Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 8-августу № 113
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 26-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды классификациялоо
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун, бажы кызматтарынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын кызматкерлеринин аскердик жана атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
кенже аскердик жана атайын наамдар - катардагы аскер кызматчысынан (курсанттан) тартып улук прапорщикти кошо алганда;
орто аскердик жана атайын наамдар - кенже лейтенанттан тартып капитанды кошо алганда;
улук аскердик жана атайын наамдар - майордон тартып полковникти кошо алганда;
жогорку аскердик жана атайын наамдар - генерал-майордон тартып жана андан жогору.
Салык кызматтарынын кызматкерлеринин атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
орто атайын наамдар - салык кызматынын кенже инспекторунан тартып салык кызматынын 1-рангдагы инспекторун кошо алганда;
улук атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинен тартып салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчисин кошо алганда;
жогорку атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.
Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери өзүнө төмөнкүдөй класстык чендерди - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчисин кошо алганда камтыйт.
Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери төмөнкүлөргө бөлүнөт:
улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда.
Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:
орто класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунан тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспекторун кошо алганда;
улук класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
жогорку класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.
Административдик кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:
орто класстык чендер - муниципалдык кызматтын кенже инспекторунан тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспекторун кошо алганда;
улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда.
Атайын класстык чендер төмөнкүдөй бөлүнөт:
орто атайын класстык чендер - кенже юристтен тартып 1-класстагы юристти кошо алганда;
улук атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы кеңешчисинен тартып юстициянын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
жогорку атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.
Аскердик наамдардын, класстык чендердин, атайын класстык чендердин жана атайын наамдардын өз ара катышы тиркемеге ылайык аныкталат.";
2) 5-1 жана 6-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-1-статья. Класстык чен
Класстык чен - бул мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленген саясий мамлекеттик кызмат ордун же атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеген, ошондой эле административдик мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеген, ишин акы төлөнүүчү негизде жүргүзгөн ар бир адамга анын ээлеп турган кызмат ордуна, иш стажына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка жагдайларга ылайык жеке өзүнө ыйгарылуучу атайын наам.
6-статья. Атайын класстык чен
Атайын класстык чен - бул юстиция органдарынын, соттордун аппаратынын, Сот департаментинин, прокуратура органдарынын ар бир кызматчысына ишинин стажына, билимине жана ээлеген кызмат ордуна ылайык жекече ыйгарылуучу атайын наам.";
3) 7-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кенже, орто жана улук аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарылат.";
4) 10-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-1-статья. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга ыйгарылуучу класстык чендер
Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарына төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:
мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарына төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:
муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисине чейинки улук класстык чендер шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын, айылдык аймактын жетекчисинин, шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын кызмат ордун ээлеген адамдарга ыйгарылат.
Муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисине чейинки жогорку класстык чендер республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчисинин, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын, төрагасынын орун басарынын кызмат ордун ээлеген адамдарга ыйгарылат.";
5) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 10-2-статья менен толукталсын:
"10-2-статья. Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чендер
Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:
мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору;
мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору;
мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору;
мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору;
мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Административдик кызмат ордун ээлеген муниципалдык кызматчыларга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:
муниципалдык кызматтын кенже инспектору;
муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору;
муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору;
муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору;
муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.";
6) 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Юстиция органдарынын, соттордун аппаратынын, Сот департаментинин, прокуратура органдарынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын класстык чендер
Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын, сотторунун аппараттарынын жана Сот департаментинин, прокуратура органдарынын кызматкерлерине төмөнкүдөй атайын класстык чендер ыйгарылат:
кенже юрист;
3-класстагы юрист;
2-класстагы юрист;
1-класстагы юрист;
юстициянын 3-класстагы кеңешчиси;
юстициянын 2-класстагы кеңешчиси;
юстициянын 1-класстагы кеңешчиси;
юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.";
