Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 25-августу № 144
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Эл аралык чукул жардам жөнүндө", "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216, 2024-жылдын 12-январындагы № 13 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
"Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 507-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 27 жана 28-пункттар менен толукталсын:
"27) эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөр - биринчи медициналык жардам отряддары, көчмө госпиталдар, адистештирилген медициналык жардам бригадалары;
28) эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалар - эпидемиологиялык, радиологиялык, санитардык-гигиеналык (токсикологиялык), эпидемияга каршы адистештирилген бригадалар, эпидемиологиялык чалгындоо топтору.";
2) 32-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-берене. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эл аралык чукул жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талабына ылайык көмөктөшүүчү субъекттерге дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасына жеткирүү сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талабы болбогондо, көмөктөшүүчү субъекттер өзүлөрүнүн демилгеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өз сунуштарын жибере алат.
2. Эл аралык чукул жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына:
1) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө уруксат берилет;
2) сапатсыз жана/же жасалма дары каражаттарын алып келүүгө тыюу салынат.
3. Алып келинүүчү дары каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында, же болбосо өндүрүүчү өлкөдө/донор-өлкөдө каттоодо болушу жана медициналык колдонууга уруксат берилиши керек. Медициналык буюмдар аларды өндүрүүчү өлкөдө же башка өлкөлөрдө медициналык буюмдар катары жүгүртүү жөнүндө тастыктамага, ошондой эле медициналык буюмдарды колдонуунун түпкүлүктүү тобокелдигинин классын эске алуу менен алардын коопсуздугунун, сапатынын жана натыйжалуулугунун эксперттик оң баасына ээ болушу керек.
4. Көмөктөшүүчү мамлекеттин эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөрү жана эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалары чукул кырдаалдын келип чыгышынын натыйжасында жабыр тарткан калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө түздөн-түз пайдаланууга ниеттенген дары каражаттар жана медициналык буюмдар төмөнкүлөргө жатат:
1) талаптагыдай сапатты камсыз кылган шарттарда транспорттоого жана сакталууга;
2) мыйзамсыз ээлик кылуудан жана кыянаттык менен пайдалануудан корголууга.
Мында эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөрдүн жана эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалардын жооптуу жактары пайдаланылуучу дары каражаттары жана медициналык буюмдар, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар чукул кырдаалда жабыр тарткандардын керектөөлөрүнө жана турмуш шарттарына ылайык келери жана алардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылары жөнүндө жазуу түрүндөгү кепилдикти берүүгө милдеттүү.
5. Алып келинүүчү дары каражаттарынын жарактуулук мөөнөтү алып келген датага карага жарактуулук мөөнөтү бир жылдан ашык болгон дары каражаттары үчүн 12 айдан кем болбоого жана жарактуулук мөөнөтү бир жыл же андан кем болгон дары каражаттары үчүн калган жарактуулук мөөнөтүнүн 50 пайызынан кем болбоого тийиш.
Эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөр жана эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалар чукул кырдаалдын жана/же согуш жаңжалдарынын келип чыгышынын натыйжасында жабыр тарткан калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө түздөн-түз пайдаланууга ниеттенген дары каражаттарынын жарактуулук мөөнөтүнө жогоруда көрсөтүлгөн талаптар колдонулбайт.
6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн дары каражаттарын кошпогондо, алып келинүүчү дары каражаттары төмөнкү документтер менен коштолушу керек:
1) товарды коштоочу документ же жөнөтүүчү, товардын аталышы жана саны көрсөтүлгөн документ;
2) каттоочу күбөлүк же бул дары каражаты Кыргыз Республикасынын аймагында, же болбосо өндүрүүчү өлкөдө/донор-өлкөдө катталгандыгын жана медициналык колдонууга уруксат алгандыгын күбөлөндүрүүчү эквиваленттик документ;
3) дары каражатынын сапатын күбөлөндүрүүчү документ (сапат сертификаты/талдоо сертификаты/сапат паспорту/талдоо протоколу).
7. Чукул кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн алып келинген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды маркалоо дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек, маалымат толук окшош болгон шартта жалпы таанылган тилдерди кошумча пайдаланууга жол берилет.
8. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган дары каражаттары жана медициналык буюмдар үчүн эл аралык көмөктөшүүчү субъекттин мыйзамдарына ылайык маркалоонун башка тутумуна жол берилет.".
2-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 13 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 69 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
2020-жылдын 24-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|