Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 29-июлу № 100
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 18-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
31-берененин 1-бөлүгүндө:
а) он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ишенимди жоготууга байланыштуу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ("Эркин Тоо" газетасы, 1998-жылдын 16-сентябрындагы № 133-140) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
91-пунктта:
а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзүн күнөөлүү эмес деп эсептеген аскер кызматчысы тийиштүү тартиптик жаза берүү жөнүндө чечим билдирилген күндөн тартып 10 сутканын ичинде даттанууга укуктуу.";
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук (рапорт, кызматтык карточка) ал чыккан күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде, буйруктун (рапорттун же кызматтык карточканын) арткы бетине кол койдуруу менен аскер кызматчысына билдирилет. Аскер кызматчысы көрсөтүлгөн буйрук (рапорт, кызматтык карточкадагы жазуу менен - тийиштүү графада) менен таанышуудан баш тарткан учурда, тартиптик жаза берген командир (зардал) жана кадр иштери боюнча кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн таанышуудан баш тартуу тууралуу белги коюлат.
Ушул Уставдын 108-пунктунда каралган тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук ушул пункттун төртүнчү абзацына ылайык, аны менен таанышкан күндөн тартып 10 сутканын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.
Аскер кызматчысы/бошотулган аскер кызматчысы жазуу жүзүндө кайрылган учурда, ушул пункттун төртүнчү абзацында каралган актылардын көчүрмөлөрү көрсөтүлгөн кайрылуу катталган күндөн тартып 3 күндүн ичинде берилет. Көчүрмө актынын номерин жана датасын, тартиптик жазаны берүүнүн негизин, ошондой эле акты менен таанышуу датасын камтышы керек.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-августундагы № 61 (3133) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |