МыйзамКүчүндө

КР 2020-жылдын 7-майындагы № 52 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (»Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө«,»Жарандык коргонуу жөнүндө«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 7-майы № 52

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2020-жылдын 30-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

 

1-берене.

(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2-берене

"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 287-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

18-беренесинин З-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Зарыл болгон (адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген учурда өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчиси адамдардын жана транспорттун өзгөчө кырдаалдын зонасына кирүүсүн убактылуу чектейтг жана бул зонада турган уюмдардын ишин токтото турат.".

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков