдаланылат:
1) грант - илимий же башка изилдөөлөрдү, тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүгө жана башка максаттарга, алардын пайдаланылганы тууралуу кийин отчет берүү менен юридикалык жана жеке жактарга акчалай же накталай формада берилген акысыз субсидия;
2) мамлекеттик заказ - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынын эсебинен товарларды берүүгө, жумуштарды аткарууга, кызмат көрсөтүүлөргө заказ;
3) мамлекеттик илимий-техникалык саясат - илим, техника жана инновациялар чөйрөсүндө мамлекеттин ишинин негизги максаттарын, багыттарын, принциптерин, формаларын жана усулдарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү;
4) инновация - жаңы же өркүндөтүлгөн технологиялар, продукциялардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү, ошондой эле технологияларды, товардык продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү рынокко өткөрүүгө түздөн-түз өбөлгө болуучу өндүрүштүк, администрациялык, коммерциялык же башка мүнөздөгү уюштуруучулук-техникалык чечимдер;
5) инновациялык иш - идеяларды (адатта илимий изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын же болбосо башка илимий-техникалык жетишкендиктердин натыйжаларын) рынокко киргизилген технологиялык жаңы же өркүндөтүлгөн продуктуга же кызмат көрсөтүүлөргө, практикалык иште пайдаланылган жаңы же өркүндөтүлгөн технологиялык процесске же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү (өткөрүп берүү) ыкмаларын трансформациялоо менен байланышкан иштин түрү. Инновациялык иш илимий, технологиялык, уюштуруучулук, финансылык жана коммерциялык иш-чаралардын бүтүндөй комплексин талаптайт, алар өзүнүн жыйындысында инновацияларга алып келет;
6) интеллектуалдык менчик - илимий, өнөр жай, адабий жана көркөм жааттардагы интеллектуалдык иштин натыйжаларына мыйзам менен корголгон укуктар;
7) илимий жана илимий-техникалык иш - технологиялык, инженердик, экономикалык, социалдык, гуманитардык жана башка проблемаларды чечүү үчүн жаңы билим алууга, колдонууга, илимдин, техниканын жана өндүрүштүн бирдиктүү система катары иштешин камсыз кылууга багытталган иш;
8) илимий жана илимий-техникалык уюмдар - илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана долбоордук-изденүүчүлүк жана башка илимий-техникалык иштерди жүргүзгөн юридикалык жактар;
9) илимий жана илимий-техникалык кызматкер - жогорку билимдүү же магистратура, аспирантура, изденүүчүлүк, докторантура формасында тиешелүү даярдыгы бар, илимий жана илимий-техникалык иш менен кесипкөй алектенген адам;
10) колдонмо илимий изилдөөлөр - практикалык максаттарга жетишүү жана конкреттүү маселелерди чечүү үчүн жаңы билимдерди колдонууга артыкчылыктуу багытталган изилдөөлөр;
11) технопарк (технологиялык парк) - илимий билимдерди, ойлоп табууларды, ноу-хау жана жогорку технологияларды коммерциялык өздөштүрүү үчүн ишти жана аларды рынокко чыгарууну натыйжалуу колдоо максатында түзүлгөн юридикалык жак;
12) технополис - заманбап продукцияларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана өндүрүү менен алектенген изилдөөчү лабораториялардан, венчурдук, ишке киргизүүчүлүк, ири өнөр жайлык, ортомчулук жана башка компаниялардан турган илимий-техникалык комплекс;
13) фундаменталдык илимий изилдөөлөр - адамдын, коомдун, айлана-чөйрөнүн түзүлүшүнүн, иштешинин жана өнүгүшүнүн негизги мыйзам ченемдүүлүктөрү тууралуу жаңы билимдерди алууга багытталган эксперименталдык же теориялык иш.
3-берене. Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
4-берене. Мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги максаттары жана багыттары
Мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) социалдык-экономикалык, маданий жана башка проблемаларды чечүүдө илимдин кайтарымынын натыйжалуулугун жана ролун жогорулатуу;
2) илимий жана илимий-техникалык уюмдарды оптималдаштыруу, илимий жана илимий-техникалык потенциалдарды өнүктүрүү;
3) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өнүгүшү жана иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү;
4) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин социалдык кепилдиктеринин туруктуулугун камсыз кылуу;
5) илимдин жана техниканын ролун жогорулатуу, илимий чыгармачылыктын эркиндигин өнүктүрүү, илимий жана илимий-техникалык ишти активдештирүү.
2-глава. Илимди мамлекеттик жөнгө салуу
5-берене. Мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги принциптери
Мамлекеттик илимий-техникалык саясат төмөнкү принциптерге негизделет:
1) илимий-техникалык прогресстин коомдун экономикалык, социалдык жана руханий өнүгүшү менен тыгыз өз ара байланышы;
2) илим системасын башкаруунун ачыктыгы;
3) экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
4) илимий-изилдөө иштеринин артыкчылыктуулугу;
5) интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун тең шарттарын камсыз кылуу;
6) экономикалык жана башка жеңилдиктер системасы аркылуу илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишти, техникалык чыгармачылыкты жүйөлөө жана дем берүү;
7) илимий жана илимий-техникалык ишти уюштуруунун бардык формаларынын тең укуктуулугу;
8) илимий, билим берүү жана өндүрүштүк потенциалдын биримдиги жана интеграциясы;
9) илимий жана илимий-техникалык иштин субъекттеринин мамлекеттик илимий-техникалык саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга катышуусу;
10) илимий-техникалык прогрессти камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк илимдин жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдалануу;
11) илимий-техникалык маалыматты таратуунун жана илимий-техникалык жетишкендиктерди пропагандалоонун эркиндиги.
6-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик илимий-техникалык саясат жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунуштамасы боюнча илимий изилдөөлөрдү бюджеттик каржылоонун аткарылышы жөнүндө отчетту жана улуттук кирешенин жалпы көлөмүнөн кезектеги мезгилге илимди жана техниканы өнүктүрүүгө сарптоолордун үлүшүн бекитет.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик илимий-техникалык саясат жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) илимди, техниканы, технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын бекитет;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык, анын ичинде башка мамлекеттер жана чет өлкөлүк уюмдар менен биргелешкен уюмдарды түзөт жана жоёт;
3) илимди өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрөт;
4) илимий изилдөөлөрдү аткаруунун мониторингин жана баалоону жүзөгө ашырат;
5) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишине дем берүүчү уюштуруучулук жана укуктук механизмдерди түзөт;
6) илимий-техникалык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды, келишимдерди түзөт, эл аралык илимий-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишин координациялайт;
7) илимий-техникалык потенциалды түзүү жана натыйжалуу пайдалануу үчүн социалдык-экономикалык, уюштуруучулук, укуктук шарттарды камсыз кылат;
8) илимдин заманбап инфратүзүмүн түзөт, илимий жана илимий-техникалык кадрларды даярдоону координациялайт, аларды укуктук жана социалдык коргоону, илимдин, билим берүүнүн жана өндүрүштүн интеграциясын камсыз кылат,
9) илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды каржылайт, ошондой эле бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдойт;
10) илимди, технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча ресурстарды топтоону камсыз кылат;
11) илимий-техникалык продукциянын рыногун түзөт жана илимдин жана техниканын жетишкендиктерин өндүрүштүк жана социалдык чөйрөгө жайылтууга көмөк көрсөтөт;
12) илимий-техникалык чөйрөдө статистикалык жана маалыматтык камсыз кылууну уюштурат.
8-берене. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаны технологиялар боюнча кеңеш
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын илимди өнүктүрүү менен байланышкан маселелерди кароодо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө илимий-техникалык өнүгүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын актуалдуу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулган кеңешүүчү орган болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңешти түзүүнүн жана ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобо менен аныкталат.
3-глава. Илим системасы, илимий жана илимий-техникалык уюмдар
9-берене. Илим системасы
1. Илим системасына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
2) илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес илимий жана илимий-техникалык уюмдар;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы;
5) илимий кызматкерлер.
2. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, жогорку окуу жайларынын илимий бөлүмдөрү, тармактык жана тармактар аралык илимий-изилдөө уюмдары, илимий борборлор жана технопарктар, технополистер, илимий-өндүрүштүк бирикмелер, тажрыйба станциялары, илимий базалар, станциялар жана лабораториялар кирет.
3. Кыргыз Республикасында мамлекеттик сыяктуу эле, мамлекеттик эмес илимий жана илимий-техникалык уюмдар, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде биргелешкен уюмдар иштеши мүмкүн.
10-берене. Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын укуктук абалы
Илимий жана илимий-техникалык уюмдар ушул уюмдун уставында каралган максаттарга жана милдеттерге ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашырышат.
2. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар төмөнкү укуктарга ээ:
1) өзүнүн илимий жана илимий-техникалык ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) илимий изилдөөлөрдү каржылоо боюнча конкурстарга катышуу;
3) башка илимий жана башка уюмдар менен тике байланыштарды өнүктүрүү;
4) белгиленген тартипте бирикмелерге кирүү, филиалдарды түзүү;
5) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялуу басылмаларды чыгаруу, илимий-техникалык маалымат базаларын түзүү, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүү;
6) илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, аспирантура, докторантура аркылуу адистерди даярдоону жүзөгө ашыруу;
7) белгиленген тартипте илимий даражаларды берүү жана илимий наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына катышуу.
Илимий жана илимий-техникалык уюмдар алардын уюмдаштыруу документтеринде каралган башка укуктарга ээ.
3. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарга алардын уюмдаштыруу документтеринде каралган иши үчүн пайдаланылуучу негизги, жүгүртмө фонддорду жана мамлекеттик мүлктөрдү мамлекет акысыз пайдаланууга берет.
4. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарга илимий, сыноо полигондорун (геоэкологиялык, физикалык, химиялык) уюштуруу үчүн жер участоктору Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык акысыз пайдаланууга берилиши мүмкүн.
5. Өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышына жана максаттуу пайдаланылышына жоопкерчиликти мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдун жетекчилиги тартат.
6. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар тармактардын аймактык бөлүмдөрүн, илимий-изилдөө уюмдарын, окуу-илимий инженердик жана инновациялык борборлорду, технопарктарды, илимий-окуу дарылоо комплекстерин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүшөт.
11-берене. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу тартиби
1. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик эмес илимий жана илимий-техникалык уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу алардын уюмдаштыруучусунун (уюмдаштыруучуларынын) чечими менен жүзөгө ашырылат.
2. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар менчигинин формасына карабастан, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
12-берене. Илимий жана илимий-техникалык уюмдун жетекчилиги
1. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Мамлекеттик эмес илимий уюмдардын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартиби алардын уюмдаштыруу документтери менен аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентин шайлоо жана бошотуу тартиби "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
4-глава. Илимий жана илимий-техникалык иштин субъекттери
13-берене. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер жана уюмдар
Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер жана уюмдар, ошондой эле илимий изилдөө процессине, илимий жана илимий-техникалык продукцияларды жана технологияларды иштеп чыгууга жана жайылтууга катышкан жеке адамдар жана юридикалык жактар илимий жана илимий-техникалык иштин субъекттери болуп саналат.
14-берене. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин укуктук абалы
1. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер төмөнкү укуктарга ээ:
1) мамлекеттик, коомдук же башка уюмдар тарабынан конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча ага берилген иштерди жана долбоорлорду каржылоо;
2) алар алган илимий же техникалык натыйжаларга автордук укук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын автордугун таануу;
3) өзүнүн илимий көз караштарын эркин билдирүү, алардын чыгармачылыгынын эркиндигин кол салуулардан коргоо, интеллектуалдык менчигин коргоо, илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларынын көз карандысыз экспертизасына жана аларды ишке ашыруу;
4) алдыңкы илимий-изилдөө уюмдарында, анын ичинде чет өлкөлөрдө стажировкадан өтүү, аспирантурада, докторантурада жана илим менен билим берүү системасынын башка квалификациялык формаларында окуу, илимий форумдарга катышуу жолу менен квалификациясын жогорулатуу;
5) чет өлкөлүк кесиптештери менен илимий маалыматтарды алмашуу жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, белгиленген тартипте чет өлкөдөгү илимий уюмдарда иштөө жана илимий иштерин эл аралык илимий басылмаларда жарыялоо;
6) чет өлкөлүк коомдоштуктарды кошуп алганда, илимий коомдоштуктарга кирүү жана шайлануу.
2. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин милдеттери илимий жана илимий-техникалык уюмдун уюмдаштыруу документтери же контракттын (эмгек келишиминин) шарттары менен регламенттелет.
15-берене. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин көз карандысыздыгы
1. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер изилдөө тематикасын жана усулдарын илимдин тиешелүү жаатындагы мамлекеттик илимий-техникалык саясатты эске алуу менен өз алдынча аныктоого укуктуу.
2. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер жамааттарга эркин жана өз алдынча биригүүгө, юридикалык жактарды жана илимий бирикмелерди, коомдук жана башка уюмдарды түзүүгө укуктуу.
16-берене. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди социалдык коргоо
Мамлекет илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди социалдык коргоону камсыз кылуу үчүн шарттарды төмөнкү жолдор менен түзүп берет:
1) эмгекке акы төлөө жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык илимдин докторлоруна жана кандидаттарына окумуштуулук даражасы үчүн эмгек акыларына үстөк белгилөө;
2) мамлекеттик илимий уюмдарда иштеп жаткан илимдин докторлоруна (профессорлорго) жана кандидаттарына узактыгы 48 жана 36 жумушчу күнү болгон эмгек өргүүсүн берүү;
3) мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарда иштеп жаткан илимдин докторлоруна (профессорлорго) жана кандидаттарына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеңилдиктерди берүү.
17-берене. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин жоопкерчилиги
1. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрүнүн багытталышы, усулдары, аныктыгы жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартышат.
2. Өздөрүнүн эмгектик (кызматтык) милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарбаган илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
3. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер төмөнкүлөр үчүн да жоопкерчилик тартышат:
1) алардын булагына карабастан каржылык каражаттарын максаттуу пайдаланбаганы;
2) кесиптик этиканын ченемдерин жана адеп-ахлактын эрежелерин бузганы.
18-берене. Илимий жана илимий-техникалык кадрларды калыптандыруу
1. Мамлекет илимий эмгектин кадыр-баркын жогорулатууну, илимий-техникалык кызматкерлердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын социалдык, экономикалык жана укуктук корголушун камсыз кылат.
2. Илимий жана илимий-техникалык кадрларды калыптандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) таланттуу жаштарды издөө жана тандап алуу системасын түзүүнү камсыз кылат;
2) жогорку окуу жайларынын, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын базасында адистештирилген илимий-изилдөө жана окуу-өндүрүштүк уюмдарды түзүүнү камсыз кылат;
3) жаштарды стажировкадан өткөрүүгө, илимий кызматкерлердин, окутуучулардын, адистердин окутуучулук жана илимий-изилдөө жумуштарында, илим жана билим берүүнү интеграциялоонун башка формаларында айкалыштырып иштөөлөрүнө көмөк көрсөтөт;
4) Кыргыз Республикасында илимий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону координациялайт.
3. Илимди, техниканы, технологияны өнүктүрүүгө, аларды өндүрүшкө киргизүүгө олуттуу салым кошкон, илимий жана илимий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодо өзгөчөлөнгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте илим жана техника жаатындагы жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар, көрүнүктүү кыргыз окумуштууларынын атындагы сыйлыктар белгиленет.
19-берене. Илимий квалификацияны жогорулатуу формалары
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, жогорку окуу жайлары жана квалификациялуу илимий кадрлары жана зарыл болгон материалдык-техникалык базасы бар илимий жана илимий-техникалык уюмдар белгиленген тартипте аспирантураны, докторантураны жана илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун башка формаларын ачат, диссертацияларды коргоо боюнча адистештирилген кеңештерди ачууга катышат, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди стажировкадан өткөрүүнү уюштурат.
20-берене. Жогорку аттестациялык комиссия
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону, аларга окумуштуулук даражаларды жана илимий наамдарды ыйгарууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик илимий-эксперттик коллегиалдуу орган болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын милдеттери, иш-милдеттери жана ишин уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Жобо менен аныкталат.
5-глава. Илимдин жана техниканын артыкчылыктуу багыттары
21-берене. Илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик артыкчылыктарын аныктоо
1. Илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары учурдагы кырдаалды талдоонун натыйжаларын жана мамлекеттик экспертизанын, көз карандысыз эксперттердин жана коомдук талкуунун корутундуларын пайдалануу менен, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык өнүктүрүүнүн комплекстүү божомолунун негизинде аныкталат.
2. Мамлекеттик органдар илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн ар бир артыкчылыктуу багыты боюнча тиешелүү илимий жана илимий-техникалык уюмдар менен бирдикте илимдин жана техниканын тиешелүү багытын өнүктүрүүнүн концепциясын, ошондой эле күтүлүүчү натыйжаларды жана аткаруунун конкреттүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен аны ишке ашыруу планын иштеп чыгат.
22-берене. Улуттук, мамлекеттик жана мамлекеттер аралык илимий-техникалык программалар
1. Улуттук илимий-техникалык программалар Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жараша түзүлөт жана маанилүү социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүгө багытталат.
2. Мамлекеттик илимий-техникалык программалар улуттук программаларды ишке ашыруунун негизги каражаты болуп саналат.
3. Мамлекеттик илимий-техникалык программалар илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык конкурстук негизде тандалып алынган максаттуу долбоорлордун жана иштеп чыгуулардын негизинде түзүлөт жана ишке ашырылат.
4. Мамлекеттик илимий-техникалык программалардын ар бири боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аны ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органды, илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аныктайт.
5. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат.
23-берене. Илимий-техникалык чөйрөдөгү мамлекеттик заказ
Мамлекеттик заказ мамлекеттик илимий-техникалык программаларга ылайык жана мамлекеттик органдардын долбоорлору боюнча жүзөгө ашырылат, каржылоо менен камсыз кылынат жана зарыл болгон материалдык-техникалык ресурстар менен колдоо көрсөтүлөт.
24-берене. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза
1. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза илимди жана техниканы, тиешелүү илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын түзүмүнүн жана мазмунунун илимий жактан негизделишин камсыз кылуу, илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларын аныктоо, илимий-техникалык потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо, изилдөөлөрдүн жана алардын натыйжаларынын деңгээлин аныктоо максаттарында жүргүзүлөт.
2. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле адистердин, анын ичинде чет өлкөлүк адистердин катышуусунда жүргүзүлөт.
3. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди, адистерди, ошондой эле илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өкүлдөрүн экспертиза жүргүзүүгө тартуу контракттын (келишимдин) негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Экспертиза жүргүзүүгө каражаттар илимий-техникалык ишти каржылоого жалпы сарптоолордун көлөмүндө каралат.
5. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза органдарынын иши жана уюштуруу тартиби жана алардын түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6-глава. Илимий жана илимий-техникалык ишти материалдык-техникалык жана маалыматтык камсыз кылуу
25-берене. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарды материалдык-техникалык камсыз кылуу
1. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарды материалдык-техникалык камсыз кылуу илимий жана илимий-техникалык уюмдарды, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду каржылоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарды материалдык-техникалык камсыз кылуу, анын ичинде келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.
26-берене. Илимий-техникалык маалымат системасы
1. Илимий-техникалык маалымат системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалымат продукциясын таратуу жана анын сапаттык деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат, маалыматтын, адабияттын, мезгилдүү басылмалардын мамлекеттик маалымат борборлоруна, илимий китепканаларга келип түшүүсүнө зарыл колдоо көрсөтөт, илимий-техникалык маалыматтын ачыктыгына, жалпы жеткиликтүүлүгүнө жана сакталышына көмөк көрсөтөт.
2. Мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сыр болуп саналган маалыматка жетүү жана таратуу боюнча чектөөлөр маалымат жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
7-глава. Илимди каржылоо
27-берене. Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо
1. Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жылдык чыгашалардын көлөмүнөн 1 пайызга чейинкини түзгөн республикалык бюджет;
2) Илимдин улуттук фонду;
3) бюджеттен тышкаркы фонддор;
4) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;
5) кредиттер жана гранттар;
6) илимий-изилдөөлөрдөн, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштен алынган илимий жана илимий-техникалык уюмдардын каражаттары;
7) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар.
2. Илимий жана илимий-техникалык ишти финансылык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Илимий жана илимий-техникалык иштерди кайрымдуулук же келишимдик башталышта өз каражаттарынын эсебинен каржылоону жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жеңилдиктер берилет.
28-берене. Илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоо
1. Илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоо Илимдин улуттук фондунун каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен ченемдик укуктук актыларга ылайык долбоорлорду конкурстук негизде тандоонун натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен төмөнкүлөр каржыланат:
1) фундаменталдуу изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар;
2) илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлор;
3) мамлекеттик маанидеги колдонмо илимий иштеп чыгуулар;
4) мамлекеттер аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык илимий долбоорлор.
3. Илимий жана илимий-техникалык долбоорлорду каржылоо төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат:
1) базалык каржылоо;
2) программалык-максаттуу каржылоо;
3) гранттык каржылоо.
4. Базалык каржылоо илимий жана илимий-техникалык уюмдарга базалык каржылоо ченемдери боюнча илимий инфратүзүмдү жана мүлктү, анын ичинде имараттарды, жабдууларды жана материалдарды учурдагы камсыз кылуу үчүн, администрациялык жана тейлөө кызматкерлерине эмгегине акы төлөө үчүн бөлүнөт.
5. Программалык-максаттуу каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин артыкчылыктуу программаларына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин чечимдерине ылайык илимий иштеп чыгууларды колдоо үчүн конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат.
6. Гранттык каржылоо илимий жана инновациялык долбоорлорду колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш тарабынан аныкталган артыкчылыктуу илимий багыттарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылардын негизинде конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат.
7. Илимий жана илимий-техникалык ишти базалык, максаттуу жана гранттык каржылоону ишке ашыруунун жалпы тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
8. Мамлекеттер аралык жана тармактар аралык илимий-техникалык келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде ишке ашырылуучу илимий жана илимий-техникалык программаларды каржылоо кызыкдар тараптардын ортосунда келишимдик негизде үлүштүк катышуу тартибинде жүзөгө ашырылат.
29-берене. Илимдин улуттук фонду
1. Илимдин, техниканын жана инновациялардын өнүгүүсүн камсыз кылуу, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү үчүн Илимдин улуттук фонду түзүлөт.
2. Илимдин улуттук фондунун каражаттары төмөнкүлөргө жумшалат:
1) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды жана илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча максаттуу илимий изилдөөлөрдү каржылоого;
2) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин, илимий жамааттардын жана уюмдардын илимий изилдөөлөрүнө гранттарды каржылоого;
3) тармактар аралык илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди өнүктүрүүнү колдоого;
4) илимдин жана техниканын келечектүү жана жаңы багыттары боюнча илимий кадрларды, анын ичинде кадрларды чет өлкөдө даярдоо программаларын ишке ашырууга;
5) илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды жарыялоого, алууга жана камсыз кылууга (журналдар, электрондук материалдар ж.б.);
6) илимий форумдарды (конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды жана башкаларды) өткөрүүгө жана катышууга.
3. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, менчигинин формасына карабастан жогорку окуу жайларына, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерге, алардын жамааттарына Илимдин улуттук фондунун каражаттарынын эсебинен грант алуу үчүн конкурска катышууга тең жеткиликтүүлүк камсыз кылынат.
4. Илимдин улуттук фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
30-берене. Колдонмо илимий изилдөөлөрдү, долбоордук-конструктордук жана технологиялык иштерди өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо жана алардын натыйжаларын өндүрүштө пайдалануу
1. Өндүрүштү реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу үчүн жаңы техниканы жана технологияны түзүүгө, өздөштүрүүгө жана кеңири таркатууга багытталган колдонмо инновациялык изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар келишимдик негизде жүргүзүлөт.
2. Илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча колдонмо илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик каражаттардын эсебинен финансылык колдоо көрсөтөт.
3. Мамлекет өндүрүштүн техникалык деңгээлин жана продукциянын сапатын ички жана тышкы рыноктун талаптарына ылайык жогорулатууга, ресурс сактоочу экологиялык коопсуз технологияларды жана техниканын жаңы түрлөрүн курууга жана өздөштүрүүгө, ойлоп табууларды пайдаланууга көмөк көрсөтөт.
4. Өнүккөн илимий-техникалык потенциалы бар илимий жана илимий-техникалык уюмдар менчигинин формасына карабастан, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аларга максаттуу кредиттерди жана субсидияларды, мамлекеттик заказдарды жана экономикалык дем берүүнүн башка түрлөрүн берүү жолу менен колдоого алынат.
5. Мамлекет илимий изилдөөлөрдүн кадыр-баркынын коомдук таанылуусуна, эмгектин жана квалификациянын сапатына жараша материалдык жана моралдык дем берүү системасын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт.
31-берене. Инновациялык ишти мамлекеттик колдоо
"Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү илим жана техника чөйрөсүндө өз ишин жүзөгө ашырган бардык жеке жана юридикалык жактарга тең шарттарды камсыз кылуу жолу менен инновациялык ишти мамлекеттик коргоого жана колдоого кепилдик берет.
8-глава. Эл аралык кызматташтык
32-берене. Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык
1. Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, техникалык жана технологиялык иштеп чыгууларды, биргелешкен илимий-техникалык программаларды жүргүзүү;
2) биргелешкен изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды чет өлкөлүк адистердин, эл аралык уюмдардын катышуусу менен жүргүзүү, илимий-техникалык иштин субъекттеринин ортосундагы келишимдердин негизинде илимий-техникалык продукцияга интеллектуалдык менчик укугунун объекттерин пайдалануу;
3) өз ара илимий-техникалык маалымат алмашуу, мамлекеттер аралык бириктирилген маалымат фонддорун, маалымат банктарын пайдалануу;
4) эл аралык конференцияларды, конгресстерди, симпозиумдарды өткөрүү;
5) өз ара илимий-техникалык жана окутуучу кадрлар, студенттер жана аспиранттар менен алмашуу, адистерди биргелешип даярдоо.
2. Илимий-техникалык иштин субъекттери эл аралык программаларды аткарууга катыша жана чет өлкөлүк уюмдар менен келишимдерди түзө алышат, чет өлкөлүк жана эл аралык илимий коомдорго, ассоциацияларга жана бирикмелерге алардын мүчөлөрүнүн укугунда катыша, чет өлкөлүк уюмдар менен контракттарды түзө алышат, эл аралык симпозиумдарга жана башка иш-чараларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катыша алат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында алынган мамлекеттик илимий уюмдардын эл аралык илимий ишинин натыйжалары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пайдаланылат.
33-берене. Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк илимий уюмдардын иши
Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк илимий уюмдардын жана окумуштуулардын иши Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
9-глава. Корутунду жоболор
34-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 27-июнунда № 76 (2801) жарыяланды
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1485-ХII Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж, № 5, 161-ст.);
- "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1486-ХII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 162-ст.);
- "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июндагы № 44 Мыйзамы ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 445-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 9-беренесинин 10-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.);
- "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2388-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |