Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 21-августу № 137
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу бөлүк менен толукталсын:
"Капиталдык курулуш - тургузуу үчүн тереңдетилген пайдубалды орнотуу, тосуучу жана кармап туруучу конструкцияларды коюу, тазалагыч курулмаларды кошуп алганда бардык зарыл инженердик коммуникацияларды алып келүү боюнча жер казуу жана куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүүнү талап кылган объекттердин курулушу.";
б) он биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Рекреация объекттери - менчигинин формасына жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруунун укуктук формасына карабастан, эс алуу, ден соолукту чыңдоо, туризм үчүн пайдаланылуучу, рекреациялык, мейманканалык кызматтарды, ден соолукту чыңдоо, жашап туруу, эс алуу, туризм боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын чегинде жайгашкан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, коттедждик шаарчалар, конок үйлөр жана башка объекттер.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Тазалагыч курулмалар - калк жайгашкан жердин (пункттун), өнөр жай ишканасынын, рекреация объектинин башка чарбакер объекттердин канализация системасында агынды сууларды аларда камтылган булгануулардан тазалоого арналган, иштетилүүсүнүн натыйжасында тазалоо процессинен кийин суунун сапаты белгиленген санитардык жана техникалык ченемдерге туура келе турган инженердик курулмалардын комплекси.".
2) 14-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги биринчи абзацында "өзүнө" деген сөз "өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт" деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзацында "камтыйт" деген сөз алып салынсын;
б) төртүнчү абзацында "Ысык-Көл көлүн булгануудан коргоону, эл чарба объектилеринин, рекреациялык мекемелердин тазалоочу курулмаларын паспорттоштурууну," деген сөздөр алып салынсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Ысык-Көл көлүн булгануудан коргоо, калк жайгашкан жерлердин, рекреациялык мекемелердин, өндүрүштүк жана башка эл чарба объекттеринин сууну агындылоо тутумун жана тазалагыч курулмаларын куруу жана паспорттоштуруу боюнча чараларды;";
г) статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- суунун өзүн өзү тазалоосунун табигый механизмдерин калыбына келтирүү жана колдоо, анын ичинде балыктардын эндемикалык түрлөрүн (чабак, чабакча, маринка, карп жана башка), ошондой эле башка жырткыч эмес түрлөрүн (лещ, сазан жана башка) сактоо жана алардын санын көбөйтүү боюнча чараларды;
- суунун табигый чыпкалары катары кызмат кылуучу, жээктеги токой-саз экотутумдарын коргоо боюнча чараларды.";
3) 17-статьяда:
а) биринчи бөлүгүндө:
- экинчи абзацы "суу топтоо аянттарын" деген сөздөрдөн кийин "агынды сууларды," деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- тазалагыч курулмалар болуп саналбаган топтогучтарга, чогултма аңдарга, септиктерге жана башка ыңгайлаштырылмаларга рекреация объекттеринен агынды сууларды агызууну жүзөгө ашырууга.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Ысык-Көл" ЭЭТтин аймагында агынды суулардын көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчү калкка белгиленген тартипте үй чарбалары үчүн аныкталган орточо суткалык көрсөткүчүнөн ашкан өнөр жайлык, рекреациялык объекттердин жаныларын курууга жана иштеп жаткандарын реконструкциялоого, мындай объекттердин долбоордук документтерине мамлекеттик курулуштук экспертизанын жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болбосо, тыюу салынат.";
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 171-статья менен толукталсын:
"171-статья. Суу объекттерин коргоону камсыз кылуучу экологиялык коопсуздук талаптары
1. Суу объекттерин коргоо максатында төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
- айыл чарбалык, рекреациялык жана ден соолукту чыңдоочулук максаттарда чарбалык-ичүүчү, коммуналдык-тиричиликтик жана балык чарбалык арналышта пайдаланылуучу суу объекттерине, ошондой эле жер астындагы горизонтко жана сугат талааларга тазаланбаган, зыянсыздандырылбаган жана жушугсуздандырылбаган агынды сууларды чыгарууга;
- канализациялык системага кабыл алуу талаптарына жооп бербеген, локалдык тазалагыч курулмаларда алдын ала тазаланбаган өндүрүштүк агынды сууларды шаардык жана шаарчалык канализациялардын системаларына бурууга;
- аныктоо методдору белгиленбеген заттарды камтыган өндүрүштүк агынды сууларды канализация системаларына чыгарууга;
- чарбалык жана башка иштин стационардык объекттерин агынды сууларды тазалоочу түзүлүштөр жана алардын иштөөсүн контролдоочу каражаттар менен жабдыбастан ишке киргизүүгө жана пайдаланууга;
- өндүрүштүк, тиричиликтик жана башка калдыктарды суу объекттерине чыгарууга жана чөктүрүүгө, анын ичинде суу объекттерин жана алардын жээктерин калдыктар менен булгоого.
- агынды суулардын тунмаларын санкцияланбаган жерлерде жайгаштырууга же сактоого;
2. Рекреация объекттеринин менчик ээлери же аларды пайдалануучу ижарачылар, агынды суулардын жаралышына алып келүүчү чарбалык же башка иштин субъекттери:
- суу объекттерине булгоочу заттарды чыгарууга белгиленген чектөөлөрдү сактоону жана булгоочу заттарды азайтуу боюнча пландалган иш-чараларды жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
- жер үстүндөгү жана жер астындагы булактардан алынуучу суулардын эсебин жүргүзөт;
- агынды сууларды канализация системаларына чыгаруу үчүн аларды тазалоого арналган жабдууларды жана курулмаларды пайдалануунун эрежелерин жана режимин сактайт.";
5) 29-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(Юридикалык жана жеке жактарга (булгоочу объекттердин, рекреация объекттеринин ээлери же ижарачылары) "Ысык-Көл" ЭЭТтин аймагында туристтик, дарылоочулук-ден соолук чыңдоочулук жана башка чарбалык ишти жүзөгө ашырууга, ошондой эле туристтерди жайгаштыруу максатында рекреация объекттерин, турак жайларды пайдаланууга, төмөндөгүлөр бар болбосо, тыюу салынат:
- тийиштүү уруксаттык документтер;
- тазалагыч курулмалар же болбосо сууну агындылоого жана агынды сууларды тазалоого келишимдер;
- турмуш-тиричиликтик катуу таштандыларды жайгаштырууга келишимдер.";
6) 30-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Ысык-Көл көлүнүн жээгинен тартып 500 метрге чейинки аралыкта жаңы калктуу конуштарды жайгаштырууга жол бербөөнү;";
7) 31-статьяда:
а) экинчи бөлүгүндө "өнүктүрүүгө" деген сөз "курууга жана пайдаланууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Өнөр жай өндүрүшүнүн, башка жарандык жана коммерциялык объекттердин (анын ичинде коомдук тамактануу объекттеринин, автомашина жуучу жайлардын) агынды сууларын "Ысык-Көл" ЭЭТтин аймагындагы суу объекттерине, суулардын нуктарына чыгарууга тыюу салынат.";
8) 35-статьяда:
а) биринчи бөлүгү "чарбалык ишти жүзөгө ашыруучу" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде рекреация объекттерин ээлөөчү жана башкаруучу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик экологиялык экспертизанын он корутундусу болмоюнча "Ысык-Көл" ЭЭТтин аймагында чарбалык ишти жүзөгө ашырууга, рекреация объекттерин пайдаланууга жол берилбейт.";
в) экинчи бөлүгү "Чарбалык объекттерге" деген сөздөрдөн кийин ", рекреация объекттерине" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
Ушул Мыйзам 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|