Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 22-августу № 142
Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
""Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
"11-статья. Ушул Мыйзамдын предмети
Ушул Мыйзам мамлекеттик бийлик органдары, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болгон Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруунун укуктук, уюштуруучулук жана каржылоо негиздерин аныктайт.";
3) 3-статьяда:
а) үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган.";
б) төртүнчү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондуна" деген сөздөр "базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана каржылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жүзөгө ашырууга, координациялык жөнгө салууга жана аткаруу функцияларын аткарууга Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы.
Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - бул саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмдөрү, түрлөрү жана шарттары.";
4) 32 жана 33-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун максаты
Базалык мамлекеттик камсыздандыруунун максаты болуп Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоонун Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Кыргыз Республикасында жарандарды сапаттуу медициналык жана алдын алуучу жардам менен кепилдик берүүсү саналат.
33-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун принциби
Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун негизги принциби болуп Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык жана алдын алуу кызматтарына бирдей укуктарды берүү саналат.";
5) 35-статьянын үчүнчү абзацында "мыйзамда" деген сөз алып салынсын;
6) 36-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасынын иш жүзүнө ашырылышы
Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасын иш жүзүнө ашырылышы базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн аймактык башкаруу органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.";
7) 37-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу түшүнүгү
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу - бул камсыздандыруу окуясы келип чыкканда, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын чектеринде камсыздандырылган адамга медициналык милдеттүү камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен медициналык жардам көрсөтүүнүн кепилдиктерин камсыз кылууга багытталган мамлекет тарабынан түзүлүүчү укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук чаралардын тутуму болгон социалдык коргоонун түрү.";
9) 7-статьяда:
а) экинчи бөлүгү "акысыз" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо жеңилдетилген шарттарда" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төртүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 8-статьянын биринчи бөлүгүнүн онунчу жана он биринчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу турган же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар (алар медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөгөн же Медициналык милдеттүү камсыздандыруу полиси бар болгон учурда);
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар (алар медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөгөн же Медициналык милдеттүү камсыздандыруу полиси бар болгон учурда);";
11) 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөөчүлөр
Медициналык милдеттүү камсыздандырууга камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
- уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк, алардын обочолонгон бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү);
- юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүргүзгөн дыйкан (фермер) чарбалары;
- жеке ишкерлер жана жеке жактар.
Иштеген жарандар үчүн медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөр камсыздандыруучу тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган катышта жана өлчөмдөрдө төлөнөт.
Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү катышта жана өлчөмдөрдө жылына 1,5 эсептик көрсөткүчтөрдөн кем эмес төлөнөт:
- калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуз жарандар үчүн;
- пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлери үчүн;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана социалдык жөлөкпул алуучулар үчүн;
- он алты жашка чейинки балдар үчүн (жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучулары үчүн - алар окуунун бүткөнгө чейин, бирок алар он сегиз жашка толгонго чейин гана), баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери үчүн алар жыйырма бир жашка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдөн окугандардан сырткары);
- мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, анын ичинде контракт боюнча аскер кызматын өтөгөндөр үчүн (офицердик курам, прапорщиктер, солдаттар, сержанттар жана старшиналар курамы).
Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу турган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар үчүн төлөмдөр, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучу же чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар тарабынан өз алдынча төлөнөт.
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутуму менен камтылбаган адамдар медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү медициналык милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен төлөөгө укуктуу.
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу полисинин наркын эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик ишти жүргүзгөн жактар медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрү өз алдынча, анын ичинде накталай эмес формада төлөшөт.";
12) 10-статьяда "Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондуна" деген сөздөр "базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу органдар
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган жана анын аймактык башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.";
14) 16-статьянын биринчи бөлүгүндө:
а) экинчи абзацында "Лицензиялоо жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү абзацында "Медициналык камсыздандыруу фондунун" деген сөздөр "базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөр
Камсыздандыруу төлөмдөрү медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан чогултулат жана базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын эсебине топтоо жана өз убагында берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которулат.
Жарандарды медициналык милдеттүү камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";
16) 5-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5-ГЛАВА. БАЗАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МЕДИЦИНАЛЫК МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТУТУМУНДАГЫ КЕЛИШИМДЕР";
17) 20-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "20-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруунун субъекттеринин өз ара мамилелери";
б) биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумундагы өз ара мамилелер келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.";
18) 21-статьянын аталышында "Медициналык милдеттүү" деген сөздөр "Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 6-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6-ГЛАВА. БАЗАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МЕДИЦИНАЛЫК МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУНУ КАРЖЫЛОО";
20) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу каражаттары
Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандырууну каржылоо базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетинен Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетинин курамына кирген каражаттар мамлекеттик менчик болуп саналат, башка бюджеттердин жана фонддордун курамына кирбейт.";
21) 23-статьянын экинчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Медициналык камсыздандыруу фонду" деген сөздөр "базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 24-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Байкоо жүргүзүүчү кеңештин ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте белгиленет.";
23) 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган
Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылат.
Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган өзүнүн аймактык башкаруу opгандарын түзүүгө жана алар аркылуу тиешелүү аймакта жарандарды базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга укуктуу.
Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетинин каражаттарынын эсебинен камсыздалат.";
24) 26-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "26-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын аймактык башкаруу органдары";
б) биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын аймактык башкаруу органдары базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан аймактык принцип боюнча түзүлөт.";
в) экинчи бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын аймактык башкаруу органдары:
- базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан аларга өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды (функцияларды) жүзөгө ашырат;";
25) 27-статьяда:
а) статьянын аталышында "Медициналык камсыздандыруу фондунун" деген сөздөр "Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) биринчи бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы "Медициналык камсыздандыруу фонду" деген сөздөр "Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын:
- бешинчи абзацындагы "Медициналык камсыздандыруу фондунун" деген сөздөр "базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) экинчи бөлүгүндө "Медициналык камсыздандыруу фонду" деген сөздөр "Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 29-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-статья. Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
Базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу субъекттеринин алдындагы жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен аныкталат.";
27) 30 жана 301-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укуктуу органдын жоопкерчилиги
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган медициналык милдеттүү камсыздандырууга чогултулган каражаттар базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетине өз убагында жана толугу менен которулбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
301-статья. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жоопкерчилиги
Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте базалык мамлекеттик жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын бюджетине республикалык бюджеттен өз убагында эмес жана толук эмес каржылоо үчүн жоопкерчилик тартат.";
28) 34-статьяда "Лицензиялоо жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү тилөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 500-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмдөрү, түрлөрү жана шарттары.";
б) бешинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун консолидацияланган бюджети - мамлекеттик бюджеттин, базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, тышкы карыздардын жана донорлордун гранттык жардамдарынын каражаттарынын, ошондой эле атайын казыналык эсептерде топтоштурулуучу каражаттардын, саламаттык сактоо тутумунда калктан кошумча төлөө катары алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын жыйындысы.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын:
"Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу пpoграммаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган.";
2) 3-статьянын аталышында "тутумун киргизүүнүн максаты жана иштөө принциби" деген сөздөр "тутумунун максаты жана негизги принциптери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Бирдиктүү төлөөчүнүн функциясын аткарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Кыргыз Республикасында Бирдиктүү төлөөчү болуп базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.";
4) 5-статьянын төртүнчү-алтынчы бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бирдиктүү төлөөчү Жөнөтүүчү менен түзүлгөн келишимдердин негизинде бир каналдуу каржылоо жолу менен алардын кызматтарын базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан төлөөнү жүзөгө ашырат.
Бирдиктүү төлөөчү тутумунда жарандарга көрсөтүлүүчү медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызматтарды төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу оңдоо коэффициенттерин түзөтүү менен төлөөнүн базалык ченемдеринен турат.
Медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызматтарды төлөөнүн базалык ченемдери медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү боюнча болжолдонуучу финансылык көрсөткүчтөрдү жана медициналык-санитардык жардамдын көлөмдөрүн эске алуу менен аныкталат.";
5) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Мамлекеттик органдардын жана Бирдиктүү төлөөчүнүн ортосундагы өз ара мамилелер
Пландаштырылуучу келип түшүүчү кирешелердин көлөмүндө Бирдиктүү төлөөчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө башка программаларды ишке ашыруу максатында орто мөөнөттүү келечекке бюджетти түзөт.
Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Бирдиктүү төлөөчүнүн бюджетине республикалык бюджеттен өз убагында каржылоону жүзөгө ашырат.
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Бирдиктүү төлөөчүнүн бюджетине милдеттүү медициналык камсыздандырууга чогулган каражаттарды өз убагында жана толугу менен которот.".
3-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 69 (3141) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|