Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 1-июну № 77
"Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 161-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Илимий мекемеге жетекчилик
Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда, тиешелүү багыттагы жана квалификациядагы илимдин доктору деген окумуштуулук даражасы бар же тиешелүү тармактагы жетекчилик тажрыйбасы бар илимдин доктору даражасына ээ адистердин ичинен альтернативалык негизде жашыруун добуш менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлануусу мүмкүн эмес.
Илимий мекемелердин жетекчилерин кызмат орундарынан бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |