Редакцияот 03.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 3-ноябры № 188

"Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 27-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2774-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-беренеде:

а) экинчи абзацындагы "үрп адаттар," деген сөздөрдөн кийин "салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү" деген сөздөр менен толукталсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү жана жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"салттуу оюндар - кыргыз элинин маданий, социалдык жана рухий баалуулуктарын эске алган улуттук салттардын негизинде тарых тарабынан калыптанган мелдешүүчүлүк иш-аракет формасындагы оюндар;

спорттун улуттук түрү - адамды шайкеш өнүктүрүү, анын ден соолугун чыңдоо жана анын денебой жактан жигердүүлүгүн өркүндөтүү максатында коом тарабынан пайдаланылуучу, тарыхый жактан калыптанган жана кыргыз элинин маданиятынын курамдык бөлүгү катары түзүлгөн спорттун түрү.";

2) 3-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8) салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрүнүн болушунун жана аларды өнүктүрүүнүн укуктук негиздери "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

А. Атамбаев