Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 8-августу № 121

2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу

(КР 2021-жылдын 3-июнундагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2020-жылдын 25-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишим ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги .ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзсүн.

(КР 2021-жылдын 3-июнундагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 14-августундагы № 64 (3136) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков