Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 1-декабры № 145
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө», «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 18-августу, № 65) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- 1-пунктунда «2021-жылдын 1-июлуна» деген сөздөр «2022-жылдын 1-июлуна» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктунда «2021-жылдын 31-декабрына» деген сөздөр «2022-жылдын 31-декабрына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
«21. Салык төлөөчүлөр салыктык текшерүүнүн же салык төлөөчүлөрдүн өздөрүнүн 2020-жылдын 1-июлуна чейинки салыктык мөөнөт үчүн такталган отчетторду берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 1-июлунан кийин кошуп эсептелген салыктардын суммасына кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча карыздарды салыктардын негизги суммасын толук жойгон шартта, ушул беренеде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө эсептен чыгарууга укуктуу.»;
в) 7-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында «кайра түзүмдөштүрүүгө жатат» деген сөздөр «ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө салыктардын негизги суммалары боюнча карыздарды толугу менен төлөгөндө кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацында «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде» деген сөздөр «ушул Мыйзамда» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- 1-пунктунда «2021-жылдын 1-июлуна» деген сөздөр «2022-жылдын 1-июлуна» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктунда «2021-жылдын 31-декабрына» деген сөздөр «2022-жылдын 31-декабрына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
«21. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр салыктык текшерүүнүн же камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн өздөрүнүн 2020-жылдын 1-июлуна чейинки отчеттук мезгил үчүн такталган отчетторду берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 1-июлунан кийин кошуп эсептелген камсыздандыруу төгүмүнүн суммасына кошуп эсептелген туумдар жана айып пулдар боюнча карызды камсыздандыруу төгүмдөрүнүн негизги суммасын толук жойгон шартта, ушул беренеде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө эсептен чыгарганга укуктуу.»;
в) З-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында «кайра түзүмдөштүрүүгө жатышы мүмкүн» деген сөздөр «ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыз толугу менен төлөнгөндө кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацында «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун» жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын» жана «ушул Мыйзамда» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 4-беренеде «2021-жылдын 31-декабрына» деген сөздөр «2022-жылдын 31-декабрына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
«Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 11-декабры, № 101) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-берененин 1-бөлүгүндө «2021-жылдын 31-декабрын» деген сөздөр «2022-жылдын 31-декабрын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 27-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |