Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 4-марты № 23
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 694-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"каттоо - мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу бирден нускада же 10 даанага чейинки чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же ташылып келген өлчөө каражаттарын эсепке алуу;";
2) 4-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пункту "орган" деген сөздөн кийин "жана анын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 6-берененин 3-бөлүгүндө "жана баштапкы" деген сөздөр алып салынсын;
4) 8-берененин 3-бөлүгү "типтеги" деген сөздөн кийин "же катталган" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 9-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген өлчөө каражаттарын каттоо
1. Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган өлчөө каражаттарынын тиби жүгүртүүгө чыгарылганга чейин бекитилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү стандарттык үлгүлөрдүн тиби жүгүртүүгө чыгарылганга чейин бекитилүүгө тийиш.
Бирден нускада же 10 даанадан ашпаган чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган өлчөө каражаттары жүгүртүүгө чыгарылганга чейин катталууга тийиш.
2. Чет мамлекеттерде өндүрүлгөн өлчөө каражаттарына жүргүзүлгөн сыноолордун натыйжаларын таануу жана өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндөгү улуттук органдары кошулган өз ара таануу жөнүндө башка уюмдардын макулдашууларына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн жана бекитүү белгисин колдонуунун, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү өлчөө каражаттарын каттоонун, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
6) 10-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "жана андан кийинки (мезгилдүү) текшерилүүгө" деген сөздөр ", мезгилдүү текшерилүүгө жана зарыл болгондо кезексиз текшерүүлөргө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өлчөө каражаттарын текшерүүнү метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораториялары жүзөгө ашырышат.
Текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораториялары аккредитацияланган болууга тийиш.
Тиешелүү жаатта өлчөө каражаттарын калибрлөөгө аккредитациясы бар метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораторияларын аккредитациялоо талап кылынбайт.
Метрология боюнча улуттук органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө тиешелүү эталондор жок болгондо, өлчөө каражаттарын текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген юридикалык жактар жүзөгө ашырат.";
7) 12-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "метрология боюнча улуттук орган" деген сөздөр "метрология боюнча улуттук орган жана анын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү "органда" деген сөздөн кийин "жана анын аймактык бөлүмдөрүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 14-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өлчөө каражаттарын калибрлөөнү метрология боюнча улуттук органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана юридикалык жактардын метрологиялык кызматтарынын аккредиттелген калибрлөөчү лабораториялары жүзөгө ашырышат.";
9) 16-беренеде "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык, административдик же болбосо жарандык-укуктук жоопкерчилик тартышат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат" деген сөздөргө алмаштырылсын:
10) 17-беренеде:
а) 1-пункт "түзүү," деген сөздөн кийин "сатып алуу," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган региондук метрологиялык уюмдун алкагында аккредитациялоо же эксперттик теңдеш маанидеги баалоо жолу аркылуу улуттук эталондордун, өлчөөлөрдүн жана калибрлөөнүн эл аралык таанылышына жетишүү жана колдоо боюнча иштер;";
в) 3-пунктунда "же" деген сөз "жана" деген сөзгө алмаштырылсын;
11) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Метрологиялык иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө
Метрология боюнча улуттук орган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ыйгарым укук берилген юридикалык жактар тарабынан чарбакер субъекттерге көрсөтүлүүчү метрологиялык иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык акы төлөнөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзамдын 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 6-пунктунун "б" пунктчасынын үчүнчү абзацын кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 10-мартындагы № 26(3098) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
(КР 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
2020-жылдын 29-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|