Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 3-февралы № 19
Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө
(КР 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 27-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун (мындан ары - Кызыл Жарым Ай Коому) ишинин уюштуруу жана укуктук негиздерин аныктайт, Кызыл Жарым Ай Коомунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелеринин формаларын жөнгө салат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) гуманитардык иш - антропогендик кризистердин жана жаратылыш кырсыктарынын контекстинде адам өмүрүн сактоо, кыйынчылыктарын жеңилдетүү жана адамдын кадыр-баркын урматтоону камсыз кылуу, ошондой эле мындай кырдаалдардын алдын алуу жана аларга карата даярдыкты күчөтүү максатындагы иш. Ал жөнөкөй жарандарды жана согуш аракеттерине катышпаган адамдарды коргоону, ошондой эле тамак-ашты, сууну жана санитардык жардамды, башпаанекти, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жана алардын демейки жашоого кайтуусун жеңилдетүү үчүн жардамдын башка түрлөрүн берүүнү камтыйт;
2) волонтер - материалдык же каржы кызыкчылыктары үчүн же тышкы социалдык, экономикалык же саясий басымдын таасири алдында эмес, өз эрки менен аракеттенген жеке адам;
3) Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай эл аралык кыймылы (мындан ары - Кыймыл) - гуманитардык ишти кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдору тарабынан таанылган Кызыл Крест эл аралык Комитетинин, Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун Эл аралык Федерациясынын ортосундагы туруктуу өз ара аракеттенүүнүн уюштуруу формасы;
4) Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун Эл аралык Федерациясы (мындан ары - Федерация) - Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун гуманитардык ишин эл аралык координациялоо максатында түзүлгөн жана Кызыл Кресттин же Кызыл Жарым Айдын бардык коомдорунан турган эл аралык өкмөттүк эмес гуманитардык уюм.
3-берене. Кызыл Жарым Ай Коому
1. Кызыл Жарым Ай Коому Кыргыз Республикасынын аймагында жардамдашуучу ролду аткаруучу жана гуманитардык, материалдык, медициналык, социалдык, психологиялык жана башка жардамдарды көрсөтүү жаатында мамлекеттик органдарга көмөктөшүүнү жүзөгө ашыруучу Кыймылдын жалгыз улуттук уюму деп таанылат.
Кызыл Жарым Ай Коому ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жардамдын түрлөрүн тынчтык убакта, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын жана куралдуу чыр-чатактардын убагында көрсөтө алат.
2. Кызыл Жарым Ай Коому 1926-жылдын 6-октябрында түзүлгөн Кыргыз АССРнин Кызыл Крестинин укук мураскору жана Кыймылдын курамдык бөлүгү, ошондой эле Федерациянын толук укуктуу мүчөсү болуп саналат.
4-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун ишинин укуктук негизи
Кызыл Жарым Ай Коомунун иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка тийиштүү ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге негизделет.
5-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун ишинин принциптери
Кызыл Жарым Ай Коому өзүнүн ишинде Кыймылдын төмөнкүдөй негизги принциптерин жетекчиликке алат:
1) гумандуулук - бардык жабыркагандардын баарына же бирин артык көрбөстөн жардам көрсөтүүгө умтулуу, эл аралык деңгээлде да, улуттук деңгээлде да адамдын ар кандай кырдаалдарда азап чегүүсүн болтурбоого жана жеңилдетүүгө аракеттенүү, адамдардын өмүрүн коргоо жана инсанды урматтоону камсыз кылуу, ошондой эле элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө, достукка, кызматташтыкка жана тынчтыкты бекемдөөгө жетишүүгө жардам берүү;
2) калыстык - улуттук, расалык, диний ырым-жырымдан жана класстык саясий ынанымдардан эркин болуу;
3) бейтараптык - жалпы ишенимди сактоо максатында куралдуу чыр-чатактарда кайсы бир тарапты жактабоо жана саясий, расалык, диний мүнөздөгү талаштарга катышпоо;
4) көз карандысыздык - Кыймылдын негизги принциптеринин негизинде колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Кызыл Жарым Ай Коому тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине гуманитардык, материалдык, медициналык, социалдык, психологиялык жана башка жардамдарды көрсөтүү;
5) ыктыярдуулук - пайда алууга багытталбаган жардам көрсөтүү боюнча иш;
6) биримдик - өлкөнүн аймагында бир гана Кызыл Жарым Ай Коомунун болушу;
7) универсалдуулук - тең укуктуу статуска жана бирдей жоопкерчиликке ээ болгон коомдордон турган Кыймыл бүткүл дүйнөлүк болуп саналат.
(КР 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун милдеттери
Кызыл Жарым Ай Коому Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн жардамчы уюм катары өзүнүн компетенциясынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында калктын саламаттыгын сактоо боюнча, анын ичинде адамдын азап чегүүсүн жеңилдетүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө катышуу;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында куралдуу чыр-чатактардын, башка кырдаалдардагы зомбулуктун курмандыктарына, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга жардамды уюштуруу;
3) ар кандай категориядагы жарандарды багууну жүзөгө ашырууга, муктаж адамдарга гуманитардык, материалдык, медициналык, социалдык, психологиялык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө катышуу;
4) эл аралык гуманитардык укук жөнүндө билимди жайылтуу;
5) Кызыл Жарым Ай Коомунун принциптеринен жана максаттарынан келип чыккан башка милдеттерди аткарууну камсыз кылуу.
7-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун ишинин негизги багыттары
Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кызыл Жарым Ай Коому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана өзүнүн компетенциясынын алкагында:
1) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча калктын аялуу катмарынын арасында жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын-алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө катышат;
2) эл аралык стандарттарга жана сунуштамаларга ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдарынын сунуштамаларын эске алуу менен өз ишинин түрүнө жараша жабыркаган же катуу ооруган адамдар менен иштеген жеке жана мамлекеттик уюмдар менен мекемелердин кызматкерлерин дарыгерге чейинки биринчи жардамдын көндүмдөрүнө окутууларды уюштурат;
3) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирдикте тынчтык убагында жана куралдуу чыр-чатактардын мезгилинде кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштурууга катышат, калк арасында дарылоо максаттарында канды жана анын компоненттерин акысыз тапшырууну пропагандалайт;
4) жардамга муктаж адамдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен бирдикте медициналык-санитардык, психологиялык жана башка медициналык-социалдык жардам көрсөтүүгө катышат;
5) жардамга муктаждарды үйүндө багууну, калктын аялуу катмарларына жардам көрсөтүүнү жүзөгө ашырууга катышат;
6) "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинде белгиленген тартипте эл аралык чукул жардам берүү тууралуу Кыймылдын курамдык бөлүктөрүндө суроо-талапты жүзөгө ашырат;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыймылдын курамдык бөлүктөрүнөн алынуучу гуманитардык жардамды кабыл алууну, сактоону жана бөлүштүрүүнү уюштурат;
8) өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү максатында калктын, юридикалык жактардын арасында жана чет мамлекеттер ортосунда кайрымдуулук каражаттарды чогултууну Кыргыз Республикасынын жарандык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирдикте уюштурат;
9) Кыргыз Республикасынын жарандык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагында кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
10) өзгөчө кырдаалдарга баа берүүгө жана даярданууга көмөк көрсөтөт, ошондой эле аларды эскертүүгө жана алдын алууга катышат;
11) областтык деңгээлге чейинки масштабдарда өзгөчө кырдаалдарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын жарандык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирдикте калкка гуманитардык жардамдарды координациялоону, кабыл алууну, сактоону жана бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырат;
12) мамлекеттик органдар жана жарандык коргоо түзүмдөрү менен бирдикте өзгөчө кырдаалдар, анын ичинде куралдуу чыр-чатактар учурунда ыктыярдуу куткаруу командаларын түзүү менен алгачкы жардамдарды берет;
13) мамлекеттик органдарга өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде куралдуу чыр-чатактардын натыйжасында жабыр тарткандар үчүн убактылуу үй-жай уюштурууга жардам берет;
14) мамлекеттик органдар менен бирдикте дайынсыз жоголгондорду издөөнү жүзөгө ашыруу максатында куралдуу чыр-чатактардын, өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында ажыраган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды калыбына келтирүүгө көмөктөшөт, үй-бүлөлөрдү кайта бириктирүүгө жардам берет;
15) куралдуу чыр-чатактардын курмандыктарына, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү максатында Кыймылдын курамдык бөлүктөрү менен өз ара аракеттенет, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкаркы жерлерде гуманитардык ишти жүзөгө ашырууда бул уюмдарга көмөк көрсөтөт;
16) эл аралык гуманитардык укук жөнүндө билимдерди калк арасында жайылтуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
17) Кыргыз Республикасынын илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча басма жана илим-изилдөө ишин жүзөгө ашырат;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер менен ага жүктөлгөн башка иш-милдеттерди аткарат.
(КР 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун эл аралык кызматташуусу
1. Кызыл Жарым Ай Коому ушул Мыйзамдын 6 жана 7-беренелеринде каралган анын милдеттерине жана ишинин негизги багыттарына ылайык келген ишти жүзөгө ашыруу максатында Кыймылдын курамдык бөлүктөрү жана башка эл аралык гуманитардык уюмдар менен кызматташат.
2. Кыймылдын курамдык бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кызыл Жарым Ай Коому менен макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырат.
9-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун эмблемасын жана аталышын пайдалануу
Кызыл Жарым Ай Коомунун эмблемасы жана аталышы мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдаланылат.
10-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсү
1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Кызыл Жарым Ай Коому бардык деңгээлдердеги мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырат жана кызматташуунун негизги багыттары жана усулдары аныкталган макулдашууларды түзүүгө укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Кызыл Жарым Ай Коомун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүн тарта алат жана биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн, анын ичинде мамлекеттик заказдын негизинде колдоо көрсөтө алат.
3. Кызыл Жарым Ай Коомунун Федерацияга жыл сайын төлөөчү төгүмдөрү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
11-берене. Маалымат берүү
Кызыл Жарым Ай Коомунун суроо-талабы боюнча мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар, кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чектеринде маалыматтарды берет.
Көрсөтүлгөн маалыматтар оорулар, жаракат алуулар, өзгөчө кырдаалдарда жана чыр-чатактарда жабыр тарткандар, ошондой эле калктын аялуу катмарларынын ар түрдүү категориялары боюнча статистикалык маалыматтарды камтышы мүмкүн.
Купуя маалыматтарды кошпогондо, кармалган, интернирленген, орун которгон адамдар тууралуу маалыматтар аларга издөө жарыяланган жана туугандары жана жакындары менен болгон байланышы белгиленген учурларда мамлекеттик органдар тарабынан берилет.
12-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун ишин каржылоо
Кызыл Жарым Ай Коомунун ишин каржылоо төмөнкүдөй булактардан камсыз кылынат:
1) ар жылдагы мүчөлүк төгүмдөрдөн;
2) кайрымдуулук төгүмдөрдөн, каражаттардан жана гранттардан;
3) кайрымдуулук жарманкелерин, концерттерди, көргөзмөлөрдү, лекцияларды, спорттук жана башка оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүдөн, ошондой эле кайрымдуулук купондорун, маркаларын жана билеттерин сатуудан алынган кирешелерден;
4) менчигинин формасына карабастан жеке жана башка мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын, ошондой эле жеке жактардын продукцияларын жана кайрымдуулук үстөк баалары менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн кирешелерден;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кирешелердин жана келип түшкөн каражаттардын башка түрлөрүнөн.
13-берене. Салык жана бажы артыкчылыктары
Кызыл Жарым Ай Коомуна бажы, салык жеңилдиктерин жана артыкчылыктарын берүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы бажы жана салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
14-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун иши жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
15-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |