Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 21-февралы № 29
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2019-жылдын 7-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 23-1-статья менен толукталсын:
"23-1-статья. Транспорт каражаттарынын менчик ээлеринин укуктары жана милдеттери
1. Транспорт каражаттарынын менчик ээлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- төмөнкү маалыматтарды акысыз (бекер) негизде алууга:
транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тартиби жөнүндө;
жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн аларга берилген жазалар жөнүндө;
- транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгисинин цифралык жана (же) тамгалык белгиленишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте тандап алууга.
2. Транспорт каражаттарынын менчик ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Мыйзамдын 14 жана 24-статьяларында көрсөтүлгөн учурларда транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда транспорт каражаттарын каттатууга (кайра каттатууга);
- транспорт каражатын утилдештирүүгө же жоготууга байланыштуу же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жерге чыгарып кетүүнүн алдында анын мамлекеттик каттоосун токтотуу үчүн транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылууга;
- транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүн мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу эрежелеринде транспорт каражатын милдеттүү түрдө көрсөтүү каралган учурларда аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга көрсөтүүгө;
- фото жана видео жазуу функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен жазылып алынган жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн айып пул түрүндө жаза салуу тууралуу өз убагында аткарылбаган токтомдор болгон учурда айып пулдардын суммаларын төлөөгө.";
2) 24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Транспорт каражаттарын каттоого жана каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө төмөнкү учурларда тыюу салынат:
- жаңы транспорт каражаттары үчүн Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуучу мамлекеттик тутуму тарабынан таанылган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген шайкештик сертификаттары жок болгондо;
- ушул Мыйзамдын 16-беренесине ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган транспорт каражаттарын кайра каттоого көрсөткөндө;
- тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер көрсөтүлгөндө;
- Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аны каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан жазылган номердик агрегаттардын маркировкасын жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун кесепетинен транспорт каражатын идентификациялоого мүмкүн болбогондо;
- каттоо документтеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркировкалык идентификациялык белгиси бар конструкциянын курамдык бөлүгү алмаштырылганда;
- транспорт каражаты издөөдө болгондо.
Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарда автоматтык режимде жазылып алынган бузуулар үчүн айып пулдар боюнча транспорт каражатынын ээсинин карызы бар экени тууралуу маалымат автоматташтырылган маалымат тутумунда болгондо, транспорт каражатынын ээси транспорт каражатын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоонун алдында ал бузуулар үчүн айып пул төлөөсү зарыл.
Ушул статьяда көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенде транспорт каражатын каттоого же каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө уруксат берилет.";
3) 25-статьяда:
а) 1-пункт "келбеген" деген сөздөн кийин ", анын ичинде ушул статьянын 3-пунктунда каралган" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пунктта:
- тогузунчу жана он биринчи абзацтардагы "категориясы" деген сөз "категориячасы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- он үчүнчү абзацындагы "С1" категориясы" деген сөздөр "С1" категориячасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он бешинчи абзацта "категориясы" деген сөз "категориячасы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- он сегизинчи абзацтагы "С1Е" категориясы" деген сөздөр "С1Е" категориячасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) берене төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Фото жана видео жазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарда автоматтык режимде жазып алынган бузуулар үчүн айып пулдар боюнча арыз ээсинин карызы бар экени тууралуу маалыматтын автоматташтырылган маалымат тутумунда бар болушу айдоочулук күбөлүктү берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.";
4) 26-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"26-статья. Транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча негизги талаптар
1. Тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга укукту медициналык көрсөткүчтөр боюнча тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берилген, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда теориялык жана практикалык сынактарды тапшырган, тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо программасы боюнча окутуучу (билим берүүчү) уюмдарда тиешелүү окуудан (кайра окуудан) өткөн жарандар алат.
2. Тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо программалары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде окутуучу (билим берүүчү) уюмдар тарабынан иштелип чыгат.
3. Тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга медициналык каршы көрсөткүчтөр менен чектөөлөр жана медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
2-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 22-февралында N 13 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |