Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 21-августу № 138
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автомобиль жолдору жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2020-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан белгиленген салмак-габариттик параметрлерди бузгандыгы үчүн аларга берилген жазалар жөнүндө;";
б) 2-пунктунун бешинчи абзацы "жол кыймылынын" деген сөздөрдөн кийин "жана транспорттун" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-августундагы № 68 (3140) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |