Загрузка документа…
ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2020-жылдын 24-июлу № 89
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики | 11 июня 2020 года |
1-статья.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын, ошондой эле чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк граждандардын негизги укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин аныктайт, мындай статусту ыйгаруунун жана токтотуунун шарттарын жана тартибин белгилейт.";
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
"11-статья. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандар
Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандар деп, республиканын граждандары болуп саналбаган жана өзүнүн чет мамлекеттин граждандыгына таандык экендигинин далилдери бар адамдар таанылат.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер деп, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк граждандар таанылат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандарга мыйзамдарда каралган укуктар жана эркиндиктер кепилденет.";
3) 5-статьянын биринчи бөлүгү "уруксаты" деген сөздөн кийин ", же болбосо чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу" деген сөздөр менен толукталсын;
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы III бөлүм менен толукталсын:
"III. МУРДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГРАЖДАНДЫГЫНДА ТУРГАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ГРАЖДАНДАРДЫН УКУКТАРЫ
26-статья. Мурда Кыргыз Республикасынын граждандыгында турган чет өлкөлүк граждандардын укуктары
Мурда Кыргыз Республикасынын граждандыгында турган чет өлкөлүк граждандар чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алууга укуктуу.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу төмөнкү адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:
- алардын алгач Кыргыз Республикасынын граждандыгына таандык болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын граждандыгында турган чет өлкөлүк граждандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк граждандарга;
- алардын алгач Кыргыз Республикасынын граждандыгына таандык болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын граждандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк граждандарга;
- Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк граждандарга, ошондой эле алардын балдарына жана неберелерине.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин граждандарына ыйгарылышы мүмкүн эмес.
27-статья. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруунун тартиби
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу ушул Мыйзамдын 26-статьясында көрсөтүлгөн, мындай статусту алууга укуктары бар чет өлкөлүк граждандардын өтүнүчү боюнча ыйгарылат.
Чет мамлекеттин аймагында өтүнүчтү кабыл алуу жана чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документин берүү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруунун, узартуунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби, тийиштүү документтин үлгүсү жана аны берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Өтүнүчтү кароо жана чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу жөнүндө же аталган статусту ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу өтүнүч катталган күндөн тартып алты айдын ичинде жүзөгө ашырылат.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгарууда чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун жана ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген анын укуктарын ырастоочу, мамлекеттик маанидеги документ болуп саналган, чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документи берилет.
Кыргыз Республикасынын граждандыгынан чыгууда чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ыйгарылат.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу мөөнөтсүз колдонулат.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документинин колдонулуу мөөнөтү документ берилген күндөн тартып он жылды түзөт жана ал белгиленген тартипте узартылат.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документин бергени үчүн мамлекеттик алым же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган каражаттар алынат.
28-статья. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алуудан баш тартуу үчүн негиздер
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу жөнүндө өтүнүч беришкен чет өлкөлүк граждандарга төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн, эгерде:
- өтүнүч берүүдө өзү жөнүндө жалган маалыматтарды билдирсе;
- кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар болсо;
- Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу ишти жүзөгө ашырса;
- террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болуп саналса;
- чектөө алып салынганга чейин Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салынса.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим өтүнүч берүүчүгө чечим кабыл алынган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө жана анын талабы боюнча жазуу жүзүндө билдирилет.
29-статья. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештердин укуктары
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер төмөнкүлөргө укуктуу:
- чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документи бар учурда, жарактуу документтердин бири боюнча визасын жол-жоболоштурбастан, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен өтүүгө, жол жүрүүгө жана анда турууга;
- жашап турууга уруксатты жол-жоболоштурбастан, Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендеш Кыргыз Республикасынын аймагында турган мөөнөтүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк гражданинге теңештирилет;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берүүчү эмгек визасын жол-жоболоштурбастан жана жумушка уруксат албастан, Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн белгиленген негиздерде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөөгө же башка иште эмгектенүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын граждандары менен катар акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей шарттарына.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендеш Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлей албайт.
30-статья. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун токтотуу жана андан ажыратуу
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу төмөнкү учурларда токтотулат:
- Кыргыз Республикасынын граждандыгы калыбына келтирилгенде;
- чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алган адамдын жеке арызы боюнча.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк гражданин төмөнкү учурларда статусунан ажыратылат:
- статус ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кат бергенде өзү тууралуу жалган маалыматтарды билдиргенде;
- соттуулугу бар экендиги жөнүндө фактылар ырасталганда;
- ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу иштерди жүзөгө ашырганда;
- эгерде террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болуп саналса.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун токтотуу чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендешке берилген документтин колдонулушун токтотууга алып келет.".
3-берене.
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы "к" пункту менен толукталсын:
"к) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алгандарга.".
4-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу - укуктары жана милдеттери чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган чет өлкөлүк жарандардын өзгөчө укуктук абалы.";
2) 6-статьяда:
а) статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандар чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин көрсөткөндө, визасын жол-жоболоштурбастан, жарактуу документтердин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына көп жолу кирүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда жүрүүгө мүмкүнчүлүк алат.";
б) жетинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк мекендештин статусун алган жарандарды, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштөөгө уруксаты болууга тийиш.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толукталсын:
"Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, токсон жумушчу күндүн ичинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте турган жери боюнча катталууга милдеттүү.";
3) 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер жарактуу документтери боюнча, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин көрсөткөндө визаны жол-жоболоштурбастан, мамлекеттик чек арадагы эл аралык катнаш үчүн ачылган өткөрмө пункттар аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет.";
4) 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн жашап турууга уруксат алуу талап кылынбайт.";
5) 27-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандарга эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жумушчу күч катары тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтерин (ишке уруксат) жана эмгек визасын алуу талап кылынбайт.".
5-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене.
(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-августундагы № 61 (3133) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент Кыргызской Республики |
С.Ш. Жээнбеков |