7) 16-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди сактоо, ыйгаруу, ажыратуу жана төмөндөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.";
8) Мыйзамга тиркеме ушул Мыйзамга тиркемеге ылайык баяндалсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиркеме |
№ | Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрүнүн аскердик наамдары | Улуттук коопсуздук органдарынын кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрүнүн аскердик наамдары | Аскердик прокуратурасынын кызматкерлеринин аскердик наамдары | Мамлекеттик жарандык кызматчылардын класстык чендери | Саясий, административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери | Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери | Юстиция органдарынын, соттун аппараттарынын, Сот департаментинин, прокуратура органдарынын атайын класстык чендери | Салык кызматынын кызматкерлеринин атайын наамдары | Бажы кызматынын кызматкерлеринин атайын наамдары | Ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин атайын наамдары | Финансы полиция кызматкерлеринин атайын наамдары |
Кенже аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар | |||||||||||
1 | катардагы (курсант) | катардагы (курсант) |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын (ички кызматтын) катардагы кызматчысы | милициянын катардагы кызматчысы (курсанты) | финансы полициясынын катардагы кызматчысы |
2 | ефрейтор | ефрейтор |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 | кенже сержант | кенже сержант |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын кенже сержанты | милициянын (ички кызматтын) кенже сержанты | финансы полициясынын кенже сержанты |
4 | сержант | сержант |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын сержанты | милициянын (ички кызматтын) сержанты | финансы полициясынын сержанты |
5 | улук сержант | улук сержант |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын улук сержанты | милициянын (ички кызматтын) улук сержанты | финансы полициясынын улук сержанты |
6 | старшина | старшина |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын старшинасы | милициянын (ички кызматтын) старшинасы | финансы полициясынын старшинасы |
7 | прапорщик | прапорщик |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын прапорщиги | милициянын (ички кызматтын) прапорщиги | финансы полициясынын прапорщиги |
8 | улук прапорщик | улук прапорщик |
|
|
|
|
|
| бажы кызматынын улук прапорщиги | милициянын (ички кызматтын) улук прапорщиги |
|
Орто аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар | |||||||||||
1 | кенже лейтенант | кенже лейтенант | юстициянын кенже лейтенанты | мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору | муниципалдык кызматтын кенже инспектору |
| кенже юрист | салык кызматынын кенже инспектору | бажы кызматынын кенже лейтенанты | милициянын (ички кызматтын) кенже лейтенанты | финансы полициясынын кенже лейтенанты |
2 | лейтенант | лейтенант | юстициянын лейтенанты | мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору | муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору |
| 3-класстагы юрист | салык кызматынын 3-рангдагы инспектору | бажы кызматынын лейтенанты | милициянын (ички кызматтын) лейтенанты | финансы полициясынын лейтенанты |
3 | улук лейтенант | улук лейтенант | юстициянын улук лейтенанты | мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору | муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору |
| 2-класстагы юрист | салык кызматынын 2-рангдагы инспектору | бажы кызматынын улук лейтенанты | милициянын (ички кызматтын) улук лейтенанты | финансы полициясынын улук лейтенанты |
4 | капитан | капитан | юстициянын капитаны | мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору | муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору |
| 1-класстагы юрист | салык кызматынын 1-рангдагы инспектору | бажы кызматынын капитаны | милициянын (ички кызматтын) капитаны | финансы полициясынын капитаны |
Улук аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар | |||||||||||
1 | майор | майор | юстициянын майору | мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси | муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси |
| юстициянын 3-класстагы кеңешчиси | салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси | бажы кызматынын майору | милициянын (ички кызматтын) майору | финансы полициясынын майору |
2 | подполковник | подполковник | юстициянын подполковниги | мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси | муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси |
| юстициянын 2-класстагы кеңешчиси | салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси | бажы кызматынын подполковниги | милициянын (ички кызматтын) подполковниги | финансы полициясынын подполковниги |
3 | полковник | полковник | юстициянын полковниги | мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси | муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси |
| юстициянын 1-класстагы кеңешчиси | салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси | бажы кызматынын полковниги | милициянын (ички кызматтын) полковниги | финансы полициясынын полковниги |
Жогорку аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар | |||||||||||
1 | генерал-майор | генерал-майор | юстициянын генерал-майору | мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси | мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси | бажы кызматынын генерал-майору | милициянын (ички кызматтын) генерал-майору | финансы полициясынын генерал-майору |
2 | генерал-лейтенант | генерал-лейтенант | юстициянын генерал-лейтенанты | мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси | мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | салык кызматынын 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси | бажы кызматынын генерал-лейтенанты | милициянын (ички кызматтын) генерал-лейтенанты | финансы полициясынын генерал-лейтенанты |
3 | генерал-полковник | генерал-полковник | юстициянын генерал-полковниги | мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси | мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | салык кызматынын 1-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси |
| милициянын (ички кызматтын) генерал-полковниги |
|