МыйзамКүчүндө

КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 18-апрели № 44

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

2020-жылдын 18-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

2-берене.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

46-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:

"61) салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча чекене сатуулардан салык;".

4-берене.

Ушул Мыйзамдын 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 1-беренесинин 2, 3, 17, 21, 22, 26-36-пункттарын кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 34(3106) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков