Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 9-августу № 163
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө
(КР 2017-жылдын 3-ноябрындагы N 188 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында материалдык эмес маданий мурастын элементтерин коргоо жана пайдалануу жаатында укуктук ченемдерди белгилейт.
1-берене. Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
"Кыргыз Республикасынын элдеринин материалдык эмес маданий мурасы (мындан ары текст боюнча - материалдык эмес маданий мурасы) - элдер, жамааттар, топтор жана кээ бир учурларда айрым адамдар тарабынан алардын материалдык эмес маданий мурасынын бөлүгү катары таанылган үрп адаттар, салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү көрсөтүү менен туюнтуунун формалары, билим менен көндүмдөр, ошондой эле аларга байланыштуу аспаптар, буюмдар, артекфакттар жана маданий айдыңдар";
материалдык эмес маданий мурастын элементтери - ушул Мыйзамда аныкталган жана маданий мурастын материалдык эмес элементтеринин статусун алган баалуулуктар;
материалдык эмес маданий мурастын элементтерине менчик укугунун субъекттери - Кыргыз Республикасы менчигинин формасына карабастан юридикалык жана жеке жактар.
материалдык эмес маданий мурасты коргоо - материалдык эмес маданий мурастын жашоого жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында аларды идентификациялоону, документтештирүүнү, изилдөөнү, сактоону, коргоону, даңазалоону, формалдуу жана бейформал билим аркылуу берүүнү, алардын ролун жогорулатууну, ошондой эле мындай мурастын ар түрдүү аспектилерин кайра жандандырууну камтыган чараларды көрүү";
материалдык эмес маданий мурас жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген, материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыра турган мамлекеттик орган";
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмеги (мындан ары - Улуттук тизмеги) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, материалдык эмес маданий мурастардын элементтеринин банк маалыматтарын өзүнө камтыган, Кыргыз Республикасынын аймагында материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин мамлекеттик инвентаризациялоонун негизги куралы;
материалдык эмес маданий мурастын жазууларынын архиви - коомдук мекемелерде сакталган кагаз, электрондук негизде, магниттик/телекөрсөтүү ленталарында же башка материалдардын жардамы менен аткарылган материалдык эмес маданий мурастар жаатындагы жазуулардын жыйындысы;
материалдык эмес маданий мурасын элементтеринин классификациясы - элементтердин категорияларын аныктоонун жана аларды Улуттук тизмекке киргизүүнүн жол-жоболору;
материалдык эмес маданий мурастын досьеси - материалдык эмес маданий мурастын ар бир элементин Улуттук тизмеге, ошондой эле адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын Репрезентативдүү тизмесине же материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча Эл аралык конвенцияга ылайык шашылыш коргоого муктаж болгон материалдык эмес маданий мурастын Тизмесине киргизүү үчүн аны милдеттүү түрдө документтештирүү;
элдик маданияттын материалдык жана руханий салттарынын "Чеберин-алып жүрүүчүсү" - коом тарабынан маданиятты жана салттуу билимди алып жүрүүчүлөр катары таанылган, материалдык эмес маданий мурастын элементтерин өзгөрүлбөгөн салттуу формалар жана каражаттар менен жараткан, сактап жана өткөрүп келишкен инсандарга ыйгарылуучу ардактуу титул;
ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасты сактоо боюнча Өкмөттөр аралык комитети - материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКО Конвенциясынын Башкы Ассамблеясы тарабынан шайлануучу катышуучу - өлкөлөрдүн 24 мүчөсүнөн турган материалдык эмес мурасты коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитети;
адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын Репрезентативдик тизмеси - материалдык эмес маданий мурастын көбүрөөк көрсөтмөлүү болушун камсыз кылуу, алардын маанисин терең түшүнүүгө багытталган жана маданий ар түрдүүлүктү урматтоонун негизинде диалогду кубаттоо үчүн түзүлүүчү тизме. Материалдык эмес маданий мурасын коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык Комитети тийиштүү катышуучу мамлекеттердин сунуштарына ылайык адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын Репрезентативдик тизмесин түзөт, жаңыртып турат жана жарыялайт;
шашылыш коргоого муктаж болгон материалдык эмес маданий мурастардын Тизмеси - материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитети шашылыш коргоого муктаж материалдык эмес маданий мурастын тизмегин түзөт, жаңылай жана тийиштүү мамлекеттердин - катышуучулардын өтүнүчү боюнча ошондой мурас ушул тизмеге киргизет;
эпос - адабияттын түрү, өткөндөгү окуяларды божомолдогон баяндама (ишке ашкан жана айтуучу баяндагандар). Эпос мейкиндик-мезгил аралыгында жыш окуяларды кайра чагылдырган сюжеттерден жана жанрлардан турат. Эпикалык жанрлар: көлөмдүүлөрү - эпопея, роман, эпикалык поэма (поэма-эпопея); орточолору - повесть; кенжелери-аңгеме, новелла, очерк;
айтуучулук өнөрү - айтуучулук өнөрүн - алып жүрүүчү манасчылар;
оозеки салттар - манасчылардын айтуучулук өнөрү жана акындардын айтыш өнөрү аркылуу жеткирилген эпикалык чыгармалар, фольклор (макал-лакаптар, санаттар, жомоктор, табышмактар, мифтер жана уламыштар) түрүндөгү оозеки эл чыгармачылыгы;
маданият мейкиндиги - элдин материалдык жана материалдык эмес маданий мурасынын кыйла сакталып калган байланыштарынын кайталангыс зонасы болуп калган аймак, социалдык-географиялык чөйрө;
көрсөтүү формалары - маданий баалуулуктардын базасы катары эл чыгармачылыгынын (кийизден, чийден, жыгачтан, булгаарыдан ж.б. жасалган буюмдар) үлгүлөрү;
чагылдыруу формалары - кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурасынын элементтерин мүнөздөгөн, баарыдан мурда тили, элдик ырлары, обондору (күүлөрү);
үрп-адаттар - өзүнүн мазмуну боюнча бай этномаданий комплекс, мейкиндик-мезгилдик негизде өткөрүп берүү менен сакталган жана кайра жаралган адамдардын жамааттык тажрыйбасынын формасы. Үрп-адаттар тийиштүү деңгээлде, адамзат турмушунун негизги учурларына; төрөлгөндөн сөөк коюу-эскерүү циклине чейин байланышкандыктан үстөмдүк кылуучу мааниге ээ;
ырым-жырымдар - ритуалдык касиеттерге ээ болгон, адамдардын диний жана турмуштук көз караштарын жол-жоболоштурган руханий жана жашоо турмушунун бир бөлүгү;
салттуу оюндар - кыргыз элинин маданий, социалдык жана рухий баалуулуктарын эске алган улуттук салттардын негизинде тарых тарабынан калыптанган мелдешүүчүлүк иш-аракет формасындагы оюндар;
спорттун улуттук түрү - адамды шайкеш өнүктүрүү, анын ден соолугун чыңдоо жана анын денебой жактан жигердүүлүгүн өркүндөтүү максатында коом тарабынан пайдаланылуучу, тарыхый жактан калыптанган жана кыргыз элинин маданиятынын курамдык бөлүгү катары түзүлгөн спорттун түрү.
(КР 2017-жылдын 3-ноябрындагы N 188 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Материалдык эмес маданий мурастын мүнөздөмөсү жана түрлөрү
1. Төмөндөгүлөр материалдык эмес маданий мурастардын негизги мүнөздөмөсү болуп саналат:
1) эл чыгармачылыгынын анонимдүү мүнөзү, аны сактоо жана даңазалоо салттуу моделдердин негизинде жамаат тарабынан дайыма жүзөгө ашырылат.
2) элдик салттарга ылайык, негизинен оозеки түрүндө, бейформал берүү;
3) төмөндөгү критерийлер боюнча бөлүштүрүү: аймактык, этностук, диний, курактык, жыныстык жана социо-кесипкөйлүк;
4) элементтердин маанисин түшүнүү жана алардын түзүлгөн топтор жана/же жамааттар менен бекем байланышы, сакталат жана өткөрүлүп берилет;
5) салттуу формаларды, моделдерди, мазмундарды жана ыктарды колдонуу менен топтордо жана/же жамааттарда материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин жүзөгө ашыруу, аткаруу, актуалдаштыруу жана/же түзүү.
2. Материалдык эмес маданий мурас төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) оозеки салттары жана туюнтуунун формалары;
2) Кыргызстан элдеринин тилдери;
3) Кыргызстан элдеринин аткаруучулук өнөрлөрү;
4) Кыргызстан элдеринин үрп-адаттары, ырым-жырымдары, майрамдары (аспаптар, буюмзаттар, артефактар жана маданий мейкиндиктер);
5) жаратылышка жана ааламга таандык болгон билимдер жана үрп-адаттар;
6) салттуу өнөргө байланышкан билимдер жана көндүмдөр;
7) жаратылыш мейкиндиги жана сыйынуу жерлери (мазарлар).
8) салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү.
3. Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрүнүн болушунун жана аларды өнүктүрүүнүн укуктук негиздери "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
(КР 2017-жылдын 3-ноябрындагы N 188 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
1. Улуттук маданий мурастын бир бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын жок болушун болтурбоо, жергиликтүү жана улуттук деңгээлдерде мурастын баалуулугун таанууну камсыз кылуу үчүн элдердин, жамааттардын, топтордун жана айрым адамдардын материалдык эмес маданий мурастын урматтоого тарбиялоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
2. Төмөндөгүлөр ушул Мыйзамдын милдеттери болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын элдеринин маданиятынын өз алдынчалыгын аныктоочу салттуу элдик маданияттын көп кырдуу түрлөрүн жана формаларын коргоо жана калыбына келтирүү;
2) материалдык эмес мурастын элементтерине калктын бардык категорияларынын бирдей жетүүсүн камсыз кылуу;
3) материалдык эмес маданий мурастын мыкты үлгүлөрүн өнүктүрүү жана даңазалоо, салттуу элдик маданияттын жетишкендигин жайылтуу;
4) элдик маданияттын материалдык жана руханий салттарынын "Чеберлерин - алып жүрүүчүлөрүн" колдоо;
5) инфратүзүмдөрдү, иштердин жаны формаларын өнүктүрүү, материалдык эмес маданий мурастарды сактоонун жана өнүктүрүүнүн уюштуруучулук, укуктук жана каржылык механизмдерин модернизациялоо;
6) материалдык эмес маданият чөйрөсүндө кадрларды даярдоо жана квалификациясын көтөрүү;
7) материалдык эмес маданий мурастын элементтерин сактоого карата мамилелерде укуктук коргоону камсыз кылуу;
8) жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлде материалдык эмес маданий мурасынын маанисине көңүл бурдуруу жана материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин өз ара таануу.
5-берене. Материалдык эмес маданий мурастын элементтерин коргоо жана пайдалануу
1. Материалдык эмес маданий мурастын элементтери Кыргыз Республикасынын элдерин руханий жана маданий жактан өнүктүрүү максатында, ошондой эле илимий, окутуу, тарбиялоо, туристтик жана экскурсиялык максаттарда сакталат жана пайдаланылат.
2. Материалдык эмес маданий мурасты сактоо жана пайдалануу төмөндөгүлөргө багытталган тийиштүү юридикалык, техникалык, администрациялык жана башка чараларды өзүнө камтыйт:
1) ага жетүүнүн тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен калктын бардык категорияларынын материалдык эмес маданий мурастын элементтерине бирдей жетүүсүн камсыз кылуу;
2) материалдык эмес маданий мурасты табуу, иликтөө, эсепке алуу жана пропагандалоо;
3) маданий баалуулуктарга материалдык эмес маданий мурастын элементтеринин статусун берүү;
4) материалдык эмес маданий мурастын элементтерин жок кылуудан, вандализм актыларынан, бурмалоодон, мистификациялоодон, бузуудан, негизсиз өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн, тарыхый контексттен алып коюудан сактоону, коргоону камсыз кылуу;
5) анын сакталып турушун камсыз кылуучу материалдык эмес маданий мурастын элементтерин сарамжал күтүү;
6) материалдык эмес маданий мурастын элементтерин кайра жандандыруу;
7) этномаданий чөйрөнү жандандыруу жүрүмүндө материалдык эмес маданий мурастын элементтерин пайдалануу.
3. Материалдык эмес маданий мурастын элементине менчик укугун чектөө, эгерде мындай чектөө материалдык эмес маданий мурасты туура пайдаланууга зыян тийгизбеген жана укук ээлеринин мыйзамдуу кызыкчылыктарын басмырлабаган шарттарда жол берилет.
6-берене. Улуттук тизмеги
1. Материалдык эмес маданий мурастын элементтерин максималдуу түрдө толук ачуу жана аны коргоого көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементи мамлекеттик эсепке алууга жатат.
2. Ушул Мыйзамга ылайык ага кошулган элементтердин укуктук статусу аныкталуу менен Улуттук тизмек материалдык эмес маданий мурастын элементтерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүнүн куралы болуп саналат.
3. Улуттук тизмек илимий кызматкерлердин, профилдик адистердин, материалдык эмес маданий мурасты алып жүрүүчү жамааттардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлгөн материалдык эмес маданий мурастын элементтеринин досьесинин негизинде иштелип чыгат.
4. Улуттук тизмек элементтер тууралу негизги маалыматтарды өзүнө камтыйт, мамлекеттик, расмий тилдерде электрондук жана кол жазма вариантында жүргүзүлөт.
5. Материалдык эмес маданий мурастын ачылышына же жаңы элементтеринин жаралышына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Улуттук тизмек толукталып турат.
6. Материалдык эмес маданий мурастын элементтери Улуттук тизмекке киргизилген учурдан баштап Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө корголууга жана сакталууга жатат.
7. Мурда Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын элементтеринин Улуттук тизмегине киргизилген, жоголуп кетүү коркунучу алдында турган материалдык эмес маданий мурастардын элементтери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугуна баа берүүнү жүргүзөт жана жоголуп кетүү коркунучу четтетилген учурда Улуттук тизмегинен материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин алып коюу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдына сунуштама киргизет.
8. Алар жоголгон же бузулган учурда Улуттук тизмекке "жоголгон" деген белги коюлат.
7-берене. Материалдык эмес маданий мурастар чөйрөсүндөгү мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген шарттарга ылайык өзүнүн мекемелери аркылуу материалдык эмес маданий мурастардын сактоону жана пайдаланууну кепилдикке алат жана камсыз кылат;
2) материалдык эмес маданий мурастардын сактоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууну камсыз кылат, бул тармактагы улуттук стратегияны жана аларды мамлекеттик бюджеттен каржылоону бекитет;
3) материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууну камсыз кылат, материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча нормативдик базаларды, иш чаралардын жана мамлекеттик программалардын пландарын бекитет.
4) Улуттук тизмекти жана материалдык эмес маданий мурастардын элементтеринин классификациясы жөнүндө жобону бекитет.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин сактоо жана өнүктүрүү боюнча шарт түзөт жана чара көрөт;
2) материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин кайрадан жаратуу, сактоо, пайдалануу жана жайылтууга багытталган республикалык максаттуу программаларды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө сунуш кылат;
3) Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын элементтерин издеп табууну, эсепке алууну, коргоону жана пайдалануу эрежесин сактоону камсыз кылат;
4) материалдык эмес маданий мурастардын ар түрдүү элементтерин идентификациялоону жана аныктоону ишке ашырат;
5) материалдык эмес маданий мурастардын элементтеринин абалына мониторинг жүргүзөт:
6) коомчулуктун кабардар болуусун жана маалымат алуусун жогорулатууну, коомдо материалдык эмес маданий мурастын маанисин көтөрүүгө багытталган жалпы саясатты таанууну, сыйлоону жана кабыл алууну камсыз кылат;
7) жок болуп кетүү коркунучу алдында турган материалдык эмес маданий мурас чөйрөсүндөгү илимий, техникалык жана искусство таануу изилдөөлөрүнө көмөктөшөт;
8) материалдык эмес маданий мурастын элементтерин Улуттук тизмекке киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет;
9) Улуттук тизмекти жүргүзүүнү ишке ашырат;
10) Материалдык эмес маданий мурастын элементтерин сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат;
11) материалдык эмес маданий мурастын элементтерин сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына, материалдык эмес маданий мурастын элементтерин кайра түзүүгө, пайдаланууга жана күтүү тартибине мамлекеттик контролду жүргүзөт;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте элдик маданияттын материалдык жана руханий салттарынын "Чеберин - алып жүрүүчүсү" деген ардактуу титулду ыйгарууну ишке ашырат;
13) Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасын сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Жергиликтүү бийлик органдары өздөрүнүн аймактарында:
1) материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана пайдалануу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылат;
2) жергиликтүү маанидеги материалдык эмес маданий мурастын элементтерин үйрөнүүнү, эсепке алууну жана коргоону уюштуруу жана аларды каржылоо боюнча экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн пландарында иш-чараларды карайт;
3) материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин иликтөө, коргоо жана пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө тийиштүү профилдеги илимий мекемелерди жана коомчулукту тартат;
4) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу аркылуу бардык категориядагы материалдык эмес маданий мурастын элементтерин табуу, иликтөө, эсепке алуу, коргоо жана пайдалануу боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылат;
5) табылган материалдык эмес маданий мурастын элементтерин Улуттук тизмекке киргизүү үчүн мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө сунуш кылат;
6) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын жана башка кызыкдар уюмдардын жана жарандардын сунуштары боюнча материалдык эмес маданий мурастын элементтери үчүн коркунуч келтирген иштерди токтото туруу, ошондой эле тыюу салуу жөнүндө маселелерди чечет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
8-берене. Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу ишине илимий мекемелердин, окуу жайларынын жана музейлердин, архив мекемелерин коомдук уюмдардын жана бирикмелердин, ишканалардын жана жарандардын катышуусу
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, илимий мекемелер, окуу жайлары жана музейлер:
1) маданий мурасты иликтөө, изилдөө жаатында өзүнүн эсебинен, тартылган каражаттардын эсебинен илимий иштерди жүргүзөт;
2) материалдык эмес маданий мурастын элементтеринин илимий баалуулугун белгилөө боюнча эксперт катары иш жүргүзүшөт;
3) өздөрүнүн илимий изилдөө пландарында жана окуу программаларында материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана пайдалануу маселелерин иликтөөнү жана окутууну карашат.
2. Коомдук уюмдар жана бирикмелер, архив мекемелерин ар түрдүү менчиктеги ишканалар жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле өздөрүнүн уставдарына жана жоболоруна ылайык:
1) мамлекеттик органдарга жана илимий мекемелерге, жергиликтүү бийлик органдарына материалдык эмес маданий мурасты иликтөө, коргоо жана пайдалануу боюнча көмөктөшөт;
2) тарыхый жана маданий объектилердин сакталып турушу жана пайдаланылышы үчүн коомдук контролду жана көзөмөлгө алууну уюштурат;
3) калк арасында түшүндүрүү жана пропагандалоо иштерин жүргүзөт.
9-берене. Материалдык эмес маданий мурас чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуу
1. Кыргыз Республикасы тийиштүү мамлекеттик бийлик органдары жана алардын түзүмдөрү аркылуу чет өлкөлүк мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен төмөндөгүлөргө багытталган материалдык эмес маданий мурастын элементтерин сактоо, коргоо жана пайдалануу боюнча эл аралык кызматташууну ишке ашырат:
- тажрыйба, маалымат алмашуу максатында натыйжалуу кызматташууну;
- материалдык эмес маданий мурасты коргоо тууралуу эл аралык конвенцияга жана/же техникалык кызматташууга тапшырык берүүгө ылайык, аларды адамзаттын дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурасынын Репрезентативдүү тизмесине же шашылыш сактоого муктаж болгон материалдык эмес маданий мурастын Тизмегине киргизүү үчүн материалдык эмес маданий мурастын элементтерин тандоо боюнча алдынала иштерди жүзөгө ашырууну;
2. Эл аралык маанидеги материалдык эмес маданий мурастын элементтеринин тизмеси эл аралык нормалардын талаптарына ылайык түзүлөт.
10-берене. Материалдык эмес маданий мурастын элементтерин коргоону каржылоо
1. Белгиленген тартипте укуктук статусту алган материалдык эмес маданий мурастын элементтерин коргоо мамлекеттик бюджеттин, маданий мурас элементтерин пайдаланып жатышкан уюмдардын каржылык чегерүүлөрүнүн, коомдук уюмдардын, жеке адамдардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн жана башка эл аралык уюмдардын атынан эл аралык коомдоштуктун жардамдарынын эсебинен ишке ашырылат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында же өз алдынча материалдык эмес маданий мурастын элементтерин пропагандалоо, сактоо жана пайдалануу жаатындагы программаларды колдоого көмөктөшкөн республикалык жана жергиликтүү фонддор түзүлүшү мүмкүн.
11-берене. Материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн каралган жоопкерчиликтин түрлөрү
1. Материалдык эмес маданий мурастын элементтерин коргоонун, пайдалануунун, эсепке алуунун жана кайра жандандыруунун эрежелерин аткарбаган, аларды коргоонун режимин, ошондой эле материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана пайдалануу тууралуу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын бузган мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
2. Материалдык эмес маданий мурастын элементтерине зыян келтиришкен юридикалык жана жеке жактар элементти калыбына келтирүүгө, ал эми ага мүмкүн болбогон учурда келтирилген чыгымдардын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурууга милдеттүү.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгымдардын ордун толтурууга байланышкан, ошолордун күнөөсү боюнча ишканалар, уюмдар, мекемелер чыгаша тартышкан учурда кызмат адамдары жана башка кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык жоопкерчилик тартышат.
12-берене. Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо
Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын контролдоону төмөндөгүлөр ишке ашырышат:
1) материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) карамагына маданий мурасты материалдык эмес элементтери кирген мамлекеттик органдар жана мекемелер;
3) аткаруу бийлигинин жергиликтүү мамлекеттик органдары;
4) башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар.
13-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |