Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 8-августу № 115
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123, 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Бишкек шаардык кеңешинин чечимдери
1. Бишкек шаардык кеңеши өз компетенциясынын чегинде чечимдерин токтом жана тескеме түрүндө кабыл алат.
2. Шаардык кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жана шаардын аймагында милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт.
Шаардык кеңештин токтому "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
3. Шаардык кеңештин тескемеси - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аны аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган жана шаардын аймагында милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү акт.
Шаардык кеңештин тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл ын күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча кабыл алынган чечимдери тескеме түрүндө жеке өзү гана тарабынан кабыл алынат.
Шаардык кеңештин төрагасынын тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бишкек шаардык кеңешинин чечимдери менчигинин формасына карабастан шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
6. Бишкек шаардык кеңешинин чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келген учурда, аларды жокко чыгаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
3-берене.
"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1238-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Шаардык кеңештин чечимдери
1. Шаардык кеңеш өз компетенциясынын чегинде чечимдерди токтом жана тескеме түрүндө кабыл алат.
2. Шаардык кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жана шаардын аймагында милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт.
Шаардык кеңештин токтому "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
3. Шаардык кеңештин тескемеси - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аны аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган жана шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчкө ээ болгон уюштуруу-тескөөчү мүнөздөгү акт.
Шаардык кеңештин тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча кабыл алынган чечимдери тескеме түрүндө жеке өзү тарабынан кабыл алынат.
Шаардык кеңештин төрагасынын тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Шаардык кеңештин чечимдери менчигинин формасына карабастан шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
6. Ош шаардык кеңешинин чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келген учурда, аларды жокко чыгаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
4-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-статьянын 1-бөлүгүндө ", өзү курамына кирген анын туруктуу комиссияларынын жана башка органдарынын" деген сөздөр "туруктуу комиссиялардын жана башка анын органдарынын курамына кирүүгө," деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-берене "башка мамлекеттик органдар менен" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 22-берененин 1-бөлүгүндө:
а) расмий тилдеги текстинде "опубликование нормативных правовых актов производится" деген сөздөр "проекты нормативных правовых актов публикуются" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерде (доскаларда, стенддерде) жайгаштырылышы мүмкүн.";
3) 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон, тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары;";
4) 29-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актылары Өкмөт тарабынан аныкталган басма сөз же электрондук басылмада, же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерде (доскаларда, стенддерде) жарыяланышы мүмкүн.";
б) 4-бөлүк "чыккан күн" деген сөздөн кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын тексти атайын көрүнүктүү жерлерде жарыяланган күн" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
(КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 7-пунктунун жоболору 2019-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 9-пунктунун жоболору 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
| 2019-жылдын 26-июнунда |